Калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу баалоо үчүн тесттер
Тексттин негизинде окутулган материалдар боюнча компетенттүүлүктөрдү текшерүү үчүн тесттер
(калыптандыруучу баалоо үчүн)
«Таенемдин майрамы» тексти боюнча:
1- вариант
1. «Таенемдин майрамы» аңгемесинин автору ким?
а)Ш.Бейшеналиев
б)Ч.Айтматов
в)М.Сыдыкбеков
2.Кыз гүлдү кимге белекке берди?
а) апасына
б)эжесине
в)таенесине
3.Таене деген сөздө канча тамга, канча тыбыш бар?
а) 5 тамга 6 тыбыш
б)5тамга 5 тыбыш
в) 5 тамга 4 тыбыш
4. ...терген бир кучак гүлүмдү бердим.
а) короодон
б)тоодон
в)талаадан
5.” Мына, менин майрамым!” деп ким айтты?
а) апасы
б)кызы
в)таенеси
2-вариант
1.”Таенемдин майрамы “аңгемесинде канча каарман бар,алар кимдер?
а) Эки: апасы, кызы
б)Үч: кыз,апасы,таенеси
в) Төрт: ата-энеси,кызы,таенеси.
2. Кыз канча гүл терди?
а) 5
б) 1
в) бир кучак
3. “Келсем, таенем үйдө жок экен” деген сүйлөмдүн аягына кандай белги коюлат?
а) чекит
б) суроо белгиси
в) илеп белгиси
4.Таенем көп ........ айтып берер эле.
а) ырларды
б) аңгемелерди
в) жомокторду
5.Кайсы сүйлөм туура түзүлгөн?
а) Биринчи белегим таенеме берген бул гүл болчу.
б) Бул гүл таенеме берген биринчи белегим болчу.
в) Таенеме берген бул гүл болчу биринчи белегим.
“Мектеп жолунда” тексти боюнча:
1-вариант
1.Кыргыз тилинде канча тамга бар?
а) 33
б) 36
в) 35
2.Тыбышты белгилей турган белги эмне деп аталат?
а) тамга
б) тыбыш
в) жазуу
3.”Мектеп жолунда”аңгемесинин каармандары кимдер?
а) Азамат, Алик
б) Бекен,Алик
в) Аман, Бекбол
4.Китеп деген сөздө канча тамга,канча тыбыш бар?
а) 5 тамга 6 тыбыш
б) 5 тамга 5 тыбыш
в) 4 тамга 5 тыбыш
5. “Ал да Бекенден калбай дүкөнгө кошо чуркап турду” деген сүйлөмдө ким жөнүндө айтылып жатат?
а) апасы
б) атасы
в) Алик
2-вариант
1.Кыргыз тилинде канча тыбыш бар?
а) 39
б) 36
в) 35
2.Кыргыз тилиндеги тыбыштар кандай топторго бөлүнөт?
а) созулма жана кыска
б) үндүү жана үнсүз
в) жумшак жана каткалаң
3.Тыбышты биз:
а) айтабыз жана угабыз
б) сүйлөйбүз жана окуйбуз
в) көрөбүз жана жазабыз
4.Алик өзүнүн кичүүлүгүнө карабастан дайыма агасына атаандашып жүрөт. Сүйлөмдө канча сөз бар?
а) 9
б) 10
в) 8
5. Кыргыз тилинде канча үндүү тыбыш бар?
а) 15
б) 14
в) 20
“Хан Дарбыз” тексти боюнча:
1-вариант
1.”Хан-Дарбыз” кандай чыгарма?
а) жомок
б) аңгеме
в) ыр
2. Ичке үндүүлөр канчоо?
а) 6
б) 8
в) 7
3.Хан-Дарбызга кандай мүнөздөмө бересиң?
а) боорукер, ак көңүл
б) ач көз, алдамчы
в) шайыр, мээримдүү
4.Жашылчалар деген сөздө канча үндүү,канча үнсүз тыбыш бар?
а) 5 үндүү, 5 үнсүз
б) 5 үндүү, 6үнсүз
в) 4үндүү, 6үнсүз
5.Созулма үндүүлөр канча тыбышты билдирет?
а) 1
б) 2
в) 3
2-вариант
1.Созулма үндүүлөр канчоо,алар кайсылар?
а) 5 (а,и,ү,ээ,ы)
б) 6 (аа,ээ,оо,өө,уу,үү)
в) 4 (аа,о, ы,ү)
2.Ичке үндүүлөр катышкан сөздөрдү тап?
а) дарбыз, дыйкан, хан;
б) жашылча, суу, сабиз;
в) күнөстүү, элпек,чөп.
3.Жоон үндүүлөр кайсылар?
а) а,аа,о,оо,у,уу,ы
б) и,ө,өө,оо,а
в) а,о,ү,ы,и
4.Дыйканга кандай мүнөздөмө бересиң?
а) ак көңүл, эмгекчил.
б) жалкоо, ач көз.
в) алдамчы, эки жүздүү
5.Кайсы сүйлөм туура түзүлгөн?
а) Ээрчишип дыйканга жашылчалар келишти.
б) Дыйканга келишти жашылчалар ээрчишип.
в) Жашылчалар ээрчишип дыйканга келишти.
“Күзгү” тексти боюнча:
1-вариант
1.Үнсүз тыбыштар кандай топторго бөлүнөт?
а) жоон,ичке
б) жумшак,каткалаң
в) созулма,кыска
2.Жумшак үнсүздөр катышкан сөздөр кайсы?
а) көпөлөк,көйнөк,толкун
б) Ысык Көл, ак чардак,күзгү
в) жаз,жамгыр,жылуу
3.Күзгү деген сөздө канча үндүү,канча үнсүз бар?
а) 2үндүү,2 үнсүз
б) 2 үндүү,3 үнсүз
в) 3 үндүү,2 үнсүз
4.Чоң эненин жомогунда Ысык Көл эмнелен пайда болгон деп айтылат?
