Көзкараш
Манасты чуу көтөрбөй, туу көтөрсөк, чыр издебей, сыр издесек
шаблоны сайтов
joomla templates
Подробности
17:36 01.06.2012 | «24.kg» MA
Каныбек ИМАНАЛИЕВ, Бишкек
Рубрика: Көзкараш
Каралды: 276
Б
ыйыл Президент А.Атамбаев тарабынан «Үйбүлө, ынтымак, тынчтык жана кечиримдүүлүк жылы» деп жарыяланган эле. Түшүнгөн кишиге 2010-жылдагы окуялардан кийин бул эң маанилүү мамлекеттик жана атуулдук да озуйпа эмеспи.
Бирок бул ирет мындай ызы-чууну адаттагыдай саясатчылар, оппозиция лидерлери эмес, айрым интеллигенция өкүлдөрү, болгондо да Улуттук илимдер академиясынын Кыргыз тили жана адабияты институтунун жооптуу кызматкерлери жана Улуттук университеттин айрым мугалимдери козутканы бүйүр кызыткан иш болду.
«Жыгылсаң төөдөн жыгыл, буйласын кармай жыгыл» демекчи, чууну чыгарганда да майда маселеден эмес, «Айкөл Манас» дастаны (Жайсаң Үмөт уулунун варианты, кагазга түшүргөн Бүбүмариям Муса кызы) боюнча басмасөздө байма-бай, телекөрсөтүүдө болсо бир тараптуу көрсөтүлүп атты.
Чыр адегенде «Айкөл Манастагы» Жайсаңдан башталды эле, аягында барып айрым инсандарды мазактап, маскаралоого чейин жетти. А тургай, бу китеп тууралуу оң пикир айткан айрым таанымал инсандар (мисалы, профессор К.Исаев, тарых илимдеринин доктору, профессор Ө.Осмонов, акын А.Жакшылыков, коомдук ишмер Т.Токтогазиев, манасчы жана манас таануучу Т.Бакчиев) «булар секта түзүп алыптыр, саентеология менен алек болот экен» деген сыяктуу акылга сыйбас кептер айтылды. Мындай ушак кептин жана карандай калптын келечеги жок болот эмеспи.
Ал макалалардын айрымдарында менин да атым аталып кетти эле, анан калса Манас темасына азыноолак аралашып калгандыктан («Манас» мыйзамынын долбоорун даярдап, программасын иштеп чыгуунун демилгечиси болгом, улуу манасчы Саякбай жөнүндө китеп жазып, кээ бир окумуштуулар менен бирдикте жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн «Манас таануу» китебин чыгарууга катыштым эле) бул маселе боюнча өз оюмду так жана ачык айтып коюумду инсандык парзым деп эсептейм.
Адегенде мындай, улуттук деңгээлде ызы-чуу салуунун кандай зарылчылыгы бар эле деген ой туулат. Себеби бул китеп мындан 15-16 жыл мурун эле (адегенде 1996-жылы декабрда) жарык көрүп, окурмандардын калың катмарына терең сиңип кеткен (үч ирет кайра басылган).
Экинчиден, чын эле «Манас» наркына коркунуч келип, грузиялык окумуштуу сөрөйлөр бийликтин колдоосу менен Кароол-Дөбөнү казып баштаганда же болбосо 2010-жылы «Манас» эпосу Кытайдын атынан ЮНЕСКОдон каттоодон өтүп, кыргыздын патриот инсандары «Манас эл» коомун түзүп, экс-президент К.Бакиевдин дарегине байма-бай кайрылууларды кабыл алып, абал чындап курчуп атканда, тилекке каршы, алиги адабиятчылардын биринин да атын укпаптырбыз.
«Айкөл Манас» китеби боюнча ойлорубуз ача болсо да, бул белгилүү эки инсан –адабиятчы Омор Сооронов эң биринчилерден болуп «Мажму атут-таварихти» кыргызча которуп, улуу жазуучу Мукай Элебаевди чебер иликтеп, ал эми сынчы Кадыркул Даутов айрыкча Барпы Алыкулов жана Т.Касымбековдун чыгармачылыгы тууралуу изилдеп, зор эмгек сиңиргенин айта жүргөнүбүз ийги.
Негизинен анда төмөндөгүдөй беш доомат коюлган: 1) «Жайсаң» - калмак сөзү; 2) Жайсаң – мурдагы салттуу «Манас» эпосунда мындай ырчы же чоросу болгон эмес; 3) «Айкөл Манас» дастаны салттуу саптары 7-8 муундан турбай, традициялуулук бузулган; 4) Бүбү Мариям Муса кызынын аян алып бул китепти жазышы күмөн саноо туудуруп жатканы; 5) Бул дастанга тыюу салуу.
Өткөн жумада Дипломатиялык Академияда «Манас – чексиз ойдун ченсиз күчү» деген темада симпозиум өтүп, негизги тема ошол эле «Айкөл Манас» китебинин тегерегинде болуп өттү. Негизги оппоненттер К.Даутов, К.Абакировдор бираз илимий мамиледеги ойлорду айткан менен өз позицияларын ынанымдуу далилдеп бере алышпады. Ал эми Садык Алахан менен Аскар Медетов болсо илимий далилдерин келтирүүнүн ордуна, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповго жана автор Бүбүмариям Муса кызына омуроолоп, кыйкырышып, орой кылык-жоруктарын көргөзүшкөнү өкүнүчтүү окуя болду.
Башка авторлор менен бирдикте өткөн жыл Кыргыз-Славян университетинен жарык көргөн «Манасоведение» аттуу китепке да терс пикир айтылды. Биринчиден, бул китепте болгону жарым бет көлөмүндө Бүбүмариям Муса кызы жөнүндө менин жазганым – менин жеке автордук позициям. Экинчиден, бул «Манас таануу» боюнча эң алгачкы китептердин бири, кемчилик кетиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, кайсы китепти окууну окурман өзү тандайт.
I. «Жайсаң» – калмактын сөзү деген ой боюнча.
Биринчиден, «жайсаң» деген сөздүн этимологиясы менен эпостогу Жайсаң ырчыны бөлүп карасак.
Экинчиден, тил даанышманы Х.Карасаевдин «Өздөштүрүлгөн сөздүгүн» карайлы (Ф.,-1986, 103-б.), «Жайсаң» (монг.) этникалык уруу башчысы, Зайсаң. Алтымыш жайсаң сан колдой тегеректеп айдоодо («Манас» эпосунан)» деп берилет.
Демек, жайсаң –монгол сөзү экени айтылып атат.
Үчүнчүдөн, эпостун өзүндө (сиздер С.Орозбаковдун вариантында эле «Жайсаң» деп аталат дейсиздер), атактуу манасчы Саякбай Каралаевдин варианты боюнча да академиялык басылма (китептин башкы редактору Т.К.Койчуев, орунбасары А.Акматалиев) (Б., «Шам басмаканасы, 1992, 245-246-б.) минтип ырдалат:
«Ордодон чыгып оңкоңдоп,
Айкөл Манас артынан
Ала-Тоодон Зоңкоңдоп.
