СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тил тест

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тил тест»



Кыргыз тили

1. Сөз. Сөздөрдүн муунга бөлүнүшү. Ташымалдоо.

1.Сөз … түзүлөт. а) сүйлөмдөрдөн б) тамгалардан в) тыбыштардан г) сөздөрдөн

2.Сөз … бөлүнөт. а) муунга б) тамгага в) тыбышка г) үндөргө

3.Сөздөр муунга … жараша бөлүнөт. а) жоон үндүүлөргө б) сөздөгү тыбыштарга в) сөздөгү үндүүлөргө г) ичке үндүүлөргө

4. Сөздөгү муундун санын белгиле. а) үч б) төрт в) тогуз г) алты

5. Жабык муундан түзүлгөн сөздү белгиле. а) айнек б) от в) айыл г) урук

6. Туюк муундан турган сөздү белгиле. а) талкан б) балапан в) жоолук г) чымын







7. Ачык муундан турган сөздү белгиле. а) талаа б) жарма в) алма г) айлана

8.Сөздөр бир саптан экинчи сапка … боюнча ташылат. а) тамгалардын саны б) тыбыштардын саны в) муунга бөлүнүшү г) үндүүлөрдүн саны

9. Ташымалдоого болбогон сөздү белгиле. а) тоок б) самын в) бала г) өткүн

10. Туура ташымалданган сөздү белгиле. а) ж-айлоо б) жайло-о в) жай-лоо г)жайл-оо

11. Катар келген үнсүздөрдүн туура ташымалын белгиле. а) тонн-а б) тон-на, в) т-онна г) то-нна































2 Сөздөрдүн уңгусу, мүчөсү. Уңгулаш сөздөр.

1.Сөз курамына карата 2 бөлүктөн турат. а) сүйлөм жана сөз б) уңгу жана мүчө в) тыбыш жана тамга г) муун жана сөз

2.Сөздүн уңгусу деп … айтабыз. а) сөздүн маани берген бөлүгүн б) сөздүн маани бербеген бөлүгүн в) сөздүн муунун г) сөздүн мүчөсүн

3.Уңгу түрүндө турган сөздү белгиле. а) окуучулар б) жумушчу в) таланттуу г) чайнек

4.Сөздүн уңгу жана мүчөгө туура ажыраганын белгиле. а) жооке-рлер б) жоок-ерлер в) жо-окерлер г) жоокер-лер

5. «Кышында … жылуу жакка кетишпейт». Сүйлөмгө туура келген сөздөрдү белгиле. а) үкү, тоңкулдак б) ак куу, күчүк в) сагызган, таранчы, г) турна, өрдөк каз

6. «Өрдөк» деген сөзгө туура келген мүчөнү белгиле. а) – тар б) – тер в) – түр г) –төр

7. Уңгунун аягындагы үнсүз каткалаң болсо, мүчөнүн башындагы тыбыш … болот. а) жоон б) ичке в) жумшак г) каткалаң

8. Уңгулаш сөздөр деп … сөздөрдү айтабыз. а) уңгусу ар башка б) мааниси бирдей в) уңгулары бирдей г) мааниси ар башка

9.Уңгулаш зат атоочторду белгиле. а) жоокер, жоолук, жол б) чай, чайнек, чайкана в) акылдуу, акылман г) айлана, айылчы

10.Уңгулары окшош болгон заттын … билдирген сөздөр уңгулаш сан атоочтор деп аталат. а) атын б) сын сыпатын в) санын г) көлөмүн

11.Уңгулаш сын атоочторду белгиле. а) кой, койчу, койлор. б) кызыл, кызылыраак, кыпкызыл. в) кет, кетти,кеткен. г) ондой, онунчу, он.



































3 тест. Зат атооч

1.Зат атооч … заттын билдирет.

а) сапатын б) санын в) кыймыл-аракетин г) атын

2.Зат атооч сөздөрдү белгиле. а) дептер, кооз, сызгыч б) калем, кагаз, карандаш в) сагызган, семиз, чапан г) мен, бийлеймин, ырчы

3.Зат атооч түзүлүшүнө карай … бөлүнөт. а) үчкө б) экиге в) төрткө г) бешке

4.Малчылар малын жакшы багышты. Сүйлөмдө кимдер деген суроого жооп берген сөздү белгилегиле. а) чыгашасыз б) малчылар в) багышты г) бешке

5.Зат атооч түрүнө карай … болуп бөлүнөт. а) кош, кошмок б) жеклик, көптүк в) энчилүү, жалпы г) жөнөкөй, татаал

6.Энчилүү аттар … менен жазылат. а) баш тамга б) кичине тамга в) чоң тамга г) басма тамга

7.Жалпы зат атоочторду белгилегиле. а) чоң, баары, өгүз б) жол, көк, учту в) куруучу, мугалим, адам г) Асыл, Жылдыз, Бишкек

8.Туура жазылган жер аттарын белгиле. а) чоң-сары-ой, чолпон – ата б) Чоң-Сары –Ой, Чолпон – Ата в) Чоң сары ой, Чолпоната г) чоңсарыой, чолпоната

9.Жандуу заттардын атын билдирген сөздөрдү белгиле. а) Бала, акын, кой, чымчык б) нан, кайык, топ, суу в) китеп, булут, шамал г) бак, жамгыр, балмуздак.

