БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮ
«Иштиктүү кыргыз тили»
деген аталыштагы
иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу семинары
.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИ ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМЫ
« КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИ ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМЫ
- 1-берене
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат.
- 6-берене
- Балдарга мамлекеттик тилди жана эне тилин үйрөтүү ата-энелердин парзы жана ал мамлекет тарабынан колдоого алынат.
- 9-берене
- Тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала турган мамлекеттик кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү.
- 10-берене
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий документтери мамлекеттик тилде кабыл алынат жана мыйзамдарда каралган учурларда расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат. Мамлекеттик тилдеги документ түп нуска болуп эсептелет.
- 14-берене
- Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.
- 17-берене
- Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик уюмдардын жетекчилери өз кызматкерлеринин мамлекеттик тилди үйрөнүшүнө шарт түзөт, иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн камсыз кылат.
- 27-берене
- Кыргыз Республикасында жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин — расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат.
- Башка тилдердеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого тийиш.
«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИ ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМЫ
- 29-берене
- Товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалымат (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту) милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде, ал эми зарыл учурларда — ошондой эле чет тилдерде берилет.
- Товарлар жөнүндө чет тилдеги атайын маалымат (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту жана башкалар) импорттоочу фирмалардын эсебинен мамлекеттик жана расмий тилдерге которулат.
- Товардык белгилерди коюуда фирма тарабынан бекитилген аталыштар башка тилдерге которулбастан сакталат.
- 30-берене
- Мамлекеттик тилди пайдалануунун бардык чөйрөлөрүндө кыргыз адабий тилинин колдонуудагы ченемдери сакталат.
- Алфавит жана орфография эрежелерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет.
- 32-берене
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди сактоо, коргоо жана иштетүү Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан камсыз кылынат.
- 33-берене
- Ушул Мыйзамды бузгандыгы жана аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын жетекчилери, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке тартылышат.
Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын
- 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын квалификациялык талаптар боюнча бөлүмүнүн 14-беренесинин
- 3-пунктунда көрсөтүлгөн административдик кызматчылардын квалификациялык талаптарына ылайык, ар бир кызматчы өз иш милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” токтому
- Жогорку, башкы, улук жана кенже топтордогу административдик кызматтарды ээлеген муниципалдык кызматчылар мамлекеттик тилди төмөнкүдөй көлөмдөн жана деңгээлден кем эмес билүүгө милдеттүү:
- базалык деңгээлден (А2) – 2019-жылдан тартып;
- орто деңгээлден (В1) – 2020-жылдан тартып;
- ортодон жогору деңгээлден (В2) – 2021-жылдан тартып;
- жогорку деңгээл С1 – мөөнөтсүз.
- Административдик кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылардын кесиптик компетенциясын мамлекеттик тилди билүүгө тиешелүү бөлүгүндө, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө баалоо 2019-жылдын
- 1-январынан тартып жүргүзүлсүн.
- Кызматчылардын кварталдык ишин баалоодо «Кыргызтест» тастыктамасы милдеттүү түрдө каралышы керек.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча адис
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын
- 15-ноябрындагы №581 токтомуна ылайык
- “ - штаттык ырааттамага кызматкер бирдиги ага мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча милдеттерди жүктөө менен киргизүү” деген өзгөртүү киргизилип, “котормочу” деген кызмат орду “лингвист-эксперт” кызмат ордуна өткөрүлгөн.
- Ар бир кызматчы өзүнө тийиштүү документтин
- расмий тилдеги текстин өз алдынча мамлекеттик тилге которуп, тууралыгын лингвист-экспертке текшертиши керек.
