Тема: Тактооч сөз түркүмү
Сабактын максаты: -- Кыргыз тилиндеги тактооч сөз түркүмдөрүн билишет.
-- Тактоочтордун лексико-грамматикалык белгилерине карай топторго бөлүнүшү жана жазылышы, жасалышы боюнча текст менен иштешет, морфолигиялык талдоо жүргүзүшөт, сүйлөм түзүшөт.
--Топто иштөөгө жоопкерчилик менен даярдануу башкаларга жеткиликтүү айтып берүү чеберчилигине ээ болушат, орфографиянын эрежелерин туура сактап,колдонушат.
Көрсөткүчтөр:
Жогорудагы максаттр ишке ашат, эгерде:
Тактоочтордун башка сөз түркүмүнөн айрымаланган белгилерин көрсөтсө;
Тактоочтордун маанилик топторун аныктап, текст менен иштей алса;
Тубаса жанан туунду тактоочторду айрымалап, атаса;
Тактоочтордун жазылышын билсе;
Сүйлөмдөргө морфологиялык, граматикалык, синтаксистик талдоо жүргүзүү.
Сабактын жабдылышы: топторго бирден тиркеме таркатылат. Плакат, маркер.
Сабактын жүрүшү: 1-кадам: Мугалим студенттерге өткөн темалар боюнча суроолор аркылуу акыл чабуулун өткөрөт.
Зат атоочтун жекелик жана көптүк санда колдонулушу.
Зат атоочтор кандай жолдор менен жасалат?
Зат атоочтун лексикалык мааниси
Зат атоочтун морфологиялык белгиси
Зат атоочтун синтаксистик кызматы
Сын атоочтор башка сөз түркүмдөрүнөн кандай белгилери менен айрымаланат?
Сапатык жана катыштык сын атоочтордун бири-биринин айрымачылыктарын айтып бергиле.
Сын атоочтордун даражаларына мисал келтир.
Сын атооч жасоочу куранды мүчөлөргө мисалдарды келтиргиле.
Сан атоочту башка сөз түркүмдөрүнөн айрымачылыктары.
Сан атоочтордун жасалышы.
Ат атооч сөз түркүмдөрүнүн башка сөз түркүмдөрүнөн айрымачылыктары эмнеде.
Ат атоочтордун маанилик түрлөрү.
Ат атоочтордун өзгөрүш өзгөчөлүктөрүн айтып бергиле.
Этиш деп кандай сөздөрдү айтабыз.
Жөнөкөй жана татаал этиштер. Этиштин татаал түрлөрү.
Этиштин маанилик топтору.
Мамиле категориялары
Ыңгай катерогиялары
Чак категориялары
Жак категориялары
2-кадам: Студенттер өз ойлорун айтышат (10 мин).
3-кадам: Жаңы тема: Тактооч сөз түркүмү
План:
Тактооч соз туркуму боюнча жалпы тушунук.
Лексико-грамматикалык бегилерине карай топторго карай болунушу.
Тактоочтордун жасалышы.
Биз, өткөн сабактарда зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч, этиш сөз түркүмдөрүн өттүк. Бүгүн тактооч сөз түркүмүн өтөбүз. Этиш сөздөр зат атоочтордун кыймыл-аракетин ал- абалын билдирсе, кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын көрсөткөн сөздөрдү тактоочтор дейбиз. Алар: качан? кайсы убакта? кандай? канча? качан? кантип? кайдан? канчага? качантан бери? канчага чейин?деген суроолор берилет. М: Студенттер театрга (кайда?) шашып келе жатышат. Сабак саат экиде ( канчада?) башталат. Саат канчада турдуң? Автобуста орун жок болгондуктан, туруп келдим. Күнүгө, ар дайым сүйлөө речибизде колдонобуз.
4-кадам: Студенттер топторго бөлүнүшөт ( 1,2,3,4), топторго тексттер таркатылат. Текстерди окушат, топто талкуулашат, башка топтогуларга түшүнүктүү айтып берүүгө даярданышат (20 мин.)
5-кадам: Ар бир топ өзүнө тиешелүү болгон текстти презентациялашат ( 5-7 мин.).
6- кадам: Адабий текстен тактооч сөздөрүн таап, талдоо жүргүшөт (15 мин)
Алган билимдерин бекемдөө жана ой жүгүртүү учүн суроолор берилет:
Кандай сөздөрдү тактоочтор дейбиз?