а) пери кыздын күзгүсүнөн
б) пери кыздын тарагынан
в) тынбай жааган жамгырдан
5.Түгөйлүү үнсүздөр кайсылар?
а) с-ч;м-л; ж-к;п-ф
б) б-п; в-ф; г-к; д-т;ж-ш; з-с
в) к-п; ч-т; м-н; с-ш; ф-п
2-вариант
1.”Күзгү” аңгемесинде Ысык -Көл эмнеге салыштырылып жатат?
а) күзгүгө
б) асманга
в) берметке
2. К,г тыбыштары кайсы сөздөргө ичке үндүүлөр менен келди?
а) кыз, кагаз, кайык
б) көйнөк, ак, толкун
в) көл, гүл, күз
3.Каткалаң үнсүздөр катышкан сөздөр кайсы?
а) көл, Алийса, чоң эне
б) ысык, көпөлөк, аппак
в) күзгү,т олкун, асман
4.Жумшак үнсүздөр эмненин жардамы менен жасалат?
а) үн менен шыбыштын
б) шыбыштын
в) үндүн
5.Алийса түшүндө эмнеге окшоп учту?
а) чабалекейге
б) көгүчкөнгө
в) ак кууга
“Мен сыймыктанам” тексти боюнча:
1-вариант
1.Орус тилинен кирген сөздөр кайсылар?
а) улут,шаар,аспап
б) календарь,плащ,ваза
в) герб,туу, медаль
2.Кыргызстандын атрибуттары эмнелер?
а) герб,гимн,туу
б) Жери, гимни, туусу
в) өлкө,эл,республика
3.Йоттошкон тамгалар канча тыбышты билдирет?
а) 3
б) 1
в) 2
4.Кайсы тамгалар тыбышты билдирет?
а)а,о
б) ь,ъ
в) я,ю
5. Кайсы сөздөр туура эмес жазылган?
а) медал,конки,подезд
б) циркуль,пальто,съезд
в) подьезд, лагерь,январь
2-вариант
1.Кайсы тамгалар орус тилинен кирген сөздөрдө кездешет?
а) я,ж,з,к,л
б) в,ф,х,ц,щ
в) ю,п,р,с,т
2.Кыргыз тилинде канча йоттошкон тамга бар,алар кайсылар?
а) 4(я.ю,е,е)
б) 3(й,ю,у)
в) 2(й,е)
3.Кайсы сөздөр туура эмес жазылган?
а) айуу,кыйак,чийе
б) аюу,кыяк,чие
в) аяк,тоют,туяк
4.Орус тилинен кирген сөздөр кайсылар?
а) февраль,атрибут,парта
б) күрөш.конституция
в) гимн.каада-салт,гер
5.200 сомдук акчада кимдин сүрөтү тартылган?
а) Чыңгыз Айтматов
б) Саякбай Каралаев
в) Алыкул Осмонов
”Манастын Таласка көчүп келип конушу” тексти боюнча:
1-вариант
1.”Манастын Таласка көчүп келип конушу”чыгармасын ким жазган?
а) Чыңгыз Айтматов
б) Алыкул Осмонов
в) Кадырбай Мамбетакунов
2.Кыргыз алфавитинде канча тамга бар?
а) 36
б) 35
в) 39
3.Алфавиттеги тамгалар жазылышына карай кандай болуп бөлүнөт?
а) чоң тамга,кичине тамга
б) баш тамга,кичине тамга
в) тамга,тыбыш
4. Тамгалардын алфавиттеги таргиби каерде сакталды?
а) а,б,г,д,з
б) а,в,г,з,ж
в) а,б,в,г,д
5.Кайсы сөздөр туура жазылды?
а) Сары-Өзөн, Манас, Кошой
б) ала-тоо, талас, Ата журт
в) Ат-Башы, Кең-Көл, Кыргыз
”Улуу жазуучунун өрнөгү” тексти боюнча:
1-вариант
1.Кыргыз тилинде муундун канча түрү бар?
а) 3
б) 2
в) 4
2.Ачык муунду сөздөр кайсылар?
а) а-па,жа-зуу-чу,у-луу
б) а-дам,а-йыл,эм-гек
в) өр-нөк,чы-гар-ма
3.Жабык муундуу сөздөр кайсылар?
а)ак,ба-рак,ко-нок
б) ак,өс,эс
в) кат,мез-гил,үй
4.Туюк муунду сөздөр кайсылар?
а) мек-теп,кыр-гыз,Чың-гыз
б) ба-ла,үл-гү,да-йы-ма
в) ки-теп,эл,баа-луу
5.”Улуу жазуучунун өрнөгү” чыгармасында ким жөнүндө жазылыптыр?
а) Ш.Бейшеналиев
б) К.Эсенкожоев
в) Ч.Айтматов
2-вариант
1.Ачык муун кандай болот?
а) жалаң үндүүдөн турат,же үнсүз менен башталып,үндүү менен аяктайт
б) үнсүз менен башталып,үнсүз менен бүтөт
в) үнсүздөрдөн куралат
2.Жабык муун кандай болот?
а) үнсүз менен башталып,үндүү менен бүтөт
б) үндүүлөрдөн турат
в) үндүү менен башталып,үнсүз менен бүтөт
3.Туюк муун кандай муун?
а) үнсүз менен башталып,үнсүз менен бүтөт
б) үндүү менен башталат
в) үнсүз менен башталып,үндүү менен бүтөт
4.Баалуулуктарыбыз деген сөз муунга кандай ажырайт?
а) баал-уу-лук-тар-ы-быз
б) баа-луул-ук-та-рыб-ыз
в) баа-луу-лук-та-ры-быз
5.”Улуу жазуучунун өрнөгүн ким жазыптыр?
а) К.Каимов
б) Д.Сулайманов
в) О.Инанды
”Алгачкы эмгек акым” тексти боюнча:
1-вариант
1.”Алгачкы эмгек акым” чыгармасынын автору ким?
а) Ч.Айтматов
б) Д.Сулайманов
в) А.Токомбаев
2.Ч.Айтматовдун алгачкы эмгек акысы эмне болуптур?