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген
Уюштуруу-тескөө документтерин (УТД) тариздөөдө пайдаланылуучу реквизиттер:
1 - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби;
2 - мекеменин эмблемасы;
3 - мекеменин Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик реестри (СББМР) боюнча коду;
4 - жогору турган мекеменин аталышы;
5 - мекеменин аталышы;
6 - түзүмдүк бөлүмдүн аталышы;,
7 - байланыш ишканасынын индекси, почта дареги, телефакстын номери; электрондук почтанын дареги; банктагы эсептик номери; телефон номери;
8 - документтин түрүнүн аталышы;
9 - датасы;
10 - документти каттоо номери (индекси);
11 - кириш документти каттоо номерине жана күнүнө шилтеме;
12 - түзүлгөн же басылып чыгарылган жери;
13 - адресат;
14 - бекитүү грифи;
15 - резолюция;
16 - тексттин аталышы;
17 - контроль жөнүндө белги;
18 - документтин тексти;
19 - тиркеменин бар экендиги жөнүндө белги;
20 - колу (электрондук кол тамга);
21 - макулдашуу грифи;
22 - визалар;
23 - мөөр изи;
24 - көчүрмөнү күбөлөндүрүү жөнүндө белги;
25 - аткаруучунун фамилиясы, анын телефон номери, телефакс номери, электрондук почтанын дареги;
26 - документтин аткарылышы жана көктөмөгө жиберилиши жөнүндө белги;
27 - документтин мекемеге келип түшкөндүгү жөнүндө белги;
28 - документти автоматтык издөө үчүн белги.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби бланкка Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Мыйзамына ылайык жайгаштырылат
ГЕРБ
Гербдин жана эмблеманын диаметри
.
20 мм
20 мм
Эгерде бланкта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгаштырылса,
анда эмблема колдонулбайт
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ
720040, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 105,
тел. - факс 66 33 68
МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫНЫН АЛДЫНДАГЫ
АРХИВНОЕ АГЕНТСТВО
АРХИВ АГЕНТТИГИ
ПРИ ГОСУДАРСТВЕННОЙ РЕГИСТРАЦИОННОЙ СЛУЖБЕ ПРИ ПРАВИТЕЛЬСТВЕ
р/с бюджет №1290522382810057/202201152
720040, г.Бишкек., ул.Токтогула, 105,
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
тел. – факс 66 33 68
р/с атайын эсеп. счету №1290522362810057/202802441
р/с бюджет №1290522382810057/202201152
Бишкек Банк филиалы ОАО «РСК БАНК»
р/с спец. счет №1290522362810057/202802441
ИНН 02309199610142
Банк Бишкекский филиал ОАО «РСК БАНК»
БИК 129052
Биринчи май РОК-2,
ИНН 02309199610142
БИК 129052
МСИ коду 004 ОКПО 00018589
Первомайское РОК-2,
код ГНИ 004 ОКПО 00018589
______________№ _______ №_________ __________
1. Жогору турган мекеменин аталышы 2. Мекеменин аталышы
1
2
7720040, Бишкек ш., Токтогул көчөсү, 105,
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫНА КАРАШТУУ
АРХИВ АГЕНТТИГИ
тел. – факс 66 33 68
7720040, Бишкек., ул.Токтогула,105,
www.archive.kg
АРХИВНОЕ АГЕНТСТВО
э/э №202803441
ПРИ ГОСУДАРСТВЕННОЙ РЕГИСТРАЦИОННОЙ СЛУЖБЕ ПРИ ПРАВИТЕЛЬСТВЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
тел. – факс 66 33 68
www.archive.kg
Биринчи май КРБ-2, 208014003
коду 320105505
р/с №202803441
Первомайское РОК-2, 208014003
Кыргызстан АКБсынын Биринчи май бөлүмү
ИНН 02309199610142
код 320105505
0001858902531012
Первомайское отделение АКБ Кыргызстан
ИНН 02309199610142
000185890253102
Документтердин түрүнүн аталышы баш тамгалар менен, орточо кара шрифтте басылып, борборлоштурулуп текшиленет
