Сабактын темасы;”Манас таануу”
Сабактын максаты
1)Окуучулар Саякбай Каралаевдин вариантындагы үчилтиктин суроолоруна жооп беришет. Эпосту тереңирээк билишет.
Окуучулар Саякбай Каралаевдин вариантындагы училтиктин суроолоруна жооп беришсе. Эпосту тереңирээк билишсе.
2)”Манас”эпосундагы көөнөргөн сөздөрдү чечмелөө менен сөз байлыгы ,сүйлөө кеби калыптанат
”Манас” эпосундагы көөнөргөн сөздөрдү чечмелөө менен сөз байлыгы,сүйлөө кеби калыптанса.
3)Окуучулар ынтымактуулукка.бири-бирин сыйлоого,эне тилин сүйүүгө,”Манас”эпосун унутпай кийинки муунга өткөрүп берүүгө тарбияланышат, Окуучулар ынтымактуулукка, бири-бирин сыйлоого, эне-тилин сүйүүгө, ”Манас” эпосун унутпай кийинки муунга өткөрүп берүүгө тарбияланышса.
Сабактын жүрүшү:
Мугалим: “ Түгөнгөн сайын түтөгөн,
Түлөгөн сайын түктөнгөн,
Бул түптүү журттун белгиси.
Өлгөн сайын өөрчүгөн,
Бул өсөөр журттун белгиси,”- деп айтылгандай, түптүү кыргыз элинин дүйнө таанымы өзүнчө бир керемет. Биз теңдешсиз “Манас” эпосу менен дүйнө элине көкүрөк кагып сыймыктанабыз.
“Манас” эпосу – кыргыз элинин дүйнөгө атагы чыккан улуу көркөм рухий мурасы.
“Манас – руханий нарк, тил казынасы, патриотизмдин бийик өрнөгү, улут сыймыгы.
Ошондуктан “Манас” казынасынан дайым азыктанып туруу,анын ордолуу ойлорун боюбузга, жан-дүйнүбүзгө терең сиңирип, Ата-Журтубуздун патриоту болуу, улуу мурасыбызды ар тараптан үйрөнүу, “Манасты” беш колдой билүү, аны менен сыймыктануу, аны кийинки муундарга өткөрүп берүү – биздин парзыбыз.
Бүгүнкү “Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын жоболору менен сиздерди таанышырып кетмекчимин
1. Саламдашуу
2. “Манас” үчилтигинен ар бир топко жетиден суроо.
3. Сыр куржун:
4. Күтүлбөгөн суроо.
5. Өз ара суроолор
6. “Манас” үчилтигинен көрүнүш
1 “ Кабылан” тобунун саламдашуусу
Нуриза; Тупку создон кеп курабыз,
Уламадан уч алабыз.
Калганда манас урпагын,
Журт кылып бирге курайбыз.
А дегенде чын көңулдон,
Саламдашып алабыз.
Кызжибек ; Көк албарсын сакынаган
Көп уруу журтту кураган.
Кабылан Манас баатырдын ,
Урпагынан чон салам .
Актилек; Дүңгүрөтүп Кыргызды,
Дуйнө элине жар салган.
Баарыбыз; Салам айтат сиздерге, урпагы анас кабылан
Актилек ; Атты койдук кабылан ,
Эр Манастын сурунөн .
Нуриза; Коштоп жүрчү күчүнон,
Кабыландай качырган.
Нуркыз ; Үзүлгонүн улаган ,
Чачылганын жыйнаган
Кызжибек; Ала тоону мекендеп,
Ардактап элин сыйлаган.
Адилет; Аздектеп жерин сатпаган ,
Душманга колтук ачпаган
Баарыбыз; Ханы болгон кыргыздын , Атыбыз биздин кабылан.
Актилек; Дуңгуротуп кыргызды , дуйно элине жар салган
Баарыбыз ; “Манас”
Кылымдарга түбөлук өчпөс болуп сакталган.
Баарыбыз; “Манас “
Биздин ураан!!!
Манас, Манас, Эр Манас .
Топ башчысы мен Авазбек уулу Актилек жана топ мүчөлөрү :
Равшанбек кызы Нуриза.
Абдылбасы кызы Кызжибек.
Абдыраимов Акылбек.
“ Каныкей “тобунун саламдашуусу
1; Журт энеси Каныкейдин акылы
Убагында эр тукумун сактаган
Кылымдардан кылымдарды каарытып
Кыргыздарды ынтымакта кармаган
2; Туйгун мүнөз ,асыл заттын сырттаны
Шыктандырып , эр жигитке дем берген
Айткан сөзү , ак батасы элдерге
Жоо үстүндө эр жигитти колдогон
3; Дилгирлиги, анын элге белгилүү
Алдын ала баарын сезип баамдаган
Көрөгөчтүк касиети эненин
Кыргыз элин балээлерден сактаган
4; Барга көппөй ,жокко чөкпөй энебиз
Кадам сайын келечегин ойлогон
Өзүм дебей элим деген кан айым
Бөлүнбө деп далай элге боздогон
Манасты Манас кылган Каныкей.
Жаша Манас, бар бол Кыргыз
Биздин ураан ;Манас, Манас,Манас.
2) Үчүлтиктен суроо
1.Манастын ата-бабаларын ирээти менен атап өткүлө?
