СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Конституция Кыргызстан

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Конституция Кыргызстан»

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын мыйзамдык нормативдик актыларына киргизилген өзгөртүүлөр

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын мыйзамдык нормативдик актыларына киргизилген өзгөртүүлөр

Билүү маанилүү болгон мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы Баланын укугу жөнүндө Конвенция Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндөгү Мыйзамы

Билүү маанилүү болгон мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы
  • Баланын укугу жөнүндө Конвенция
  • Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндөгү Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын Конституциясы: 1-берене 1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) – көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы:

  • 1-берене
  • 1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) –

көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы: 2-берене 4.  Шайлоолор жана референдумдар эркин, жалпыга бирдей, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоо укугуна ээ.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы:

  • 2-берене
  • 4. Шайлоолор жана референдумдар эркин, жалпыга бирдей, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоо укугуна ээ.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы: 9-берене 1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес. 2. Дин жана баардык диний ырасымдар мамлекеттен ажыратылган. 3. Диний бирикмелердин, дин жана ырасымдардын кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы:

  • 9-берене
  • 1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.
  • 2. Дин жана баардык диний ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.
  • 3. Диний бирикмелердин, дин жана ырасымдардын кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы: 13-берене 1. Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили. Мамлекеттик тилдин колдонулушунун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. 2. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат. 3. Кыргыз Республикасынын элин түзгөн баардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берилет.  

Кыргыз Республикасынын Конституциясы:

  • 13-берене
  • 1. Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили.
  • Мамлекеттик тилдин колдонулушунун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.
  • 2. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.
  • 3. Кыргыз Республикасынын элин түзгөн баардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берилет.
  •  
Кыргыз Республикасынын Конституциясы: 20-берене 1. Үй-бүлө - коомдун негизи. Үй- бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык коомдун жана мамлекеттин коргоосунда турат. 2. Атаны, энени урматтоо жана кам көрүү – балдардын ыйык милдети. 3. Балдар - Кыргыз Республикасынын эң баалуу байлыгы. Мамлекет балдардын ар тараптуу, руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана физикалык жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу шарттарды түзүп, аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт.  

Кыргыз Республикасынын Конституциясы:

  • 20-берене
  • 1. Үй-бүлө - коомдун негизи. Үй- бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык коомдун жана мамлекеттин коргоосунда турат.
  • 2. Атаны, энени урматтоо жана кам көрүү – балдардын ыйык милдети.
  • 3. Балдар - Кыргыз Республикасынын эң баалуу байлыгы. Мамлекет балдардын ар тараптуу, руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана физикалык жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу шарттарды түзүп, аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы: 25-берене 1 . Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрү менен саламаттыгына кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасына тыюу салынат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы:

  • 25-берене
  • 1 . Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрү менен саламаттыгына кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасына тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы: 26-берене 2. Балага кам көрүү, аны тарбиялоо – атасынын да, энесинин да милдети жана жарандык парзы. Эмгекке жарамдуу, жашы жетилген балдары ата-энелерине камкордук көрүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы:

  • 26-берене
  • 2. Балага кам көрүү, аны тарбиялоо – атасынын да, энесинин да милдети жана жарандык парзы. Эмгекке жарамдуу, жашы жетилген балдары ата-энелерине камкордук көрүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы: 27- берене 1.  Ар бир бала өзүнүн физикалык, акыл эс, ички руханий, ыймандык жана социалдык жактан өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.  2. Кыргыз Республикасында баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын колдоо жана камсыз кылуу принциби колдонулат. 3. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилиги баланы тарбиялап жатышкан ата-энесине, камкорчуга жана көзөмөлдөөчүгө жүктөлөт. 4. Мамлекет жетимдерге жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга 18 жашка чейин кам көрөт, тарбиялайт жана окутат. Ошону менен бирге аларга бекер орто жана жогорку кесиптик билим алууга шарт түзөт. Аларга социалдык камсыздоо көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы:

  • 27- берене
  • 1. Ар бир бала өзүнүн физикалык, акыл эс, ички руханий, ыймандык жана социалдык жактан өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.
  • 2. Кыргыз Республикасында баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын колдоо жана камсыз кылуу принциби колдонулат.
  • 3. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилиги баланы тарбиялап жатышкан ата-энесине, камкорчуга жана көзөмөлдөөчүгө жүктөлөт.
  • 4. Мамлекет жетимдерге жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга 18 жашка чейин кам көрөт, тарбиялайт жана окутат. Ошону менен бирге аларга бекер орто жана жогорку кесиптик билим алууга шарт түзөт. Аларга социалдык камсыздоо көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы: 28-берене 2.  Балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынат Слайд Конвенция о правах ребенка

Кыргыз Республикасынын Конституциясы:

  • 28-берене
  • 2. Балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынат
  • Слайд Конвенция о правах ребенка
Кыргыз Республикасынын Конституциясы: 34-берене 1. Ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет. 2. Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирге каалаган динин тутууга же эч дин тутпоого укуктуу. 3. Ар бир адам диндик жана башка ынанымдарды эркин тандоого жана тутууга укуктуу. 4. Эч ким өзүнүн диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланбоого тийиш.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы:

  • 34-берене
  • 1. Ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.
  • 2. Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирге каалаган динин тутууга же эч дин тутпоого укуктуу.
  • 3. Ар бир адам диндик жана башка ынанымдарды эркин тандоого жана тутууга укуктуу.
  • 4. Эч ким өзүнүн диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланбоого тийиш.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы: 46-беренеси 1. Ар бир адам билим алууга укуктуу. 2. Негизги жалпы билим алуу милдеттүү. 3. Ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, негизги жалпы, орто жалпы жана башкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу. 4.Мамлекет мектепке чейинки билим берүүдөн баштап негизги жалпы билим берүү мекемелерине чейин ар бир жарандын мамлекеттик, расмий жана башка бир чет тилди окутуп-үйрөтүүсү үчүн шарт түзөт. 5. Мамлекет мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана башка формадагы окуу жайларын өнүктүрүү үчүн бирдей шарттарды түзөт. 6. Мамлекет дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт. 7. Мамлекет жарандардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга мыйзамда каралган тартипте көмөктөшөт.  

Кыргыз Республикасынын Конституциясы:

  • 46-беренеси
  • 1. Ар бир адам билим алууга укуктуу.
  • 2. Негизги жалпы билим алуу милдеттүү.
  • 3. Ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, негизги жалпы, орто жалпы жана башкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу.
  • 4.Мамлекет мектепке чейинки билим берүүдөн баштап негизги жалпы билим берүү мекемелерине чейин ар бир жарандын мамлекеттик, расмий жана башка бир чет тилди окутуп-үйрөтүүсү үчүн шарт түзөт.
  • 5. Мамлекет мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана башка формадагы окуу жайларын өнүктүрүү үчүн бирдей шарттарды түзөт.
  • 6. Мамлекет дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.
  • 7. Мамлекет жарандардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга мыйзамда каралган тартипте көмөктөшөт.