Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили»
Доклад
Кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили
23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын негизги калкынын, кыргыз улутунун тили. Эне тилди сүйүү ар бир атуулдун адамдык парзы, тагыраагы, эне тил - адамдын кан-жаны менен кошо бүткөн, эне сүтү менен бойго сиңген, боор эт менен тең, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык дөөлөтү, сыймыгы.
Кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, байыркы убактардан бери өнүгүп келе жаткан түрк тилдеринин бири. Кыргыз элинин улуттук маданиятын, адабиятын, тарыхын, салт-санаасын, үрп-адатын кылымдан кылымга сактап келген, аны ар тараптан өнүктүрүүгө шарт түзгөн, азыр улуттук адабий тилге айланган тилдердин бири. Кыргыз тилинде дүйнөдө теңдеши жок “Манас” эпосу жаралган. Мына ушул фактынын өзү кыргыз тилинин көрөңгөлүү, бай, улуу тил экенин далилдеп турат.
1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 10-сессиясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзам кабыл алынды. Бул кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары статусун мыйзам жүзүндө белгилөөгө, кыргыз тилин жана кыргыз элинин улуттук маданиятын сактоого жана өнүктүрүүгө негиз түздү.
Элдин өмүрү анын тилинде демекчи тили жок эл улут боло албайт. Бул тууралуу акын Алтынбек Исмаилов таамай айткан:
"Мен - кыргызмын!" Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон.
«Тил жоголбойт, жоголсо жоголот дил» демекчи тээ ата-бабаларыбыздан калган рухий дөөлөттөрүбүздүн туткасы болгон тилди жоготуп албас үчүн өз эне тилибизде таза сүйлөйлү, өз эне тилибизди сүйөлү деп сөзүмдү жыйынтыктагым келип турат.