Сабактын темасы – “Курманбек” эпосунун негизги окуялары (8-класс)
Сабактын максаттары:
а) билим берүүчулүк максаты: баатырдык кенже эпостордун бири Курманбек эпосу тууралуу маалымат алышат.
б) өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучулардын кабыл алуусун, эске тутуусун жана сынчыл ойлом көндүмдөрүн өнүктүрүү.
в) тарбия берүүчүлүк максаты: Өз оюн эркин, жеткиликтүү айтып берүүгө, бири-биринин оюн угуп, аларды сыйлоого тарбиялоо.
Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу:
А) окуучулар баатырдык кенже эпостордун бири Курманбек эпосу тууралуу маалымат алышса;
б) Окуучулардын кабыл алуусун, эске тутуусун жана сынчыл ойлом көндүмдөрүн өнүктүрүшсө;
в) Өз оюн эркин, жеткиликтүү айтып берүүгө, бири-биринин оюн угуп, аларды сыйлоого тарбияланышса.
Сабактын тиби: жаны билимди берүү
Сабактын методу: Интерактивдүү метод,айтып берүү методу
Сабактын жабдылышы: интернет,телевизор,ноутбук, дидактикалык карточкалар.
Сабактын жүрүшү:
1.Уюштуруу
2.Ѳткөн теманы кайталоо.
-Саламатсынарбы, балдар? Бүгүнкү сабакка болгон маанайыңар кандай?
-Кана эмесе, сабагыбызды баштайлы.
Жаны тема
“Курманбек” Эпосу
Кыргыз элинин турмушунда эпикалык чыгармалар басымдуу орунду ээлеп келген. Ал эми, «Манас» баштаган эпосторду айтуу бир нече айларга созулган. Мындай баатырдык же турмуштук жомоктор элдин духовный табиятына дал келгендиктен улам байып, кеңейтилип турган. Айрыкча кыргыздардагы эпикалык чыгармалардын ролу-элдик театрдын, филармони янын ролунда болгонун эч ким тана албас. Муну «Манасты» аткаруучулардын техникасын элестетсек эле ачык байкоого болот. Ошол эле эпосту аткаруучу ырчы эпостун бүткүл мазмунун так түшүндүрүү үчүн ымдоо, жамдоолор менен мимикалык ар түрдүү абалдарга түшүп артисттик ролду аткарат. Эпостун мындай синтетикалык формага ээ болушу аз эле элдерде сакталган. Бул болсо эпикалык чыгармалардын турмуштагы зарылдыгынын бир гана белгиси. Ал эми алардын жаралуу тарыхы, пайда болушу ошол элдин турмушу менен тикеден-тике байланыштуу болот. Таланттуу манасчылар, жомокчулар, ырчылар ошол элдин башынан өткөн окуялардан, кандуу кагылыштардан эң сонун поэмаларды түзүшкөн. Ал чыгармалардын айрымдары ушунчалык көркөм айтылгандыктан угуп отургандарга жомоктогу укмуштуу элестери менен келип жеткен. Алар таланттын күчүнө багынышкан - кубаттап кыйкырып, сөздүн күчүнө таң калышкан. Адамдын бүткүл жүрөгүн титиреткен же жан жыргаткан белгисиз кубаттын пайда болушунан кийин адам жанындагы жашырын күчтүн сырын жорушкан. Бул эмне деген күч?! Мүмкүн ал ошол угуучунун жан дүйнөсү, башынан өткөн тарыхы же көптөн көксөгөн тилеги болуп жүрбөсүн?! Дал ошондой окуганда адамдын жанын жыргаткан, окуялардын жөнөкөйлүгү менен адамды таң калтырган эпостордун бири «Курманбек» эпосу. «Курманбек» эпосунун азыр бизде элдик үч варианты бар. Биринчи вариантын Каим Мифтаков 1923-жылы М. Мусулманкуловдон жазып алган. Көлөмү 2500 сап ырдан турат. Эпостун экинчи вариантын 1933-жылы Калык Акиев жазып тапшырган. Көлөмү 5500 сап Үчүнчү варианты 1958-жылы Тажик ССРинин ЖергеТал районунда жашаган Т. Каландаровдон жазылган. Көлөмү 360 сап. Бул элдик үч вариантынан башка 1924-жылы А. Токомбаев тарабынан «Курманбек» кара сөз формасында Алма-Атадан чыгуучу «Чолпон» журналына басылган. Бул фактылардын өзү эле «Курманбек» эпосу элде эң кеңири айтылган эпостордун бири экенин көрсөтөт. «Курманбектин» сюжеттик линиясына көз жүгүртсөк эки негизги багытта өнүккөнү байкалат. Биринчиси жана негизгиси чет душмандар менен күрөшүү б. а. баатырдык темасы. экинчиси сүйүү темасы. Бул эки тема Курманбектин образы аркылуу органикалык бирдикти түзөт. Алар бирин бири толуктап, көрктөнтүп турат. Бирок булар «Курманбек» эпосунун түрдүү варианттарында ар башка чечилген. Мисалы М. Мусулманкуловдун вариантында баатырдык жана сүйүү маселеси диндик түшүнүктөргө багындырылып кеткен. Анда Курманбек кайберенден төрөлүп, перинин кызына үйлөнөт. Баатырдын жоого аттанышында да кудайга жалынып «жеңишке» жеткендей түшүнүктөр орун алган. М. Мусулманкуловдун варианты 1927-жылдары басмадан чыккан. Бирок эпостогу элдик мотивдер бурмаланып айтуучунун жеке көз карашы, диндик түшүнүктөрү көп орун алып кеткендиктен элге анча сиңе алган жок. М. Мусулманкуловдун вариантына салыштырганда К. Акиевдин варианты окуяларынын, портреттеринин, пейзаждардын сүрөттөлүшүнүн реалдуулугу, турмушка жакындыгы кызыктуулугу менен айырмаланып турат. Мында эң сонун фантастикалык ыкмалар, гиперболалык сүрөттөөлөр реалдуу шарттагы каармандын күрөшүн, максатын берүүгө багындырылган.
