СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили боюнча тест 8-класс үчүн

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили боюнча тест 8-класс үчүн»

1. Сүйлөмдөр айтылыш максатына карай кандай бөлүнөт?
а) толук, кемтик в) бир тутумдуу, эки тутумдуу

б) жөнөкөй, тутумдаш г) жай, суроолуу, илептүү, буйрук

2. Макалды толукта. Билимдүүгө … жарык.
а) билек б) дүйнө в) эл г) шаар

3. Ээрчишүү сөз айкашы кайсы?
а) үй бүттү б) бийик үй в) мектепке барат г) баланын оюнчугу

4. Төмөнкү сүйлөм бир тутумдуу сүйлөмдүн кайсы түрүнө кирет?
Эмнени эксең – ошону оросуң.
а) жактуу сүйлөм б) атама сүйлөм в) жаксыз сүйлөм г) кемтик сүйлөм

5. Таандык сөз айкашы кайсы?
а) ал окуду б) жакшы бала в) үйдүн терезеси г) алыс жашайт

6. Атама сүйлөм тап.
а) Боюн көр да, оюн көр. б) Тоодо күн караңгылады
в) Боз кыроо маалы. в) Менин досум шаарда жашайт

7. Кайсыл сүйлөм кемтик?
а) Караңгы түн б) Мен келдим

в) Өнөр алды-кызыл тил г) Хан ачууланды

8. Ыкташуу сөз айкашы кайсы?
а) жакшы иштейт б) окуучуга берди

в) мектепке барды г) кыргыздын салты

9. Сөз түркүмдөрү канча топко бөлүнөт?

А) 10 Б) 8 В) 2 Г) 6

10.Комузун кайсы жөндөмөдө турат?

А) барыш Б) табыш В) атооч Г) илик

11.Акылсыз, шаардык деген сын атоочтор кайсыл сөз түркүмүнөн жасалды ?

А) этиштен Б) сан атоочтон В)сын атоочтон Г) зат атоочтон.

12.Областык олимпиадада орун алгандар бешөөбүзбүз. Сан атооч сүйлөмдө кандай милдет аткарды?

А) ээлик Б) толуктоочтук В)аныктоочтук Г)баяндоочтук.

13.Туура эмес жөндөлгөн ат атоочторду тапкыла?

А) баарынын, кээ бирөөгө Б) сага, аны

В) булда, булдун Г) ар кимден, биздин.

14.Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын кайсыл сөз түркүмү билдирет?

А) зат атооч Б)ат атооч В)сын атооч Г)тактооч.

15.Этиш сөздөр сүйлөмдө кандай милдет аткарат?

А)ээлик Б) аныктоочтук В) баяндоочтук Г) милдет аткарбайт.

16.Ээрчишүү байланышы сүйлөмдүн кайсы мүчөлөрүнүн ортосунда болот?

А)ээ менен аныктооч Б) ээ менен толуктооч

В)ээ менен баяндооч Г)бышыктооч менен баяндооч

17.Айтылыш максатына карай сүйлөм канчага бөлүнөт?

А) 1 Б) 6 В) 3 Г) 4

18.Алым Каныбектин тарыхын укканда , ичи туз куйгандай ачышып, аябай бушайман болду. деген сүйлөмдүн тутумунда канча жөнөкөй сүйлөм бар?

А)4 Б) 3 В)5 Г) 2





1. Тактооч сөз түкүмүнүн кайсы бөлүгүнө кирет?

А) кызматчы сөз түркүмүнө;

Б) модалдык сөз түркүмүнө;

В) маани берүүчү сөз түркүмүнө;

Г) Өзгөчө сөз түркүмүнө;

2. Тактоочторду тапкыла.

А) жөнүндө, тууралуу, чейин, ооба;

Б) азыр, эртеӊ, көп, аз, бүгүн;

В) качан кайдан, эмне, ким;

Г) менен,үчүн, сыяктуу, дейре;

3. Тактооч түзүлүшүнө карай канчага бөлүнөт?

А) экиге; б) үчкө, в) бешке; г) алтыга;

4. Тактоочтор кандай жолдор менен жасалат?

А) фонетикалык, лексикалык;

Б) морфологиялык жана синтаксистик;

В) морфологиялык жана лексикалык;

Г) мүчөлөр аркылуу жана негиз аркылуу;

5. Жөнөкөй тактоочтор кандай болуп бөлүнөт?

