СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 21.05.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кош Алиппе ! 1-класс.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кош Алиппе ! 1-класс.»

КОШ БОЛ, АЛИППЕ!

- Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер, мугалимдер жана алиппе майрамына келген коноктор биздин сабатыбызды ачып, “А” тамгасын таанытып, билимдин чексиз тепкичине жетелеп, алып барар “Алиппе” майрамына кош келиңиздер!

Бүгүн бизде чоң майрам,

Кош Алиппе майрамы.

Дүркүрөтүп кол чаап,

Тосуп алалы балдарды.

(Окуучулар колдоруна желектерин кармап бирден музыканын коштоосунда

бийлеп киришет).

Кымбаттуу окуучулар биз үчүн кубанычтуу күн. Себеби “Билим дүйнөсүнүн дарбазасы болгон” силердин эң алгач колуңарга алган сүйүктүү китебиңер “Алиппе” болду. Бул “Алиппе” майрамын биз менен бирге ата-энелер, мугалимдер белгилеп отурушат.

2022-жылдын 1-сентябрында мектеп босогосун аттап “Билим дүйнөсүнө” алгач кадам таштаган бөбөктөр, бүгүнкү күндө кат сабаты ачылып, өз алдынча окуганга жарап калды. Балдар бүгүн билим бешигиндеги 1-китеби “Алиппе” менен коштошкону турат. Эмесе 1-б классынын “Кош бол, Алиппе” майрамын баштоого уруксат этиңиздер.

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимни ырдалат.

Эмесе, бүгүнкү “Алиппе” майрамын баштаардын алдында сөздү мектептин директору Ажибаева Батма Эгембердиевнага берсек.

Алиппе майрамы”

Ар окуучум жетик билим алса дейм, Билим менен аалам кырын чалса дейм.

Көптөн күткөн максатына жетсе дейм,

Өз заманын барктап сыйлап өтсө дейм.

Тең бөлүшүп кубанычын кайгысын,

Эне кандай алпештесе жалгызын,

Мен дагы окуучума даярмын,

Берүүгө да жүрөгүмдүн жартысын.

деген сыңарындай мен да окуучуларымды жакшы окууга, сулуу жазганга, жакшы адам болууга тарбиялаганга бар күчүмдү жумшап келем.

1. Эмесе мен окуучуларды бирден тааныштырып өтөйүн (окуучулар өз саламдашуу ырларын айтышат)



Бакыева Акмаржан Алтын заман нур заман,

Аймагында чалкыган.

Сиздерге салам айтабыз,

1-б класстын атынан. (хор менен)

Абдисаламова Камила Салам айтам жакшы маанай шаттык менен,

Салам айтам төрт сап болгон ырым менен.

Салам айтам корүүчүлөр мен сиздерге,

Келдиңиздер жакшы ойлор максат менен.

Абдыева Айдана Ата-энелер, мугалимдер, меймандар,

Амандыгын сураганга биз даяр.

Асмандагы күндөй жаркын дайыма,

Бактыбызга бар болгула дайыма.

Абибиллаев Мыктыбек Жүзүнөн күлкү жайнаган,

Келди мына куткөн майрам.

Мугалимдерге ата-энелерге,

Биз айтабыз ысык салам.

Ахунжанов Нурманбет Ассалоому Алейкум кадырман элим аманбы?

Амандык айтып жалпыга саламдашсам жаманбы?

1-б класстан айтам саламды агайын тууган аманбы?

Келтире айтам саламды кутмандуу элим аманбы?


Гулбаева Акмаанай Айлыбыздын аты Тогуз-Булак, Курбаналы Сабыров

Туулуп өскөнбүз биз анда

Азыр окуп жатабыз Айнура эжейдин колунда

Мектебибиз “Тогуз-Булак” атында.

Жолдошев Асан Айлана теребел салтанат,

Мына эми “Алиппе” кечебиз башталат.

Илимге билимге кол сунган,

Бактылуу жаштарбыз жаш канат.

Жолдошева Зуура Салтанаттуу ушул майрам,

Кубанычтын күүсун чалам.

Мында отурган баарынарга,

Аруу дилден ысык салам.

Имаров Астибилал Салам айтам Ала-Тоонун чокусундай,

Салам айтам кенен кыргыз конушундай.

Салам айтып каалайм бакыт таалай,

Салам айтам чоң атабыз Манасымдай.

Камалидинова Мунира Дорогие родители и учителя,

Поздравляем вас с праздником букваря.

Желаем вам крепкого здаровья,

И успеха вашей работе.

Мамадов Алинур Силер барда жүрөктүүмүн жолборстой,

Кожомкулдай билектүүмүн, күчтүүмүн.

Калбасын көңүлүңөр кымбаттуулар,

Ак сөзүмдөн салам айтам урматтуулар.

Муминова Ханифа Саламдашуу салт экен,

Сабырдуу кыргыз элимде.

Салтты биз да колдойлу,

Салам айтып сиздерге.

Мурзаева Амина Арбагы даңктуу Манастын,

Арбагы бизди колдосун,

Ааламда тынчтык орносун,

Ыйлаган эне болбосун,

Аткарылып тилеги,

Ишини кудай колдосун.

Ниязова Муслима Саламдашуу салт экен, саламдашып алайлы,

Балдай тилди какшатып, тилди алкап алалы.

Агарып таңдын атышы, кызарып күндүн батышы,

Эзелттен калган салт экен кыргыздын салам айтышы.

Омурзаков Алихан Бербейт деп бизге саламды

Бекерге бузба санааңды

Ак мектепте иштеген

Мугалимдер аманбы?

Орозбаев Ариет Күндө айтабыз саламды,

Тажабастан мектепте.

Ден соолукта болуңуздар,

Сүйүктүү биздин устаттар.


Өмүрбаев Али Асмандагы ай сымал,

Акырын басып келейин.

Майрамга келген энелерге

Ийилип салам берейин.

