СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили боюнча тест суроолор

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили боюнча тест суроолор»

ЖРТ кыргыз тили №36

1. Аркылуу мамиленин синоним мүчөлөрүн белгиле.

А)-дыр/-кыр б)-кар/ -каз в)-ар/-кар г)-ыт/-т

2. Сүйлөөчү адамдын кыймыл-аракетке карата болгон мамилесин билдирген этиш сөздөр этиштин кайсы грамматикалык белгисин түзөт?

А)ыңгай б)жөндөмө в)мамиле г)чак

3. Кыргыз тилинде этиштин канча ыңгайы бар?

А)4 б)7 в)5 г)6

4. Буйрук ыңгайдын маанисин белгиле.

А)Кыймыл-аракет ишке ашырылышы үчүн тиешелүү шарттын болушун көрсөтөт.

Б)Ишти аткаруу үчүн сүйлөөчүнүн үч жактын бирине берген буйругун, өтүнучун, сунушун билдирет.

В)Кыймыл-аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн болгон тилекти, каалоону билдирет.

Г)Кыймыл-аракетти иштөө үчүн болгон ниетти билдирет.

5. Буйрук ыңгайды түзүүчү жолдорду белгиле.

А)кош мамиле этиш Б)аркылуу мамиле этиштер

В)туюк мамиле этиштер Г)негизги мамиле этиштер жана башка сөз түркүмүнөн жасалган этиштер.

6. “Эмгек – ар кандай байлыктын булагы” деген сүйлөмдүн ээси кайсы сөз түркүмүнөн?

А)зат атооч б)ат атооч в)сын атооч г)этиш

7. “Ал көптү көргөн карыя” деген сүйлөмдүн ээси кайсыл сөз түркүмүнөн?

А)зат атооч б)ат атооч в)кыймыл атооч г) атоочтук

8. Ээнин милдетин заттык мааниде келген кайсы сөздөр аткарат?

А)зат атооч б)ат атооч, в) татаал зат атооч г)сын, сан атоочтор

9. “Жаман өз камын ойлойт” деген сүйлөмдүн ээси кайсы сөз түркүмүнөн?

А)затташкан сын атооч б)зат атооч в)ат атооч г) тактооч

10. “Тогузунчу биринчи орунду ээледи” деген сүйлөмдүн ээси кайсы сөз түркүмүнөн?

А)зат атооч б)затташкан сын атооч в)тактооч г)затташкан сан атооч

11.Кыргыз тилинде маани бербеген тамгалар канчоо?

А) 2 б)3 в)4 г)5

12. Азыркы кыргыз алыавити качан кабыл алынган?

А)1935-ж б)1940-ж в)1918-ж г)1978-ж

13. Кыргыз алфавити орус алфавитинен кайсыл тамгалар аркылуу айырмаланат?

А)ө, ү, ң б)к,г, ж в)ч,ё, ю г)щ, ц, е

14. “Январь” деген сөздө канча тамга канча тыбыш бар?

А) 4 тамга 5 тыбыш б)6 тамга 5 тыбыш в)5 тамга 5 тыбыш г)5 тамга 6 тыбыш

15. Эриндүү үндүүлөр катышкан сөздү белгиле.

А) балык б)балапан в)күчүк г)жылдыз

16. Байламталардын негизги маанисин көрсөт.

А) атоочторду жөндөмөлөр боюнча башкарат, сүйлөм мүчөлөрүн байланыштыруу үчүн колдонулат.

Б)Сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырат.

В)сөзгө же сүйлөмгө кошумча маани берет

Г)адамдын ички сезимин билдирет.

17. Байламталар маанисине карата канчага бөлүнөт?

А)1 б)2 в)3 г)5

18. Байламталар сүйлөмдүн кайсы мүчөсүнун кызматын аткарат?

А)мүчөлүк милдет аткарбайт б)баяндооч в)аныктооч г) ээ

19. Бириктирүүчү байламтаны белгиле.

А)же, же болбосо б)бирок, ал эми в)жана, менен, да г)эгер, эгерде

20. Ажыраткыч байламтаны белгиле.

А)болбосо, айтор б)жана, менен, да в)же Г)эгер

21. Шарттуу багыныңкы татаал сүйлөмдү белгиле.

А) Жол тайгак болгондуктан, биз кеч келдик. Б) Канчалык көп окуса да, эч нерсени түшүнбөйт.

В) Күндүн көзү көрүнсө, кар ээрийт. Г) Меймандар отурган убакта, Жеңишбек комуз чертти.