негизги бөтөнчөлүгү дал ушунда турат. Анткени адетте баатырдык эпостордун басымдуу көпчүлүгүндө баатыр төрөлөрдөн мурда эле жолборстун жүрөгүнө талгак болуу же кандайдыр касиеттүү күчтөрдүн жардамы менен эненин боюна бүтүп өзгөчөлөнүп туулуу мүнөздүү. Мындай өтө эле апыртып жиберүү оозеки чыгармалардын жалпы духуна туура келгени менен турмуштагы көрүнүштөрдүн чындыгына багындырылуу менен көркөм каражаттык ролун аткарып кала берет. Элдик эпостор, чыгармалар канчалык фантастикалуу болбосун ал реалдуу турмуштан гана чыгат жана аны чагылдырат. Курманбек эпосундагы окуялар калмак дооруна туура келет. XIV кылымдын аягында батыш Монголияда ойроттордун (калмактар) ири феодалдуу Жунгария мамлекети өсүп чыгат. Калмактар Орто-Азияда жашаган элдердин көпчүлүгүн каратып катуу эзүү жүргүзө баштаган. Бул кагылыштар - калмакка каршы жергиликтүү элдин күрөшү эл оозеки чыгармасында кеңири орун алган. Эл ал эзүүдөн куткарууга баатырлардын легендалык образын түзүшкөн. Орто-Азия элдеринде буга далил болуучу-каракалпакта, өзбек, казакта «Алпамыш» эпосунун версиялары, кыргызда «Манас» трилогиясынан баштап баатырдык кенже эпостордун көпчүлүгү кирип кетет. Бирок буга карап калмактар менен болгон согуштарды көрсөткөн чыгармаларды XIV кылымдардан кийин гана пайда болду деп так кесе айтуу кыйын. Себеби «Манас» эпосунда негизги окуя калмак, каракытай менен болгон согуштарга арналса да көп белгилери боюнча андан алда качанкы кыргыз элинин тарыхын кымтый келгенин - анын алгачкы негизи байыркы доордо эле пайда болгонун андагы мифологиялык, фантастикалык түшүнүктөр көрсөтүп турат. Бирок эл эпосторундагы окуяларды улам кийинки доордогу тарыхый кырдаал, чындыктар толуктап жаңы маани берип тактап отурат. Ошондуктан калмак доорундагы окуяларды чагылткан эпостор ар түрдүү мезгилди кучагына алып, бирөө калмактардын, Жунгария мамлекети түзүлө элек мезгилиндеги кагылыштарын, согуштарын сүрөттөсө, бирөө алардын жаңы басып келген мезгилин, айрымдары калмактарды кубалап чыккан мезгилин көрсөтөт. Дал ушул калмактарды кыргыз жеринен сүргөн жана аларды кубалап чыккан мезгилине «Эр Солтоной», «Шырдакбек», «Курманбек» эпостору туура келет.
Тарыхый маалыматтарга, элдик санжыраларга караганда Эр Солтоной, Шырдакбек, Курманбек тарыхый болгон адамдар катары көрсөтүлөт. Элдик оозеки чыгармаларды, уламаларды, санжыраны - тарыхты эң сонун билген Тоголок Молдонун берген маалыматына караганда «XVI кылымдарда кыпчак уруусунан Эшимкандын тукумдары Тейитбек, Курманбек, Сейитбек, Шырдакбек болуп, бүткүл Анжиян, Арканы каратып, калмак менен беттешип турган»1 Бирок буларга карап «Курманбек», «Шырдакбек» эпосторуна летопись катары мамиле кылууга болбойт.Эпостун башка эпосторго окшоштугу бар бекен?
Бышыктоо суроо жооп, талкуу аркылуу бышыкталт.
Окуучулар суроолого жооп беришет
Курманбек эпосу кандай эпос экен? Анын кандай варианттары жазылып калган. Эмне себептен мындай эпостор жаратылган деп ойлойсунар? Эпостун башкы каарманы ким?
Баалоо ар бир окуучунун эмгегине жараша баалоо
Үй тапшырма эпосту өз алдынча окуп келүү