Тактоочтордун башка сөз түркүмдөрүрүнөн айрымачылыктарын белгилеп айтып бергиле?
Тактоочтордун бөлүнүшү
Тактоочтордун жасалышы
Тактоочтордун морфологиялык жол менен жасалышы.( мисал келтир)
Тактоочтордун синтаксистик жол менен жасаышы ( мисал келтир)
“ Кыргыз тилиндеги тактоочтор” деген темада эссе жазуу. (5 мин)
Үйгө тапшырма: Тактоочтор катышкан сүйлөмдөрдү көркөм чыгармалардан алты сүйлөм жазып, морфологиялык талдоо жүргүзүп келүү.
Окуучулардын билими сабактын максаттарына берилген көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланат.
Эгерде көрсөткүчтөгү шарттардын баарына жетише алса, анда “ 5” деген баа коюлат;
Көрсөткүчтөгү шарттардын 6-7 гана аткарса, анда “4”;
Көрсөткүчтөгү шарттар жарым – жартылай аткарса “3” деген баа коюлат.
№1 тиркеме . Тактоочтун грамматикалык категориялары.
Тактоочтордун өз алдынча сөз түркүмүн түзөөрү түркология илиминде, анын ичинде кыргыз тил илиминде да, узак мезгилдер бою шектүү каралып келген. Кээбир окмуштуулар аларды өз алдынча сөздөр тобун, сөз түркүмүн, түзөт, дешсе, кээ бирлери тактооч сөздөрдүн бир бөлүгүн сын атоочторго, бир бөлүгүн зат атоочторго ыйгарып келишкен.Тактооч сөз түркүмү тууралуу маселе ойго да келген эмес. Кыргыз тил илиминде сөз түркүмдөрү маселенин жеткилең чечиле бербегендигинен улам, 1950-жылдарга чейин эле тактооч өз алдынча сөз түркүмү болуп мектеп грамматикасына киргизилген эмес. Кыргыз тил илиминин башатында турган кызыл профессор Касым Тыныстановдун окуу китебинде тактооч деген сөз түркүмү катталган эмес. Тактооч сөздөрдүн өздөрү да мисалдар катары тигил же бул сөз түркүмүнөн жолукпайт.
Ү. Асылбековдун педагогикалык окуу жайлары үчүн жазганграмматикасында да тактоочтор сөз түркүмдөрүнү катарына кирбей, көңүл сыртында калган. Мектеп окуучулары үчүн жазылган К,Бакиевдин грамматикасынын бардык басылыштарында тең тактооч жок, башка сөз түркүмдөрүнүн арасынан да тактооч сөздөр мисал ктары жолукпайт.
Кыргыз тилинде тактооч сөздөрдүн өзүнчө сөзтүркүмү катары өз ордун алуусу турулуу алгачкы ой белгилүү тилчи С.Кудайбергеновго таандык. Атайы илимий изилдөө иштерин алып барып, тактоочтордун башка сөз түркүмдөрүнөн болгон айрымычылыктарын ачып, кыргыз тилинде өз алдынча сөз түркүмү боло аларлыгын далилдөөчү С.А.Давлетов жүзөгө ашырган.
Кыймыл- аракеттин ар түрдүү кырдалдарын (орундук, мезгилдик, себеп, максат, сан-өлчөм, сын-сыпат кырдаалдарын көрсөтүп, сүйлөмдө көбүнчө этиш сөздөр менен айкалышып келип бышыктоочтук милдет аткарган сөздөр тактоочтор деп аталат. Алар качан? Кайда? Кайсы? Канча? Кантип? Кандай? деген суроолорго жооп берет
Мисалы: Анаркан баласына жаңы көйнөктү кийгизип жатканда тыштан Дарыяхан акырын кирип келди. Түндөгу даалайга ачык турган барлар, ресторандын эшиктери азыр дымып, зымпыя жабык бойдон.
Тактооч сөздөрдүн маанилери адатта абстрактуу болот. Анткени алар этиш сөздөрдүн түрдүү белгилерин, касиеттерин же орундук жана мезгилдик кырдаалдарын билдирет. Ал эми этиш сөздөр кыймыл – аракетти билдирген сөздөр, баамыбызда, акыл-эсибизде гана конкреттүү болот. Кыймыл-аракет көзгө көрүнбөйт, кыймылга келген зат гана көзгө көрүнөт. Ошонтип, кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалдары да биздин баамыбызда гана абстрактуу түрдө таанып билишет. Тактооч сөздөр качан? кайсы? кайда? канча? кантип? кандай? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Бул жердеги мейманкана европалыктарча жасалгаланыптыр. Кечээ гана тиги кырда жок эле, кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш. Азыр арман кылып калышат.
