СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Күндөлүк план....

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Күндөлүк план....»


3-сабак

  1. Сабактын темасы : Толкундун интерференциясы, дифракциясы.

Когеренттүү булактар. Туруучу толкун. Интерференция

  1. Сабактын максаты :

а) билим берүүчүлүк :

Окуучуларга толкундун интерференциясы, дифракциясы. Когеренттүү булактар. Туруучу толкун. Интерференция жөнүндө кененирээк айтып берүү, алардын билимдерин тереңдетүү, түшүнүктөрүн кеңейтүү.

б) өнүктүрүүчүлүк :

Окуучулардын билим алуу кызыкчылыктарын арттыруу.

в) тарбия берүүчүлүк :

Окуучулардын рухий жана материалдык нарк дөөлөттөрдүн маңызы жөнүндөгү түшүнүктөрүн кеңейтүү.



3. Сабактын методу : Аралаш сабак.

4. Сабактын жабдылышы : Окуу китебт сүрөттөр, көрсөтмө куралдар.

5.Сабактын жүрүшү :



а )уюштуруу иштери



  1. Окуучулар менен саламдашуу.

  2. Класстын, досканын тазалыгына көз салуу.

  3. Окуучулардын катышуусун текшерүү.

  4. Окуучулардын көңүлүн сабакка буруу.

б) өтүлгөн теманы кайталоо, окуучунун түшүнүгүнө байкоо жүргүзүү, окуучулардын толуктугун текшерүү.



в ) үй тапшырманы текшерүү , окуучулардын билимин баалоо.



г ) жаңы теманы түшүндүрүү.



§ 33. Толкундун интерференциясы, дифракциясы .

Когеренттүү булактар . Туруучу толкундар.

Интерференция

,,Чөйрөдө термелүүнүн таралышы толкун деп аталат. Катуу , суюк жана газ сыяктуу чөйрөлөрдө пайда болгон толкундар механикалык толкундар деп аталат.” (2-китеп,227-б)

Чөйрөдө , мейкиндикте дайымы эле толкундар бир-бирден таралбастан, бир эле убакытта бир нече толкун таралышы ыктымал. Мисалы көлчүк сууга бир эле мезгилде эки таш ыргытылса , анда ошол таштар жүргөн жерлерден борборлошкон эки айланаларда таралат. Алар бири-бирине тоскоолдук кылбастан , мурункудай эле таралып кете берет. Бул толкундардын кабатталышкан чекиттеринде толкундун же күчөшү, же начарлашы байкалат.

‖ Эки же андан көп булактардан таралган толкундардын катталуусундагы күчөп же начарлоонун кезектешүү кубулушу толкундун интерференциясы деп аталат.

Эми кайсы кезде толкун күчөйт, кайсы кезде начарлайт ошого токтолуп кетели.

• Толкундар бирдей фазаларда келип жеткен чекиттерде толкунду толкун күчөтөт, интерференциянын максимумдары , мисалы , 92 – сүрөттөгү көрүнүш пайда болду.

• Эгер берилген чекитте эки толкундун жүрүш аралыгынын айырмасы ▲∂ - бүтүн сан толкун узундугуна барабар болсо , толкундун узундугуна барабар болсо , толкундун берилген чекиттеги амплитудасы эң чоң болот. Бул интерференциянын максимум шарты.

Ал төмөнкү формулада берилет ▲∂ = Ɽ*λ (1)

Эгер толкундар карама-каршы фазаларда келишсе ,же ▲∂ аралыгы жарым толкун узундугунун так сандарына барабар болсо , чөйрөнүн ал чекиттеги термелүүсүнүн амплитудасы эң кичине болот. Бул учурда (1) формула төмөнкү түрдө берилет.

▲∂ = (2 Ɽ + 1) (2)





Жыштыктары , фазалары бирдей болгон , же фазаларынын айырмасы турактуу сакталган булактар когеренттүү булактар деп аталат.

Интерференциянын чоң мааниси , эгер кандайдыр бир процессти кароодо интерференция кубулушу байкалган болсо , анда бул толкундук кубулушту карап жатканыбыздын далили болот, б.а. толкундун толкун экенин далилдөөчү кубулуштун бири болуп интерференция эсептелет.

,, Интерференция “ термини англиялык көрүнүктүү окумуштуу Томас Юнгга таандык . Ал катталуу деген сөз.

Интерференция учурунда толкундардын энергиясынын кайра бөлүштүрүлүшү келип чыгат.

Дифракция.

Толкун дайыма эле тоскоолдуксуз чөйрөдө таралбайт.

Толкундун жолундагы тоскоолдукту айланып өтүү кубулушу толкундун дифракциясы деп аталат.