Бүлдүргөлүү Чоюнбаш
Билекке ороп шашылып
Айкөл шердин атынан
Кырк жайсаңдын баарысы
Дөңкөң-дөңкөң басышып».
Ал эми ушул эле китептин соңунда (711-бетте) адам аттарына берилген түшүндүрмөдө төмөндөгүдөй жазылат.
ЖАЙСАҢ (кытайча «цзай-сян». Улуу министрлер департаменттеги жогорку даражалардын жалпы аталышы). 1. Чыңгызхандын тукумдары Монголия менен Кытайда бийлик жүргүзгөн (1271-1368) мезгилде Борбордук Азияда кеңири таралган термин. Ал термин уруунун (омоктун) же элдин (улустун) башчыларынын титулу болгон, кийин уруунун мурасчы – аксөөгү деген жалпы мааниге ээ болгон. 2. Кыргыз тилинде Ойрот хандыгынын тушунда кабыл алынган «Манас» эпосунда көпчүлүк учурда калмак-кытайлардын уруу же аскер башчыларынын титулу. 3. Кээде оң каармандардын титулу катары колдонула берет. Мисалы, Саякбайдын вариантында кырк чоро ордуна кырк жайсаң деп айтышат. 4. Энчилүү ат катары да колдонулат. Мисалы, «Манастан» легендарлуу Жайсаң ырчы.
Төртүнчүдөн, биз жогоруда «жайсаң» деген сөздүн этимологиясына токтолдук. Эми «Манас» эпосундагы Жайсаң ырчы-чорого келели.
«Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата «Манас» энциклопедиясы (Кыргыз энциклопедия Башкы редакциясы, Б. 1995) жарык көрүп, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. Бул китепти түзүүгө кыргыздын дөө-шаалары катышкан: Ч.Айтматов (төрага), А.Карыпкулов (башкы редактор), С.Алиев («Манас» редакциясынын башчысы), белгилүү манас таануучу Р.Сарыпбеков, С.Жигитов, О.Ибраимов, Б.Орузбаева, А.Эркебаев, Р.Кыдырбаева сыяктуу белгилүү илимпоздор, аттуу-баштуу инсандар редколлегия мүчөсү болгон. Ошол бараандуу эмгек болуп саналган энциклопедияда минтип айтылат (194-бет):
Жайсаң – топоним. Эпос боюнча Алтай тараптагы Уркун суусунун куймасы (СО, 1. 246). Географиялык реалияда Зайсаң Чыгыш Казакстандагы тоолуу өрөөн жана андагы суу.
Жайсаң – кырк чоронун бири, Үмөттүн уулу. Чоролордун катарында дайыма аты аталат. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты он сегизинчи келип, Жайсаң тагдырына буюрган Албүбүгө үйлөнөт (СО, 2. 68, 93, 149, 394, 419, 424; 3. 49, 175; 4. 43).
Жайсаң ырчы – манасчы. Жайсаң ырчынын тарыхта болгондугу жөнүндө маалыматтар жок. 14-18-к. Жайсаң деген ат Юань сулалесинин (1260–1368) мезгилиндеги кытайдын «Цзай-сян» деген титулуна байланыштуу пайда болгон ысым. Бул титулдук термин кийинчерээк 14-15-кылымдан тартып ойроттор менен моңголдордун арасына кеңири таралып, алардын феодалдык аксөөктөрүнө да колдонула баштаган. Ал эми кыргыздарга ойрот-моңголдор аркылуу кийин кирип, энчилүү ысым катары колдонулуп калган. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Жайсаң ырчы Манас менен Кайыпдандын урушунан кийинки окуяда эскерилет. Манас Кайыпданды согушта жеңип анын кызы Карабөрктү алганда тигилген бозүйдүн жасалгасын:
Салтанатын көргөндө,
Жайсаңчы ырчы дегени
Жалаң үйдүн порумун,
Жарым күнү ырдаган.
(СО, КФ, 572-инв., 554-б.) Калмак ырчысы катары айтылат. Советтик белгилүү эпос изилдөөчүлөр М.Ауэзов, К.Рахматуллин ж.б. эмгектеринде «Манасты» жараткан, айтып, эл арасында сактап келген биринчи манасчы ким болгондугу жөнүндө айрым маалыматтар берилет.
Атайын «Манас» эпосу боюнча түзүлгөн энциклопедияда «Жайсаң» тууралуу ушинтип ынанымдуу берилет.
Ошондой эле «Жайсаң» деген сөз калмак тилинде болгондуктан, ырчы Жайсаңды – улуту калмак деген ой айтылып жатат. Ушундай логика менен ой жүгүртсөк, анда «Сыргак» деген сөз иран тилинен алынган (Х.Карасаев, өздөштүрүлгөн сөздөр, Ф.-1986, 250-б.), сергек, шырп алдырбаган, сак дегенди билдирет. Же болбосо Кошой бабабыз атын алып жүргөн Кошой (ошол эле сөздүктө, 160-б.) Хошой 1. Эки эсе дегенди монголчо туюндурат экен.
II доомат боюнча. ЖАЙСАҢ ырчы болгонбу же жокпу?
Эми, дегеле Жайсаң ырчы ким болгон, бул тууралуу атайын иликтөө жүргүзгөн, бүт өмүрүн Манасты иликтөөгө арнаган, филология илимдеринин кандидаты М.Мамыров 1974-жылы эле жарык көргөн эмгегинде (Бул эмгеги кийин «Манас» эпосунун калыптанышы тарыхы» деген китебинде камтылган) (Бишкек, 2005, Бийиктик. 101-108-беттер) кеңири жана негиздүү жазат. Бул Жайсаң ырчы тууралуу бирден бир иликтенген атайын эмгек. Ошондуктан окумуштуунун оюн айрым кыскартуулар менен берели.
«…Жайсаңга чейин «Манас» жомогу чачкын айтылчу экен. Жайсаң гана ошондой түркүн темадагы, бай мазмундагы ырларды бириктирип, өзүнчө жомок кылып айткан деген пикир элде кийинки мезгилге чейин сакталганын Ысык-Көлдүн Ак-Суусундагы кыбачы санжырачы-жомокчу Узак уулу Орозобай менен мен 1967-жылы «Манас» эпосу жөнүндө жекече аңгемелешкенде билдирген эле.
Жайсаң болсо, ошол Токтогулдан көп мурда чыккан, эпостун өзүндө айтылган байыркы легендарлык жомокчулардын эң улуусу.