Тактоочтор башка сөз түркүмүнөн төмөнкү белгилери менен айрымаланат:
1.Лексикалык жактан маанилери абстракттуу болуп, кыймыл – аракеттин,процесстин, ал-абалдын кырдаалын (орундук, мезгилдик, себеп, максат,сан-өлчөм, сын- сыпат кырдаалдарын) билдирет.
2. Морфологиялык жактан тактоотун өзүнө гана тиешелүү куранды (сөз жасоочу) мүчөлөрү бар.
Мисалы: -- ча: балача, кыргызча, баатырларча, аялдарча,маймылча.
-- лап: күндөп-түндөп, жөөлөп- жалаңдап, эртелеп, баштыктап, сенчилеп.
-- лай: жайды-жайлай, кыштай, күндөй, түндөй, күздөй, суудай.
-- лата: улуулата, кичүүлөтө,
-- гары: илгери, тышкары,ичкери.
-- ын: күнүн барып, түнүн кел.
3. Тактоочтордун жөндөмө мүчөлөр аркылуу жасалышы:
Барыш жөндөмөсү аркылуу, (- га ) жатка билет, бирге келди, алга карай.
Жатыш (-ны ) – жайында, кышында, күзүндө, түнүндө.
Чыгыш (- да ) – мурунтан, жогортон, ичкериден.
4. Синтаксистик жактан дайыма этиш сөздөр менен айкашып келип, сүйлөмдө көбүнчө бышыктоочтук милдетти аткарат.
5. Тактооч сөздөрдүн айкалышы жана кайталанышы аркылуу жасалышы:
Бир күнү, тез-тез, таң эртеден, мурда күнү, таң зардан, түнү боюж.б.
Тактоочтор лексикалык-грамматикалык маанилерине карай эки топко бөлүнөн:
Бышыктагыч тактоочтор
Аныктагыч тактоочтор
№2 тиркеме Бышыктагыч тактоочтор
Бышыктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин боло турган мезгилин, өтө турган орун, болуш себеп же максат кырдаалдарын көрсөтөт. Бышыктагыч тактоочтор өз ара бмр нече топторго бөлүнөт.
М: Мурун чыккан кулактан кийин чыккан мүйүз озуптур. Дүйшөнкул бул кыялын чындыкка чыгаруу үчүн күндүр-түндүр иштеди.
1.Мезгил бышыктагыч тактоочторго негизинен төмөнкү сөздөр кирет: азыр, анан, ар дайым, ар качан, ар убак, анда-санда, анда-мында, бүгүн, башта, жана, кез-кезде, кечке, күндө эми, эрте, эртең менен , эрте кеч ж.б.
Табиятына жараша булар, мезгил бышыктагыч тактоочтор төмөндөгүдөй маанилерди билдирет:
а) Өткөн чак этиштер менен айкашып келип, кыймыл-аракеттин өтүп кеткен мезгилдик кырдаалдарын билдире: жана, алда качан, бая, кечээ, капкачан, мурдагүнү, өгүнү, эбак ж.б.
М: Жоробай, бая эле ошенпейсиңби? Анын чабалдыгын алда качан эле билген.
б) Келер чак этиштер менен келип, келечекте боло турган кыймыл-аракеттик мезгилдик кырдаалдарды билдирет: анда, эртең, бүрсүгүнү, кийин ж.б.
М: Андан кийин конктордун тизмисине келсек ... биринчиден, алардын бардыгы тең март, ооздору бекем, и, ниеттери түз болууга тийиш. Эртең кайра жолго чыгышат.
в) Кайсы этиштин чактагы этиштер менен айкашса да кыймыл-аракеттин ушу кезге учурлаш, мезгилдеш, маанилик кырдаалдарын билдирет: эми,азыр, бүгүн, быйыл ж.б.
М: Биз азыр богок оорусу менен күрөшүүнүн чараларын издеп жатпайбызбы.