Буйруктарды, чечимдерди, протоколдорду жана финансылык документтерди тариздөөдө датаны тариздөөнүн сөздүк цифралык ыкмасы колдонулат
15.11.2020-жыл
4.10.2020
16.03.20
02.06.2020
2020-жылдын 2-июну
Кат мекемеге же түзүмдүк бөлүмгө даректелгенде, алардын аталышы атооч жөндөмөдө жазылат:
Бишкек шаардык кеңеши
Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү
Бишкек шаарынын мэриясынын
Дене тарбия жана спорт башкармалыгы
Кат мекеменин кызмат адамына даректелгенде, мекеменин аталышы жана адамдын кызматы атооч жөндөмөдө, аты-жөнү барыш жөндөмөдө турат:
Бишкек шаарынын мэриясынын
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү
бөлүмүнүн башчысы Э.К.Ниязбекова га
Бишкек шаарынын мэриясынын
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Р.А.Сарпашов го
Типтүү нускама боюнча биринчи инициалдар коюлат, анан фамилиясы жазылат
Документ мекеменин жетекчисине даректелгенде, мекеменин аталышы даректелген кызматтын аталышынын курамына киргизилет:
Туура эмес
Туура
Бишкек шаарынын
мэринин м.у.а. Б.З.Түлөбаевге
Бишкек шаарынын
мэриясы
Бишкек шаарынын
мэри
Документтердин аталышы
Каттардын аталыштары
Уюштуруу-тескөө документтери
Атайын бөлүнгөн жерге баш тамга менен жазылып, барактын сол жагына жылдырылбай көрсөтүлөт
Барактын ортосуна жайгаштырылып,
чоң тамга менен башталып жазылып, орточо кара шрифт менен бөлүнүп берилет
Бекитүү грифи
БЕКИТИЛДИ
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн
2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен
100 мм
30мм
70 мм
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
БЕКИТЕМ
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика
комитетинин төрагасы
_____ _____________
(кол тамгасы) аты-жөнү
02.06.2020
Тиркеме деген сөз документтин биринчи барагынын жогорку оң бурчуна жазылат
Бишкек шаарынын мэриясынын
2020-жылдын “___” ____________
№ ____ токтомуна
2-тиркеме
Бишкек шаарынын мэриясынын
Билим берүү башкармалыгынын
2020-жылдын 10-июнундагы
№ 42 буйругуна 1-тиркеме
Эгерде документтин долбоорунда аты-жөнү көрсөтүлгөн кызмат адамы жок болуп калса, документке анын милдетин аткаруучу адам же анын орун басары кол коёт жана анын аты-жөнү жазылат
М.А.Сатыбалдиев
Директор дун орун басары ( кол тамгасы ) А.Т. Касымбеков
Гербдүү мөөр Документке коюлган мөөрдүн тагы(изи) документке кол койгон адамдын кызмат ордунун аталышынын жана коюлган жеке кол тамгасынын бир бөлүгүнө бастырылып түшүрүлүшү керек
Директор (кол тамга) Аты-жөнү
Туруктуу (узакка) сакталуучу документтерди түзүүдө сол талаачасынан 35 мм калтыруу сунуш кылынат. Мындай талап документтер көктөлгөндө текст кошо тигилип калбас үчүн жана документтерди көчүрмөлөөдө, сканерден өткөргөндө мүмкүндүк болушу үчүн колдонулат
20 мм.
20 мм.
30 мм.
25-35 мм.
15 мм.
20 мм.
20 мм.
Кептин стилдери
Кеп стили
Расмий иш кагаздары :
(уюштуруу-тескөө
иш кагаздары - өкмөт жана мамлекет тарабынан кабыл алынган
иш кагаздар)
мыйзам, жарлык,
кодекс, токтом ж.б.
Жазма стиль
Оозеки стиль
Расмий-иштиктүү стиль
Диалог, монолог
Көркөм стиль
Илимий стиль
Публицисти-калык стиль
Расмий эмес
иш кагаздары:
(өздүк иш кагаздары жарандар тарабынан даярдалат )
арыз, билдирүү, өмүр баян, чакыруу, тил кат, мүнөздөмө ж.б.
Баяндама (доклад), тезис, реферат, илимий макала, кандидаттык жана доктордук иштер
Интервью, макала, репортаж, портреттик очерк, новелла ж.б.