Сыдыкова Бурмакан Бербейт деп бизге саламды,

Бекерге бузба санааңды.

Ар кайсы ишке талпынган,

Ата-энелер, мугалимдер аманбы.

Турсункулова Асила Айдай сулуу апаларга!

Аска-тоодой аталарга!

Мээримдүү мугалимдерге!

Баш ийип, салам айтабыз.

Таиров Нуриман Алгалап заман, арыштап кадам,

Ушул жерде отурган,

Апам жана атам

Эжей жана агайларга

1-б класстын атынан жалындуу ысык салам. (хор менен)

2. Хор: “Алиппеден үйрөндүм”

Колго калем алганды,

Окуганды, жазганды,

Биз үйрөндүк2 мугалимден,

Тыбыш жана тамганы,

Табышмакты тапканды,

Биз үйрөндүк2 мугалимден.

Жомок жана ырларды,

Китептеги сырларды,

Биз үйрөндүк алиппеден,

Тыбыш жана тамганы,

Табышмакты тапканды,

Биз үйрөндүк2 мугалимден.





3. Алиппе китебин тосуп алуу

Балдар бизге Билим дарбазасын ачкан китебибиз бул - “Алиппе” китеби.(хор менен)

- ооба туура айтасыңар

Анда эмесе балдар Алиппе китебин тосуп алалы.

Кош келипсиң Алиппе китеби.

- Саламатсыңарбы менин сүйүктүү окурман балдарым!


- Саламатсыңбы Алиппе!

- “Алиппе” майрамына жакшы даярданып келдиңерби?

- Кана балдар мага айткылачы ким китептин душманы?

Китептин душманы” Акмаанай

Ким китепти кирдетсе,

Китептин баркын билбесе,

Жулуп алып барагын,

Орой салса бир нерсе

Ал-китептин душманы. (хор менен)

Ким китепти сүйбөсө,

Кадырына күйбөсө,

Чылым ороп, шарт айрып,

Калжаң-кулжаң сүйлөсө,

Ал – китептин душманы. (хор менен)

-Бардыгынан ким жаман?

-Китеп жырткан шум жаман.

Китепти сүйгөн балдардан,

Наалат алсын ал адам.

Ким китептин душманы?

Ал – китептин душманы. (хор менен)

Азаматсыңар балдар силер китептин душманын билет турбайсыңарбы. Дагы китеп жөнүндө ырларды билсеңер айтып бергилечи.


Китепти сүй” Бурмакан

Китепти сүй баркын бил, Таалайдын жолун көрсөтүп,

Китепте көп акылы. Чакырып турат келчи деп.

Ким китепке дос болсо, Арамдыктан тазалап,

Ал ошонун жакыны. Жакшылыкка ээрчитет.

Сүттөй таза тилеги, Ошондуктан баркын бил,

Деңиздей кең талабы. Кирдебесин бир чети.

Көктөй тунук акыйкат, Айрып, жазып булгабай,

Анын ар бир барагы. Жакшы сакта китепти.

Китеп” Асила

Жата берсе текчеде,

Ал да бизди сагынат.

Билбегенди билгизип,

Акыл кошот ар убак.

Кана достор келгиле,

Алаксыбай оюнга.

Китеп менен дос болуп,

Көптү билсек сонунда.

Жакшы китеп”

Жакшы китеп окусаң,

Көп нерсени билесиң.

Каарман менен бир кейип,

Күлсө, кошо күлөсүң.

Жакшы китеп-сырдашың,

Жакын досуң-кыйбасың.

Ой-сезимди байытып,

Билип алдым мен мурда

Билбегендин кыйласын.

Жаша китеп” Ханифа

Тамга, эсеп, жомокту,

Талбай сага үйрөтөт.

Булгабасаң тытпасаң,

Жолдошуңдай сүйлөшөт.

Барактарын ачканда,

Көтөрүлсүн көңүлүң.

Айрылганын бүтөгүн,

Узартасың өмүрүн.

Китеп сүйөт дайыма,

Өз бетинин тазасын.

Сактагыла китепти,

Китеп узак жашасын.

4. Алфавиттин ырлары

Окуучулар жалпы: Майрамы деп «Алиппенин» Ыр жаттап келдик баарыбыз Кайсы тамга экенин

Ырларынан тааныӊыз.

Алиппе сүйлөйт: Мени окуп жүрдүңөр,

Мээрим төгүп сүйдүңөр.

Кир кылбастан барагымды,

Жандай көрүп күттүңөр

Айткылачы угайын,

Ар бир тамга ырларын,

Ар бир тамга сырларын.

Тактап айтып бергиле,

Угуп, тыңшап турайын.

Аа” Акмаржан

Аалам, адам деген сөз,

“А” тамгадан башталат.

Абийирдүү болуп өссөм деп,

Алдыма койдум чоң максат.

“А” тамгасын үйрөткөн,

Алиппеге, Айнура эжейге чоң рахмат.

Бб” Бурмакан

Балбан, баатыр, балпайган,

“Б” тамгасын билип ал.

“5” деген баага дос болуп,

Бактылуу кыз боломун.

Гг” Акмаанай

Гүл бакчамды карадым,

Гүлдөрүмдү санадым,

Гүлдөтүп кыргыз жеримди,

Гений болуу тилегим.

Дд” Алинур

“Д” деген тамга мен болом,

Достукту бекем колдогон.

Душманды чектен өткөзбөй,

Эр болом мекен коргогон.

Жж” Асан

Жаа сыяктуу ийилген,

“Ж” тамгасын билип ал.

Жыргалдуу кең заманда,

Жакшы окуп билим ал.

Зз” Зуура

“Зз” тамгадан башталат,

Зулфия акын эжем бар.

Ыр жазууну ойлосоң,

“З” тамгасын билип ал.

Ии” Астибилал

“И” илимге берилген,

“И” тамгасы ийилген.

Институтту бүтүрүп,

Илимпоз болом кийин мен.

