N°35 О. Жусупбеков атындагы
орто мектеби
А
Т
С
М
И
Б
К
Ы
З
Ы
Р
Е
У
К
У
Н
У
А
К
Л
Окуу куралдарын даярдайбыз.
Окуу куралдарын даярдайбыз.
Саламатсыңарбы балдар! Маанайыңар кандай? Баарыңарга көңүлдүү күн каалайм!
Математика 5-класс
Көптүк түшүнүгү
10-бет
Сабактын максаты:
Көптүк жөнүндө түшүнөсүңөр;
Көптүктөр менен аткарылган амалдарды үйрөнөсүнөр;
Тактыкка, предметке болгон кызыгууну тарбиялайсыңар, көз карашты кеңейтесиңер.
.
Көптүк – бул көп нерселер жөнүндө
бир бүтүндүк катары ой жүгүртүү.
Георг Кантор
Силер өзүңөрдү Бишкектеги бир мектептин 5А-классындагы
математика сабагында олтургандай элестетип көргүлө.
Саламатсыңарбы! Бүгүн биз силер менен көптүк жөнүндө сүйлөшөбүз. Чекит, түз сызык ж. б. сыяктуу эле көптүк түшүнүгү да заманбап математиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири болуп эсептелет жана ал матема-тиканын дээрлик бардык бөлүмдөрүндө колдонулат.
Келгиле, биздин 5А-класста окуган окуучулардын көптүгүн карап көрөлү. Ал көптүк 25 элементтен куралат. Муну математикалык тилде жазуу үчүн бул көптүктү А тамгасы менен белгилейбиз. Анда, А = {Аида, …, Мария, …, Руслан, …, Эмил} . Бардык аттарды атап чыгуу зарыл. Бул учурда биздин класста 3 Венера болгондуктан, бул атты биз бир эле жолу жазып койсок, алар таарынышат. Ал атты үч жолу жазууга туура келет, бирок ар бир аталышта сөз ким жөнүндө болуп жаткандыгы түшүнүксүз болуп калат.
Ошондуктан кошумча белги колдонуу зарыл (мисалы, алардын фамилияларынын биринчи тамгасын). Эгерде алар да дал келип калса, анда дагы бир башка белгини колдонуу керек.
Биз сыяктуу эле математиктер да, көптүктүн элементтерин аныктоодо ар бир элемент өз белгиси менен белгиленүүсү, кайталанууга жол берилбөөсү, элементтердин жайгашуу тартиби маанилүү эмес деп өз ара макулдашып алышкан. Көптүк көпчүлүк учурда латын алфавитиндеги баш тамга менен белгиленет. Бардык аттарды жазып чыгуу – узак жана тажатма иш. Ошондуктан, көптүктү аныктоо үчүн, көбүнчө анын элементтерин сөз менен же шарт-туу баяндап жазуу менен чектелет. Бул мисалды төмөнкүдөй жазсак болот:
А = {5А-класстын окуучулары}.
Силер көптүктү жазууда фигуралуу кашаа колдонуларын мүмкүн бай-каган чыгаарсыңар.
Төмөндөгү сүрөттө эмненин көптүгүн көрүп турасыңар?
Бирдей элементтерден түзүлгөн көптүктөр
барабар көптүктөр деп аталат.
Барабар көптүктөрдүн элементтеринин
жайланыш тартиби эч кандай роль ойнобойт.
Мисалы: E = {7; 3; 8}, K = {3; 8; 7}, Q = {8; 7; 3},
A = {8; 3; 7}, P = {7; 8; 3}, C = {3; 7; 8},
булар E = K = Q = A = P = C .
Маселе
КЫРГЫЗСТАН деген сөздөгү тамгалардын
көптүгүн жазгыла.
Чыгарылышы
Тапшырманы аткарууну фигуралык кашааны ачуудан баштайбыз. Андан кийин кашаанын ичине тамгаларды жазабыз: {К, Ы, Р, Г}. Кийинки тамга Ы.
Бирок бул тамга кашаанын ичинде бар.
Жогоруда айтылгандай, бир элемент
бир эле жолу жазылат. Ошондуктан,
андан ары кийинки тамгалар жазылат:
З, С, Т, А, Н. Жыйынтыгында төмөнкүнү алабыз:
{К, Ы, Р, Г, З, С, Т, А, Н}
31. Үй-бүлөңөрдүн мүчөлөрүнүн
көптүгүн жазгыла .
А = {Уристамбек, Зымырат, Нурзада, Айымбү,
Жумагүл, Уулкан, Бурул, Уланбек} же
A= {үй-бүлө мүчөлөрү}.
32. Жакын досторуңардын көптүгүнүн
элементтерин атагыла.
Үйгө тапшырма: № 33, 34 - мисалдар
Саламатта калгыла
балдар!