г) Кыймыл-аракеттин кыска мөөнөттө аткарылыш же узакка сөзулуш мезгилдик кырдаалдарын билдирет: кечке, жайды-жайлай, күндүр-түндүр, жайдыр- кыштыр, кезек-кезек, күнү-түнү,эртели-кеч.ж.б.
М: Кезек-кезек кара бороон буркурап, элдин көзүн ачырбай туруп алды. Күндүр--түндүр “Узак жолун” улаганы улаган.
д) Кыймыл-аракеттин аткарылгандыгы адат болуп калгандык же кайталныш кырдаалдардын билдирет: дайым, дайыма, ар убак, кез-кезде, күндө, эрттели-кеч.ж.б.
М: Эмгек – дайым үмүттөрдүн атасы. Кез-кезде эске түшкөн көкүрөк чөнтөгүндөгү сүрөттү алып, көпкө телмиреткарап коёт.
2. Орун бышыктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин орун, багыт кырдаалдарын билдирет. Кайда? Кайсы жакта? Кайсы жакка? Деген сыяктуу суроолорго жооп берет.
М: Жалгыз караан ары басты. Өйдө кетсең, бөрү жейт, ылдый кетсең, ууру алат, орто жерден чыкпагын.
Орун бышыктагыч тактоочторго негизинен төмөнкү сөздөр кирет: алга, ары, артка, алда кайда, жогору, алды-артында, ары-бери, бери-мында, илгери (алдыда деген мааниде), өйдө, төмөн ж.б.
Орун бышыктагыч тактоочтор төмөндөгүдөй маанилерди билдирет.
а) Кыймыл-аракеттин ордун, субьектиге карата жайгашкан жерин (алыс, жакын экендигин) көрсөтөт да, кайда? Кайсы жакта? Кайсы жакка? Кайсы жактан? Деген суроолорго жооп берет. Мындай касиетке көбүнчө, ат атоочтон пайда болгон тактоочтор ээ болушат: анда, алда кайда, алда кайдан, мында, тигинден ж.б.
М: Алыстан келе жаткан кишилерди көзүнүн кыйыгы менен карайт.Алда кайдан кебез тартып келаткан кербенчинин төөлөрундөй чубашты.
б) Орун бышыктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин багыт кырдаалдарын да билдирет: ары,бери, жогору, илгери, өйдө төмөн, кийин, ылдый ж.б
М: Эт-бети менен боюн таштай илгери умтулду. Акмат тырмалап отуруп, арчанын башына жогору чыкты. Өйдө-төмөн чапканы эмгиче Зуурага сезилбептир го.
Себеп жана максат бышыктагыч тактоочтор кыргыз тилинде өтө эле аз. Буларга аргасыздан, атайын, атайлап, капилеттен, эрксизден деген өңдүү саналуу гана сөздөр кирет да, алар кыймыл- аракеттин аткарылышына себеп болгон кырдаалдарды билдирет.
М: Атайлап түшүнбөгөн киши болуп жер карады. Атчандардынбири көпүрөгө келгенде атынын оозун тартып, капыстан артка бурулуп, чаптырып жөнөдү.
Булар себеп жана максат бышыктагыч тактоочтор, сын-спаттык маанилерге ээ болушат: Атайылап айтылган сөз анын сөөгүнөн өтө түштү.
Аныкталгыч тактоочтор:Аныктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин сын-сыпат, сан- өлчөм кырдаалдардын аныктап билдирет. Аныктагыч тактоочтор өз ара дагы эки топко бөлүнөт.
1.Сын – сыпат аныктагыч тактоочтор кыймыл – аракеттин аткарылыш ыгын, сапттык белгилерин көрсөтүп, кандай? кантип? кандайча? Кимче? Эмнече? Деген сыяктуу суроолорго жооп берет.
М: Жумагүл менен Кабыл экөө жалгыз чаканы божуга серейтип асып коюп, жылтылдаган оттун тегерегинде гана жым – жырт отурат эле. Адамча сураса кайра итче үрө баштаганын көрчү !?
Сын – сыпат аныктагыч тактоочторго акырын, аста, адамча, тымызын, тез, бат, дароо, ылдам, жай, бирге, бетме-бет, кайра, араң, зорго, жымжырт, жайбаракат өңдүү сөздөр кирет. Булар төмөндөгүдөй грамматикалык маанилерди билдирет:
а) Кыймыл – аракеттин ылдамдык касиетин, ылдамдык кырдаалын билдирет: “Кана, алып кетчи”, деп бат-бат айтып эңкейе Караганда, атчандын чоң көгала сакалы шамал тийген бедедей сеңселе түштү. Алайдан тоссоң жолумду, акырын шилтеп колуңдү ...