10.Заттын көптүк түрүн көрсөткөн мүчөнү белгиле. а) – быз б) – ым в) – лар г) - чу





































4 «Баалуулуктарыбыз » бөлүмү боюнча тест.

1.Кыргыз тилин кимден үйрөнгөнсүң? а) мектептен б) эшиктен в) энеңден

2. «Эне тилин билбеген, эси жогун аныктайт» деген ыр саптарын ким жазган? а) А. Өмүрканов б) А.Осмонов в) Б.Сарногоев

3. Буудайдын ээси кайсы кошунасына ачуусу келди? а) биринчи б) экинчи в) үчүнчү

4. Таласка Жакып келгени кандай атка конгон? а) бай б) кан в) кедей

5. Суу, айран, суусун, сүт, сууса деген сөздөрдө канча уңгулаш сөз бар ? а) бир б) эки в) үч

6. Кайсы сөздөр уңгулаш сан атооч сөздөр болот? а) боз, бозомук, бозураак б) он, ондой, онунчу в) көл, көлгө, көлчүк

7. Ал, акын, ага, анда деген сөздөрдүн уңгулаш сөзү кайсы? а) мен б) сен в) ал

8. Зат атооч кайсы сөздөр? а) мен, сен, ал б) ага, ини, сиңди в) беш, бешинчи, бештей

9. Энчилүү аттар кандай тамга менен башталып жазылат. а) баш тамга б) кичине тамга в) үндүү тамга

10. Зат атоочтун канча жөндөмөсү бар? а) 5 б) 6 в) 7 г) 4



5 Зат атоочтун жөндөлүшү.

1.Кыргыз тилинде … жөндөмө бар? а) 6 б) 5 в) 3 г) 4

2. Мүчөсү жок жөндөмөнү белгиле. а) Барыш б) Илик в) Атооч г) Табыш

3. Барыш жөндөмөсүндө турган сөздү белгиле. а) лагерде б) балага в) гүлдөн г) бакты

4. Белгиленген сөздөр кайсы жөндөмөдө турат? Туйгундун көркү түлөктө, Баатырдын көркү жүрөктө а) Илик б)Барыш в) Чыгыш г) Жатыш

5. Жатыш жөндөмөсүнүн негизги мүчөлөрүн белгиле. а) – ны, - ни, - ни, нү б) – га, - ге, - го, - гө в) – да, - де, - до, - дө г) – нын, - нин, - нун, - нүн.

6. Адамдын көркү – музда бар, алгырдын көркү кушта бар. Илик жөндөмөсүндө турган сөздөрдү белгиле. а) куш, алгыр б) музда, кушта в) адамдын, алгырдын г) көркү, бар.

7. Чыгыш жөндөмөсүнүн суроосун белгиле. а) кимге? эмнеге? б) кимдин? эмненин? в) кимден? эмнеден? г) ким? эмне?

8. Кимди? Эмнени? деген суроо кайсы жөндөмөнүкү белгиле. а) табыш б) барыш в) илик г) чыгыш

9. Жөндөлүшүндө ката бар сөздү белгиле. а) алмага б) эжеге в) баракга г) төөгө

10. Сүйлөмдөгү белгиленген сөздөр кайсы жөндөмөдө турат белгиле. Отурат сабакта, аюунун баары тамакта а) Атооч б) Табыш в) Илик г) Жатыш



6 Сын атооч



1.Сын атооч сөз түркүмүнүн эрежесин белгиле. а) заттын атын билдирет б) заттын сын-сыпатын, өңү- түсүн, даамын, жытын, көлөмүн билдирет. в) заттын кыймылын билдирет г) заттын атын жалпылап көрсөтөт

2. Сын атооч сөздөрдү белгиле. а) отун, жыгач, өтүк б) батат, тор, шекер в) бийик, сары, тегерек г) атыр, көмүр, ойнойт

3. Заттын өнү – түсүн билдирген сөздөрдү белгиле. а) өрүк, терезе, бал, саз б) гүл, сонун, жыттуу в) бер, ал, топ, тоголок г) ак, сары, кызыл, жашыл

4. Заттын даамын билдирген сөздөрдү белгиле. а) бак, үй, жол б) көп, сонун, ар түрдүү в) ачуу, таттуу, кычкыл г) тез, эртең, тоголок

5. Кызыл жоолуктун четинен кара чачы көрүнүп турду. Сүйлөмдөн сын атоочторду белгиле. а)кызыл, кара б) жоолук четинен в) көрүнүп турду г) кара чачы

6. Сүйлөмдөн заттын даамын билдирген сөз айкашын белгиле. Кычкыл алмадан көрө, таттуу алма жейм. а) алмадан көрө б) кычкыл, таттуу в) өрүк жейм г) таттуу өрүк