…Казак академиги М.О.Ауэзов Ырамандын ырчысы – бул Жайсаң – ал анын экинчи аты деген ойду козгогон. Менимче, алар кайнаса каны кошулбаган эки башка акын-жомокчу. Бири – элдин легендарлык баатыры Манас менен мезгилдеш жашаган-акындыкты, жарчылыкты, жомокчулукту, жоокерчиликти айкалыштыра билген илелүү чоро, экинчиси – жашоо-тиричилигин жомок айтуу менен өткөргөн нагыз эпик-жомокчу, төкмө-акын.
Адепки аэд менен жомокчунун, акын менен айтуучунун элдин эсинде түбөлүккө сакталып калышынын мааниси да мына ошондо. Ырасын айтканда, «Илиада» менен «Одиссеянын», «Манастын» «Махабхаратанын», «Рамаянын», «Калеваланын» баатырдык эпос болуп калыпталышы кандай байыркы мезгилдерге таандык болсо, алардын биринчи айтуучулары – Демодоктун, Фемийдин, Вьясанын, Вальмикинин, Ырамандын ырчысынын, Жайсаңдын, Вяйнямейненин да ошондой эзелки доорлорго гана тиешелүү аэд менен жомокчулар катары эсептелмекчи.
Жайсаң деген сөзгө карата ал кийинки (XVI-XVIII кылымдарда) мезгилдерде болгон жомокчу-жоокер деген пикир да акыркы учурларда айтыла баштады. Кеп ал сөздүн качан чыгып, кайдан келгенин, анын сырткы түрү жагынан башка элдин түшүнүгүнө болгон окшоштугун аныктоону атайы көздөгөндүктөн гана айтылган, ою да ошонун айланасына багынта жүргүзүлгөн. Жайсаң деген сөз улуулук, айбаттуулук, шаңдуулук, көптүк, байлык, кеңирилик, молдук өңдүү көп маанилерди түшүндүргөн албан арымдуу туюнтма. Суусу менен өсүмдүгү, кооздугу менен кеңирлиги жагынан айлана-чөйрөсүнөн өзгөчөлөнгөн жерге да ал айтылат. Дал ошондой айкөл бөтөнчөлүктөрүн эске алганда (атайы алуу керек) ал башкалардан оошпостон байыркы мезгилдерден КЫРГЫЗДАР аны айтып, каалагандай ар кыл мааниде кеңири колдонуп келген өзүнүн төл сөзү болуп чыкмакчы. Ошонун өзүн эле жай жана сан деп экиге бөлүп туруп, кайрадан кабылдасак ар бири өзүнчө туюнтма болуп, маанисинин мүрөлдүгү жагынан бирге айтылганынан ашып түшпөсө, андан эч кемибейт. Анын ошондой эки башка сөз экендиги байыркы Орхон-Енисей эстеликтеринде деле сакталган. Анда ошол эки башка туюнтмадан бир эле жайсандын жаралып калышына тилдин өсүп-өнүгүү мыйзамы каршы болбой, кайра ага жол берерин да эстен чыгарбаганыбыз абзел.
Андыктан Жайсаңдын «Манас» жомогун биринчилерден болуп айткан эпик-жомокчулугуна гана көңүлдү атайы буруп, анын талантынын өзгөчөлүгүнө осмоктоп болсо да ой жүргүзүп, аны белгилөөгө да милдеттүүбүз. Акыйкатта Жайсаң ошого татыктуу бирден-бир легендарлык жомокчунун эң ириси.
Бул Жайсан өз убагында эптеп эле санакка кошулган катардагы карапайым ырчы эмес, ал «Манасты» баатырдык эпос кылып түзгөн – чоң эпикалык-жомокчунун ириси болгондуктан эл аны укумдан-тукумга өткөрүп, улам кийинки муунга оозеки түрүндө атайын мурас калтырышты. Жогоруда эскерилген мурдагы мифоэпикалык чачкын ырларды бириктирип, өзүнчө жомок кылып айткан деген элдин ошол сөзүндө тиги-бу деңгээлде чындыктын үлүшү болсо, анда ал «Илиада» менен «Одиссеяны» биринчи түзгөн гректердин байыркы Гомериндей Жайсан да «Манас» жомогун биринчи түзгөн болуп чыгат. Эмесе, Жайсан анда кыргыздын байыркы Гомери аталмакчы».
Демек, Жайсаң ырчынын «Манаста» болгондугу илимпоздор тарабынан мурда эле иликтенип, тастыкталып, атайын илимий эмгектерде жарык көргөн.
Ал эми «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына байланыштуу китепте (Автор түзүүчү П.Казыбаев, Б., Учкун, 2003. 178-бет) Жайсаң жөнүндө минтип берилет: «Эр Манастын чоролорунун бири менен Чоң Казаттан кайтканда баатырларды жоктоп ыйлай, кошок кошот. Ошол өксүү, жоготуу ыйы эл арасында таралып, кийин ал эпоско айланып кеткендей. А башка бир улама кепте Жайсаң тубаса манасчылар деп саналган Жезтаңдай уруусунан. «Манас» айтылбасын деген тыюуга баш ийбеген атасы качып баратканда душмандан шейит болот. Манасчынын сөзүн эмес, сөөгүн да душманга ыраа көрбөгөн жезтаңдайлар түнү менен бийик ашуудан өтөт. Ошондо ээрге тикелей таңылып, кудум тирүү бараткансып атасынын аркасында учкашып бараткан Жайсаңдын жандүйнөсү козголуп, аталардын алгы сөзү «Манасты» айта баштап, ата өнөрүн улап кеткен экен».
Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын демилгеси менен даярдалган китепте болсо (Акындар жана манасчылар – кыргыз элинин руханий маданиятын түзүүчүлөр жана сактоочулар. Бишкек, 1989. Мурас, 7,8-беттер) мындай деп берилет.
«Кыргыз санжырачыларынын жаңы табылгасы боюнча легендарлуу Жайсаң ырчы IX-X к.к. жашагандыгы тууралуу маалымат жакында эле табылды. Элдик уламышта анын ысымы менен «Манас» эпосунун айтылып башталышы байланыштырылат. Санжыранын табылган материалында анын ысмы ошол мезгилде усун урууларынын чачырагандарын чогултуп өз канатына калкалаган кыргыз-хандын турмуштук окуяларына байланыштырылып эскерилет. Жайсаң ырчы кушчу уруусунан чыккан. Бир жолу Кыргыз хан (Адырак) бардык кыз-келиндерди урматтоо катары үкүнүн жүнүн бергенин Жайсаң-ырчы төмөнкүдөй ырга салган:
Кыз-келинди кадырлап,
Үкү менен сыйладың,
Чачылып кеткен усундун
Чар тарабын жыйнадың.
Айыгышып келген душмандын
Алгырын салып кыйнадың.
Түпкү атаңдын өз журтун
Түгөл алдың колуңа
Алыстан келди көп уруу
Ак калпак сенин бооруңа.
Айтып калсын түбөлүк
Ак калпак кыргыз атанын
Ааламга атың уккан жаш».