а) 1 сом
б) 1кап буудай
в) 1жилик эт
3.Достор деген сөздүн уңгусу кайсы?
а) доско
б)дос
в) достор
4.Макалда кайсы сөз жетишпейт?
Жакшы....-эмгек,
Жаман.....-тентек
а)бала
б)кыз
в) окуучу
5.Кайсы сүйлөм туура түзүлгөн?
а) Мени чоң энем карады сыймыктануу менен
б) Карады сыймыктануу менен чоң энем мени
в) Мени чоң энем сыймыктануу менен карады
2-вариант
1.Сөз тутуму кандай бөлүктөргө бөлүнөт?
а) уңгу,мүчө
б) сөз,уңгу
в) мүчө,бөлүк
2.Сөздүн уңгусу кандай болот?
а) сөзгө жалганат
б) сөздүн бир бөлүгү
в) сөздүн маани берүүчү бөлүгү
3.Алгачкы эмгек акысын Ч.Айтматов кандай иш аткрып алды?
а) жардам берип
б) которуп берип
в) иштеп
4.Жылкычылар деген сөдүн уңгусу кайсы?
а) жылкы
б) жылкычы
в) жыл
5.Кайсы сүйлөм аңгемеден алынган эмес?
а) Мен мектепте окуйм
б) Досторум менен ойноп жүрөм
в) Жиликти досторум менен бөлүп жеп койдук
”Ушул жер силерге Мекен болот” тексти боюнча:
1-вариант
1.Уңгулаш сөздөрдү тапкыла?
а) балалык,баладай,балалуу
б) балдар,бала,апа
в) балалуу,энелер,аталар
2.Кайсы сүйлөм туура?
а) Мекен болот жер ушул силерге
б) Жер болот ушул силерге Мекен
в) Ушул жер силерге Мекен болот
3.Чыгармада кыргыз жергесинин кайсы жерлери сүрөттөлгөн?
а) Ала-Тоосу,Ысык-Көлү
б) Нарын,жайлоо
в) Соң-Көл, тоолор
4.Мекеним деген сөздүн уңгусу кайсы?
а) Меке
б) Мекен
в) Мекени
5. Сөздүн аягындагы к,п тыбышы кайсы жерде өзгөрдү?
а) китебим,кабым, сабагым
б) Мекеним,жерим, көлүм
в) Бугунун,кыргыздын,китептин
2-вариант
1.”Ушул жер силерге Мекен болот” уламышы Ч.Айтматовдун кайсы чыгармаларында бар?
а)”Эрте келген турналар”
б)”Атадан калган туяк”
в)”Ак кеме”
2.Макалда кайсы сөз жетишпейт?
Туулган.....топурагы алтын.
а) жердин
б) айылдын
в) кыштактын
3.Уңгулаш сөздөрдү тапкыла?
а) китепкана,китептей,китепкөй
б) китептер, окуучулар,мектептин
в) сабактын,сабакка,сабактай
4.К,п тыбыштары кайсы жерде өзгөрдү?
а)сапарда,сапта,топто
б) жимеги,тобу,барагы
в) ысыкта,сүтү,кыргыздын
5.Кайсы сүйлөм чыгармадан алынган?
а) Биз Ысык -Көлдө эс алдык
б) Ала -Тоо -кыргыз тоосу
в) Ошентип жүрүп отуруп, акыры Бугу -Эне балдарын Ысык -Көлгө жеткирди.
”Жандырмагы сүрөттө” тексти боюнча:
1-вариант
1.Заттын атын билдирген сөздөргө кандай суроолор берилет?
а) кандай?кайсы?
б) ким?эмне?кимдер?эмнелер?
в)эмне кылат?
2.”Жандырмагы сүрөттө”ырындагы “Апамдын жүрөт бутунда” деген эмне?
а) маасы
б) туфли
в) байпак
3.Адамдар жана жаныбарлар кандай заттарга кирет?
а) жандуу
б) жансыз
в) затты билдирбейт.
4. Жансыз заттарга эмнелер кирет?
а) жер-суу,тоо-таш,өмдүктөр,буюмдар
б) кой,уй,кумурска,ак куу
в) куруучу,өтүкчү,ырчы
5.Адамга кандай суроолор берилет?
а) эмне?
б) эмне кылат?
в) ким? кимдер?
2-вариант
1.”Жандырмагы сүрөттө”ырында “Узанып чабат балканы”деп ким жөнүндө айтылып жатат?
а) мугалим
б) жумушчу
в) уста
2.Саат,тегирмен,ракета-булар кандай заттар?
а) жандуу
б) жансыз
в) зат эмес
3.Жер-суу,тоо-таш кандай заттарга кирет?
а) жандуу
б) жансыз
в) зат эмес
4.Мугалим,окуучулар,куруучулар деген сөздөр кандай суроолорго жооп берет?
а) эмне?
б) кандай?
в) ким? кимдер?
5.Табышмактын жообун эмне дейбиз?
а) жандырмак
б) жооп
в) суроо.
”Селкинчек” тексти боюнча:
1-вариант
1.Заттын кыймыл- аркетин билдирген билдирген сөз кайсы?
Көк чийип төбөбүз,
Селкинчек тебебиз.
а) тебебиз
б) төбөбүз
в) селкинчек
2.Заттын кыймыл-аракетин билдирген сөздөргө кандай суроолор берилет?
а) эмне?эмнелер?
б) кандай?кайсы?
в) эмне кылды?эмне кылып жатат?эмне кылат?.
3.Эмне кылып жатат?деген суроого кайсы учурдагы кыймыл-аракет жооп берет?
а) сүйлөп жаткан учурдагы;
б) сүйлөп жаткан уяурдан мурда;
в) кийин болгон.
4. Кыймыл- аракетти билдирген сөз кандай суроого жооп берет?
Селкинчек тебебиз,
Чыңалат денебиз.
а) эмне кылат?
б) эмне кылышты?
в) эмне кылабыз?