7.Заттын көлөмүн билдирген сөздөрдү белгиле. а) бийик, чоң, кичине б) элпек, жазы, майда в) супсак, көк, долу г) кенен, тегерек, бор

8. Заттын сыпатын билдирген сөздөрдү белгиле. а) ачуу, ак, күрөң б) узун, тар, ийри в) жакшы, кызык, элпек г) жазы, бүкүр, жалпак

9. Сын атоочтор кайсы затты сыпаттагандыгын белгиле. Кубаттуу, ач көз, жырткыч а) түлкү б) коен в) карышкыр г) аюу

10. Сүйлөмдөн сын атоочтордон турган сөз айкашын белгиле. Суусамыр жайлоосу кооз жана абдан көрктүү. а) Суусамыр жайлоосу б) Жайлоосу кооз в) Кооз, көрктүү г) Суусамыр көрктүү

11. «Таш» деген сөзгө уланганда сын атооч болгон мүчөнү белгиле. а) – ка б) – тай в) – түү г) – төр

12. Күчөтмө сын атооч сөздү белгиле. а) апакай, жашыл б) агыраак, жашылыраак в) ак, кызыл г) аппак, жапжашыл

13. Салыштырма сын атооч сөздөр … мүчөнүн жардамы менен түзүлөт. а) –кып б) – ып в) – ыраак г) - ыч









7 «Чынгыз Айтматов» бөлүмү боюнча тест

1.Кайсы жөндөмөнүн мүчөсү жок ? а) атооч б) илик в) барыш

2. Жатыш жөндөмөнүн суроосун тапкыла. а) кимге? б) кимден? в) кимде?

3. Чыгыш жөндөмөнүн мүчөсү кайсы? а) – нын б) – дан в) – ны

4. Кимди? Эмнени? деген суроого кайсы жөндөмө жооп берет? а) илик б) барыш в) табыш

5. Окшош катар үнсүз кайсы сөздө бар? а) атка б) аткыч в) атта

6. «Аяз атадан кат» деген чыгарманы ким жазган? а) Ч. Айтматов б) К. Каимов в) К. Жантөшев

7.Ч.Айтматовдун чыгармасы кайсы? а) «Манас» эпосу б) «Ак кеме» в) «Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы»

8. «Аяз атадан кат» деген чыгармада канча бала катышат? а) бир б) экөө в) үчөө

9. Бөжөндөгөн бөжөктү эмне жегени жаткан эле? а) карышкыр б) жылан в) түлкү

10. «Бөжөндөгөн бөжөгүмдөгү» окуя кайсы мезгилде болгон? а) күзүндө б) кышында в) жазында

3-чейрек.

8 тест. Сан атооч

1.Сан атооч заттын … билдирет. а) заттын санын иретин б) заттын көлөмүн, өлчөмүн в) заттын кыймыл – аракетин г) заттын атын

2. Сан атооч сөздөрдү белгиле. а) эшик, элек, топ б) кызыл, таттуу, узун в) жүз, үч, онунчу г) отур, ойноду, уктап жатат

3.Сан атоочтор маанисине карай … бөлүнөт. а) үчкө б) экиге в) төрткө г) бешке

4. Сан атооч маанисине карай … болуп бөлүнөт. а) жалпы, энчилүү б) көптүк, жекелик в) эсептик сан, иреттик сан г) жоон, ичке

5. Эсептик сан атоочтун суроосун белгиле. а) ким? эмне? б) канча? нече? в) кандай? г) канчанчы? неченчи?

6.Эсептик санга уланып иреттик санды түзгөн мүчөнү белгиле. а) – лар б) – ыраак в) – дан г) – ынчы

7. Иреттик сан атоочту белгиле. а) сегиз б) он экинчи в) төрткө г) беш – алтыдай

8.Сан атооч сөздөр цифра түрүндө жазылса сандан кийин … белгиси коюлат. а) үтүр б) чекит в) кош чекит г) сызыкча

9. Иреттик санга айландырса боло турган санды белгиле. а) сексен б) алтымыштай в) тогуздай г) үчүнчү

10.Так эсепти көрсөткөн санды белгиле. а) үчүнчүбү б) үч в) үчтөй г) үч чамасында

11.Сан жана зат атоочтордон түзүлгөн сөз айкашын белгиле. а) кызыл өрүк б) он жумуртка в) бешке окуйт г) ойноп жатат



12.605 санынын сөз менен жазылышын белгиле. а) алты жүз б) алты жүз беш в) алты, нөл, беш г) алтымыш беш

13. Эки миң сексен үч санын белгиле. а) 2038 б) 2003 в) 2803 г) 2083













9 тест. Ат атооч

1.Ат атооч сөз түркүмүнүн эрежесин белгиле. а) заттын атын жалпылап көрсөтөт б) зат, сын, сан атооч сөздөрдүн ордуна колдонулган сөздөр в) заттын кыймыл- аракетин билдирет г) заттын санын билдирет

2. Ат атооч сөздөргө берилген суроолорду белгиле. а) эмне кылды? эмне кылат? б) кантип? эмнеге? кандайча? в) ким? кимдер? эмне? эмнелер? кандай? канча? г) эмне кылып жатат? качан?