А) күчөтмө жана туунду; Б) туунду жана тубаса;

В) жөнөкөй жана татаал; Г) бөлүнбөйт;

6.Туунду тактоочтор кандай жол менен жасалат?

А) морфологиялык; Б) синтаксиистик; В) лексикалык; Г) эч кандай;

7. Тактоочторду кандай мүчөлөр жасайт?

А) – луу, - ган, - ар, - бас, - лар; Б) – ча, - лап, - чылап, - чалык, - гы, - сын;

В) – нын, - га, - да, - дан; Г) - лык, - чылык, - ма, - ым;

8. Тактоочтор маанисине карай канчага бөлүнөт?

А) алтыга; Б) төрткө; В) бешке; Г) экиге;

9. Эртеӊ таӊ ата Ак – Сууга жетебиз. Бул сүйлөмдөгү тактооч сөз маанисине карай кандай тактооч?

А) сын – сыпат; Б) орун; В) мезгил; Г) сан – өлчөм;

10. Кыймыл аракеттин сын – сыпатын билдирип, кантип? кандай? кандайча? кимче?

эмнече? Деген суроолорго жооп берген тактоочто ………….. тактооч деп аталат.

А) мезгил тактооч; Б) сан – өлчөм тактооч; В) сын – сыпат; Г) орун тактооч;

11. Туура жазылган тактооч сөздөрдүн катарын белгиле.

А) ары – бери; жай ылдам; аржылы; эчубакта; биркезде; төмөн үрөөк

Б) бүгүн – эртеӊ; өйдө – төмөн; эртели – кеч; ар жылы; ананыраак;

В) кеч ирээк; ардайым; ылдам ылдам; көп көп; колмо кол; жайды жайлай

12. Кайда? Каякта? Кайсы жакта? Кайсы жакка? Кайсы жактан? деген суроолорго мааниси жагынан кайсы тактооч жооп берет?

13. Сын – сыпат тактоочко кандай сөздөр кирет?

А) жай, ылдам, бат, тез, бетме – бет, колмо – кол, орусча, дароо;

Б) мында, акырын, кыргызча, менимче,ашык, ошончолук;

В) жогору, мол, аз – маз, ылдый, жай, жалгыз,жайында, анан;

14. Эрте турган кишинин ырыскысы көп болот.тактооч сөздү белгиле.

А) көп, турган; Б) эртеӊ, ырыскысы; В) эртеӊ, көп; Г) көп, кишинин;

15. Эки же андан ашык сөздөрдөн тутумдашып же тактоочтордун эки ирет кайталанып айтылышы аркылуу жасалган тактоочтор …………………………… тактоочтор деп аталат.

А) мезгил; Б) жөнөкөй; В) татааал; Г) орун;

16. Төмөнкү сүйлөмдөрдүн ичинен «жана» тактоочтун маанисин аныкта.

А) Акыры атамдын жана энемдин айткандарына ишендим.

Б) Айша жана айткан сөзүн эми да кайталады.

В) Мен Айсулууну жана мээримди көрдүм.

17. Грамматикалык тапшырма: Төмөндөгү сүйлөмгө тактоочтор боюнча талдоо жүргүз.

Жапарды бүгүн – эртеӊ келет деп турушат.





















Адабият

9. «Олжобай менен Кишимжан» эпосу
а) баатырдык эпос б) социалдык-турмуштук эпос в) сүйүү дастаны г) аңгеме эпос

10. «Кедейкан» эпосундагы Кедейкандын өз аты.
а) Азимкан б) Керээз м в) Курама г) Коңурбай

11. «Үч залкар» манасчы ким?
а) Зияш Бектенов, Кеңеш Жусупов, Жалил Сыдыков
б) Алыкул Осмонов, Жоомарт Бөкөнбаев, Касым Тыныстанов
в) Жусуп Мамай, Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков
г) Ыбрай Абдрахманов, Кусейин Карасаев, Ишеналы Арабаев

12. Олжобайга Кишимжан ким болот?
а) апасы б) карындашы в) кудасы г) таеэжеси

13. Жусуп Мамай «Манасты» канча урпагына чейин айткан?
а) 10 б) 8 в) 6 г) 3

14. Хан болуп калган кедейдин аты?
а) Азимкан б) Эшен в) Кедейкан г) Олжобай

15. «Манас» эпосу боюнча драманы ким жазган?
а) Кеңеш Жусупов б) Жоомарт Бөкөнбаев в) Жусуп Мамай в) Жалил Сыдыков












Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!