СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили Өзүңдү текшер

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы: Көнүгүү иштөө

Граматикасы: сөз  өзгөртүүчү мүчөлөр.

Сабактын максаты: 

♦ Өтүлгөн лексиканы кайталашат,сөз өзгөртүүчү мүчөлөр жөнүндө маалымат алышат, аларды сөз жасоочу мүчөлөдөн ажырата алышат.

♦ Мектеп тартиби менен күндөн күнгө тааныша беришет. Сабакка кечикпөөгө, кыйкырып сүйлөбөөгө үйрөнүшөт.

♦ Өздөштүрүлгөн сөздөрдү андан ары тереңдетүү үчүн практикалык көнүгүүлөрдү аткара алышат. Алган билимдерин турмушта колдоно алышат. Таанып - билүүчүлүк көндүмдөрү өнүгө берет.

1 - тапшырма. - гыла мүчөсүн койгула. Бул тапшырманы окуучулар өз алдынча иштешет. Андан соң жоопторун айтышат, текшеришет. Ар бир сүйлөмгө токтолуп, анын маанисин түшүнүшөт. Мындай жыйынтыкка келишет: ушул 6 сүйлөмдү чоң тамга менен жазып, окуучулардын " алтын эрежеси " катары колдонолу.

Мисалы: 

• Балдар, сабакка кечикпей келгиле

• Дайыма тартиптүү болгула.

• Класста кыйкырып сүйлөбөгүлө.

• Дептерге таза, сулуу жазгыла.

• Китепканага барып, китеп окугула.

• Үй тапшырманы так аткаргыла.

2 - тапшырма. Чачыранды муундардан сөздөрдү курашат.

Схеманын негизинде ишти улантышат.

3 - тапшырма. - ды мүчөсүн коюшат. 1- жана 3- тапшырмалардагы мүчө уланган сөздөрдүн маанилерин талдап, алардын сөз өзгөртүүчүлүк маанисине токтолуу керек. Башка мисалдар менен бышыктоо зарыл.

4 - тапшырма. Өтүлгөн теманы эстеп, сүйлөмдөрдү толуктап жазышат. Окуучулар өз алдынча иштешет. Андан соң айрым сөздөрдү талдоо, мүчөлөрдүн маанисин түшүндүрүү боюнча жупташып иштешет.

5 - тапшырма.Аталган темада балдар өз мугалимдери тууралуу айтып берүүгө машыгышат, бири - бирин толукташат.Сөздөрдү тадоо боюнча бири - биринин билимин текшкришет, баалашат. (Класстер түзушө болот.)

6 - тапшырманы. Окуучулар көз жүгүртүп,ичиненкайталашат. Андан соң хор менен, жекече окушат, маанисин түшүнүшөт