3. Ат атооч сөздөрдүн тизмегин белгиле. а) мен, сен, ал, биз, силер б) апам, атам, мен в) окуучу, булар, бешинчи г) мунун, кызыл, топ

4.Ат атоочтор … түргө бөлүнөт. а) беш б) үч в) эки г) төрт

5.Жекелик түрдөгү ат атоочторду белгиле. а) биз, силер, алар б) мен, сен, ал, тигил в) ошолор, сиздер г) ошончо, ушунча



6. Ат атоочтун сылык түрүн белгиле. а) биз, алар б) тигилер, булар в) сиз, сиздер г) мен, сен, ал

7. Ат атоочтун … жагы бар. а) беш б) үч в) эки г) төрт

8. Табыш жөндөмөдөгү ат атооч сөздү белгиле. а) аларга б) аларды в) алардан г) алар

9. Силер деген ат атоочтун жагын белгиле. а) биринчи жак б) экинчи жак в) үчүнчү жак г) жагы жок

10. Сүйлөмдөгү ат атоочту белгиле. Бардык ишке алар катышат. а) бардык б) ишке в) алар г) чаптырат



































10 тест. Этиш сөз түркүмү.

1.Этиш сөз түркүмүнүн эрежесин белгиле. а) заттын атын билдирет б) заттын кымйыл –аракетин билдирет в) заттын өңү – түсүн билдирет г) заттын көлөмүн, ченемин билдирет

2. Этиш сөздөрдү белгиле. а) сабак, жашыл б) ачты, чуркайт в) жыгач, көлмө г) мөмө, кенен

3. Этиштерге берилген суроолорду белгиле. а) ким? эмне? кимдер? б) эмне кылат? эмне кылып жатат? эмне кылат? в) качан? кайда? каерде? г) кандай? канча?

4. Сүйлөмдөн кыймылды билдирген сөздөрдү белгиле. «Эне тилин сүйбөгөн, элин сүйүп жарытпайт» . а) элин, тилин б) эне, тилин в) сүйбөгөн, жарытпайт г) элин, эне

5. Этиштин … чагы бар. а) бир б) төрт в) үч г) эки

6. Учур чакты көрсөткөн этишти белгиле. а) келди б) жазып жатат в) өтүп кетти г) барат

7. Күлүп жатат. Этиштин өткөн жана келер чактарын белгиле. а) күлдү, күлдүргөн б) күлгөн, күлөт в) күлсө, күлбөгөн г) күлбө, күлдүр

8. Келер чак этиштин суроосун белгиле. а) эмне кылып жатат? б) эмне кылды? в) эмне кылат? г) эмне кылган?

9. Этиштер … түрдө айтылат. а) 3 б) 5 в) 2 г) 4

10. Көптүк түрүндөгү этишти белгиле. а) барат, келди б) ойноп жатат, уктады в) ичебиз, чуркашты г) тазалайм, күлөт

11. Буйрук түрүндө айтылган этиштердин тизмегин белгиле. а) ойноду, келет, карады б) ырдап жатат, кетти, отурду в) жүгүр, бас, отур, кара г) айлан, укту, жумду



































11. «Биринчи байлык» - ден соолук бөлүмү боюнча тест.

1.«Эгерде жууп тазалабасаң , анда алар таарынып, түшө башташат»,- деп ким айтты? а) Айдар б) энеси в) тиштер

2.Тиштер кантип аппак болуп калышты? а) таарынышып б) жуубай койгондо в) жууганда

3. Тиш эмне үчүн ооруйт? а) көп чайнаса б) таза болбосо в) жөн эле

4.Тиш паста эмнеге сүйүнөт деп ойлойсуң? а) кутуда жатканына б) тиштерди тазалаганда в) эс алып жүргөнүнө

5. Кыймыл – аракетти кайсы сөз түркүмү билдирет? а) зат атооч б) сын атооч в) этиш

6. Этиштин жекелик түрүндөгү сөз кайсы? а) ойнойм б) ойношту в) ойноп жатышат

7. Өткөн чак этиш сөзүн тапкыла. а) билет б) билди в) билгени жатат

8. Этиштин канча чагы бар? а) 1 б) 2 в) 3

9. Кайсынысы зат атооч менен этиштин айкашынан турат. а) жашыл жалбырак б) он беш китеп в) Марат сүйлөдү.

10. Кайсы сөз этиш менен этиштен турган сөз айкаштары болот. а) бийик дубал б) көп конок в) ырдап жиберди

12 Сүйлөм.Сүйлөмдүн түрлөрү.