б) Кыймыл – аракеттин көтөрүңкү же басаңдаган (өчүңкү) мүнөздө экендик кырдаалын бидирет: -- Бар, арам катын, жыргадың! – деп эле угузбай акырын унчугуп, артынан түртүп койду. Анча – мынча эс алмакчы болду. Эки сүрөтчү келгенде, Жапар алка – шалка тердеп кетти.
в) Кыймыл – аракеттин кайталаш, узакка созулуш өзгөчө кырдаалын билдирет: Анын көзү, кайта-кайта карай берди. Уккандын баарын нас кылып, үстү-үстүнө бастырып.
г) Кыймыл – аракеттин ишке ашыш кырдаалдарын көрсөтөт: Астыңдан атың мен алдым, досум, астыртан тиктеп сен калдың, досум.
д) Башка аракетке, башка заттын аракетине салыштыруу аркылуу кыймыл – аракеттин ишке ашар кырдаалын билдирет: Тиги киши кыргызча шар кетпегени менен тилди дурус түшүнөт.
2. Сан – өлчөм аныктагыч тактоочтор кыймыл – аракеттин көлөмдүк, өлчөмдүк белгилерин көрсөтөт. Алар канча? Нече? Канчалык? Нечелеп? Канчалап? Деген сыяктуу суроолорго жооп берет: барынча, болушунча, жетишинче, жапырт, аз – маз, ушунчалык, ошончолук, аз-аздан, саал - пал, бир-бирден, көп-көптөн ж.б.
М: Чилде түшүп, аяз барынча күчөп турган кез . Камка кары анча шашпайт.
№ 3 тиркеме Тактоочтордун жасалышы
Тактоочтордун морфологиялык жол менен жана синтаксистик жол менен жасалган тактоочтор болуп экиге бөлүнөн. Түзүүчү негизге сөз жасоочу мүчөнү жалгоо аркылуу жасалган тактоочтор морфологиялык жол менен жасалат.
Морфологиялык жактан тактоочтун өзүнө гана тиешелүү куранды бар.
Алар: - ча: бала + ча – балача, адам + ча = адамча;
-лап: эрте + лап = эртелеп, күн + лап = күндөп; түн + лап = түндөп.
--чылап: мен + чилеп, силер + чилеп, Асан + чылап, орус + чалап
-- лай: жай + лай, акча + лай, ылдам + дай, тез + дей, эгин + дей
-- лата: жай + лата, улуу + лата, кичүү + лөтө, кыш + тата
-- чалык: Айжан + чалык, Үсөн + чөлүк, тыйын + чалык
-- сын: кышкы + сын, түнкү + сүн, жайкы + сын
Морфологиялык жактан тактоочтун бир тобу жөндөмө мүчөлөрдүн атооч уңгуларга биротоло ажырагыс болуп кошулуп кетишинен да жасалат.
-- барыш жөндөмө менен уюшулган тактоочтор: алга, зорго, күнгө, күчкө, бекерге, бир азга, жалпыга, ж.б.
-- жатыш жөндөмө менен уюшулган тактоочтор: түштө, мында (бу-нда), кээде, алдыда, эзелде жб.
-- чыгыш жөндөмө менен уюшулган тактоочтор: илгертен, кокустан, азыртан, абалтан, эзелтен, эмитен, жанатан,мурунтан ж.б.
Синтаксистик жол менен жасалган тактоочтор
Тутумунда экиден кем эмес түзүүчү негизи болгон, алар жалпысынан бир маанини билгизип, сүйлөмдүн бир мүчөсү болуп кызмат аткарган тактоочтор синтаксистик жол менен жасалган тактоочтор деп аталат. Буларды татаал тактоочтор деп аталат.
Татаал токтоочтор өз ичинен кош жана кошмок тактооч болуп экиге бөлүнөт.
Кош тактоочтор. Грамматикалык касиети жагынан тактоочтун өзгөчөлүгүнө ээ болгон кош тактоочтор деп аталат. Булалдын компотенттеринин арасына дефис коюлат: оозмо – ооз, бетме – бет, жайды – жайлай, кышты – кыштай, бүгүн – эртең ж.б.