5.Биз сүйлөп жаткан учурдан кийин боло турган кыймыл- аракетке кандай суроо берилет?
а) эмне кылат?
б) эмне кылды?
в) эмне кылып жатат?
2-вариант
1. Кыймыл -аракетти билдирген сөздү тапкыла?
Күүлөйбүз кош колдоп,
Учасың оболоп.
а) күүлөйбүз,учасың
б) оболоп
в) кош колдоп
2.Селкинчек тебебиз- кыймыл-аракетти билдирген суроого жооп бергендей өзгөрткүлө?
а) селкинчек тебишет
б) селкинчек тептим
в) селкинчек тээп жатабыз
3.”Селкинчек” ырынын автору ким?
а) Т.Кожомбердиев; б) М.Жангазиев.
4.Эмне кылып жатат?деген суроого кайсы сөздөр жооп берет?
а) сүйлөдү,окуду,ойноду;
б) барат,ырдайт,уктайт;
в) жазып жатат,бийлеп жатат,угуп жатат.
5.Кыймыл-аракетти билдиген сөздөрдү тапкыла.
а) окуучу, аюу, кумурска
б) кой, саанчы, куш
в) ойноду, окуду, эс алды
”Жылгаяк” тексти боюнча:
1-вариант
1.Эмне кылды? деген суроого кандай сөздөр жооп берет?
а)биз сүйлөп жатканда мурда болгон
б)биз сүйлөп жатканда болгон
в) кийин болгон
2.”Жылгаяк” ырын ким жазган?
а) А.Осмонов
б) Б.Асаналиев
в) А.Кыдыров
3.Эмне кылышты деген суроого жооп бергиле.
Балдар жылгаяк........
а) тебишет
б) тээп жатышат
в) тебишти
4.Эмне кылды?деген суроого жооп берген сөздөрдү тапкыла?
а) сүйлөдү,чуркады,жыйнады
б) сүйлөйт,чуркайт,жыйнайт
в) сүйлөп жатат,чуркап жатат,жыйнап жатат
5. Кыймыл-аракетти билдирген сөздү Эмне кылдык?денге суроого жооп бергендей кылып өзгөрткүлө?
Кыйылып, кылчактап,
Кетебиз үйлөргө!
а) кетип баратабыз
б)кетип баратат
в) кеттик
2-вариант
1.Эмне кылышты?деген суроого жооп берген сөздөрдү тапкыла?
а) жардам беришти,жөнөштү,угушту
б) жардам берет,жөнөйт,угат
в) жардам берип жатат,жөнөп жатат,угуп жатат
2.Биз чана менен жылгаяк (эмне кылдык?)
а) тебебиз
б) тээп жатабыз
в) тептик
3.Ырда кайсы учур сүрөттөлгөн?
а) кыш
б) жаз
в) күз
4.Теребел деген сөз эмнени түшүндүрөт?
а) кыш
б) айлана
в) оюн
5.Дарыгер оорулууну эмне кылды?
а) окутту,ойнотту,жаздырды
б) чуркатты,жыйнатты,сүйлөттү
в) көрдү,дарылады,айыктырды
”Мультфильм” тексти боюнча:
1-вариант
1.Эмне кылат?деген суроого кайсы учурдагы кыймыл-аракет жооп берет?
а) сүйлөп жаткан учурдагы
б) сүйлөп жаткандан кийин боло турган
в) сүйлөп жаткандан мурда болгон
2.Эмне кылат? деген суроого кайсы сөздөр жооп берди?
а) бийледи,сүйлөдү
б) бийлеп жатат,сүйлөп жатат
в) бийлейт,сүйлөйт
3.”Мультфильм”ырынын автору ким?
а) Ж.Бөкөмбаев
б) Б.Асанолиев
в) С.Карымшаков
4. Эмне кылат?деген суроого кайсы сөз жооп берди?
Бөлтүрүк болсо бөжөктү,
“Бөбөгүм деп көрсөтөт.
а)көтөрөт
б) бөлтүрүк
в) бөбөгүм
5.”Сыналгы”деген сөз эмнени билдирет?
а) радио
б) компьютер
в) телевизор
2-вариант
1.Кыймыл-аратетти билдирген сөздөрдү тапкыла?
а) мультфильм,аюу,пил
б) көрөбүз,окуйбуз,ойнойбуз
в) бөжөк,бөлтүрүк,акула
2.Биз кызыктуу мультфильм(эмне кылабыз?)
а) көрөбүз
б) көрдүк
в) көрүп жатабыз
3.”Мультфильм”ырындагы пил эмне кылат?
а) чуркайт
б) уктайт
в) гүлдөрдү сугарат
4.Сугарат,аткарат,окуйт деген сөздөр кандай суроого жооп берет?
а) эмне кылды?
б) эмне кылат?в)эмне кылып жатат?
5.Кайсынысы туура?
а) Мен келечекте окмуштуу болобуз
б) Мен келечекте окмуштуу болот
в) Мен келечекте окмуштуу болом
”Сыйкырдуу чүкө” тексти боюнча:
1-вариант
1.Заттын сын-сыпатын билдиген сөздөргө кандай суроолор берилет?
а) кандай?кайсы?
б) канча? нече?
в) ким? Кандай?
2.Байдын баласы менен кедейдин баласы эмне ойноду?
а) шахмат
б) жашынбак
в) чүкө
3.Жомоктогу чүкө кандай экен?
а) чоң
б) сыйкырдуу
в) ак
4.Жомоктогу кедейдин баласы эмне деп кыялданды?
а) жакшы окусам
б) акылдуу болсом
в) көп малым болсо
5.От ошол замат жалындап күйүп,жалындын ичинен келишкен....... бугу чыгат.
а) кооз
б) кара
в) мүйүздүү
2-вариант
1.Заттын кандай сын-сыпаттары бар?
а) өңү-түсү,даамы,формасы,көлөмү
б) аты,өңү,белгилери
в) фомасы,кыймыл-аракети
2.”Сыйкырдуу чүкө” жомогундагы бай?