1.Сүйлөмдүн негизги аныктамасын белгиле. а) баш тамга менен жазылат б) бүткөн бир ойду билдирет в) аягына чекит коюлат г) сөздөрдөн куралат

2.Сүйлөмдөр айтылыш максатына карай… бөлүнөт. а) экиге б) бешке в) үчкө г) төрткө

3.Жай сүйлөмдү белгиле. а) Сабакта тынч отур б) Үйгө барасыңбы в) Жашасын улуу жеңиш г) Айгүл сабак окуду

4. «Биздин класстан кимдер барат» сүйлөмдүн түрүн белгиле. а) илептүү б) суроолуу в) жай г) буйрук

5.Сүйлөмдөрдөн суроолуу сүйлөмдөрдү белгиле. а) Бакыт шаарга кетти. б) Бакыт шаардан келди в) Бакыт шаарга келдиби г) Бакыт шаарга кел

6.Илептүү сүйлөмдүн аягына … коюлат. а) чекит б) суроо белгиси в) илеп белгиси г) кош чекит

7.Илеп белгиси коюла турган сүйлөмдү белгиле. а) Апам жомок айтты б) Бактар шамалга ыргалдыбы в) Биздин жер кандай кооз г) Булуттар көчө баштады

8. Суроолуу сүйлөм … максатында айтылат. а) сурап билүү б) ойлонуу в) жайынча баяндоо г) буйрук берүү





9. Күчтүү сезим менен айтылган сүйлөм деп аталат. а) жай сүйлөм б) суроолуу сүйлөм в) илептүү сүйлөм г) буйрук сүйлөм

10.Жазында жадыраган гүлдөр жайнайт сүйлөмдүн түрүн белгиле. а) жай б) суроолуу в) күчтүү сезим г) илептүү



13. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү жана айкындооч мүчөлөрү.

1.Сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн белгиле. а) тамга, тыбыш б) ээ, баяндооч в) аныктооч, толуктооч г) бышыктооч, аныктооч

2. Сүйлөмдүн ээси … билдирип турат. а) ойдун негизин б) заттын кыймылын в) заттын ал - абалын г) заттын санын

3.Баяндооч ээнин … билдирет. а) мезгилин б) сын сыпатын в) санын г) кыймылын, ал- абалын

4. «Артына кайрылса, бир киши турат». Сүйлөмдүн ээсин белгиле. а)кайрылса б) артына в) киши г) турат

5. «Акылдуу адам ташка дан өстүрөт» Сүйлөмдүн ээсин белгиле.

а) дан өстүрөт б) акылдуу адам в) адам г) ташка дан өстүрөт

6.Актан атасы менен жайлоого барды.Сүйлөмдөн баяндоочту белгиле. а) Актан б) жайлоого в) атасы менен г) барды





7. Сүйлөмдүн баяндоочу … сызык менен сызылат. а) эки түз сызык б) толкундуу сызык в) түз сызык г) ийри сызык

8. Айкындооч мүчөлөр … жандап турат. а) ээни б) баяндоочту в) ээ менен баяндоочту г) сөздү

9. Айкындооч мүчөлөр … сызык менен сызылат.

а) түз сызык б) толкун сызык в) ийри сызык г) жарыш сызык

10. Сүйлөмдөн айкындоочту белгиле.Асан атасына жардам берет. а) Асан б) жардам в) атасына г) берет







14 Тарбия жана турмуш бөлүмү боюнча тест

а) 1. Кодолек менен акыра кайсы жерде жашады? а) Азия б) Африка в) Америка г) Европа

2. Акыра кодолекке эмне үчүн кыжырданды? а) боюнун кыскалыгы б) суроосу жакпай в) көп сүйлөгөнү г) кыйкырганы

3. Бах ! Абдан даамдуу жалбырак тура! деп ким айтты. а) кодолек б) акыра в) төө г) коен

4. Кодолек эмне үчүн акырадан жардам сурады. а) ысып кетти б) чарчап в) курсагы ачып г) үшүп кетти

5. Кодолек акырадан эмне кылганы үчүн кечирим сурады. а) алдап кеткени б) орунсуз суроо бергени в) ыйлап жибергени г) ойноп отурганы

6. Чөнтөгүнө баласын салып алган кайсы жаныбар? а) акыра б) жаман в) пингвин г) кенгуру

7. Сүйлөмдүн кайсы түрүнө кирет? Узун моюн эмне үчүн керек экенин билдиңби а) жай б) суроолуу в) илептүү г) буйрук

8. Сүйлөмдүн кайсы түрүнө кирет.Кодолек акыра менен дос болуп калат. а) жай б) илептүү в) суроолуу г) буйрук

б)

9. Балдарга насыят ырын ким жазган? а) Ч.Айтматов б) Б. Алыкулов в) А. Осмонов г) Б. Сарногоев

10. Асан апасынан … үчүн акча сурады. а) балмуздак б) карыздары в) таттуулар г) керектөөлөрү

11. Апасынан Асан эмне үчүн кечирим сурады. а) айласы кетип б) ойноп кетип в) таарынып г) уялып

12. Сүйлөмдүн ээсин белгиле. Асан акчаны көрүп кубанды.