Йй” Айдана

“Й” тамгасын адашпай,

Так айтамын жазамын.

Жакшы окуп китепти,

Ар дайым беш аламын.

Кк” Камила

Күлүк тамга “К” болом,

Жүгүргөнгө окшогон.

Спорт менен машыккан,

Кыздар менен достошом.

Лл” Амина

Легенда айтып эжекем,

Лакаптарды үйрөттү.

Логикамды өстүрүп,

Лидерден так сүйлөттү.



Мм” Муслима

Мыкты окуп мектепте,

Медаль менен бүтүрөм.

Министр болуп Бишкекте

Мекенимди гүлдөтөм.

Нн” Нурманбет

Нан улук бардык тамактан,

Нансыз өмүр жашоо жок.

Нан кадырын сактайлы,

Начар жакка баспайлы.

ң” Мыктыбек

Ан, чоң, дөң дегенде,

“ң” кошулуп айтылат.

Мен чоноюп жетилсем,

Аңды, дөңдү түзөтүп,

Заңгыраган чоң үйдү,

Өзүм салам жакшылап.

Оо” Ариет

Ойдологон түрүм бар,

Озчу менден кимиң бар.

Ойноп кетчү жугүрүп,

“О” деген тамга мен, билип ал.

Өө” Али

Өжөрлөнүп бек туруп,

Өнор жайды көп куруп.

Өндүрүүгө киришсек,

Өнүгөт өлкөм кулпуруп.

Пп” Алихан

“П” тамгасын уксаңар,

Үнсүз болуп угулат.

Пайдам тийип эл журтка,

Президент болом буюрса.



Сс” Асила

Сыпайымын “С” тамга,

Сый урматты сүйөмүн.

Салам айтып баарына,

Башымды ийип жүрөмун.

Тт” Нуриман

Түрк атанын балдары,

Туугандай болуп жүрөлү.

Таарынышты билбестен,

Тынчтыкта өмүр сүрөлү.

Уу” Мунира

Улууларды урматтайм,

Укугумду билемин.

Убадага бек турам,

Учкуч болуу тилегим.

Хх” Ханифа

“Х” тамгасы катышат,

Халат, хоккей сөзүндө.

Халат кийип чоңойсом,

Хирург болом өзгөчө.

5. Алиппе китеби

Тамгаларды үйрөнүп,

Шар окууга жеттиңер.

Китеп окуп бергиле,

Кана эмесе келгиле.

Муминова Ханифа жана Гулбаева Акмаанай.

6. Хор: “Алиппем”

Алган күндөн алиппем Сүрөтүңө үңүлдүм

Жакшы ырыңды жат билип

Жаным калбай сүйүндүм.

Көптү билип өзүндөн

Жүрдүм ысык достошуп

Түгөл окуп бүтсөм да

Кыйбай турам коштошуп.

7. Мугалим жөнүндө ырлар.

- Балдар мектепке силер эмне үчүн келесиңер?

- Билим, тарбия алганы келебиз

- Билим, тарбияны силерге ким берет?

- Мугалим

Келгиле анда мугалим жөнүндө ырларыбызды айтып берели

Мугалим” Муслима

Алтын билим өнөрдүн,

Сүтүн берген мугалим.

Талыкбастан эмгекте,

Күчүн берген мугалим.

Мугалим” Алихан

“А” тамгасын үйрөткөн,

Эжекемди сүйөмүн.

Тарбиялап өстүргөн,

Ата-энедей көрөмүн.

Мугалим” Амина

Жаңы заман балдарын,

Машыктырган мугалим.

Жаш жүрөктү өнөргө,

Ашык кылган мугалим.

Жеке ыр: “Мугалим” Акмаанай

1. Ак сүтүн берген апамдай

Тынч алып эч бир жата албай

Окуучум билим алсын деп

Кам көрдүң алыс баса албай

Кайырма:

Баш ийип таазим кыларым

Мугалим алтын чынарым

Сүйүктүү эжей агайым

Силерге алкыш айтамын

2. Кездешсек мээрим төгөсүң

Чын дилден көңул бөлөсүң

Биздерге ак жол тиледиң

Билимдин берип мөмөсүн

Кайырма:

3. Жандырып өмүр чырагын

Тааныткан жолдун ыраагын

Жылдызга башым жетсе да

Мугалим менин сыйлаарым

8. Ата-эне жөнүндө ырлар жана слайд

-Дүйнодө эң мээримдүү инсан ким деп ойлойсуңар?

-ЭНЕ

-Ооба албетте энебиз

Келгиле балдар анда эмесе энелерге арналган ырларыңарды айтып бергиле

Ким?” Акмаанай

Ак шейшепке ороп сени,

Кичинеңден баккан ким?

Уйку көрбөй узун түндө,

Таптап сени жаткан ким?

Сүтүн берип, сүйүп, ийип,

Эркелетип күлгөн ким?

Кечке колдон түшүрбөстөн,

Кешигим деп жүргөн ким?

Бутуң шилтеп талпынганда,

Колдон кармап баскан ким?

Тилиң чыгып сүйлөгөндө,

Мээримдүү сөз айткан ким?

Апа” Нурманбет

Апа бизди төрөгөн,

Ал-күн! Тийген төбөдон.

Боорукер,

Мээримине бөлөгөн.

Апабызды сүйөбүз!

Ал-теңдешсиз,

Билебиз.

Кайгы-муң аз, эркелеп,

Каткырабыз,

Күлөбүз.

Актайбыз биз ак сүтүн

Күчкө толсок

Эр жетип.

Апакем” Ханифа

Мен күлсөм кошо күлүп,

Ардактап бактың сүйүп

Биз үчүн гана жашап.

Чоңойттуң үмүт кылып.

Ардагым алтын апам,

Эмгегиң дайым барктайм.

Ар күнү ойлономун,

Ак сүтүң кантсем актайм.

Мугалим:

Эне сага кандай мактоо жарашат,

Эне сенден ким сыймыкты талашат.