22. Каршы багыныңкы татаал сүйлөмдү белгиле.

А) Тынч келсин үчун, атасы батасын берди. Б) Канчалык көп окуса да, эч нерсени түшүнбөйт.

В) Меймандар отурган убакта, Жеңишбек комуз чертти.

Г) Жол тайгак болгондуктан, биз кеч келдик.

23. Сыпат багыныңкы татаал сүйлөмдү белгиле.

А)Нурматтын өңү сурданып, заардуу сөзүн айтты. Б)Килем төшөп койгондой, короо гүлгө толду.

В)Билим кайда болсо, өнөр ошол жерде. Г)Жакшы окусаң, максатыңа жетесиң.

24. Салыштырма багыныңкы татаал сүйлөмдү белгиле.

А) Жакшы окусаң, максатыңа жетесиң. Б) Килем төшөп койгондой, короо гүлгө толгон.

В) Жолоочу белге чыкканда, кар майдалап жаады. Г) Билим кайда болсо, өнөр ошол жерде.

25. Орун багыныңкы татаал сүйлөмдү белгиле.

А) Килем төшөп койгондой, короо гүлгө толгон. Б) Жакшы окусаң, максатыңа жетесиң.

В)Билим кайда болсо, өнөр ошол жерде. Г) Жолоочу белге чыкканда, кар майдалап жаады.

26. Социологиялык сурамжылоолор, шайлоочулардын ________ эркиндик жана демократия баалуулуктарын колдоорун, _______ шайлоодо жеңишке ээ болууну каалагандар демократ шайлоочуларды кызыктырган _______ сунуш кылышы керек экенин көрсөттү.

А) жарымынан көбү / ошондуктан / шайлоо алдындагы программасын

Б) жарымынан азы / ошондон улам / ылайыктуу талапкерди

В) жарымынан азы / демек / шайлоо комиссиясын

Г) көпчүлүгү / бирок / үгүт берүү компаниясын

27. ______ менен күрөшүүнүн ордуна менен күрөшүү ______жыйынтык бермек.

А) терроризм/ экстремизм/ натыйжасыз Б) жумушсуздук/ экономика/ оң

В) оорунун белгилерине/ себептери/ жакшы Г) тентектердин өзү/ ата-энеси/ начарыраак

28. Ойдуӊдарда негизинен шалы жана кокос пальмаларын өстүрүшөт. Ошентсе да өлкөдө керектелүүчү ________ теӊин, башка өлкөлөрдөн _________, себеби жеринин көпчүлүгүн колониялык мезгилден бери чай плантациялары, каучук дарактары, кокос пальмалары _________.

А) каучуктун / сатып алышпайт/ ээлебейт Б)чайдын/ сатып алышат/ ээлейт

В)кокостун/ сатып алышпайт/ ээлебейт Г) күрүчтүн/ сатып алышат/ ээлейт

29. Ысмайыл, Жамийла, атүгүл Сейденин образдары кыргыз окурмандары арасында __________ пикир жаратты. Көпчүлүк окурмандар аларды турмуш чындыгын так __________ образдар катары кабыл алса, айрымдар Айтматовду улуттук ар-намыска __________ образдарды жараткан жазуучу катары санашып, ___________ менен карашты.

А) талаш / көрсөткөн / шек келтирүүчү / кубануу

Б) бир беткей / көрсөтө албаган / доо кетирүүчү / сыймыктануу

В) эки тараптуу / көрсөтө албаган / коркунуч келтирүүчү / ыраазы болуу

Г) эки ача / көрсөткөн / шек келтирүүчү / жактырбоо

30."Ошол күнү Тотойлорго жардам берип Сейде өзүн бөтөнчө _______ сезди. Самаган тилегине _______ жүрөгү _______ . Анын турмушунда мындай кубанычтуу жарык учурлар көптөн бери _______ элек."

А) бактылуу / жеткендей / жай алды / болгон жок Б) бактылуу / жетпей калгандай / сыздады / болгон жок

В) жаман / жетпегендей / сыздады / болуп келген Г) жаман / жетпегендей / жай алды / боло











1-б, 2-а,3-в,4-б,5-г, 6-а, 7-б, 8-г, 9-а, 10-г, 11-а, 12-б, 13-а, 14-б, 15-в, 16-б, 17-г, 18-а,19-в, 20-а, 21-в,22-б,23-а,24-б,25-в, 26-в,27-а, 28-г, 29-б, 30-а








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!