,, Дифракция “ латын тилинен кыргызчага которгондо ,, сынган “ дегенди билгизет. Мисалы, агын суунун жолунда кичине чырпык жана чоң дүмүр турса , суу чырпыкты оңой эле айланып өтөт , ал эми дүмүрдү айланып өтүүдө , анын артында толкун жетпеген участок пайда болот. Демек, толкун дүмүрдү айланып өтө алган жок.

Демек, чырпыктын мисалы, дифракциф пайда болду, ал эми чоң дүмүрдүн мисалында болгон жок.

• Эгер толкундун узундугу (λ) , тоскоолдуктун өлчөмүнөн (∂) чоң болсо , дифракция пайда болот.( λ∂)

• Эгер λ

Мисалы , окуучулар токойго экскурсияга барганда адашып кетпес үчүн үн чыгарып , же ырдап жүрүшөт. Токойдо үн толкундары токойдогу карагайларды оңой эле айланып өтө алгандыгынан үн угулат . Эгер окуучулардын айрымдары тоону ашып алыс кетсе үндөрү угулбай калышы ыктымал. Себеби анда үн толкуну тоону айланып өтө албагандыктан үн угулбайт, демек, дифракция пайда болгон жок дейбиз ж.б.

Ошентип , дифракциянын пайда болуу шарты :

Λ ∂ болуш керек.





Дифракция кубулушу да толкундун толкун экендигин далилдөөчү кубулуштардын бири болуп эсептелет.

Туруучу толкундар.

,,Туруучу толкундар бир түз сызык боюнча карама-каршы багытта таралуучу бирдей эки толкундун беттешинен пайда болуучу интерференция кубулушу болуп эсептелет. Туруучу толкундар ал толкундардын жыштыктары жана амплитудалары бирдей болгондо гана байкалат. Туруучу толкундардын мисалы катарында дубалга жанаша кармалып, бир учунан бекитилип коюлган аркан боюнча карама-каршы багытта таралуучу толкундарды келтирүүгө болот. Аркандын экинчи учунан кармап , колубузду өйдө- төмөн кыймылдата турган болсок , анда аркан боюнча термелүү таралат. Кандайдыр убакыттан кийин ал толкундар аркандын бекитилип коюлган экинчи учуна жетип , ал жерден чагылып мурдагы z багытына карама-каршы багытта артын көздөй таралат. Ошентип , бир эле убакытта аркан боюнча бири-бирине карама-каршы багытта таралган жыштыктары жана амплитудалары бирдей эки толкун пайда болот. Алардын кошулушу туруучу толкунду берет.

Эмне үчүн карама-каршы багытта таралган бирдей эки толкун бири-бири менен беттешкенде алардын кошулушунан туруучу толкундар деп аталган толкундар пайда болот ? Туруучу толкун деген сөздүн мааниси эмнеде ?

Бул суроого жооп берүүдөн мурун 162- сүрөткө кайрылалы. Сүрөттө туташ сызык менен көрсөтүлгөн толкун солдон оң жакты көздөй , ал эми пунктир менен көрсөтүлгөн толкун оңдон сол жакты көздөй таралат. Биринчи катардагы сүрөт эки толкундун биринин ойдуңу менен экинчисинин дөңсөөсү дал келген моментин көрсөтөт. Жогоруда айтылган шарт боюнча амплитудалары барабар болгон мындай толкундар үчүн толкундардын ойдуңу менен дөңсөөсү кездешип термелүү болбойт. Чөйрөнүн бардык чекиттери бул учурда өздөрүнүн тең салмактуу абалында жаткан болушат.

Эгерде жөнөкөй толкундарда термелүүнүн бир орундан экинчи орунга таралышын байкоо мүмкүн болсо , биз карап жаткан учурда толкундардын жылышы байкалбайт. Ошондуктан мындай толкундар туруучу толкундар деп аталат . “ ( 2-китеп , 244-б).





Үйгө тапшырма берүү:

Ушуга чейин өтүлгөн темаларды кайталап келүү.

Окуучулардын билимин баалоо:

Сабактын уюштурулушун, жүрүшүн жана жыйынтыгын талдоо.

  1. Түзөтүүлөрдү киргизүү.

  2. Алдыга пландарды коюу



Колдонулган адабияттар:

  1. Койчуманов М., Сулайманова О. Физика 10. 1-бас. – Б.: “Инсанат”, 2008. – 256 б., ил.

  2. Карашев Т., Карашева Т.Т. Физика курсу: Механика, Молекулалык физика, Электр жана Магнетизм. Толукталып кайра иштелип чыккан 2-басылышы –Б.: Айат, 2012. -592б.



























































5