| Окуучулар теманы китептен окуп чыгышат.мугалим берген суроолорго жооп беришет. Массивден издөө Издөө алгоритмин маселенин мисалында карап көрөлү. а – массивдин аты, n – массивдеги элементтердин саны (бүтүн сан), ал эми i – өзгөрмөсү тизменин элементтеринин индексин билдирет. Китептеги 1 маселени окуучулар менен талкуулап чыгуу: 1-маселе. Массивден x өзгөрмөсүнүн маанисине барабар болгон элементти табуу керек же ал элемент жок деген билдирүүнү чыгаруу керек. Чыгаруу алгоритми – бул массивдин биринчиден аягына чейинки бардык элементтерин карап чыгуу. Качан гана x ке барабар элемент табылганда, циклден чыгып, жыйынтыкты көрсөтүш керек. Ал үчүн nx өзгөрмөсү менен циклди колдонобуз, массивдин бардык элементтерин иргейбиз жана керек болгон маани табылса эле циклди аяктайбыз. a = [1, 5, 4, 31, 10] #5 элементи бар массив берилген x = int(input('Введите х: ')) #Изделген х маанисин киргизүү nx = 0 #nx өзгөрмөсү табылган элементтин номерин сактайт for item in a: #а массивинин элементтери үчүн if item == x: #эгерде элемент x ке барабар болсо nx = item #анда ал nx өзгөрмөсүнө жазылат break #циклди аяктайт if nx = 1: #nx – өзгөрмөсү өзгөрдү print ('Табылды!')#изделген маани табылды деп чыгарат else: print ('Табылган жок') Циклден чыгуу үчүн break оператору колдонулат, табылган элементтин номери «nx» өзгөрмөсүндө сакталат. Эгерде анын мааниси 0 боюнча калса (циклдин аткарылышында өзгөрбөсө), анда массивде х ке барабар элемент жок. Бул маселени дагы бир жол менен чыгарса болот. Ал үчүн массивде х ке барабар биринчи табылган элементтин индексин кайтарган index функциясын колдонуу керек: |