Роман, повесть, аңгеме, ыр, поэма, тамсил, драма, комедия, трагедия ж.б.
Иш кагаздарынын стили
- иш кагаздарында көркөм сөз каражаттары, диалектилик сөздөр, фразеологиялык айкаштар, архаизм жана тарыхый сөздөр, жаргондор колдонулбайт;
- сөздөр түз маанисинде гана колдонулат;
- текст так, кыска, сабаттуу жазылып, жөнөкөй сүйлөмдөрдөн түзүлүшү керек.
Буйрукту тариздөөнүн үлгүсү :
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АРХИВНОЕ АГЕНТСТВО
ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ПРИ ГОСУДАРСТВЕННОЙ
МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО РЕГИСТРАЦИОННОЙ СЛУЖБЕ
КЫЗМАТЫНА КАРАШТУУ ПРИ ПРАВИТЕЛЬСТВЕ
АРХИВ АГЕНТТИГИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
БУЙРУК
ПРИКАЗ
2020-жылдын 28-октябры № ____ Бишкек шаары
Илимий-усулдук кеңештин курамын бекитүү жөнүндө
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, буйрук кылам:
1. Илимий-усулдук кеңеш төмөнкүдөй курамда бекитилсин: ...
2. ... буйрук күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө директордун орун басары .... жүктөлсүн.
Директор _________________ аты-жөнү
(колу)
Кызматтан бошотуу буйругу Мекеменин бланкы
БУЙРУК
ПРИКАЗ
___________________ №________ Бишкек шаары
Н.А.Садыкова жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 82-беренесине ылайык, буйрук кылам:
1. 2020-жылдын 29-октябрынан баштап башкы адис Садыкова Назира Асановна өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулсун.
2. Акыркы эсептешүү акысы берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Негизи: 1. КР ЭК, 82-берене;
2. Н.А.Садыкованын жеке арызы.
Башчы (кол тамгасы) Аты-жөнү
Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага 13-тиркеме Протоколду тариздөөнүн үлгүсү
Мекеменин бланкы
Илимий-усулдук кеңештин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2020-жылдын 28-октябры № _______ Бишкек шаары
Төрагасы -___________________________________________________________________________________
Катчысы- __________________________________________________________________________________
Катышкандар: ____________________________________________________________________________
коллегиалдык органдын мүчөлөрү
Чакырылгандар: _________ адам (тизме тиркелет)
КҮН ТАРТИБИ:
1. _______________________________________________________ жөнүндө
_______________________________________________________ баяндамасы
кызмат орду, аты-жөнү
2. _______________________________________________________ жөнүндө
_______________________________________________________ баяндамасы
кызмат орду, аты-жөнү
УГУЛДУ: Аты-жөнү – баяндаманын тексти тиркелет.
ЧЫГЫП СҮЙЛӨШТҮ:
Аты-жөнү – сүйлөгөн сөзүнүн кыскача берилиши
Аты-жөнү – сүйлөгөн сөзүнүн кыскача берилиши
ТОКТОМ КЫЛАТ (ЧЕЧИМ КЫЛАТ):
1.1. ____________________________________________________________________________________________
1.2. ____________________________________________________________________________________________
Төрагасы___________ ____________
Катчысы ___________ ____________
аты-жөнү, колу (кол тамгасы)
ТАРЖЫМАЛ
Туулган жылы, жери: 22.01.1964-ж., Чүй обл., Кемин району
Улуту: кыргыз
Жарандыгы: Кыргызстан
Билими: жогорку
Кесиби: мугалим
Бүткөн окуу, жайы 1985-ж., Бишкек ш., И.Арабаев атындагы КМУ
жылы: (башталгыч класстын мугалими)
.....
.....
Категориясы: жогорку
Эмгек жолу: жалпы стажы – 27 жыл
1986-ж. Бишкек шаарынын мэриясынын кесиптик билим берүү
башкармалыгы (катчы-референт)
1989-ж. Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү
башкармалыгы (катчы-референт)
......
Тастыктамалары: 2003-ж. UNIСEF «Жаңы кылым» Бишкек ш.