а) акчаны б) көрүп в) Асан г) кубанды













-1-

15 1-чейрекке карата жыйынтыктоочу тест

1.Ичке үндүүлөрдү белгиле. а) ө, и, э, ү б) а, ө, о, э в) и, ы, о, ө г) у, и, а, ү

2. Созулма үндүүлөрдүн санын белгиле. а) беш б) сегиз в) алты г) үч

3. Созулма уу тыбышы туура келе турган сөздү белгиле. а) м - р б) с – р в) б – р г) ш – р

4. Беш тамга, төрт тыбыштан турган сөздү белгиле. а) өрөөн б) топурак в) тоолуу г) токой

5. Йоттошкон тамгаларды белгиле. а) е,ё, о, ю б) у, ө, е, ё в) е, ё, я, ю г) э,ү, я, о

6. Я тамгасы туура келе турган сөздү белгиле. а) су – к б) кы – к в) ко – у г) ко – н

7. Туура жазылган сөздөрдү белгиле. а) нанбы,тозсо, качты б) намбы, тозсо, качты в) нанбы, тоссо,качты г) нанбы, тозсо, кашты

8. Сөздө канча … тыбыш болсо, ошончо муун болот. а) үнсүз б) жумшак в) үндүү г) созулма













15 б)

9. Сөз ичинде катар келген үнсүздөр … муунга тиешелүү болот. а) бир б) эки башка в) үч башка г) төрт

10. Катар келген үнсүздөрдүн туура ташымалын белгиле. а) тонн-а б ) то-нна в) тон-на г) т-онна

11. Ташымалдоого болбогон сөздү белгиле. а) тоок б) самын в) бала г) өткүн

12. Муундун … деген түрлөрү бар. а) ачык, жабык б) ачык, туюк в) ачык, жабык, туюк г) туюк, жабык

13. Сөз … деген эки бөлүктөн турат. а) сүйлөм жана сөз б) уңгу жана мүчө в) тыбыш жана тамга г) муун жана сөз

14. Сөздүн маани берген бөлүгүн … деп атайбыз. а) уңгу б) мүчө в) муун г) бөлүк

15. Сөздүн мүчөлөрү … бөлүнөт. а) үчкө б) төрткө в) экиге г) бешке

16. Сөз өзгөртүүчү мүчөнү белгиле. а) – чы б) – дай в) – га г) – луу

17. Уңгулаш сөздөрдү белгиле. а) апа, эне, эже, жеңе б) айлана, айылчы в) жоокер, жоолук г) акылдуу, акылман

18. Зат атооч заттын эмнесин билдирет а) санын б) атын в) өңүн г) кыймылын











15. в)

19. Зат атоочтун суроосун белгиле. а) канча, нече б) кандай в) ким? кимдер? эмне? эмнелер? г) эмне кылды? эмне кылат?

20. Жандуу заттардын атын билдирген зат атоочторду белгиле. а) китеп, парта, калем б) бала, тоок, топоз в) жүзүм, бак, тоо г) табак, суу, кар

21. Энчилүү зат атоочтор … менен башталып жазылат. а) кичине тамга б) чоң тамга в) үндүү тамга г) баш тамга

22. Жалпы зат атоочторду белгиле. а) чоң, баары, өгүз б) жол, көк, учту в) куруучу, мугалим, адам г) Асыл, Жылдыз, Нарын

23. Баш тамга менен туура жазылган зат атоочторду белгиле. а) Тайтору, аккула, Бишкек б) Ала- Тоо, Сулайман, Акылбек в) нарын, бакыт, Актан г) Асыл, Жылдыз, Нарын

24. Зат атооч сөздөр кайсылар. а) малчы, алты, кышында б) кампа, асман, дос в) токойдо, кызыл, жетимиш г) умтулат, иштүү, апам

25. Уңгулаш зат атоочторду белгиле. а) ак, агыш, агыраак б) кой, койчу, койлор в) бир, биринчи, бирөө г) келет, келди, келишти







16. а) 2- чейрекке карата жыйынтыктоочу тест.

1.Зат атоочтор … жөндөмө боюнча жөндөлүшөт.

а) беш б) төрт в) алты г) жети

2. Атооч жөндөмөсүнүн негизги мүчөлөрүн белгиле. а) мүчөсү жок б) –га, ге, го, гө в) –да, -де, до, -дө г) –нын, -нин, нун, нүн

3. Илик жөндөмөсүндө турган сөздү белгиле.

а) Тилекке б) Тилектин в) Тилекте г) Тилектен

4. Жатыш жөндөмөсүнүн суроосу кайсы? а) кимди? эмнени? б) кимге? эмнеге? в) ким? эмне? г) кимде? эмнеде?

5. Кимден? эмнеден? деген суроо кайсы жөндөмөнүкү? а) Барыш б) Чыгыш в) Табыш г) Жатыш

6. Кызыл муру так каштуу, көрөлү (Аяз атаны) белгиленген сөз кайсы жөндөмөдө белгиле.