Эне менен теңдеше албайт эч бир жан,

Бардык мактоо сага гана жарашат.

Хор: “Апакем” Кыздардын аткаруусунда

Слайд: “Биз бактылуу балдарбыз”

9. Кыргыз тили

Биз тамгаларды таанып,

Шар окууга жетиштик.

Кыргыз тилинде кыска үндүүлөр – 8

Созулма үндүүлөр – 6

Каткалаң үнсүздөр – 10

Жумшак үнсүздөр – 12

Йоттошкон тамгалар – 4

Айткылачы, кайсы тамгалар тыбыш болбойт?

Ааа биз билдиик, билдиик.

(Ь) Ичкертүү белгиси

(Ъ) ажыратуу белгиси тыбыш болбоойт.

10. Макал айтуу.

- Сөздүн көркү эмнеде?

- Макалда

- Ооба туура айтасыңар. Келгиле анда китептен жаттаган макалдарыңарды айтып бергиле

Айдана

“Китеп билим булагы, билим өмүр чырагы”

Муслима

Китеп, илим – тилсиз мугалим.

Алинур

“Китеп билим булагы, билим өмүр чырагы”

Али

“Билим кени – китеп, тарбия кени – мектеп”

Камила

“Билеги күчтүү бирди жыгат,

билими күчтүү миңди жыгат.

Мыктыбек

“Бата менен эл көгөрөт,

жамгыр менен жер көгөрөт”

Нурманбет

“Таза аба жуткуң келсе эрте тур,

таза өмүр сүргүң келсе эмгек кыл”

Акмаанай

“Ак эмгектин наны таттуу,

жалкоонун жаны таттуу”

Ханифа

“Бир жылдыгын ойлогон буудай эгет,

он жылдыгын ойлогон терек тигет,

өмүр боюн ойлогон китеп окуйт”

Асан

“Туулган жердин топурагы - алтын”

Зуура

“Билим – кенч, эмгек анын ачкычы”

Астибилал

“Ким эмгекти сүйсө, аны ден соолук сүйөт”

Мунира

Улууну урматта, кичүүнү ызатта.

Амина

“Аш атасы – нан, нан атасы – дан”

Нуриман

“Эне сыйлаган элине жагат,

ата сыйлаган абийир табат”

Алихан

“Жакшы бала элпек, жаман бала тентек”

Ариет

“Жакшыга айтсаң билет,

жаманга айтсан күлөт”

Бурмакан

“Алтын жерден чыгат, баатыр элден чыгат”

Акмаржан

“Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө”

Асила

“Аганы көрүп ини өсөт,

эжени көрүп сиңди өсөт”

Макал айтышуу: Мыктыбек менен Айдана

11. Орус тил сабагы

Көп тил билген кор болбойт

Азыркы мезгил талабы

Келгиле анда орусча

Ырларды биз айталы.

* Китептен жаттаган ырларды айтышат

Камила “Каждый ден по утрам”

Ариет “Мыла и щётка”

Мунира “Школа”

Айдана “Буква А”

Мыктыбек “Мой Кыргызстан”

Хор менен: “Моя семья”

** Жеке ыр: “Два весёлых гуся” Камалидинова Мунира

Каздар Айдана жана Асила

12. Математика сабагы

-Математика сабагыдан эмнелерди үйрөндүңөр?

-Санаганды, кошконду, кемиткенди, сызганды ж.б.

-Математикада канча цифра бар?

* Сандардын чатагы (ролдоштуруп аткаруу, ырларын айтуу)

1” Асан

Санак бирден башталат,

Бул сан бир деп аталат.

Сан башында жол баштап,

Сандын баарын башкарат.

2” Айдана

Эң эле кооз койкойгон,

Эки деген сан болом.

Окшоп кетем ак каздын,

Кооптонгон кезине.

3” Нуриман

Үч деген сан боломун,

Үмүтүмдү кошомун.

Эл аралык мелдеште,

Ээси менмин колонун.

«4» Ханифа

Төрт деген сан боломун ,

Эки,үчтөн чоң болом.

Жакшы окуган балага,

Жакшы деген баа коем.

5” Астибилал

Бардык сандан “5” жакшы,

Буга болот ким жакшы.

Отличник деп коет,

Жакшы окуган балдарды.

6” Мунира

Айлакер түлкү аңдыптыр,

Бөдөнө тиштеп алыптыр.

Алты деп айта коем деп,

Аңырайып калыптыр.

7” Алинур

Мен жетимин, жетимин,

Бир жумада жети күн.

Билип жүргүн дайыма,

Бири кызыр жетинин.

8” Зуура

Балпаңдаган сегизмин,

Бардык сандан семизмин.

Эки,төрткө бөлүнүп,

Кызмат кылам эл үчүн.

9” Мыктыбек

Тогуз деген сан болом,

Топ сандардан чоң болом.

Топтомолок башым бар,

Тогуз коргоол ойногон.

10” Бурмакан

Менин башым тоголок,

Менин атым нөл болот.

Бирди койсом жаныма,

Бир заматта он болом.

** Математикалык мисалдар чыгаруу (карточкада берилген)Мен мыктымын деген математик окуучулар чыгарып беришет.

*** Логикалык мисалдар

Тал башында төрт чымчык,

Дагы 8 и келип кошулду

Талда болду канча чымчык?

Тал башында 10 чымчык,

Учуп кетти 4 чымчык,

Канча калды, санап чык.

Бизде 20 улак бар

Канча аларда кулак бар?

Канча аларда туяк бар?

13. Физминутка. “Мына минтип”


14. Китептен жаттаган ырлар

1. “Төө жумушка келатса” Камила

2. “Таш бака” Айдана

3. “Балдарга насыят” Амина

4. “Чыйырчык дос” Алинур

15. Жаңылбай бат айтуу

Хор менен: Томолок топ

Топ, топ тоголонот,

Топ, топ тоголонот,

Томолок топ.