......
Сыйлыктары: ......
Коомдук иштер: .......
Билген тилдери: кыргыз, орус тилдери – эркин
Кошумча маалымат: компьютерде Word, Excel программалары
Иштиктүү сапаты: жоопкерчиликтүү, так, эмгекчил, ишенимдүү
Паспорту: А 2242605 ИИМ 50-58, 23.05.2002
Жашаган жери: Чүй обл., Сокулук р., Ак-Жол а., Абай к., 7-24
иш тел.: 315836, үй тел.: 453490, у.тел.: 0517 23 24 07
А Р Ы З
- арыз уюмдун жетекчисинин дарегине ар түрдүү даттануу же өтүнүч маселелери менен жазылуучу иш кагазынын бир түрү;
- арызданган адамдын өтүнүчү же даттануусу кыска жана түшүнүктүү жазылышы керек;
- арыз кайсы мекемеге багытталды, жетекчинин кызматы, аты-жөнү;
- арызданган адамдын жашаган жери, ким болуп иштейт;
- арыздын тексти, ал абзацтан башталат. Анда кайрылуунун мазмуну жана себеби көрсөтүлөт. Текст кыска жана түшүнүктүү болуусу зарыл;
- арызга зарыл иш кагаздары кошо тиркелет, зарылчылыгына жараша, тиркемеге иш кагаздарынын көчүрмөлөрү киргизилет;
- аты-жөнү, колу, арыз жазылган күнү;
- арызда анын мазмунуна ылайык жетекчинин тиешелүү визасы болушу керек;
- арыздын индекси, ал атайын журналда катталат жана аткаруу көзөмөлүнө коюлат.
Эмгек өргүү арызы
Бишкек шаарынын мэриясынын
Ички аудит башкармалыгынын
башчысы Р.С.Ибрагимовго
Муниципалдык ишканалардын
ички аудит, маалыматтарды
жыйынтыктоо жана талдоо
бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
А.К.Рысбаевадан
АРЫЗ
Мага 2020-жылдын 1-августунан баштап кезектеги эмгек өргүүгө чыгууга уруксат берүүңүздү өтүнөм.
_____________ ______________ ______________
(датасы) (кол тамгасы) (аты-жөнү)
ТҮШҮНҮК КАТ
- Түшүнүк кат кызматтык иш менен байланышкан ар кандай кырдаалдарды түшүндүрүү үчүн кызматкерлер тарабынан мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчисине жазылуучу расмий иш кагазы. Түшүнүк катта негизинен эмне себептен эмгек тартиби сакталган жок , ошол жөнүндө айтылат.
- Түшүнүк кат жетекчинин талабы боюнча жазылат жана анын негизинде кызматкерге жазанын ар түрдүү чаралары көрүлөт.
- түшүнүк кат кимге жазылса, ошол мекеменин аталышы, жетекчинин кызматы, аты-жөнү жазылат;
- текст;
- тиркеме (зарыл учурда);
- колу;
- түшүнүк кат жазуучунун аты-жөнү;
- жазылган күнү, айы, жылы.
Түшүнүк кат
Бишкек шаарынын мэриясынын
Капиталдык курулуш
башкармалыгынын башчысы
Р.К.Айтымбетовго
К.С.Асановадан
Түшүнүк кат
Балам катуу ооруп калгандыгына байланыштуу, эки күн 2020-жылдын 10-мартынан
12-мартына чейин ишке келе албай калдым. Баламдын ооругандыгы тууралуу маалымат кошо тиркелет.
(кол тамгасы ) А.К.Асанова
күн, ай, жыл
Түшүнүк кат
Мен ооруп жүргөндүгүмө байланыштуу, дарыгерге көрүнүп, анализдерди тапшыруу керек болгондуктан, 2020-жылдын 11-мартында эки саат жумушка кечигип калдым.
(кол тамгасы ) Г.А.Жапакова
күн, ай, жыл
АКТ
2020-жылдын 28-октябры Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык
менчик кызматынын Материалдарды даярдоо бөлүмүнүн башчысы
А.С.Акматов жана бөлүмдүн адистери З.Н.Исакова, С.А.Кубатова, З.А.Козубаева болуп төмөндөгү актыны түздүк.