а) Атооч б) Барыш в) Илик г) Жатыш

7. Жөндөлүшүндө ката бар сөздү белгиле. а) клупка б) клубга, в) сабакка г) темирге

8. Барыш жөндөмөсүнүн негизги мүчөлөрүн белгиле. а) – ны, -ни, -ну, -нү б) – да, - де, - до, - дө в) –га, -ге, -го, -гө г) –нын, -нин, - нүн, - нун

9. Жөндөмөдөгү мүчөлөр … үндүү, үнсүзгө карай өзгөрөт. а) уңгудагы б) сөздөгү в) мүчөдөгү г) сүйлөмдөгү

10. Сын атооч заттын … билдирет. а) санын б) сын сыпатын в) атын г) кыймылын



11. Сын атооч сөздөрдү белгиле. а) талаа, жылан, чөп б) боз, сонун, таттуу в) беш, онунчу, экөө г) жүрөт, ойноду, бас

16. б)

12. Заттын өңү- түсүн билдирген сөздөрдү белгиле. а) жакшы, жаман, татынакай, тоголок б) жыттуу, көгүш, сары, гүлдүү в) тегерек, карала, узун, ичке г) чаар, кара, агыш, сары

13. Сын атоочко берилүүчү суроону белгиле. а) ким? эмне? б) кандай в) канча? нече? г) эмне кылып жатат?

14. Сүйлөмдөгү толуктоочу сөздү белгиле. Сабиз таттуу, ал эми пияз … . а) ачуу б) кычкыл в) супсак г) ширин

15. Заттын формасын, көлөмүн көрсөткөн сөздөрдү белгиле. а) таттуу, жыттуу, сарала б) чоң, ийри, жалпак в) калың, таза, мөлтүр г) тунук, суюк, кычкыл

16. Сын атоочтор сыпаттаган заттын атын белгиле. а) чабалекей б) самолет в) карга г) бүркүт

17. Заттын сыпатын билдирген сын атоочторду белгиле. а) ачуу, ак, күрөң б) узун, тар, ийри в) элпек, ыймандуу, жоош г) жазы, бүкүр, бийик

18. «Суусамыр жайлоосу кооз жана көрктүү» сүйлөмдөн сын атоочту белгиле. а) Суусамыр б) кооз, көрктүү в) жайлоосу г) жана

19. «Кар» деген сөзгө уланганда сын атоочко айландырган мүчөнү белгиле. а) – га б) – лар в) – ды г) – дай

20. Оюбуздун так, түшүнүктүү, элестүү жана уккулуктуу болушуна … сөздөр жардам берет. а) сан атооч б) сын атооч в) этиш г) зат атооч





3-чейрекке карата жыйынтыктоочу тест. а)

1.Заттын санын, иретин билдирген сөз түркүмү … болот. а) сын атооч б) зат атооч в) сан атооч г) этиш

2.Сан атооч сөздөрдү белгиле. а) он, окуучу, ойлон б) миң, алты, үчүнчү в) таш, алма, жолборс г) кызыл, ондой, жакшы

3. Сан атоочтор маанисине карай … болуп бөлүнөт. а) эсептик, иреттик б) көп, аз в) жалпы, жекелик г) үндүү, үнсүз

4. Эсептик сан атоочтор заттын … билдирет. а) санын б) катарын, иретин в) белгисин г) эсебин

5. Эсептик сан атоочту белгиле. а) алтынчы б) отуз в) көбүрөөк г) кичине

6. 7346 санын сөз менен жазылышын белгиле. а) жети миң бир жүз алты б) жетимиш миң кырк алты в) жети миң үч жүз кырк алты г) жети миң үч жүз алтымыш төрт

7. Иреттик сан заттын … билдирет. а) иретин, катарын б) өңүн, белгисин в) санын, эсебин г) канчадай? нечедей?

8. Иреттик сан атоочтун суроосун белгиле. а) канча? нече? б) канчага? нечеге? в) канчанчы? неченчи? г) канчадай? нечедей?

9. Эсептик санга кайсы мүчө уланса, иреттик сан пайда болот? а) – лар б) – чы в) –ынчы г) -дай





17

10. Иреттик сан атоочту белгиле. а) он беш б) тогузунчу в) миң г) элүүдөй

11.Иреттик санга айландырса боло турган санды белгиле. а) токсондой б) сегизди в) үч г) ондой

12. Так эсепти көрсөткөн санды белгиле. а) бешинчиби б) бештей в) бешке жакын г) беш

13. Жөндөмө мүчө уланган сан атоочту белгиле. а) алтыдай б) алтынчы в) алтынын г) алты

14. Зат жана сан атоочтон түзүлгөн сөз айкашын белгиле. а) кызыл алма б) беш топ в) төрткө чыкты г) жакшы ойноду

15. Зат, сын, сан атоочтордун ордуна колдонулган сөздөр … деп аталат. а) зат атооч б) сын атооч в) ат атооч г) сан атооч

16. Ат атооч сөздөрдү белгиле. а) сен, сиз, ал, мен б) эжем, энем, мен в) окуучу, биз, тигилер г) кызыл, жашыл, булар