(Жакып,Каракан,Балакан,Ногойкан,Чаянкан,Бөйөнкан,Түгөйкан)
2.Манас төрөлгөндө Жакып канча мал союп той берет?
(Жакып балалуу болуп ,паашалыктай той берет)
3. Каракандын уулдары кимдер?
(Жакып,Үсөн,Текече,Шыгай,Бай,Улак)
4.Жакыптын уулдарын атагыла?
(Манас,Абыке,Көбөш,Чыйбыт,Кочкор,Адыбай,Көлбай)
5. Манастын эң биринчи эрдиги?
(Манас он экиге чыкканда жер коруган калмактардын Кочку аттуу балбанын 700 колу менен кошо жеңгени,Тагылык качканы)
6. Манас жалпы кыргызга кайсы учурда кан шайланат?
(Алооке Маргаландан чыгып Бээжинге качканын угуп,аны өлтүргөндөн кийин)
7.Букарды көздөй качып баратып ,ачкалыктан Семетейдин үнү чыкпай калганда ,айласы кеткен Каныкей Семетей менен Чыйырдыга кантип тамак таап берет?
( Балтыр бешик Семетей алты күнү даам сызбай ,ачкалыктан үнү чыкпай калганда айласы түгөнгөн Каныкей эки жору талашып жаткан өпкөнү ажыратып ,энеси менен баласына бышырып берип ,өзү кайра тамак издеп чыгат. Өкүл атасы Карынбайдын кер торпогун жлуктуруп ,алып келе жатканда адамгерчиликсиз Карынбай торпогун бербей коет. Жолу болбой кайгырган Каныкей Манастын кою жайылчу адырда марча жалаган кер борукту азык кылат)
8.Семетейди Каныкейге каршы Ысмайыл эмне деп көкүтөт?
9.Бакай менен Семетейдин алгачкы жолугушуусу кандай маанайда өтөт?
(Өзүм Чамбыл жерди жердеген Жанаалы Карачтын уулумун деп сынайт)
10.Кыргыздарды жеңип алуу үчүн Чоң Билгичтин Чоң Китеге берген кеңеши?
(Сейтекти барып жеңе албай келет.Ошондо Инди ханынынкызына үйлөн ,Чыңтемир аттуу уулдуу болосун.Ошол баатыр болуп кыргыздарды жеңет дейт)
11.Чынкожонун Семетейге кандай жакындыгы бар?
(Түбү бир)
12.Сейтек Таласка келгенде ,аны кимдер тосуп чыгат?
(Кумайык,Каныкей)
13. Сейтектин акылман кеңешчиси ким?
( Акжолтой)
14.Сейтектин неберелери кимдер?
( Алымсарык , Кулансарык )
3. Сыр куржун (Көөнөргөн сөздөр, макалдар 0
“Чыктан чыкпас Чынарбай”
“ Баарынан да жок жаман,досуңдан тийген ок жаман”
“Отко салса күл болбойт,олжого түшсө күң болбойт”
“Биримдик деген улуу күч, бет алып келбейт бүлдүргүч
Айырмач,бадыраң,темир,тобурчак.
4. Күтүлбөгөн суроо
1. Кытайдын 60 уулдуу каны ким? (Алооке)
2. Жакыптын тушүн ким жооруйт? (Акбалта)
3. Кытайлар Манастын ордуна кимди туткунга алып кетет? (Жарманасты
4. Сейтектин аялы ким ? (Акбермет)
5. Семетейди кайып дүйнөсүнө ким алып кетет ?
6. Чегебайдын кийинки ысымы ?(Кутубий)
7. Манас менен бир күндө туулган жаныбар ? (Тору чаар)
8. Аккелтени Манаска ким тартуулайт ? (Бакай)
9. Акбалта кайсы уруунун каны ? (Нойгут)
10. Күлчоронун төрөгөн энеси ким? ( Арууке)
4. Өз ара суроо
“Кабылан” тобунун суроосу.
1. Алмамбет жарык дүйнөгө келээр алдында кайсы периштеге жолугуп ,кандай каалоосун айтат ?
(Алмамбет жарык дүйнөгө келээр алдында Омеил периште менен жолугат,ал эми каалоо тилеги; “ Өлүк түшсөм экенмин өрттөнгөн жалын жайга “ дейт .Анткени ; ал билген кайсыл динде төрөлөөрүн билип ,андан көрө өлүп калсам экен дейт.”
2.Көкөтөйдүн ашында аттар чабылган жана токтогон жер?
( Аттар Кара –Колдон чабылат,Кажакеде токтойт )
“Каныкей” тобунун суроосу.
1. Көкбөрүнүн баласы жана аялы ким ?
( Баласы Коеналы, аялы Күлнаары)
2. Сейтек өлгөндөн соң Чыңтемирдин азабынан Алымсарык менен Кулансарыкты ким алып кетет ?
( Желжетпес)
6. Эпостон көрүнүш
Жыйынтыктоо
“Манас” эпосу – эрдикти,жоокердик ар-намысты,Мекенди ыйык тутууну даңазалаган залкар чыгарма. Кыргыз эли өзүнүн эркиндиги менен көз карандысыздыгын коргоп,чет элдик баскынчыларга каршы кылымдар бою баатырдык мене күрөшүп келген. Каршылык көрсөтүүнун кубаттуу күчү- эрдик менен баатырдык гана кыргыздарды толук жок болуп кетүүдөн сактап калган .
Даярдаган мугалим; Сагынбаева Үпөл.