«Манасты» иликтөөгө көп өмүрүн арнаган белгилүү кинорежиссер Мелис Убукеев Жайсаң ырчы тууралуу минтип жазат:
«Все восхищались умением майера, великолепием красок, но певец Жайсан-ырчы, ратник Манаса, сказал: «В этих изображениях есть сходство, но в них нет жизни. Только слово, сокровенное, заветное, может вызвать к жизни великие души богатырей».
И певец Жайсан-ырчы запел.
О пел о том, как прибыл Джакып, отец Манаса, как создал Манас камень из песчинок, как сорок богатырей стали опорой и сердцем Манаса, а народ – из рассеянных кыргызских племен…
День сменялся ночью, ущербная луна – круглой, а голос Жайсан-ырчы не умолкал.
Всему есть конец, но нет конца у песни…
Вот так объясняет эпическая традиция рождение кыргызского эпоса. Где кончается поэтическая легенда и где начинается историческая действительность? (М.Убукеев. Манас. Б., Мурас, 1998, с.12-13).
Демек, Жайсаң ырчынын Манаска тиешеси бар экенинин дагы бир далили. Азыркы күндүн чыгаан манасчысы Рыспай Исаков 21-май күнү түз эфир аркылуу бир саат бою «Жайсаң ырчы» тууралуу күпүлдөтүп «Манас» айтпадыбы. «Манасты» манасчылардан кантип талашабыз.
Ошондой эле Жайсаң Үмөт уулунун «Айкөл Манас» дастанын илим чөйрөсүнө такыр кабыл алынбасын деп кайрылып жатышат.
Белгилүү манас таануучу С.М.Мусаев илимий консультант болгон, филология илимдеринин доктору, академик А.Акматалиев рецензиялаган «Манас» дүйнөлүк маданияттын улуу мурасы» (Б., «Шам» басмасы, 2005) аттуу библиографиялык справочникке айтылган дастан эбак эле кирип, анда жазылып калган (209-б.).
Бул китеп буга чейин эле миңдеген нуска менен жарык көрүп, тиешелүү библиографияларга кирип калганы маалым.
Эми III дооматта эмне үчүн «Айкөл Манас» дастанында 11-12 муун менен айтылат, традициялуу Манаста 7-8 эле муун менен айтылган деген ой камтылат.
Чынында бул ой менен кошулса да болот, бирок «Манас» боюнча иликтеген окумуштуулардын эмгектеринде (маселен, М.Ауэзов, К.Рахматуллин, Т.Байжиев, Б.Юнусалиев, М.Мамыров, Р.Кыдырбаева, Р.Сарыпбеков, С.Мусаев, Ж.Орозобекова ж.б.) эпостун формасы сөзсүз 7-8 муун болуш керек деген тыянакты таба албадык. А түпкүлүгүндө «Манас» эпосунда рифма жана муундук темасы илимде эч иликтенбегендигин белгилүү котормочу С.Липкин өкүнүү менен белгилейт (Слово Кыргызстана, 1995, 21-январь). Анан калса «Манас» эпосу чалкып жаткан океан сымак эчбир адабият теориясына баш ийбейт эмеспи. Маселен, атактуу манасчы С.Каралаев кээде созуп, кээде жай айтып, кээде төгүлүп, кээде кара сөз менен айткан жерлери бар экени белгилүү.
Академик Б.Юнусалиев …«Манас» эпосунда ырдын мазмунунун эмоционалдык таасирин күчөтүү максатында уйкаштыгы бүткөн ырдын баш жагына же аягына кыстырынды сөздөр кошулат. Алар кээбир учурда редиф иретинде, б.а. уйкашып бүткөн ырдын аягында кайталанып айтылуучу бир же бир нече сөз кездешет, - деп белгилейт. (Манас, биринчи бөлүк, 1-китеп. Ф., 1958, XXXVII бет).
Маселен, Саякбай Каралаевдин айтуусунда Чоң-Казатта Манас Бээжинди алып, аскери кырылып, чоролорунан ажырап өзү катуу жарадар болуп келип, минтип айтат эмеспи:
Мен Сыргагымды жеп алдым, аяш!
Канатым окко жулдурдум, аяш!
Кабыландан айрылып
Каран түн жакты тындырдым аяш!
Же болбосо улуу манасчы С.Орозбаков салт катары манастын өткөн ата-бабаларынын ким экендигине кайрылып, кара сөз менен кайсы атадан ким тарагандыгын кыскача баяндап өтөт. (Кырбашев К. «Манас» эпосунун стили, Илим басмасы, Ф., 1983, 9-б.).
Тоголок Молдодо:
Бул Манас кыргыздын уругунан
Деген уругунан атактанып чыгат.
Түмөнкан, анын уулу Чаянкан, анын уулу
Кара кан, бул Кара кандын сегиз уулу
Болгон, атактуусу Ногой, Нойгут.
Ногойдон төрт уул болгон, Бай, Орозду,
Үсөн, кенжеси Жакыпбайдын уулу
Бакай, Тайлак деп
Эки уулу болгон. Ороздунун он уулу болгон,
Үсөн кийин Көзкаман
Аталып кеткен, мунун да он уулу болгон,
деген саптарда 7-8 муун сакталбай, 15 муунга чейин жетип атпайбы.
(Тоголок Молдо, инв. 3537. 1-бет).
Же болбосо:
Кырлар барбы, кыргыз сөөгү жатпаган,
Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, -
деген баарыбызга белгилүү байыркы Энесай кыргыздарынан калган саптар «Кыргыздарда 7-8 муун гана традициялуу саптар болгон» деген ойду четке кагат.
Махмуд Кашгарини же Жусуп Баласагындын ырлары да 11-12 муундан турганы белгилүү. Ошентсе да «Айкөл Манас» дастанында негизинен баатырдык сюжеттер, көпчүлүккө таанымал эпикалык персонаждар бар. Жаңы сюжеттер да камтылган, тарыхый окуяларды жаңыча баяндама менен тарыхый окуяларга үндөп келген, ыйык жерлер болгон Саймалуу-Таш, Таш-Рабат, Сулайман-Тоо, Аравандагы Дулдул-Ат ж.б.у.с. Манас эпосуна байланышы, кыргыздын байыркы салттарын ажайып сүрөттөгөн токсон миң сап поэзия камтылган бараандуу чыгарма экени талашсыз.
IV доомат, Бүбү Мариям Муса кызынын аян алгандыгына шек саноо. Мындай ойлорго ишенип же ишенбөө – ар кимдин өз иши. Бирок ушундай да альтернативдүү позициялар, көзкараштар бар экенин тана албайбыз. Аян алдыбы, алган жокпу, ал өтө сырдана маселе. Эң негизгиси факт катары – 10 томдук китеп (арбир китеп опол тоодой мээнетти талап кылаары шексиз) жазылып, жарык көрүп отурбайбы. Кеп ошол эмгектин мазмуну тууралуу жүрсө дурус болмок.
