3.Жаңы теманы өтүү | 5-7м | Мугалим окуучулардын билимин текшерип алуу максатында маданий өсүмдүктөрдун жана бакма жаныбарлардын келип чыгуу борборлору жөнүндө талкуу жүргүзүп сурап алат.Окуучулардын оюн угуп,тема боюнча түшүндурмө берет.Тустүү сүрөттөр, таблицалар колдонулат.Мугалим төмөнкүлөр боюнча кыскача айтып берет. Маданий өсүмдүктөр (агромаданияты) — айыл чарбада тамак-аш, даары-дармек, малга тойут даярдоодо же башка бир максатта адам өстүргөн өсүмдүктөр айтылат.Өстүрүлүп Жаткан Өсүмдүктөрдүн Номенклатуралык Эл аралык Кодуна таянсак азыркы учурда маданий өсүмдүктөр үч категорияга бөлүнөт. Алар: түр, грекс (бир гана орхидея сымалдарга тийиштүү), жана топ. Маданий өсүмдүктөр аргындоо (гибридтөө), ылгоо (селекциялоо), ген инженерия жолдору менен алынган. Жапайы өсүмдүктөрдү маданий өсүмдүкө айлантуу максатында изделип жатып, маданий өсүмдүктөрдү изилдөө, пайдалануу борборлору пайда болгон. Вавилов Н. И 1926—1939 жылдары чогулган билиминде жети маданий өсүмдүктөрдүн пайда болгон борборлорун тактап кеткен. Кооздук өсүмдүктөр түрүнөн айырмаланып, маданий өсүмдүктөрдүн табигый аймагы жок. Талаа эгиндеринин эң маанилүүсү дан өсүмдүктөрү. Дүйнөнүн айдалган жерлердин 4/3 бөлүгүнө кара буудай, буудай, күрүч, жүгөрү, сулу, сорго жана таруу эгилген. Дээрлик бүтүндөй жер шарында буудайды эгишет, анткени ал күнүмдүк эң негизги азыгыбыз. Түшүмдүн бир азы, малга тойут болот. Күрүч да негизги дан азыгы, себиби көптөгөн Азия мамлекетеринин күнүмдүк тамак-ашында көп пайдаланылат.Бүтүндөй маданий өсүмдүктөрдүн түпкү теги жапайы өсүмдүктөр. Аргындаштыруу (селекция), атайын жер дайындоо, жер алмашыруу, башка климатка которуу жолдорунун натыйжасында өзгөчө мол түшүм бере башташкан. Кээ бир өсүмдүктөр абдан эле өзгөрүп, азыркы учурда түпкү тегин аныктоо өтө эле кыйынчылыкты жаратат. Айдоо аянтардын көбөйүүсү менен түшүмдү көбөйтүү максатында, жер семирткичтер пайдаланылып, инсектицид жана фунгицидтерди зыян курт-кумурска, чөптөр менен күрөшүүгө колдону башталган. Жапайы өсүмдүктөрдү колго асыроо бир убакта, Эски жана Жаңы жерде бирдей биздин заманга чейин 7 — 8 миң жылдыкта башталган. Колго көндүрүү процесси беш континетте тең бирдей, бири-бирине байланышы жок өнүкөн. Албетте, бөтөнү жок, жергиликтүү өсүмдүктөрдөн башталган. Маданий өсүмдүктөрдүн пайда болгон борборлору — ар түрдүү маданий өсүмдүктөрдүн генетикалык, тарыхий борборлору. Биринчилик борбору (жапайы өсүмдүк кийин адам колго көндүргөн) жана экинчилик борбору (жергиликтүү калк жапайы өсүмдүктү колго көндүрүп, андан башка жерге отургузулуп, аргындаштыруудан өткөндө айтылат) болуп экиге бөлүнөт.Өсүмдүк чарбачылыгы жапайы өсүмдүктөрдү колго асыроо бир убакта, эски жана жаңы жерде бирдей, биздин заманга чейин 7 — 8 миң жылдыкта башталган. Колго көндүрүү процесси беш континетте тең бирдей, бири-бирине байланышы жок өнүкөн. Албетте, бөтөнү жок, жергиликтүү өсүмдүктөрдөн (эндемикалык) башталган. Жөөбү, кайык мененби, адамдын өнүгүү жолунда көп аралыкты басып өтүү керек болгон. Себеби, адам өзүнүндө болгон тиккен кийим кечесин, буюмун, курал-жарагын өзүнө керектүү нерселерге айырмаштап оокат кылышкан. Ошолордун ичинде өсүмдүктөрдү да сатышкан. Өсүмдүктүктөрдүн тамыры, уругу көп чакырым аралыктарга, жаңы континет, материктерге таркаган. Кээ бир учурда өсүмдүктүн түпкү мекенин аныктоо көп кыйынчылыктарды жаратат. Маданий өсүмдүктөрдүн аймактары кеңейиши менен ботаникалык, географиялык, генетикалык пайда болуу аныкталган. Ар кайсы географиялык чөйрөдө колго көндүрүү, эволюциянын жөнөкөй мыйзам ченемдүүлүгү менен коштолгон. Алар; мутация, диплоид, интрогрессия жана табигый аргындоо. | Маданий өсүмдүктөрдун жана бакма жаныбарлардын келип чыгуу борборлору жөнүндө түшүнүктөр мааниси жөнундө айтып беришет. Теманын үстүнөн талкууларга активдүү катышышат. Түшунбөгөн жерлерин мугалимден сурашат. Мугалимге суроо берүүнү,өз оюн кенен айтууга үйрөнушөт. Маданий өсүмдүктөрдун жана бакма жаныбарлардын келип чыгуу борборлору маалыматтарга ээ болушат. | | | |