а) боорукер,акылдуу,эмгекчил
б) элпек,сылык,жакшы
в) ачкөз,таш боор,мээримсиз
3.”Сыйкырдуу чүкө” жомогун ким жазыптыр?
а) К.Эсенкожоев
б)Д.Сулайманов
в) кыргыз эл жомогу
4.Заттын формасын билдирген сөздөрдү тапкыла?
а) кызыл,тоголок,таттуу
б) тоголок,сүйрү,жумуру
в)ак,күрөң,жашыл
5.”Үйүр-үйүр” деген сөздү кандай түшүнөсүң?
а) чоң;
б) бийик
в)көп
”Оюбуз да, боюбуз да тез өссүн” тексти боюнча:
1-вариант
1.Заттын санын билдирген сөздөр кандай суроого жооп берет?
а) кандай? кайсы?
б) канча? нече?
в)ким? эмне?
2.Макалды толуктагыла
........өлчөп.......кес.
а) жети,бир
б) беш,жети
в) бир,жүз
3.Заттын санын билдирген сөздөрдү тапкыла?
а) көп,арбын
б) чоң,бийик
в) беш,жыйырма бир
4.Бир жылда канча ай бар?
а) он эки
б) он
в) он беш
5.”Оюбуз да, боюбуз да тез өссүн”деген текст кайсы журналдан алынган?
а) “Кырчын”
б)” Ала-Тоо”
в)”Байчачекей”
2-вариант
1.Заттын иретин билдирген сөздөрдү тапкыла?
а) бир,эки.үч
б) биринчи,экинчи,үчүнчү
в) беш,жети,он
2.Заттын иретин билдирген сөздөр кандай суроолорго жооп берет?
а) канчанчы?неченчи?
б)канча?нече?
в) канча?канчанчы?
3.Сүйлөмдү толуктагыла!
Мен......... класста окуйм.
а) эки
б) экөө
в) экинчи
4.Макалды толуктагыла!
......... байлык-ден соолук.
а) экинчи
б)биринчи
в)үчүнчү
5.Кайсынысы туура?
а) Биз жыйырма бир үйдө жашайбыз.
б) Биз жыйырма бирдеги үйдө жашайбыз.
в) Биз жыйырма биринчи үйдө жашайбыз.
“Сүттөй эки тазалык” тексти боюнча:
1-вариант
1.Сүйлөмдүн канча түрү бар?
а) 2
б) 4
в) 3
2.Жай сүйлөмдүн аягына кандай белги коюлат?
а) чекит
б) суроо белгиси
в) үтүр
3.Кайсынысы жай сүйлөм?
а) Адам уулунда биз билген эки тазалык ар дайым керектүү.
б) Адам уулунда биз билген эки тазалык ар дайым керектүүбү?
в) Адам уулунда биз билген эки тазалык ар дайым керектүү!
4.Суроолу сүйлөмдү тапкыла?
а) Биз бүгүн сүттөй эки тазалык жөнүндө кеп кылабыз.
б) Биз бүгүн сүттөй эки тазалык жөнүндө кеп кылабыз!
в) Биз бүгүн сүттөй эки тазалык жөнүндө кеп кылабыз?
5.”Сүттөй эки тазалыкты”ким жазыптыр?
а) К.Тыныстанов
б) Ч.Айтматов
в) Райым Нур
2-вариант
1.Сүйлөмдүн кандай түрлөрү бар?
а) жай,суроолу,илептүү,буйрук
б) жөнөкөй,жай
в) белгилүү,суроолуу
2.Кымбаттуу досторум, тазалыкты сактагыла!
Бул кандай сүйлөм?
а)суроолуу
б) буйрук
в) илептүү
3.Кайсы сүйлөм туура түзүлдү?
а) Ар дайым сактайлы сырткы жана тазалыгыбызды ички.
б) Ар дайым сырткы жана ички тазалыгыбызды сактайлы.
в) Сактайлы ички жана сырткы ар дайым тазалыгыбызды.
4. Силер да мага кошуласыңарбы деген сүйлөмдүн аягына кандай белги коюлат?
а)суроо белгиси
б) илеп белгиси
в) чекит
5.Ар дайым жакшы нерселер жөнүндө гана ойлонуу деген кандай сүйлөм?
а) суроолу
б) илептүү
в) жай
“Тамактануу этикасы” тексти боюнча:
1-вариант
1.Сүйлөмдүн ээси кандай суроолорго жооп берет?
а) ким?,эмне?,кимдер?,эмнелер?
б) кандай?,кайсы?
в)эмне кылат?,эмне кылып жатат?
2. Сүйлөмдүн ээси кайсы? Бала колун таза жууду.
а) таза
б) колун
в) бала
3.Сүйлөмдүн ээсинин асты кандай сызылат?
а) эки сызык менен
б) бир түз сызык менен
в) толкун сызык менен
4.Макалды толуктагыла!
........... ден соолук булагы.
а) тазалык
б) жакшылык
в) дастаркон
5. Сүйлөмдүн ээси кандай суроого жооп берет?
Балдар тамактануу этикасын жакшы билишет.
а) ким?
б) кайсы?
в) кимдер?
2-вариант
1.Сүйлөмдөгү негизги ойду билдирип турган эмне?
а) сүйлөмдүн баяндоочу
б) сүйлөмдүн ээси
в) зат атооч
2. Сүйлөмдүн ээси кайсы?
Кичүүлөр улуулардан мурун тамакка кол салбайт.
а)улуулардан;
б) тамакка
в) кичүүлөр
3.Тамактануу этикасы эмнени билдирет?
а) тамактануунун эрежелерин
б) тамак ичүүнү
в)тамак жасоону
4.Сүйлөмдүн ээсине кандай суроолор берилет?
а) кайсы?кайда?
б) эмне кылып жатат?
в) ким?кимдер?эмне?эмнелер?
5.Сүйлөмдү толуктагыла.
Тамактанып бүткөн соң, дастарконго ...........тиленет.
