Просмотр содержимого документа
«Күн эң жакынкы жылдыз.»
Физика
9-класс
Сабактын темасы: 86. Күн – эң жакынкы жылдыз жана табигый жарык булагы.87 Күндүн энергиясы. 88. Күн бетинде байкалуучу айрым кубулуштар. 89. Күн Атмосферасы
Күндүн массасы 2.10^30 кгга , тыгыздыгы 1,41 г/см^3га барабар.Эркин түшүү ылдамдануусу 274 м/с^2ты түзүп, радиусу 696000 км же Жер радиусуна салыштырганда 109 эсе чоң.
Схема строениясолнца
Күндөгү эң негизги элемент – суутек.Күндүн түпкүрүнөн орун алган суутек химиялык биригүү реакциясынын негизинде гелий элементине айланууда чоң сандагы энергия бөлүп чыгарат.
Башка элементтер
гелий
суутек
Күн энергиянын кубаттуу булагы,энергия андан электромагниттик толкун катары рентген, ультракызгылт-көк нурдан радиотолкундарга чейин үзгүлтүксүз чыгып турат.
Ультракызгылт-көк нур рентген нур
Бул нурлануулар Күн системасындагы бардык телолорго түшүп, алардын атмосферасына таасирин тийгизет жана Жердеги жашоо-тиричиликтин болушу үчүн зарыл болгон жарыкты жана жылууукту берет.
Күндүн нурлануу кубаттуулугу болжол менен 4.10^23 кВт. Жердин Күндөн алган энергиясы болжол менен анын толук энегиясынын 1/ 2 000 000 000 бөлүгүнө барабар.
Күн сферасынын бетинде көп астрономиялык кубулуштарды пайда кылган тактар, көп сандаган данчалар(гранулдар), факелдер жарыгы (от чырак), протуберанцтар, тез жарк этүүлөр жана жарык флоккулдары (муштумчалары) орун алган.
Эгер тактар Күн дискасынын четинен орун алса, анда тактын тегерегинде жарык түзүлүштөр көрүнөт. Күндүн дискасынын борборуна жакын орун алган тактарда мындай жарыктануу көрүнбөйт.Бул жарык түзүлүштөр факелдер деп аталат.
Күндүн дискасынын борборуна жакын орун алган тактарда мындай жарыктануу көрүнбөйт.Бул жарык түзүлүштөр факелдер деп аталат.
Күн атмосферасы:
Фотосфера (көрүнүүчү бет) : Бул биз телескоп аркылуу караганыбызда Күндүн аймагы. Фотосферанын температурасы болжол менен 5500 градус Цельсий жана күн тактары деп аталган көптөгөн кара тактар менен жаркыраган бет катары көрүнөт.
Хромосфера жана Күн таажысы : Булар Күн атмосферасынын сырткы катмарлары. Хромосфера түздөн-түз фотосферанын үстүндө жайгашкан жана күн тутулганда көрүнүүчү жука атмосфера. Күн таажысы - бул тутулуу учурунда ак жарык катары көрүнгөн газдын сырткы катмары. Күн таажысы-ошондой эле күн шамалын чыгарат, ал күн системасынын бардык аймактарында жүрөт.
Уйго тапшырма 86,87,88,89 параграфтарды окуп,тушунуу.