Аян темасы тууралуу атактуу академик, чыгыш таануучу В.М.Жирмунский (Исследование по истории культуры народов Востока. – М.-Л., 1960) минтип жазат:
«С именем Кэдмона, первого англосаксонского поэта, упоминающегося в истории английской литературы, связана биографическая легенда, о которой рассказывает Беда Достопочтенный (673–735) в своей написанной на латинском языке «Церковной истории англов» (кн. IV, гл. 24; закончено в 731 г.).
Согласно Беде, Кэдмон был монахом монастыря Streoneshalh в Нортумбрии во времена аббатисы Хильды (657–680). Он был прославлен песенным искусством, которому научился не от людей, но приобрел этот дар от бога, с помощью божественного покровительства. Когда Кэдмон был ещё мирянином (уже преклонного возраста), он не умел петь. Во время пира, когда гостей обходила арфа и очередь петь доходила до него, он вставал с места и удалялся, стыдясь своей неспособности. Однажды ночью, покинув таким образом пиршество, он заснул в хлеву, который должен был сторожить. Во сне ему явился некий муж, который приветствовал его и сказал: «Кэдмон, спой мне что-нибудь». Кэдмон отвечал: «Я не умею петь». Но муж повторил свое приказание и велел Кэдмону воспеть сотворение мира. Кэдмон запел, и когда на утро проснулся, он помнил песню, сложенную во сне, и сообщил о происшествии аббатиссе. Аббатисса собрала людей ученых, чтобы спросить, откуда явился Кэдмону этот дар. Они решили, что от бога, и с той поры Кэдмона стали обучать в монастыре божественному писанию, а он все, что ему рассказывали днем, на следующее утро перелегал в прекрасные песни. По совету аббатисы Кэдмон постригся в монахи и постепенно, со слов людей ученых, переложил в песни все события, о которых рассказывает писание, - от сотворения мира до воскресения Христа и страшного суда».
Ал эми белгилүү «Манас» таануучу, М.Мамыров Манастын ыйык касиети тууралуу минтип ой жүгүртөт (М.Ч.Мамыров. «Манас» эпосунун калыптаныш тарыхы. Б.,-2005, Бийиктик, 3-4- б.). «Ырас, «Манас» эпосу дин болсо, христиандар «Библияга», мусулмандар «Куранга» кандай сыйынса, кыргыздар да «Манас» эпосуна, анын каармандарынын, курал-жарагынын, буюмдарынын, тулпарларынын аттары коюлган жер-сууга, тоо-ташка азыркы учурга чейин куду ошондой сыйынып келиши анын дин болгондугун ого бетер тастыктайт. Акыйкатта «Манас» эпосу дин болсо, ал өткөн мезгилдерде кыргыз коомчулугунун идеологиясы, анын мыйзам-закону болуп кызмат кылгандыгынан да кабар берет.
«Манас» эпосунун колдоочулук-сыйкырдуулук касиетине кыргыздардын бекем ишениши анын дин экендигин, болгондо да идеология катары адамдардын жеке жашоо-тиричилигинен баштап, элдин коомдук турмушуна да кеңири колдонулуп келгендигинен да байкоого болот. Жашоо-тиричиликте бир маанилүү жумуш жасаарда, мергенчиликке барарда, алыска сапарга чыгарда, жоокерчиликке аттанарда, жаманчылыктан башка ар кыл салтанаттарда да кыргыздар «Манас» эпосун айттырса, анын колдоочулук-сыйкырдуулук күчү колдоп, жасалган иш-аракет жүзөгө каалагандай ашат деп ишенишкен. Маалым болгондой, ички иштеринин бардык жактарына кандай кеңири колдонсо, кыргыздар эл аралык мамилесине да «Манас» эпосунун колдоочулук-сыйкырдуулук күчүнөн дал ошондой колдоо күтүп, аны ийкемдүү түрдө пайдаланышкан.
Дагы бир окумуштуу Талант Мамышев «Пророческая миссия эпоса «Манас» деген («СК», 2011, 30.11., 14-15 стр.) ары кызыктуу статьясында ушуга эле үндөш мындай ой айтат.
«…И сегодня ясно, что Божьим Писаниям, несущим новые истины и понятия, является эпос «Манас», же болбосо кийинки абзацта «…Как видно, рождение эпоса «Манас» сопровождалось такими же тайнами и невероятными историями, как появление Библии, Корана, и свидетельствует, что это произведение такого же высшего порядка, как и другие священные Писания».
Аян алуу эч убакта мусулман динине каршы келген эмес. Ал тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети-муфтийи Чубак ажы Жалилов «Эркин-Тоо» гезитине берген маегинде бул ойду айтып атпайбы: «Бисмиллахир-рахмаанир-рахиим, «аян алуу», «кыдыр даарып кетиптир» деген түшүнүктөрдү четке кагууга болбойт. Илгеркиден эле манасчылар баян айтып келген.
Өнөр адамдары дайыма эле илхам, шыктануу менен эмес, кээде биздин акыл-эс жете бербеген иррационалду жагдайлардын таасиринде да чыгарма жаратып келгендиги жашыруун эмес. Маселен, жакында эле «Российская газета» (2012, 27.03. 12 стр.) гезитине берген маегинде атактуу музыкант Мстислав Ростроповичтин кызы Ольга Ростропович минтип айтып жатпайбы: «Да, у него (отца) случались разговоры с Сергеем Сергеевичем Прокофьевым, с Дмитрием Дмитриевичем Шостаковским уже после их смерти. Он их слышал на каком-то подсознательном уровне».
«Манас» тууралуу атайын кинотасма жараткан, белгилүү кинорежиссер жана культуролог М.Убукеевдин атактуу окумуштуу Л.Н.Гумилев менен болгон маеги да өзгөчө көңүл бурууга арзыйт.
«Вокруг таких крупных духовных явлений, как «Манас», имеется мощное силовое поле, непонятная и таинственная сила, которая оберегает и ограждает свои святыни от всякого инородного вторжения, а порой и жестоко наказывает незваных гостей. Подобное случилось, когда решили поставить памятник «Деде Коркуту» пятеро из семерых погибли, а двое оставшихся отказались продолжать работу.
- Почему такое происходит? – спросил я. – Ведь эти люди наверное, работали с самыми чистыми помыслами и благородными намерениями…
Лев Николаевич усмехнулся:
- Попробуйте – суньте два пальца в розетку с самыми чистыми намерениями, и я посмотрю, что с вами будет.
И Лев Николаевич мне объяснил: дело в том, что вы вторгаетесь в пантеон чужих богов и будучи человеком просвещенным и наделенным фантазией, при этом ощущаете определенный страх и тревогу. И чем больше у вас воображения и фантазии, тем больше страха. И этот подсознательный страх может стать причиной несчастного случая или даже смерти. Но когда вы получаете благословение шамана, жреца этого пантеона чужих богов, вы освобождаетесь от страха и ставите изоляцию между вами и страхом». (М.Убукеев. Манас. Б., Мурас, 1998, с.4).