а) каалоо
б) тилек
в) бата
“Кагаздан жасалган миң турна” тексти боюнча:
1-вариант
1.Сүйлөмдө ээнин милдетин аткарган адам аттары кандай суроолорго жооп берет?
а) ким?
б) эмне?
в) кандай?
2.”Кагаздан жасалган миң турна”аңгемесинин негизги каарманы ким?
а) Хиросима
б) Тидзуко
в) Садако
3. Сүйлөмдүн ээси кайсы?
Садако катуу ооруп калды.
а) Садако
б) катуу
в) ооруп калды
4.Сүйлөмдө ээнин милдетин аткарган адам аттарын кандай белгилейбиз?
а)эки түз сызык менен
б) бир түз сызык менен
в) толкун сызык менен
5.Окуя кайсы жерде болгон?
а) Америкада
б) Кытайда
в) Японияда
2-вариант
1.Кайсы адам аттары сүйлөмдүн ээси боло алат?
а) сүйлөмдө ойдун негизин билдирген
б) заттын атын билдирге
в) суроого жооп берген
2.Тидзуко Садакого эмне деп кеңеш берди?
а) доктурга көрүн деп
б) дарылан деп
в) кагаздан миң турна жаса деп
3. Сүйлөмдүн ээси кайсы?
Тидзуко Садакого ыйык турна жөнүндө айтып берди.
а) Садакого
б) Тидзуко
в) турна
4. Сүйлөмдүн ээсине кандай суроо берилет?
Садако 644 турна жасаган экен.
а) кимдер?
б) ким?
в) кимге?
5.Сүйлөмдүн ээсинин милдетин аткарган айбанат аттарына кандай суроолор берилет?
а) ким?кимдер?
б) кандай?кайсы?
в) эмне?эмнелер?
”Жаңылгандан кийин” тексти боюнча:
1-вариант
1.Сүйлөмдүн баяндоочун тапкыла?
Таалайбектин атасы уулунун эмгектенгенине кубанды.
а) атасы
б) уулунун
в) кубанды
2.Сүйлөмдүн баяндоочу кандай суроолорго жооп берет?
а)кандай?ким?
б) канча?нече?
в) эмне кылды?эмне кылып жатат? Эмне кылат?
3.”Жаңылгандан кийин”аңгемесин ким жазган?
а) Ш.Садыбакасов
б) Ж.Таштемиров
в) А.Токомбаев
4.Заттын атын билдирген сөздөр сүйлөмдө баяндооч болсо,кандай суроолор берилет?
а) ким?эмне?кимдер?эмнелер?
б) кандай?кайсы?
в) эмне?канча?
5.Таалайбек эмне үчүн жаңылды?
а) окуганды билбегендиктен
б) жазганды билбегендиктен
в) жылдын төрт мезгилин билбегендиктен
2-вариант
1.Сүйлөмдүн баяндоочу ээнин эмнесин билдирет?
а) кыймыл-аракетин,ал-абалын
б) сын-сыпатын
в) өлчөмүн
2. Сүйлөмдүн баяндоочуна кандай суроо берилет?
Таалайбек бак отургузууга жардам берди.
а) ким?
б) кандай?
в) эмне кылды?
3.Макалды толуктагыла!
Дарак жемишинен.......
Адам эмгегинен..........
а) таанылат
б) көрүнөт
в) билинет
4.Баяндоочтун алды кандай сызылат?
а) бир түз сызык менен
б) толкун сызык менен
в) эки түз сызык менен
5.Кайсы сүйлөм туура түзүлгөн?
а) Жакшы эмгекти сүйөт бала.
б) Бала жакшы сүйөт эмгекти.
в) Жакшы бала эмгекти сүйөт.
«Үч уул” тексти боюнча:
1-вариант
1. «Үч уул” аңгемесиндеги үч аял булактын башында эмне кылып отурушту?
а) ийик ийрип;.
б) кир жууп
в) маектешип
2.Карыя деген сөзгө мааниси окшош сөз!
а) киши
б) аксакал
в) жигит
3.Жөндөмдүү,ийкемдүү деп биринчи аял кимди айтты?
а) инисин
б) уулун;
в) кызын
4.Макалды толуктагыла!
.........сөз жан эргитет,
........сөз жан кейитет.
а) жакшы,жаман
б) узун,кыска
в) сылык,орой
5.Батанын кайсынысы туура түзүлгөн?
а) Узун өмүрүң болсун!
б) Болсун өмүрүң узун!
в) Өмүрүң узун болсун!
2-вариант
1.Маектешүү канча адамдын ортосунда болот?
а) эки же андан көп
б) бир адам
в) көп
2.Аялдар балдарын мактап жатканда,үчүнчү аял эмне кылды?
а) ал да мактады
б)күлдү
в) унчуккан жок
3.Карыя канчанчы баланы жактырды?
а) биринчи
б) үчүнчү
в) экинчи
4.Макалды толуктагыла.
...........келсе-ишке,
………келсе-ашка.
а) жаш,кары
б) улуу,кичүү
в) атасы,баласы
5.Бул макалды да толуктагыла!
Ааламдын көркүн..........ачат,
Адамдын көркүн ачат.
а) жер,суу
б) уул,кыз
в) көз,сөз
“Светофор” тексти боюнча:
1-вариант
1.Табышмактын жандырмагы эмне?
Өтө баалуу бир таш бар,
Сүйлөгөндү билбеген.
Кызыл,жашыл,көздөрүн,
Ирети менен ирмеген.
а) спутник
б) светофор
в) ракета.
2.Светофордо кандай,канча түс бар?
а) 2,көк,кызыл
б) 1,кызыл
в) 3,кызыл,сары,жашыл
3.Ырда кайсы мезгил сүрөттөлгөн?
Тоо боорунда кар калды,
Булут өңдүү булайган
Чабалекей үй салды,
Там бооруна ылайдан.
а) жаз б) жай в)күз
4.Кайсы сүйлөм туура түзүлгөн?
а) Жол эрежесин сактагыла туура ар дайым.
