СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Көргөзмөгө сүрөттөрдү кантип даярдоо керек

Категория: ИЗО

Нажмите, чтобы узнать подробности

корком онор 4-класс

Просмотр содержимого документа
«Көргөзмөгө сүрөттөрдү кантип даярдоо керек»

Көргөзмөгө сүрөттөрдү кантип даярдоо керек

Түстүү калемдер, акварель же гуашь менен сүрөт тартууда кагаз тегиз болбой кайрылып, сүрөт жарашыктуу болуп көрүнбөй калат. Аны түздөөнүн эң оңой жолу сүрөттүн арткы бетин нымдуу губка менен сүртүп, эки катуу картондун ортосуна салып, үстүнөн оор нерсе менен бастырып коюу керек. Мисалы, китеп менен бастырса болот. Бир аз убакыт өткөндөн кийин сүрөт түзөлгөндө аны алып алкакка (рамкага) салуу керек. Алкак – бул сүрөттөр жана графикалык иштелмелер үчүн жазы картондон жасалган калып. Ал эки бөлүктөн турат: өзөгү жана көзөнөгү. Көзөнөгүн сүрөттүн өлчөмү менен четтерин жарым сантиметр ашып жапкыдай кылып кесиши керек.

Көзөнөктүн жээктеринин өлчөмү сүрөттүн өлчөмүнөн көз каранды. Мисалы, альбомдун барагындай болгон сүрөт үчүн терезенин жээктерин 7 + 7 + 7 + 8 см кылса болот. Сүрөттү карагыла. Сүрөттү арткы бетинен жабышкак тасманын жардамы менен алкактын көзөнөкчөгүнө чапташат. Андан кийин аны алкактын өлчөмүндөй болгон калың картонго чапташат.

Ушундай жасаланган көрүнүштө сүрөт көргөзмөгө койсо болот. Сүрөт таасирдүү көрүнүп, кир болуп чаңдабасын десеңер алкакты айнектин астына койсо да болот. Айнек алкактын өлчөмүндө кесилип алынат. Айнектүү алкактын атайын жасалган көзөнөккө коюлат же атайын кыпчыткычтар менен карматылат. Сүрөтчүлөрдүн кичинекей жана чоң живопистик полотносун рамкага киргизип коюшат. Рамкалар ар кандай оймоло­­ру бар же оймосуз эле лакталган же алтын жалатылган ар кандай формадагы багеттен даярдалат. Мындай багетти жыгач иштетүүчү фабрикаларда, көркөм-өнөр мастерскойлорунда жасашат. Эгерде музейге же сүрөт көргөзмөсүнө барсаңар аларды өз көзүңөр менен көрөсүңөр.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!