Ханифа Арала балам арала,

Атаңа бир аз карала.

Сен аралабаганда,

Ким араламак эле.

Сен каралабаганда

Ким караламак эле.

Зуура Асан менен ким эгиз?

Апал менен ким эгиз?

Үсөн менен ким эгиз?

Үпөл менен ким эгиз?

16. Алиппе китеби менен коштошуу

Алиппе:

Балдарга мен кубанам,

Көптү үйрөнгөн карасам.

Шашып турам кетсем деп,

Эмики биринчи класска,

Даярданып мен дагы,

Сентябрда жетсем деп.

Эми балдар мен силерге “Адабий окуу” китеби менен тааныштырайын.

Адабий окуу: (Саламдашат)

-Саламатсыңарбы балдар

-Саламатсыңбы “Адабий окуу”

Силерге берер белегим,

Мына менмин “Адабий окуу”

Кир кылбай окуп жүргүлө,

Баарыңа тиет керегим.

Алиппе:

Окугула урматтап,

Чиймелебей беттерин,

Кош болгула кетейин.

Окуучулар: Кош бол “Алиппе” (кол булгалап коштошот)

17. Слайд: 1-б класс. 2022-2023-окуу жылында аткарган ийгиликтерибизди көрсөтүү

18. Жыйынтыктоо: Урматтуу ата-энелер, мугалимдер, окуучулар бүгүнку “Кош бол, Алиппе” аттуу майрамдык кечээбиздин 1-бөлүмү аяктады.



Эми майрамдык кечээбиздин

2-бөлүмүндө сиздерге арналган кичинекей

концерттик программабызды тартуулап коюуга уруксаат этиңиздер.

  1. Хор: “Биздин сонун балалык”

  2. Жек ыр: “Биринчи мугалимим” Ниязова Муслима

  3. Бий: Тренд. Кыздардын аткаруусунда

  4. Манас айтуу:

Өлбөйт өчпөйт эр Манас,

Бүт дүйнөлүк океан.

Кыргыз барда Манас бар,

Колдой берсин заманам.

  1. Жеке ыр: “Алга Кыргызстан” Өмүрбаев Али

  2. Кыргыз бийи: “ ” Кыздардын аткаруусунда

  3. Жеке ыр: “Ата-энем” Бакыева Акмаржан

  4. Акыйнек айтышуу: Кыздар жана балдар

  5. Жеке ыр: “Байчечекей” Абдисаламова Камила

  6. Вальс: “Жолуккан кандай жакшы”

  7. Кызыктуу оюн: Ата-энелер үчүн





  1. Алихан

Апакеңдин этегин,

Кармаганды койсоңчу

Айыл десе ап этип,

Апаңды ээрчип аласың.

Балдар хор менен:

Болду, болду токтотолу,

Биздин кыздар мыктылар

Келечекте бул кыздардан,

Жакшы адамдар чыкчуудай.

Хор менен:

Урушканды биз билбейбиз,

Ынтымактуу баарыбыз

Алиппени аяктаган,

Акылдуу балдар кыздарбыз.

  1. Мунира

Өзүң тойсоң көзүң тойбойт

Алдым жуттум экенсиң

Камокту эле сагалайсын

Деги качан тоёсуң

Кыздар хор менен:

Алдын алып токтоттуңар

Биздин балдар эстүүлөр

Келечекте тилегине

Максатына жетчүүлөр.

Хор менен:

Урушканды биз билбейбиз,

Ынтымактуу баарыбыз

Алиппени аяктаган,

Акылдуу балдар кыздарбыз.

  1. Мыктыбек

Сөздү куру кетирбеген

Узун кулак кыздар бар

Ушак айтып уруштурган

Мына ушундай кыздар бар

Балдар хор менен:

Болду, болду токтотолу,

Биздин кыздар мыктылар

Келечекте бул кыздардан,

Жакшы адамдар чыкчуудай.

Хор менен:

Урушканды биз билбейбиз,

Ынтымактуу баарыбыз

Алиппени аяктаган,

Акылдуу балдар кыздарбыз.

  1. Зуура

Мунун болсо кылыктарын

Уксаң кызык кулөсүн

Чоң атасынын пенсиясын

Ушул эле түгөтөт

Кыздар хор менен:

Алдын алып токтоттуңар

Биздин балдар эстүүлөр

Келечекте тилегине

Максатына жетчүүлөр.

Хор менен:

Урушканды биз билбейбиз,

Ынтымактуу баарыбыз

Алиппени аяктаган,

Акылдуу балдар кыздарбыз.

3. Нуриман

Классты жарып бакырат

Көрүнгөндү чакырат

Ушул турган Акмаржан

Кыздардын баарын башкарат

Балдар хор менен:

Болду, болду токтотолу,

Биздин кыздар мыктылар

Келечекте бул кыздардан,

Жакшы адамдар чыкчуудай.

Хор менен:

Урушканды биз билбейбиз,

Ынтымактуу баарыбыз

Алиппени аяктаган,

Акылдуу балдар кыздарбыз.

  1. Акмаржан

Бети колу кирдеген

Сабак сурасаң билбеген

Ушул турган Нуриман

“2” ни алып семирген

Кыздар хор менен:

Алдын алып токтоттуңар

Биздин балдар эстүүлөр

Келечекте тилегине

Максатына жетчүүлөр.

Хор менен:

Урушканды биз билбейбиз,

Ынтымактуу баарыбыз

Алиппени аяктаган,

Акылдуу балдар кыздарбыз.

  1. Ариет

Уйпаланган чачы бар

Тарап албайт жакшылап

Мына ушундай кыздарды

Айткылачы ким жактырат

Балдар хор менен:

Болду, болду токтотолу,

Биздин кыздар мыктылар

Келечекте бул кыздардан,

Жакшы адамдар чыкчуудай.

Хор менен:

Урушканды биз билбейбиз,

Ынтымактуу баарыбыз

Алиппени аяктаган,

Акылдуу балдар кыздарбыз.

