Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили боюнча тесттик суроолор 8-класс»
Тесттик тапшырмалар
8-класс
1.Сүйлөм ээсинин мүнөздөмөсүн белгиле: Туулган жерим -мекеним
а) жөнөкөй ээ.
б) татаал ээ.
в) сөз тизмегинен түзүлгөн ээ.
г) бир өңчөй ээ
2. Татаал ээнин милдетин аткаруучу сөздөрдү белгиле.
а) Алган милдеттенмени орундоо - сыймык.
б) Майрамдын эртеси болот.
в) Чыңгыз Айтматов- көрүнүктүү жазуучу.
г)Бизнесмендер Иранга жөнөп кетишти.
3. Сүйлөмдөгү баяндоочтун милдетин аткарган сөздүн сөз түркүмүн белгиле: Анын жашы отузда.
а) зат атооч
б) сан атооч
в) этиш
г) сын атооч
4. Асты сызылган сөздүн аткарган милдетин белгиле:
Акылдуунун сөзү- кыска, айта салса - нуска.
а) ээ
б) зат атооч
в) толуктооч
г) баяндооч
5.Асты сызылган сөздүн аткарган милдетин белгиле:
Менин атым – Бакдөөлөт.
а) баяндооч
б) зат атооч
в) толуктооч
г) ээ
6.Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүн белгиле.
а) баш мүчөлөр
б)ээ , бышыктооч
в )ээ, баяндооч
г) толуктооч, бышыктооч, аныктооч
7. Акылдуу адамга тапшыруу – иштин ийгилиги.
Тизмектеги жанаша келген айкындооч мүчөнү белгиле.
а) адамга тапшыруу
б) иштин ийгилиги
в) акылдуу адамга
г) жок
8.Сүйлөмдөгү аныктоочту белгиле:
Тоолор менен токойлор жашыл көйнөк кийишкен.
а) тоолор
б) токойлор
в) жашыл
г) көйнөк
9.Асты сызылган сөздүн милдетин белгиле:
Көп жылдан бери жайдыр- кыштыр иштеп жүргөн тааныш жерден өттүк.
а) аныктооч
б) ээ
в) толуктооч
г) баяндооч
10. Кыймыл – аракеттин ар кандай кырдаалын , белгисин билдирген сүйлөм мүчөсүн белгиле.
а) аныктооч
б) баяндооч
в) бышыктооч
г) этиш
11.Кыштын камын жазда ойло. Бышыктоочтун түрүн белгиле.
а) себеп
б) орун
в) максат
г) мезгил
12.Белгиленген сөздүн сүйлөм мүчөлүк милдетин аныкта.
Кишиге жакшылык кылбаган адам арамдык менен күн көрөт.
а) толуктооч
б) аныктооч
в) бышыктооч
г) ээ
13. Асты сызылган сөздүн сүйлөм мүчөлүк милдетин аныкта.
Ал койлорун көзүнөн тааныйт.
а) аныктооч
б) ээ
в) толуктооч
г) баяндооч.
14. –ган мүчөнүн түрүн белгиле.
а) жөндөмө
б) көптүк
в) атоочтук
г) таандык.
15.-ганча, - гыча, - майынча мүчөлөрү уюштурган этиштин өзгөчө формасын белгиле.
а) атоочтуктар
б) чакчылдар
в) кыймыл атоочтор
г) чакчыл түрмөк.