Мурда З.Н.Исакованын жеке жоопкерчилигиндеги 1 даана персоналдык компьютер өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу,
З.А.Козубаеванын жоопкерчилигине өткөрүлүп берилгендигин күбөлөндүрөбүз.
Комиссиянын төрагасы (кол тамгасы) А.С.Акматов
Мүчөлөрү: (кол тамгасы) З.Н.Исакова
(кол тамгасы) С.А.Кубатова
(кол тамгасы) З.А.Козубаева
Телефонограмма
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик кызматкерлердин күнүнө карата өткөрө турган иш-чарага мамлекеттик кызматка жаңыдан киришкен кызматчыны ант берүү үчүн жиберүүңүздү өтүнөт.
Иш-чара 2020-жылдын 23-июнунда саат 10.00дө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын
3-кабатындагы жыйындар жайында өткөрүлөт.
Кол койгон: Б.Сагынбаев
Жиберген: Ж.Усупова, 620310
Кабыл алган: Г.Токоева, 621198
Кулактандыруу
Урматтуу бишкектиктер жана борбор шаардын меймандары!
Сиздерди “Кыргыз киносу” студиясы 2020-жылдын 29-октябрында “Мезгил жана Алыкул” аттуу кино тасманы көрүүгө чакырат.
Кино тасма күндүзү 14.00дө,
кечкисин 18.00дө көрсөтүлөт.
Сурап-билүү телефондору:
0312 31 56 35
“ Кыргыз кино” студиясы
СУНУШТАМА
Сунуштама Байтереков Нурдин Бекболсуновичке берилет. Байтереков Нурдин Бекболсунович 2007-жылдын 16-февралындагы № 27 буйрук менен Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгына жетектөөчү адис кызматына кабыл алынган. Жумушка кабыл алынган күндөн баштап Байтереков Нурдин Бекболсунович өзүн дасыккан адис катары көрсөтө алды. Анын ишмердиги учурдагы талаптарга толугу менен жооп берет. Ал мекеменин бардык иштерине жигердүү катышып, өз иш милдетине жоопкерчилик менен мамиле жасайт.
Байтереков Нурдин Бекболсунович токтоо жүрүш-турушу, сылыктыгы, ишке болгон жоопкерчиликтүүлүгү менен айырмаланып турат. Ал өзүнө карата айтылган сын-пикирлерди туура кабыл алат. Мекеменин коомдук иштерине дайыма катышып, улуу-кичүүлөргө урмат-сый менен мамиле жасайт. Кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ. Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы Байтереков Нурдин Бекболсуновичти жоопкерчиликтүү жана жөндөмдүү адис катары ................................ сунуштайт.
Сунуштама талап кылынган жерге берилет.
Бишкек шаарынын мэриясынын
Билим берүү башкармалыгынын
начальнигинин м.а. (кол тамгасы)
аты-жөнү
10.06.2020
ЧАКЫРУУ
Урматтуу Чынара Курманалиевна!
Сизди Кыргыз Республикасынын мыйзамдык долбоорун талкуулоо боюнча «Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө» аттуу жыйынга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги чакырат.
Жыйын 2020-жылдын 12-февралында саат 10.00дө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жыйын жайында өткөрүлөт.
Дареги: Жаш Гвардия бульвары, 59-үй, 1-кабат, «Манас ордосу» жайы.
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
Куттуктоо
Урматтуу Венера Саадакбековна!
Сизди жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон 8-Март Айымдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Сизге жаз күнүндөй жаркыраган маанай, узун өмүр, бекем
ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Ар күнүңүз күлкүгө, сүйүнүчкө, кубанычка толсун! Ишиңизде ар дайым ийгиликтер болсун!
Бишкек шаарынын мэриясынын
Коомдук капиталдык курулуш
башкармалыгынын
эмгек жамааты
Көңүл бурганыңыздарга ыракмат!