4. Муслима

Дурус адам болосуң

Мончо эмне билбейсин

Киипкир бетиң жуулбайт

Анан элди тилдейсиң

Кыздар хор менен:

Алдын алып токтоттуңар

Биздин балдар эстүүлөр

Келечекте тилегине

Максатына жетчүүлөр.

Хор менен:

Урушканды биз билбейбиз,

Ынтымактуу баарыбыз

Алиппени аяктаган,

Акылдуу балдар кыздарбыз.

Жеке ыр: Өмүрбаев Али

Алга Кыргызстан”

Ала-Тоо өлкөм Кыргызстан

Ажайып көркөм Кыргызстан

Укмуштун баары табылган

Уютку чөлкөм Кыргызстан


Кыргызстан демим Кыргызстан

Кылымдык кебим Кыргызстан

Беш күндүк өмүрүмдөгү

Бейишим менин Кыргызстан


Кайырма:

Кыргызстан алга Кыргызстан

Кыргызстан жаша Кыргызстан

Сен гүлдөп өсө бересиң

Кыз уулуң барда Кыргызстан


Эх кандай кенен Кыргызстан

Кыйла алга көччү Кыргызстан

Ак калпак элим байырлап

Ансайын көрктүү Кыргызстан


Өзүнчө дүйнө Кыргызстан

Көрүнсүн көркүң жылдыздан

Кубалап бакыт шаштырсын

Кут даарып кундө Кыргызстан


Кыргызстан демим Кыргызстан

Кылымдык кебим Кыргызстан

Ала-Тоо койнун ээлеген

Эгемен элим Кыргызстан.

Жеке ыр: Муслима

Биринчи мугалимим”

Мектептин босогосун

Аттадык жетелешип

Тамганын баарын окуп

Алиппе бүткөн кези


Экинчи энем менин

Элжиреп төккөн мээрим

Булагы билимимдин

Биринчи мугалимим


Карматып колго калем

Жат жазуу жаздырдыныз

Жаттатып жадыбалды

Жазуума баа бердиңиз


Бакытка жетелеген

Баа жеткис адамыбыз

Ыраазы өмүр бою

Окуткан балдарыныз


Мектептин босогосун

Аттадык жетелешип

Тамганын баарын окуп

Алиппе бүткөн кези


Экинчи энем менин

Элжиреп төккөн мээрим

Булагы билимимдин

Биринчи мугалимим

Биринчи мугалимим


Жеке ыр: Акмаанай

Мугалим”

Ак сүтүн берген апамдай

Тынч алып эч бир жата албай

Окуучум билим алсын деп

Кам көрдүң алыс баса албай

Кайырма:

Баш ийип таазим кыларым

Мугалим алтын чынарым

Сүйүктүү эжей агайым

Силерге алкыш айтамын


Кездешсек мээрим төгөсүң

Чын дилден көңул бөлөсүң

Биздерге ак жол тиледиң

Билимдин берип мөмөсүн

Кайырма:

Баш ийип таазим кыларым

Мугалим алтын чынарым

Сүйүктүү эжей агайым

Силерге алкыш айтамын


Жандырып өмүр чырагын

Тааныткан жолдун ыраагын

Жылдызга башым жетсе да

Мугалим менин сыйлаарым.

Кайырма:

Баш ийип таазим кыларым

Мугалим алтын чынарым

Сүйүктүү эжей агайым

Силерге алкыш айтамын

Хор: Хор

Биздин сонун балалык”

Бийик максат жаралып

Бирге өсүп баралык

Бийлеп ырдап көңүлдүү

Биздин сонун балалык

Биздин сонун балалык

Кайырма:

Кыялга батабыз

Кызык сыр ачабыз

Бат эле өссөк деп

Биз баарыбыз шашабыз

Биз баарыбыз шашабыз


Мекен ата-энебиз

Айга, кунгө тенегис

Жарасак деп намыска

Жакшы окуп келебиз

Жакшы окуп келебиз

Кайырма:

Интернеттен топтолуп

Илим билим коштолуп

Бүт дүйнөгө чыгабыз

Балдар менен дос болуп

Кайырма:

Биздин сонун балалык”

Бийик максат жаралып

Бирге өсүп баралык

Бийлеп ырдап көңүлдүү

Биздин сонун балалык

Биздин сонун балалык

Кайырма:

Кыялга батабыз

Кызык сыр ачабыз

Бат эле өссөк деп

Биз баарыбыз шашабыз

Биз баарыбыз шашабыз


Мекен ата-энебиз

Айга, кунгө тенегис

Жарасак деп намыска

Жакшы окуп келебиз

Жакшы окуп келебиз

Кайырма:

Интернеттен топтолуп

Илим билим коштолуп

Бүт дүйнөгө чыгабыз

Балдар менен дос болуп

Кайырма:

Биздин сонун балалык”

Бийик максат жаралып

Бирге өсүп баралык

Бийлеп ырдап көңүлдүү

Биздин сонун балалык

Биздин сонун балалык

Кайырма:

Кыялга батабыз

Кызык сыр ачабыз

Бат эле өссөк деп

Биз баарыбыз шашабыз

Биз баарыбыз шашабыз


Мекен ата-энебиз

Айга, кунгө тенегис

Жарасак деп намыска

Жакшы окуп келебиз

Жакшы окуп келебиз

Кайырма:

Интернеттен топтолуп

Илим билим коштолуп

Бүт дүйнөгө чыгабыз

Балдар менен дос болуп

Кайырма:

Биз тамгаларды таанып,

Шар окууга жетиштик.

Кыргыз тилинде кыска үндүүлөр – 8

Созулма үндүүлөр – 6

Каткалаң үнсүздөр – 10

Жумшак үнсүздөр – 12

Йоттошкон тамгалар – 4

Айткылачы, кайсы тамгалар тыбыш болбойт?