17. Жекелик түрдөгү ат атоочторду белгиле. а) Алар, булар, тигилер б) мен, сен, ал, бул в) сиз, сиздер г) ушулар, бул, силер

18. «Алар» деген зат атоочтун жагын белгиле. а) биринчи жак б) экинчи жак в) үчүнчү жак г) төртүнчү жак

19. Жатыш жөндөмөсүндөгү ат атооч сөздү белгиле. а) аларга б) аларды в) аларда г) алар

20. Заттын кыймыл аракетин билдирген сөздөр … деп аталат. а) зат атооч б) сын атооч в) ат атооч г) этиш

21. Этиш сөздөрдү белгиле. а) Асан, бак, экөө б) басты, ойнойт, карады в) кызыл, биз, жакшы г) дарак, узун, чөп





22. Этиш сөздөргө кандай суроолор берилет? а) ким? кимдер? эмне? эмнелер? б) кандай? качан? каякта? в) эмне кылды? эмне кылып жатат? эмне кылат? г) канча? нече? канчанчы?

23. Этиш сөздөр көбүнчө сүйлөмдүн … болот. а) башында б) аягында в) ортосунда г) четинде

24. Учур чактагы этиштин суроосун белгиле. а) эмне кылып жатат? б) эмне кылат? в) эмне кылды? г) эмне болду?

25. Өткөн чакты, көптүк түрүндө көрсөткөн этиштерди белгиле. а) ойно, иште б) ойношот, иштешет. в) ойношту, иштешти. г) ойноп жатышат, иштеп жатышат.



































4-чейрекке карата жыйынтыктоочу тест №18

1.Бүткөн бир ойду билдирген сөз же сөздөрдүн тизмеги … деп аталат. а) сөз айкашы б) сүйлөм в) текст г) аңгеме

2. Сүйлөмдүн түрлөрүн белгиле. а) жай, суроолуу, илептүү б) жөнөкөй, кичине в) татаал, кыска г) маанилүү, буйрук

3. Сүйлөмдөр … карай үчкө бөлүнүшөт. а) сөздөрдүн айкалышына б) тыныш белгилерине в) айтылыш максатына г) сөздөрдүн көптүгүнө

4. Жай сүйлөм ойду … баяндайт, аягына … коюлат. а) суроо иретинде, суроо белгиси б) жайынча, чекит в) күчтүү сезим менен, илеп белгиси г) буйрук иретинде, чекит

5. Илептүү сүйлөмдүн аягына кандай белги коюлат? а) чекит б) илептүү в) суроо белгиси г) кош чекит

6. Сүйлөмдөгү сөздөр … жана … мүчөлөрдөн турат. а) баш, айкындооч б) ээ, баяндооч в) уңгу, мүчө г) чоң, кичине

7. Сүйлөмдүн ээси сөздүн кайсы мүчөлөрүнө кирет? а) айкындооч б) баяндооч в) баш мүчөлөрүнө г) аныктооч

8. Сүйлөмдүн баяндоочу ээнин … билдирет. а) санын б) кыймыл аракетин в) сапатын г) атын

9. Сүйлөмдүн баяндоочун белгиле. Бакыт бүгүн сууга түштү. а) Бакыт б) түштү в) сууга г) бүгүн

10. Сүйлөмдүн ээсин белгиле. Эртең менен алыстан атчан киши көрүндү.

а) эртең менен б) алыстан в) киши г) атчан

11. Сүйлөмдө ойдун негизин … билдирип турат. а) ээ б) баяндооч в) айкындооч г) сөздөр

12. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн белгиле. а) тамга, тыбыш б) ээ, баяндооч в) аныктооч г) бышыктооч

13. Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрдү белгиле. Айгүл түн ичинде жакшы уктады. а) Айгүл б) уктады в) түн ичинде, жакшы г) жакшы уктады



14. Ээ менен баяндоочтон турган сүйлөм … деп аталат. а) жөнөкөй б) жалаң в) татаал г) жайылма

15.Жайылма сүйлөм … түзүлөт. а) уңгу, мүчөдөн б) айкындоочтордон в) ээ, баяндоочтон г) баш жана айкындооч мүчөлөрдөн

16. Биз сүйлөө үчүн эмнелерди колдонобуз? а) сөздөрдү б) муундарды в) тыбыштарды г) кептерди

17. Сөздөрдөн … түзүлөт.

а) сөздөр б) аңгеме в) сүйлөмдөр г) текст

18. Сүйлөмдөрдөн … түзөбүз. а) сөз б) муун в) текст г) жомок

19. Иш кагаздарына кайсылар кирет? а) түшүнүк кат, өмүр баян, мүнөздөмө б) баяндама, жат жазуу в) китепче жасоо, кооз кагаздар г) дубал газета, журнал

20. Байланыштуу кепти … билдирсе болот. а) сүрөт тартуу менен б) ооз эки жана жазуу жүзүндө в) көркөмдөп айтуу менен г) үн чыгарып окуу менен