Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили адабияты»
Жат жазуу «Адилеттик»
Атасы жумуштан келгенден кийин адатынча уулунун күндөлүгүн караса ,бир сабактан “эки” алыптыр Мунун жайын сураганда уулу:мурунку күнкү сабакта жолдошу экөө бир нерсеге алаксып ,
Өтүлгөн темага жакшы көңүл бурбагандыктарын айтты. Кийинки күнү мугагилим андан кечеги өтүлгөн теманы сурап калат. Бала берилген суроого жооп бере албай эки алат.
-Агайыңкы абдан туура .-деди атасы-адиллеттик менен баа коойгон .
Ошондой эле кандайдыр бир талаш маселени туура чечүү да адилеттике жатат. Өткөн замандарда талаш маселелерди калыс аксакалдар , кийинчерээк бийлер , казылар чечуүгө милдеттүү болушкан.
Кыргыз элинин уламышында бир адилет карыя татаал талашты кантип чечкендиги жөнундө
айтылат . Ортолорундагы бир баланы талашкан эки эне өгөй эне жана өз энеси) калыс аксакалдын алдына келишет.Экөөнүн тең койгон талаптары ,айткан далилдери орундуу,туура экен . Калыс бир аз ойлонуп турат да: менин айлам кетти ,тек гана баланы тең жарып ,экөөңө бөлүп берейин ,туурассы ушул дейт. Анда өгөй эне : бөлсөң бөл ,бирөөбүзгө эле кеткиче бөлүп алганыбыз оң деп макул бло кетет .Ал эми баланын өз энеси :-жок ,балага тие көрбөңүз, кайда жүрсө да аман болсун , мен баламы бердим деген экен. Анда карыя талашты адилеттик менен чечип ,баланы өз энесине алып берген экен. Себеби ,эне баласын эч убакта өлүмгө кыйбайт да...
Адилет болууга кичинекейинен көнгөн жакшы.Көргөн –билгендеринен жыйыктык чыгарып,
Адамдардын бири-бири менен болгон мамилелеринин ,жасаган иштеринин туура жэ туура эмес жактарын териштирип, сергектик менен баалай билүугө үйрөнгөн баланыг сезими, ой-пикири адилеттикке багыт алып, калыптана берет. Качан да болсун адилеттик жеңет.
(231сөз)