Ал эми V дооматта айтылган авторлук жана укуктук жагдай боюнча.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесине ылайык: 1. Ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга укуктуу. 2. Ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.
Демек, мындай эмгек жаратууга Бүбү Мариям Муса кызынын толук конституциялык укугу бар. Анын автордук укугу болсо «Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөгү» мыйзамдын 6- жана 9-статьяларына ылайык корголот. Китептин жарык көрүүсүнө сот гана чечим чыгарып, тыюу сала алат.
Мына ошондуктан филология илимдеринин доктору Гүлнара Айтпаеванын «Эркин-Тоо» газетасында (2012-жылдын 27-мартындагы санында) «Айкөл Манас» дастаны боюнча минтип айткан сөзү: «…Ошол сыяктуу Бүбү Мариям эженин «Айкөл Манастын» океандай болгон «Манас» дүйнөсүнүн тырмактай бир кыры катарында кабыл алууга милдеттүүбүз» илимий көзкараштан караганда бир кыйла ынанымдуу сезилет.
Ал эми «Манас» эпосун мындан ары өнүктүрүү, изилдөө жана китептердин жарык көрүшү боюнча атайын мамлекеттик программа кабыл алынган.
Бул программанын аткарылышы боюнча Жогорку Кеңештин билим, илим, маданият жана спорт комитети атайын отурум өткөзүүнү күз айларына болжоп жатат.
Ушул симпозиумда Кыргыз эл жазуучусу К.Жусупов «Манасты ызы-чууга аралаштырбай, патриот экенибизди Манасты иликтеп, эмгек кылып, илим жазып, китеп арнап далилдейли» деп данектүү кеп айтты.
Кеп соңунда айтаарым, биринчиден, бул «Айкөл Манас» дастаны окурман журтуна канчалык сиңип, жашап кетет, аны мезгил өзү көрсөтөт.
Экинчиден, илим дүйнөсү, айрыкча адис-илимпоздор бул 10 томдукту эмгек катары кабыл алып, дыкат иликтеп, өз оюн айтаары шексиз деп ойлойм. Ага дейре бүтүм чыгарбай, чуу салбай, сабырдуулук кыла туралы.
Аталган симпозиумда К.Даутов менен А.Медетов: «Саякбай менен кошо аян алуу жана эпос айтуу токтогон» деп жарыя кылышты. Андай болсо, Шаабай Азисов менен Каба Атабек уулунун, Н.Сейдирахманов, же бүгүнкү күндүн чыныгы манасчылары Т.Бакчиев, Д.Сыдыков, Т.Асанов, У.Исмаилов, Р.Исаков же беш жашар Үмөт кантип, кайдан «Манас» айтып жатат деген ой туулат.
Агып жаткан улуу дайраны, атып келаткан таңды эчким токтото албаган сыңары эле, улуу «Манас» эпосун эчким токтото албайт. Ал дайым кыймылда. Кыргыз руху менен жаны бирге. Өлбөс-өчпөс.
Ошондуктан Манасты чуу көтөрбөй, туу көтөрүп, чыр издебей, сыр издеп, океандай чалкыган, эбегейсиз терең Манас эпосундагы асыл дөөлөттөрдү ыйык тутуп, бийик сезүү баарыбыздын улуттук парзыбыз деп ойлойм.
Айкөл Манасты" адабиятчылар иликтейби же уфологдорбу?
Бүбү Мариям Муса кызы улуу эпостун "Айкөл Манас" деген вариантынын он томдугун чыгаргандан бери анын айланасындагы чуу басылбай келет. Буга чейин "Манастын" чыныгы ээси биз турсак, эмне үчүн аны ЮНЕСКОнун сыйлыгына кытайлык кыргыздар көрсөтүшү керек? - деген маселе талаш туудуруп, ал эки-үч жылга "эрмек" болду эле. Өткөн жума күнү Бишкектеги дипломатиялык академияда мына ушул Бүбү Мариямдын "Айкөл Манасын" жиликтеген, карама-каршы көз караштардын кыл чайнашып кырчылдашкан талкуусу болуп өттү. "Манас" - чексиз ойдун ченемсиз күчү" аттуу симпозиумга "Манас" эпосун кесип кылган даражалуу окумуштуулар менен жазуучулардан баштап, коомдук, мамлекеттик ишмерлерге, белгилүү саясатчыларга чейин келишти. Анда бир тарабы: "Илимдеги медитация, уфология илимдерин түшүнбөйсүңөр. Ар ким улуу эпос боюнча өз вариантын чыгарууга укуктуу. Улуу манасчылардан баштап, азыркы жаш манас айтуучуларга чейин аян кирип, түш көргөндөн кийин "манасчылыкты" өнөр тутуп калышкан", - деп талашышты. Дагы бир тарабы: "Эч качан XXI кылымда эпос жаралбайт. Цивилизациялуу элдерде эпос капкачан өткөн кылымдарда жаралып бүткөн. Силер башка өлкөлөрдүн идеологиясын киргизип алып, кыргыздыкы деп жатасыңар. Бүбү Мариямдын халтура чыгармасынан кыргызды коргоп калгыла", - деп чакырганга чейин баргандары болду. Аталган дастандын авторун ур-токмокко алып, чыр чыгарбай эле мүчүлүштүктөрүн оңдоп, чаташкан эпизоддорун тарап койсо болмок деген да ойлорун айтышты. Айтор, беш саатка созулган кырчылдашкан талкуунун жүрүшүнөн эки жээктегилерди таарынтпай, бирдей мүмкүнчүлүк берүүгө аракет кылдык.
Кусейин ИСАЕВ,
социология илиминин доктору, профессор:
- Бүгүнкү күндө кыргыздар уруу-урууга, партияларга, жердешчиликке, бай-кедей болуп ж.б. бөлүнүп туру. Өткөн парламенттик шайлоо көр-сөткөндөй, кенедей акчага добушун саткандар болду. Кээ бир маалыматтарга караганда Кыргызстанда калктын 3 пайызы калган 75 пайыз калктын байлыгын ээлеп турат экен. Мына ушундай кырдаалга байланыштуу элибиздин 1 млн.го жакыны чет мамлекеттерге кетип, жигердүү курактагы жаштар миграциянын туткунунда жүрүшөт. Мунун баары аз келгенсип, эми "Манастын" тегерегинде да эки жаат болуп бөлүнүү акылга сыйбаган көрүнүш. "Манастын" байыртадан бери калыптанып калган окуялары толук сакталып, бирок, аны ар бир муун өз түшүнүгүнө, дүйнө таанымына, кабыл алуусуна, жоопкерчилигине жараша көркөмдөп берүүгө укуктуу. Анын жаңы варианттары пайда болбойт деп ким кепилдик бере алат? Булардын баары илимий жактан тактоону, терең изилдөөнү талап кылаары анык.