Ааа биз билдиик, билдиик.

(Ь) Ичкертүү белгиси

(Ъ) ажыратуу белгиси тыбыш болбоойт.

Биз тамгаларды таанып,

Шар окууга жетиштик.

Кыргыз тилинде кыска үндүүлөр – 8

Созулма үндүүлөр – 6

Каткалаң үнсүздөр – 10

Жумшак үнсүздөр – 12

Йоттошкон тамгалар – 4

Айткылачы кайсы тамгалар тыбыш болбойт?

Ааа биз билдиик билдиик

(Ь) Ичкертүү белгиси

(Ъ) ажыратуу белгиси тыбыш болбоойт.

Биз тамгаларды таанып,

Шар окууга жетиштик.

Кыргыз тилинде кыска үндүүлөр – 8

Созулма үндүүлөр – 6

Каткалаң үнсүздөр – 10

Жумшак үнсүздөр – 12

Йоттошкон тамгалар – 4

Айткылачы кайсы тамгалар тыбыш болбойт?

Ааа биз билдиик билдиик

(Ь) Ичкертүү белгиси

(Ъ) ажыратуу белгиси тыбыш болбоойт.

Биз тамгаларды таанып,

Шар окууга жетиштик.

Кыргыз тилинде кыска үндүүлөр – 8

Созулма үндүүлөр – 6

Каткалаң үнсүздөр – 10

Жумшак үнсүздөр – 12

Йоттошкон тамгалар – 4

Айткылачы кайсы тамгалар тыбыш болбойт?

Ааа биз билдиик билдиик

(Ь) Ичкертүү белгиси

(Ъ) ажыратуу белгиси тыбыш болбоойт.

Биз тамгаларды таанып,

Шар окууга жетиштик.

Кыргыз тилинде кыска үндүүлөр – 8

Созулма үндүүлөр – 6

Каткалаң үнсүздөр – 10

Жумшак үнсүздөр – 12

Йоттошкон тамгалар – 4

Айткылачы кайсы тамгалар тыбыш болбойт?

Ааа биз билдиик билдиик

(Ь) Ичкертүү белгиси

(Ъ) ажыратуу белгиси тыбыш болбоойт.

Биз тамгаларды таанып,

Шар окууга жетиштик.

Кыргыз тилинде кыска үндүүлөр – 8

Созулма үндүүлөр – 6

Каткалаң үнсүздөр – 10

Жумшак үнсүздөр – 12

Йоттошкон тамгалар – 4

Айткылачы кайсы тамгалар тыбыш болбойт?

Ааа биз билдиик билдиик

(Ь) Ичкертүү белгиси

(Ъ) ажыратуу белгиси тыбыш болбоойт.

Китептин душманы” Акмаанай

Ким китепти кирдетсе,

Китептин баркын билбесе,

Жулуп алып барагын,

Орой салса бир нерсе

Ал-китептин душманы.

Ким китепти сүйбөсө,

Кадырына күйбөсө,

Чылым ороп, шарт айрып,

Калжаң-кулжаң сүйлөсө,

Ал - китептин душманы.

-Бардыгынан ким жаман?

-Китеп жырткан шум жаман.

Китепти сүйгөн балдардан,

Наалат алсын ал адам.

Ким китептин душманы?

Ал – китептин душманы.

Жаша китеп” Ханифа

Тамга, эсеп, жомокту,

Талбай сага үйрөтөт.

Булгабасаң тытпасаң,

Жолдошуңдай сүйлөшөт.

Барактарын ачканда,

Көтөрүлсүн көңүлүң.

Айрылганын бүтөгүн,

Узартасың өмүрүн.

Китеп сүйөт дайыма,

Өз бетинин тазасын.

Сактагыла китепти,

Китеп узак жашасын.

Китепти сүй” Бурмакан

Китепти сүй баркын бил,

Китепте көп акылы.

Ким китепке дос болсо,

Ал ошонун жакыны.

Сүттөй таза тилеги,

Деңиздей кең талабы.

Көктөй тунук акыйкат,

Анын ар бир барагы.


Китеп” Асила

Жата берсе текчеде,

Ал да бизди сагынат.

Билбегенди билгизип,

Акыл кошот ар убак.

Кана достор келгиле,

Алаксыбай оюнга.

Китеп менен дос болуп,

Көптү билсек сонунда.

“1” Асан

Санак бирден башталат,

Бул сан бир деп аталат.

Сан башында жол баштап,

Сандын баарын башкарат.

“2” Айдана

Эң эле кооз койкойгон,

Эки деген сан болом.

Окшоп кетем ак каздын,

Кооптонгон кезине.

“3” Нуриман

Үч деген сан боломун,

Үмүтүмдү кошомун.

Эл аралык мелдеште,

Ээси менмин колонун.

«4» Ханифа

Төрт деген сан боломун ,

Эки,үчтөн чоң болом.

Жакшы окуган балага,

Жакшы деген баа коем.

“5” Астибилал

Бардык сандан”5” жакшы,

Буга болот ким жакшы.

Отличник деп коет,

Жакшы окуган балдарды.

“6” Мунира

Айлакер түлкү аңдыптыр,

Бөдөнө тиштеп алыптыр.

Алты деп айта коем деп,

Аңырайып калыптыр.

“7” Алинур

Мен жетимин, жетимин,

Бир жумада жети күн.

Билип жүргүн дайыма,

Бири кызыр жетинин.

“8” Зуура

Балпаңдаган сегизмин,

Бардык сандан семизмин.

Эки,төрткө бөлүнүп,

Кызмат кылам эл үчүн.

“9” Мыктыбек

Тогуз деген сан болом,

Топ сандардан чоң болом.

Топтомолок башым бар,

Тогуз коргоол ойногон.

“10” Бурмакан

Менин башым тоголок,

Менин атым нөл болот.

Бирди койсом жаныма,

Бир заматта он болом.