б) Туура сактагыла ар дайым жол эрежесин?
в) Ар дайым жол эрежесин туура сактагыла!
5.Кызыл жарык эмне дейт?
а) өтө бер;
б) даярдан;
в) токто.
2-вариант
1.Светофордун кайсы түсү күйгөндө көчөдөн өтөсүңөр?
а) кызыл; б) сары; в) жашыл.
2.”Светофор”ырынын автору ким?
а) б)Т.Кожомбердиев; в) Т.Асаналиев.
3.Кайсы сүйлөм туура түзүлгөн?
а) Бишкек-чоң жана кооз шаар.
б) Чоң шаар кооз жана чоң Бишкек.
в) Бишкек чоң шаар жана кооз.
4.Табышмакта эмне сүрөттөлгөн?
Аргымактай жулунган,
Ак буудайды сугунган
Тазаланган кызыл дан,
Барасынан чубурган.
а) машина;
б) трактор
в) комбайн
5.Жашыл жарык эмне дейт?
а) даярдан
б) токто
в) өтө бер
Бөлүмдөрдө окутулган материалдар боюнча компетенттүүлүктөрдү текшерүү үчүн тесттер
(Жыйынтыктоочу баалоо үчүн )
“Менин айлана- чөйрөм» бөлүмү боюнча
I вариант
1. Китеп деген сөздө канча тамга, канча тыбыш бар?
а) 5 тамга, 6 тыбыш
б) 5 тамга, 5 тыбыш
в) 4 тамга, 5 тыбыш
2. Созулма үндүүлөр канча тыбышты билдирет?
а) 1
б) 2
в) тыбышты билдирбейт
3. Йоттошкон тамгалар канча тыбышты билдирет?
а) 3
б) 1
в) 2
4. Кыргыз тилинде канча тамга бар?
а) 33
б) 36
в) 35
5. Кыргыз тилиндеги тыбыштар кандай топторго бөлүнөт?
а) созулма жана кыска
б) үндүү жана үнсүз
в) жумшак жана каткалаң
II вариант
1. Таене деген сөздө канча тамга, канча тыбыш бар?
а) 5 тамга, 6 тыбыш
б) 5 тамга, 5 тыбыш
в) 5 тамга, 4 тыбыш
2. Кыргыз тилинде канча үндүү тыбыш бар?
а) 10
б) 15
в) 14
3. Созулма үндүүлөр канчоо, алар кайсылар?
а) 5 (а, и, ү, ээ, ы)
б) 6 (аа, ээ, оо, өө, уу, үү)
в) 4 (аа, о, ы, ү)
4. Ичке үндүүлөр катышкан сөздөр кайсы?
а) кагаз, апа, сандык
б) китеп, эже, дүкөн
в) дарбыз, дыйкан, хан
5. Тыбышты белгилей турган белги эмне деп аталат?
а) тамга
б) тыбыш
в) жазуу
“Баалуулуктарыбыз” бөлүмү боюнча
I вариант
1. Үнсүз тыбыштар кандай топторго бөлүнөт?
а) жоон, ичке
б) жумшак, каткалаң
в) созулма, кыска
2. Жумшак үнсүздөр катышкан сөздөр кайсы?
а) көпкөк, көйнөк, толкун
б) Ысык- Көл, ак чардак, күзгү
в) жаз, жамгыр, жылуу.
3. К, г тыбыштары кайсы сөздөрдө ичке үндүүлөр менен келди?
а) көл, гүл, күз
б) кыз, кагаз, кайык
в) кат, көйнөк, ак
4. Орус тилинен кирген сөздөр кайсылар?
а) улут, шаар, аспап
б) календарь, плащ, ваза
в) герб, гимн, туу.
5. Кайсы сөздөр туура эмес жазылган?
а) айуу, кыйак, чийе
б) аюу, кыяк, чие
в) аяк, тоют, туяк
II вариант
1. б, д, з тыбыштарынын түгөйлөрү кайсылар?
а) ф, ч, ш
в) п, т, с
г) ж, к, ц
2. Кайсы тамгалар экиден тыбышты билдирет?
а) к, г, ж
б) б, п, ф
в) д, т, с
3. Кайсы тыбыштар жумшак үнсүздөр?
а) т, д, м, л, р
б) ж, ш, б, х, ч
в) д, з, ж, л, м.
4. Күзгү деген сөздө канча үндүү, канча үнсүз тыбыш бар?
а) 2 үндүү, 2 үнсүз
б) 2 үндүү, 3 үнсүз
в) 3 үндүү, 2 үнсүз
5. Каткалаң үнсүздөр катышкан сөздөр кайсылар?
а) көл, Алийса, чоң эне
б) ысык, көпкөк, аппак
в) күзгү, толкун, асман
“Чыңгыз Айтматов бөлүмү” боюнча
I вариант
1. Кыргыз тилинде муундун канча түрү бар?
а) 3
б) 2
в) 4
2. Ачык муундуу сөздөр кайсылар?
а) а-па, э-не, э-же
б) эт, ач-кыч, ал-тын
г) бал, сый-мык, дос-тук
3. Жабык муундуу сөздөр кайсылар?
а) ак, ба-рак, ко-нок
б) ак, ээр, өс
в) кат, мез-гил, үй
4. Туюк муундуу сөздөр кайсылар?
а) мек-теп, кыр-гыз, Чың-гыз
б) бу-гу, э-не, ба-ла
в) ки-лем, ке-ме, же-лек
5. Кайсынысы туура?
а) Меке-ним
б) Мекен-им
в) Ме-ке-ним
II вариант
1. Кайсы тамгалар тыбышты билдирбейт?
а) а, о
б) ь, ъ
в) ж, ш
2. Кайсы сөздөр туура эмес жазылган?
а) медал, конки, подезд
б) циркуль, пальто, съезд
в) подъезд, лагерь, январь
3. Орус тилинен кирген сөздөр кайсылар?
а) февраль, атрибут, парта
б) дептер, ракета, отургуч
в) гимн, китеп, герб
4. Ынтымактуу деген сөз муунга кандай болуп бөлүнөт?