Каныбек ИМАНАЛИЕВ,
Жогорку Кеңештин
депутаты, "Манас" эпосу
боюнча мыйзамдын
авторлорунун бири:
- Биз бүгүн бул жерге "Манасты" чуу көтөрбөй, туу көтөрөлү, чыр кылбай, ыр кылып айталы деп чогулдук. "Манастын" көркөм адабият менен искусстводон айырмаланган мындай касиеттери бар. Кыргыз баласы "Манасты" тамга тааный, алиппени окуй электе түшүнөт. Ооба, Кыргызстанда коррупция да бар, кылмышкерлер да бар, Президентти, депутаттарды, муфтийди сындап жаткандар да толтура. Бирок, "Манас" жөнүндө эч бир кыргыз жаман сөз айта албайт. Бул анын улуулугу. Эми анын көлөмү тууралуу. Саякбай "Манасты" үч күн, үч түн тынбай айткандыгы боюнча энцклопедияга кирип калган. Саякбай өзүнүн эскерүүсүндө: "Мен Солто-Сарыда жүрүп, 23 күн тынбай "Манас" айттым", - деген. Эсептеп көрсөк, 1,5 млн. сап. Бир сапта үчтөн сөз болгондо, 4,5 млн. сап айткан. Бул адамдын акылына сыйбай турган көрүнүш. Москвадагы Бехтеров институтунун маалыматына караганда генийлердин мээсинде жаңы маалыматтар эскисин сүрүп чыгарып туруу менен 20 миң маалымат сакталат экен. Ал эми айылдык билими жок аксакал Саякбай 4,5 млн. сап сөз айтып жатпайбы. Демек, "Манаста" адабияттан да бийик касиет бар. Же беш жаштагы Үмөт манасчы кайсы жактан аян алат, кантип алат? Муну азыр кайсы академик айтып, далилдеп берүүгө күчү жетет? Буга адабияттын күчү алсыз болгондуктан, сезүү гана керек. Музыка дүйнөсүндө 7 эле нота бар. Саякбай Каралаев "Манасты" айтып жатканда 28 нотага чыгып кеткенин кайсы эрежеге батырасыңар? Бүгүнкү күндө "Манас" эпосу боюнча мыйзам кабыл алдык. Жаманбы, жакшыбы "Манас" программасын да жаздык. "Манас" жаралгандан берки алгачкы жолу анын укуктук мыйзамын аныктаган документ пайда болду. Дүйнөлүк юриспруденциянын тарыхында бир эпоско карата биринчи жолу бизде мыйзам кабыл алынды. Президент, министрлер, депутаттар чет мамлекеттерге барганда улуттук символ катары "Манастын" китебин же ага байланыштуу сүрөттөрдү гана белек кылуу менен аны улуттук брендге айландырабыз. Биздин мамлекеттик протоколго киргизген ушундай сунушубуз мыйзам түрүндө кабыл алынганын айтып коёлу. Биз "Манас" боюнча кино эпопеясын тартышыбыз керек. "Манас" варианттарын иликтеген илимдин жалгыз доктору Раиса Кыдырбаева: "Он томдук "Манастын" бир варианты катары калышы керек", - деп айтып жатат. Жайсаңды бири калмак дейт, бири монгол дейт. Жайсаңды 1974-жылы "Манастан" бөлүп, өзүнчө предмет катары иликтеген жалгыз окумуштуу Муңдук Мамыров болгон. Рамандын ырчы уулун өзүнчө, Жайсаңды өзүнчө караган. Жайсаң деген сөз кыргыздыкы. Ал чексиз, сансыз деген маанини берет.
Каныбек Иманалиевдин бул сөзүнө ордунан отуруп кыйкырып, эмоцияга алдырган эр азаматтарды илимий симпозиумду алып барып жаткан белгилүү журналист Жылдыз Муслимова айым зорго тартипке чакырып отурду. К.Иманалиев: "Ушул далилдерим калп болсо депутаттык мандатымды таштап кетем", - дегенге чейин барды.
Топчубек
ТУРГУНАЛИЕВ,
коомдук ишмер:
- Былтыркы жылы "Манас" эпосу тууралуу мыйзам кабыл алын-
ды. 2204 мектепке, 125 атайын орто окуу жайына жана университеттерге "Манас таануу" деген сабак кирүүдө. Мына ошол сабактарды кайсы "Манастын" негизинде окутабыз? Биз "Манастын" классикалык үлгүлүү вариант-
тарынын гана негизинде китеп жазып окутушубуз керек. Алар эң биринчиден Саякбай, Сагымбай бабаларыбыздын варианттары (кол чабуулар менен коштолду). Кээ бирөөңөр Бүбү Мариямдын вариантын үлгүлүү, сейрек вариант деп айтып жатасыңар. Менин оюмча андай эмес. Бул бир кишинин эле жазган китеби. Сиздер, Сокулуктагы Кувейт каржылаган бир мектепте Бүбү Мариямдын "Айкөл Манасын" окутууга өтүп, бул аялды жаман көрсөтө баштадыңар. Мунун баары эле бекерге келген эмес да... Кыргызстанда мамлекет барбы же ар кимибиз билген намазыбызды окуй беребизби? Алманбетти Кытайдын агенти деп, же "Манаста" порнография бар деген жазуучуну кантебиз? Ким улуу эпосту ай-асманга көкөлөгөн көркөм улуу мурас катары баалаганын, ал эми кимиси өзүнүн жеке көз карашы менен "Манасты" айтып жүргөнүн айырмалоого убакыт жетти.
Курманбек АБАКИРОВ,
КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин адабият кафедрасынын башчысы:
- Саякбай Каралаев менен Сагымбай Орозбаковдун варианттары менен азыркы талкууга түшүп жаткан Бүбү Мариямдын "Айкөл Манасын" таптакыр салыштырууга болбойт. Мен эмоциямды башкара албай жатканымдын себеби ушул. Булар калп эле Манастын руху, образы, идеясы дегенди жамынып алышып, чынында бузук чыгарманы элге түрткүлөп жатышканын көрбөй турасыңарбы? Булар: Бүбү Мариям Муса кызы, Жумадин Кадыров, Эрнест Абдыжапаров, Темирбек Токтогазиев ж.б. топтон турат. Өздөрүн жайсаңчыларбыз деп аташат. Керек болсо чыпалактан кан чыгарып ант беришкен. Даңазалуу "Манас" менен идеясы бузук "Айкөл Манасын" бирдей коюп жатышпайбы. Дастан сымал тайыз чыгармасын мамлекеттин иделогия-
лык деңгээлине чейин көтөрүүнү, бүткүл кыргызга сиңирүүнү максат кылышкан. Тилекке каршы, анда Манас бабабыздын рухун чагылдырган эч нерсе жок. Анда кыргызды басынткан, шылдыңдаган эпизоддор арбын. "Айкөл Манас" деген он томдук дастан сымалдагы баш
каармандар чөгөлөп отурушуп ыйлашат... Бул жерде Бүбү Мариямды бетке кармап алган өзүнчө бир топтун жасаган иши билинди. Ал өзү деле "Манасты" окуган эмесмин деп айтып жатпайбы.
