Кыргыз адабият\7-класс\__________________________I чейрек, 2-сабак
Тема: “Кожожаш” эпосу
Сабактын максаты: | Күтүлүүчү натыйжалар |
Когнитивдик: окуучулар «Кожожаш» эпосунун негизги идеясы жөнүндөгү билимдерди алышат. | -эпосту адабий талдоого салып талдашат. -чыгарманы башка чыгармаларга салыштырат. |
Социо-маданий: жаратылышты кордобоого, табиятка аяр мамиледе болууга тарбияланышат. | -табият менен таттуу мамиледе болууга аракеттенишет: -алтын эрежени сактап бири-биринин пикирин сыйлоого тарбияланышат. |
Кептик: башка турмуштук эпостор менен салыштырат. | -ар бир окуучу өз пикирин башкаларга таңуулабай айтууга үйрөнөт. |
Лингвистикалык минимундар: миф, чарык, ат тасма, көмөлдүрүк, куюшкан, олоң, сүмбөлөө, казат, бучкак, кери, милте, төө таман, чидер ж.б
Сабактын тиби: өтүлгөн материалдарды анализдөө
Колдонулуучу методдор: аңгемелешүү, суроо-жооп, дискуссия
Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары: фронталдык, жекече, жуптар менен иштөө
Сабактын жабдылышы: проектор, экран
Дидактикалык материалдар: слайд-фильм, окуу китеби, таркатмалар
Сабактын жүрүшү:
Сабактын баскычтары | Мугалимдин ишмердиги | Окуучунун ишмердиги |
1)Уюштуруу (5 мүнөт) | Бар болуңуздар! Табият менен байланышкан макалдарды чынчырча аркылуу улап айталы. | Арыбаңыз! -
Табият менен таттуу маиледе болуу. -
Жаратылышты коргоо ар бирибиздин ыйык милдет. -
Жаратылыш жан досум ж.б |
2)Үй тапшыр-масын суроо (5-мүнөт) | -
Китеп тууралуу М.Горький, М.Шолохов, Ч.Айтматов эмне деген баалуу пикрилерди айтышкан? -
Адабият эмнени окутуп үйрөтүүчү илим? -
В.Г.Белинский, А.Горький, Н.Г.Черьнышевский, К.Федин, Гётенин сөз, искусство, адабият жөнүндө кандай ойлорду айтышкан? -
Кыргыз адабиятында канча тек бар? -
Эпикалык, лирикалык, дидактикалык жанрга бирден мисал келтиргиле? |
3)Жаңы тема. (10 мүнөт) Поэманын варианттары. Азырынча Кыргыз Илимдер Академиясынын кол жазма фондусунда "Кожожаш" поэмасынын үч варианты бар. Алгач Сулайман Конокбаевден Каюм Мифтаков 1923-жылы жазып алган. Экинчиси төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин айтуусу боюнча жазылып, 1938-жылы басмадан чыккан. 1949-жылы Төлөмүш Жээнтаевден үчүнчү вариантын Заир Мамытбеков жазып алган. «Кожожаш» — кыргыздын эң байыркы эл дастандарынын бири. Дастан өзүнүн калыптанып, пайда болгон мезгили жагынан архаикалык мүнөзгө ээ. Дастанда кыргыздардын байыркы доордогу тотемистик, анимистик ишенимдери кенен чагылдырылган. Мындан сырткары, дастанда байыркы кыргыздардын чарбалык укладдары, жашоо образы, диний-философиялык ишенимдери даана көрсөтүлгөн. Байыркы кыргыз коомунда, табийгаттын татаал шарттарында аңчылык да кыргыздардын чарбалык кесипчилигинин бир түрү болгондугун байкоого болот. Мында адам баласы менен табийгаттын катаал кубулуштарынын ортосундагы өз ара алакалар, байланыштар чагылдырылган. Айрым изилдөөчүлөр дастанды баатырдык эпос катары атап жүрүшсө, кээ бир окумуштуулар ага социалдык-турмуштук багыттагы эл чыгармасы катары аныктама ыйгарып келишет. Кыргыздын кытай уруусунан чыккан көзгө атар мерген Кожожаштын Зулайка сулууга үйлөнүшү, касиеттүү кайберен Сур эчки менен эрегишип, Сур эчкинин каргышына калып адам жеткис аскада жалгыз калып мерт болушу, Кожожаштын уулу Молдожаш баралына жеткенде атасынын кунун кууп, Сур эчкиден өч алышы эпостун сюжетинин негизин түзөт. Дастанда өзгөчө адам баласы менен жаратылыш ортосундагы аң сезимдүү байланыш, адам баласынын ага болгон адеп-ахлактык мамилеси курч коюлган. Адамдын билгенден билбестикке ташталган алаканын түбөлүктүүлүгү жана анын жеңиштүү болору да турмуштук өсүшү логикасына карата ылайык берилгендигин көрүүгө болот. «Кожожаш» эпосу кыргыздардын байыркы доордогу турмуш-шартын, чарбачылыгын, каада-салтын, диний ишенимдерин жана башка изилдөө боюнча маанилүү булак болуп эсептелет. Дагы: https://sputnik.kg/culture/20160709/1027495950.html |
1)Окуучулар менен иштөө (12 мүнөт) | 1-кадам. Окуучулар үч топко бөлүнүшөт. 2-кадам. Окуучулар тобу менен аткаргандарын алмашып иштешет. 1-топ. «Сүрөтчүлөр» тобу. Эпоздогу белгилүү эпизотторду эске алып чыгарманын сюжетинин негизинде 2 сүрөт тартышат. | |
2-топ. «Адабиятчылар» тобу. Чыгармадан 7 факт айтып беришет? |
3-топ. «Олимпиадачылар» тобу. Чыгарманын негизинде 10 суроо варианттары менен классикалык тест түзүшөт. |
4)Бышыктоо (5 мүнөт) | -
Кожожаш жана Сур эчкинин түштөрүн, айтуучу А.Үсөнбаев эмне максат менен эпоско киргизген? -
Эмне үчун Кожожаш Зулайканын каршы болгонуна карабастан, ак бараңын колго алып, мергенчиликке аттанды? -
Мерген мылтыгын кантип октоп, кантип атаарын жана Сур эчкинин каргышын маанисин кыскача айтып бергиле? |
5) Рефлексия (2 мүнөт) | 1.Чыгарманы окуганда кандай сезимдер пайда болду? 2.Чыгарманын негизги өзөгүнө түшүндүңөрбү? 3. Келерки сабакта чыгарма жөнүндө кандай маалыматтарды күтөсүңөр? |
6)Үйгө тапшырма (3мүнөт) | 1.Кожожашка синквейин түзүп келгиле? |
7)Бааолоо (3мүнөт) | Окуучулардын аракетине жараша. «5», «4», «3», «2» |