а) ынт-ым-актуу
б) ыным-ак-туу
в) ын-ты-мак-туу
5. Кыргыз тилинде муундун кандай түрлөрү бар?
а) ачык, жабык, туюк
б) жоон, ичке, кууш
в) кең, жумшак, каткалаң
«Оюн жана спорт» бөлүмү боюнча
I вариант
1. Заттын атын билдирген сөздөр кайсылар?
а) гүл, короо, үй
б) жылуу, кызыл, жашайт
в) керек, буюм, жакшы
2. Жандуу заттар кайсылар?
а) китеп, дептер, калем
б) өчүргүч, сызгыч, мектеп
в) окуучу, аюу, кумурска
3. Жансыз заттар кайсылар?
а) буудай, арпа, балка
б) кой, саанчы, куш
в) куш, космонавт, матрос
4. Заттын кыймыл- аракетин билдирген сөздөргө кандай суроолор берилет?
а) эмне? ким? кайсы?
б) эмне кылды?, эмне кылып жатат?, эмне кылат?
в) канча? нече? кандай?
5. Эмне кылып жатат? деген суроого кайсы сөздөр жооп берет?
а) сүйлөдү, окуду, ойноду
б) барат, ырдайт, уктайт
в) жазып жатат, бийлеп жатат, угуп жатат.
II вариант
1. Ким? деген суроого кайсы сөздөр жооп берет?
а) күчүк, улак, балапан
б) гүл, селкинчек, жылгаяк
в) мугалим, апа, окуучу
2. Заттын сын-сыпатын билдирген сөздөр кайсылар?
а) жаңы, кызыктуу, жакшы
б) окуду, сүйлөдү, эс алды
в) мультфильм, сабак, бөбөк
3. Кайсы сөздөр заттын иретин билдирет?
а) алты, жети, жүз
б) жаш, кооз, бийик
в) экинчи, бешинчи, жетинчи.
4. Заттын санын билдирген сөздөр кандай суроолорго жооп берет?
а) канча?, нече?
б) канчанчы?, неченчи?
в) кандай?, кайсы?
5. Китептер деген сөздүн уңгусу кайсы?
а) китепте
б) кит
в) китеп
“Биринчи байлык- ден соолук” бөлүмү боюнча
I вариант
1. Сүйлөмдүн кандай түрлөрү бар?
а) жай, суроолуу, илептүү
б) жөнөкөй, жай
в) белгилүү, суроолуу
2. Жай сүйлөмдүн аягына кандай белги коюлат?
а) үтүр
б) илеп белгиси
в) чекит
3. Кайсынысы суроолуу сүйлөм?
а) Биз бүгүн тоого барабыз.
б) Биз бүгүн тоого барабызбы?
в) Биз бүгүн тоого барабыз!
4. Таалайбек бак отургузууга атасына жардам берди деген сүйлөмдүн ээси кайсы?
а) Таалайбек
б) атасына
в) жардам
5. Сүйлөмдө ээнин милдетин аткарган айбанат аттарына кандай суроолор берилет?
а) ким? эмне?
б) кимдер? эмнелер?
в) эмне? эмнелер?
II вариант
1. Кайсы сүйлөм жай сүйлөм?
а) Чоң ата жомок айтты.
б) Чоң ата жомок айттыбы?
в) Чоң ата жомок айтты!
2. Сүйлөмдө ээнин милдетин аткарган адам аттарына кандай суроолор берилет?
а) эмне? эмнелер?
б) кандай? кайсы?
в) ким? кимдер?
3. Сүйлөмдүн ээси кайсы?
Окуучулар кагаздан миң турна жасашты.
а) миң турна
б) кагаздан
в) окуучулар.
4. Сүйлөмдүн ээсинин асты кандай сызылат?
а) эки түз сызык менен
б) бир түз сызык менен
в) толкун сызык менен
5. Тамактануу адебин билесиңерби? деген сүйлөм кандай сүйлөм?
а) жай
б) илептүү
в) суроолуу
«Тарбия жана турмуш» бөлүмү боюнча
I вариант
1. Сүйлөмдун баяндоочу кайсы?
Кара чыйырчык бака конду.
а) кара чыйырчык
б) конду
в) бакка
2. Баяндоочтун алды кандай сызылат?
а) эки түз сызык менен
б) бир түз сызык менен
в) толкун сызык менен
3. Заттын атын билдирген сөздөр сүйлөмдө баяндооч болсо, кандай суроолор берилет?
а) ким?, эмне?, кимдер?, эмнелер?
б) кандай, кайсы?
в) эмне? канча?
4. Кыймыл- аракетти билдирген сөздөр сүйлөмдө баяндооч болсо, кандай суроолор берилет?
а) кандай? ким?
б) канча? нече? кайда?
в) эмне кылды? эмне кылып жатат? эмне кылат?
5. Кайсы сүйлөм туура түзүлгөн?
а) Жакшы бала эмгекти сүйөт.
б) Бала эмгекти жакшы сүйөт.
в) Жакшы эмгекти сүйөт бала.
II вариант
1. Сүйлөмдүн баяндоочу ээнин эмнесин билдирет?
а) кыймыл- аракетин, ал- абалын
б) сын- сыпатын
в) санын, иретин
2. Сүйлөмдүн баяндоочу кайсы?
Балдар каникулга тарашты.
а) каникулга
б) балдар
в) тарашты
3. Жакшы …. жакадагы кундуз.
Жакшы …. көктөгү жылдыз.
3. Макалда кайсы сөздөр жетишпейт?
а) бала, кыз
б) эне, бала
в) кыз, уул
4. Кайсы сүйлөм туура түзүлгөн?
а) Биз китептен көптү үйрөндүк.
б) Китептен үйрөндүк биз.
б) Көптү үйрөндүк биз китептен.
5. Кайсы бата туура айтылган?
а) Узун өмүрүң болсун!
б) Болсун өмүрүң узун!
в) Өмүрүң узун болсун!