Бүбү Мариям
Муса кызы:
- Албетте, социализм идеясы жетимиш жыл бою кыргызга өсүп-өнүгүүнү берди. Билимге, илимге, маданиятка жетиштик. Бирок, табияттын кубулуштарынан, динден алыстатып койду. Атеизмдин
таасиринен али кете электери
мени туура түшүнбөй жатышат. "Айкөл Манас" дастанын бир нече авторлор чогулуп жазышкан деп күнөөлөп, идеясына
чейин айып тагышууда. Мына, өз колум менен жазган дептерлерим, карап алгыла, айланайындар. Өзү аяндан түшкөн дастан болсо, аны кантип бир нече автор жазып, бирдиктүү иретке салат эле? Ал түгүл ушул жердеги жыйында тытышып, бир пикирге келе албай жатпайбызбы. Менин сегиз жылдык гана билимим бар болгондуктан, адабиятчы да, жа-
зуучу да, манасчы да эмесмин. Бар болгону, Жайсаң атабыздын урпактарына айткысы, билдиргиси келген дастанын чечмелеп берген бир эжеңер болом. Көзү ачыктарга да кирбейм. Медитация аркылуу гана бир учурда, бир жерге барганда дептериме аяндар жазылып калган болот...
Курбаналы Маткеев,
география илиминин
доктору:
- Адам өлгөндө дене бул жерде калып, жан аркы дүйнөгө кетет. Адамдын денесин аура корпусу кармап турат. Аура адамды сырткы жаман нерселерден сактап, көрсөтпөйт. Молдолор: "Биздин көзүбүздө парда бар, ошондуктан сыртты көрө албайбыз", - деп жүрүшпөйбү. Бүбү Мариям Муса кызын ошол каптап турган аура корпусунан ажырап, бул дүйнө менен тигил дүйнөнүн ортосун бириктирип турган адам катары кабыл алышыбыз керек. Эгер билгиңиздер келсе, бул илим - уфология. Бир жылдары кыргызда ушул илим менен алектенген Абай деген чыккан. Биз ал кишини да куугунтуктап жок кылганбыз. Ошол биздин Абай менен бир мезгилде кошо чыккан Агадж деген башкырстандык адам азыркы күндө КМШ мамлекеттериндеги бирден бир күчтүү уфолог. Ал жыл сайын башка аалам менен 500дөн ашык адамдар байланышып турат деп айтканына макул болуп жатабыз го. Эч ким Саякбайдын, Сагымбайдын варианттарын жокко чыгарган жок.
Симпозиумдун аягында резолюция кабыл алынып, ага келерки жыл "Манас" жылы деп аталсын, Бүбү Мариям Муса кызынын "Айкөл Манасы" КРнын улуттук илимдер академиясына иликтенүүгө берилсин деген сыяктуу бир топ сунуштар кирди.
Туудан чуу
чыгаргандардын
максаты эмне?
Мындан 3-4 жыл мурда "Бакдөөлөт" деген коомдук уюм түзүлгөндө, ага анчейин маани берген эмесмин. Айрымдардын Манастын апасы Бакдөөлөт деген тастыктоосу боюнча да көңүл бурбагам. Анан акыркы мезгилдеги "Манас" эпосунун, элибизге таңууланып жаткан теңирчилик менен курултайчылыктан улам иштин чоо-жайы башкада экени ачык көрүндү...
Улуу инсаныбыз Чыңгыз Айтматовдун кириш сөзү менен чыккан "Манас" эпосунун Сагынбай Орозбаков айткан вариантында айтылгандай, Көгөйдөн - Ногой, Шыгай, Чыйыр. Ногойдон - Ороз, Үсөн, Бай, Жакып. Жакып Чыйыр
агасы өлүп, анын Шакан аттуу аялын, андан кийин Манжурия калкынан (калмактан) Бөйөндүн
уулу Чаян дегендин Бакдөөлөт деген кызын алган. Шакандан - Манас төрөлсө, Бакдөөлөттөн Абыке-Көбөш баш болгон алты арам туулат. Минтип айтканымдын себеби, Абыке менен Көбөш дайыма Манасты көрө алышпай, жада калса, чоң казатка аттанганда да кошулушкан эмес. Алар Манас өлгөндөн кийин Каныкейди кордоп, аны токолдукка алмакчы болгондо, Каныкей түн жамына эмчектеги Семетейди көкүрөгүнө кыса, кайненеси Шаканды ээрчитип, Самаркандга Темир атасыныкына качып ке-
тет.
Эми көк тууга келели. Саякбай Каралаевдин вариантында Бокмурун атасы Көкөтайга аш бергени жатканда жаш Айдарга айтып турганы:
Бул ашыма
келсин де,
Бул кызыкты көрсүн де.
Бул ашыма келбесе,
Бул кызыкты көрбөсө,
Көкөтайдын көк туусу,
Үй үстүнөн көрсүн де.
Анан да:
Кызыл желек, көк найза,
Кыргыздан бирөө калбасын.
Ала колдоп кетти деп,
Артымдан күбүр калбасын, - дейт.
Мындан кыргыздын желеги кызыл болуп, ал эми калмак менен Бокмурундун желеги көк болгону так айтылып турбайбы!
Демек, көк тууну колдогондор, кыргыздын тарыхын бурмалагандар, теңирчилик идеясын жактагандар. Алардын чыныгы мүдөөсүн билбегендер бул талашка кошулушуп, ар кандай сунуштарды берип жатышат. А парламенттик комиссиянын төрагасы Абдрахман Маматалиев оң кыргыздардын желеги - көк, сол кыргыздардыкы - ак, ал эми ичкиликтердики - кызыл болгон дейт. Булар кыргыздарды эми биротоло бөлүнүп кетүүсүн каалап жатышабы?
Мен тарых иликтөөчү катары айтсам, Манас кулаалы таптап куш кылган, курама топтоп журт кылгандан бери эле ата-бабаларыбыз кызыл тууну көтөрүп келишкен. Ал эми ар бир уруунун өзүнүн эн тамгасы, туусу болгон. Бирок ал атпай кыргыздын туусу боло албайт. Экинчиден, кыргызда оң, сол, ичкилик деген хандыктар да болгон эмес.
Ошондуктан тууну өзгөртүү, курултай институтун киргизүү жана теңирчиликти жактоо келип эле кыргыздарды бөлүп-жарууга алып келмекчи.
Гыламидин АБДРАХМАНОВ,
тарых иликтөөчү