Акыйнек айтып ырдашуу

Атабыз кыргыз салты экен

Акыйнек ырын улантуу

Атабыз кыргыз наркы экен

Акыйнек айтып ырдашуу

Атабыз кыргыз салты экен

Акыйнек ырын улантуу

Атабыз кыргыз наркы экен

Ким?” Акмаанай

Ак шейшепке ороп сени,

Кичинеңден баккан ким?

Уйку көрбөй узун түндө,

Таптап сени жаткан ким?

Сүтүн берип, сүйүп, ийип,

Эркелетип күлгөн ким?

Кечке колдон түшүрбөстөн,

Кешигим деп жүргөн ким?

Бутун шилтеп талпынганда,

Колдон кармап баскан ким?

Тилиң чыгып сүйлөгөндө,

Мээримдүү сөз айткан ким?

Апа” Нурманбет

Апа бизди төрөгөн,

Ал-күн! Тийген төбөдон.

Боорукер,

Мээримине бөлөгөн.

Апабызды сүйөбүз!

Ал-теңдешсиз,

Билебиз.

Кайгы-муң аз, эркелеп,

Каткырабыз,

Күлөбүз.

Актайбыз биз ак сүтүн

Күчкө толсок

Эр жетип.

Апакем” Ханифа

Мен күлсөм кошо күлүп,

Ардактап бактың сүйүп

Биз үчүн гана жашап.

Чоңойттуң үмүт кылып.

Ардагым алтын апам,

Эмгегиң дайым барктайм.

Ар күнү ойлономун,

Ак сүтүң кантсем актайм.


Хор: “Алиппеден үйрөндүм”

Колго калем алганды ,

Окуганды, жазганды,

Биз үйрөндүк2 мугалимден,

Тыбыш жана тамганы,

Табышмакты тапканды,

Биз үйрөндүк2 мугалимден.

Жомок жана ырларды,

Китептеги сырларды,

Биз үйрөндүк алиппеден,

Тыбыш жана тамганы,

Табышмакты тапканды,

Биз үйрөндүк2 мугалимден.

  1. Мугалим” Муслима

Алтын билим өнөрдүн,

Сүтүн берген мугалим.

Талыкбастан эмгекте,

Күчүн берген мугалим.

  1. Мугалим” Алихан

“А” тамгасын үйрөткөн,

Эжекемди сүйөмүн.

Тарбиялап өстүргөн,

Ата-энедей көрөмүн.

  1. Мугалим” Амина

Жаңы заман балдарын,

Машыктырган мугалим.

Жаш жүрөктү өнөргө,

Ашык кылган мугалим.

Хор: “Алиппеден үйрөндүм”

Колго калем алганды ,

Окуганды, жазганды,

Биз үйрөндүк2 мугалимден,

Тыбыш жана тамганы,

Табышмакты тапканды,

Биз үйрөндүк2 мугалимден.

Жомок жана ырларды,

Китептеги сырларды,

Биз үйрөндүк алиппеден,

Тыбыш жана тамганы,

Табышмакты тапканды,

Биз үйрөндүк2 мугалимден.

Хор: “Алиппеден үйрөндүм”

Колго калем алганды ,

Окуганды, жазганды,

Биз үйрөндүк2 мугалимден,

Тыбыш жана тамганы,

Табышмакты тапканды,

Биз үйрөндүк2 мугалимден.

Жомок жана ырларды,

Китептеги сырларды,

Биз үйрөндүк алиппеден,

Тыбыш жана тамганы,

Табышмакты тапканды,

Биз үйрөндүк2 мугалимден.

Хор: “Алиппеден үйрөндүм”

Колго калем алганды ,

Окуганды, жазганды,

Биз үйрөндүк2 мугалимден,

Тыбыш жана тамганы,

Табышмакты тапканды,

Биз үйрөндүк2 мугалимден.

Жомок жана ырларды,

Китептеги сырларды,

Биз үйрөндүк алиппеден,

Тыбыш жана тамганы,

Табышмакты тапканды,

Биз үйрөндүк2 мугалимден.

Апакем”

Апакем ай бактым сен

Түбөлүк бар болгун сен

Бактыга ай жаралган

Кубанчым апакем

Кайырма:

Апакем ырдап берем

Ааламдын гүлүн терем

Сагынып кетем апакем

Ай апакем

Асыл жан ай апакем

Ардагым аярым

Мен үчүн болгон күчүн

Аябас апакем

Апакем”

Апакем ай бактым сен

Түбөлүк бар болгун сен

Бактыга ай жаралган

Кубанчым апакем

Кайырма:

Апакем ырдап берем

Ааламдын гүлүн терем

Сагынып кетем апакем

Ай апакем

Асыл жан ай апакем

Ардагым аярым

Мен үчүн болгон күчүн

Аябас апакем

Энелерге значок менен ыраазычылык кат берилет.

2017-2018- окуу жылында энелер мектебине активдүү катышкандыгы жана мектеп менен тыгыз байланышта болгондугу үчүн төмөнкү энелер сыйланат.


1.“Мыкты эне” значогу менен Акботоева Бууниса

2.”Үлгүлүү эне” значогу менен Бердиярова Айсалкын

3. “Жоопкерчиликтүү эне” значогу менен Убайдуллаева Гүлназ

4. “Мээримдүү эне” значогу менен Бекназарова Кенжегүл

5. “Камкор эне” значогу менен Мамадиева Гүлсүн


Энелере ыраазычылык кат:

1. Исаева Жазгүл

2. Төрөева Салтанат

3. Кадырова Низорама

4. Амиракулова Уркуя

5.Аширова Кундузай

6. Абдамитова Гүлайым

7. Карабаева Гүлүмкан

8. Абдыллаева Токтокан

9. Акрамова Зуура


Энелерге сөз берилет:

Жыйынтыктоо: Эмесе бүгүнкү 1а классынын “Кош Алиппе!” майрамы

соңуна чыкты .Көнүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!




































Скачать

© 2023 1397 1

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!