Кош тактоочтор төмөндөгүдөй ыкмалар менен жасалат?
а) уңгулардын кайталанышы аркылуу: кайра – кайра, бат – бат, тез – тез, алыс – алыс, илгери – илгери, кез - -кез, ылдам – ылдам, мурда – мурда, сүйлөй – сүйлөй, кезек – кезек, каптап – каптап ж.б.
б) уңгулардын маанилик жактан каршылашып келип, антонимдик жупташышы аркылуу:өйдө – ылдый, олбуй – солбуй, илгери – кийин,
астын – үстүн, ары – бери, чогуу – чаран, эртели – кеч, жайы–кышы,
оңду – солду ж.б.
в)экинчи компотентимейкиндик жөндөмөлөр формасында турган тактоочтор аркылуу:кез – кезде, аз – аздан, бат – баттан, топ – топтон, беш – бештен, он – ондон ж.б.
г) эки компоненти тең жөндөмөлөр формасында турган тактоочтордун жупташып келиши аркылуу: анда – санда, андан – мындан, ойдон – тоодон, кээде – кээде, күндө – түндө ж.б.
д) биринчи компонентине --мамүчөсүнүн жалганышы аркылуу: оозмо – ооз, колмо – кол, жекеме – жеке, айылма – айыл, жүзмө – жүз, бетме – бет, көзмө көз, түтүнмө – түтүн, шаарма – шаар ж.б.
е) эки компонентине тең -- дыр мүчөсүнүн жалганышы аркылуу: жайдыр – кыштыр,
күндүр – түндүр, эртедир – кечтир, жакшыдыр – жамандырж.б.
ж) биринчи түгөйү (компоненти) чыгыш жөндөмөсүндө болуп кайталанган сөздөрдөн: бирден – бир, ачыктан – ачык, көптөн – көп, өзүнөн – өзү, уламдан –улам ж.б.
Кошмок тактоочтор: Грамматикалык касиети жагынан тактоочтун белгилерине ээ болгон кошмок сөздөр кошмок тактоочтор деп аталат. Булардын компоненттери өз – өзүнчө жазылат да, араларына эч белги коюлбайт: алда кайда, алда качан, ар качан, эч убакта, бир кезде, бир күнү, ар жылы, бир жылы, ар убак, ар дайым, эч жерде, эч кандай ж.б.Кошмок тактоочтордун биринчи компоненттери катары көбүнчө эч, бир, ар, алда сөздөрдү колдонулат. Ушул жагынан да, тактоочтордун ат атоочторго жакын экендиги байкалат.Бир катар кошмок тактоочтор тилдин өнүгүү процессинде фонетикалык жактан өзгөрүп,бир бүтүндүккө айланып кеткен.Алар тилдин азыркы мезгилинде жөнөкөй сөз,тагыраак айтканда,жөнөкөй тактооч болуп калган: өгүнү,былтыр,быйыл, бүгүн,эчак ж.б.Мындай тактоочторду тарыхый планда гана татаал тактооч катары кароого болот.
№ 4 тиркеме Тактоочтун даражалары.
Тактоочтун сын атоочко окшоштугу даража категориясынан да байкалат. Даража сын атоочто бир кыйла өнүккөн болсо, тактоочто анча өнүккөн эмес. Анын үстүнө тактоочтун даражалары адатта кыймыл-аракетке тиешелүү болот. И.Абдувалиев өзүнүн эмгегинде тактоочтун даражалары жөнїндө атайын токтолгон эмес. Ошондой болсо да азыркы кыргыз тилинде тактоочтун төмөнкїдөй даражалары бар экендиги байкалат:
1. Жай даража.
2. Салыштырма даража.
3. Күчөтмө даража. (6, 199-б.)
Жай даражанын өзүнө гана тиешелүү атайын тил каражаттары жок. Мына ушул белги аркылуу калган даражалардан айырмаланат. Демек, тактоочтордун жай даражасы сын атоочтун жай даражасы сыяктуу эле ноль формасында турат жана калган даражалардын жасалышына негиз болот. Бул даражаларда көбүнчө сын-сыпаттык, орун-аралык маанидеги бир катар тактоочтор турат.. Алар кыймыл-аракетке мүнөздүү болгон белгини кадимки норма катары туюндурат: тез, ылдам, ыкчам, жай, нары, бери, эрте, кеч ж.б. Мисалы:
Жаш өспүрүмдөр адатта тез чоноюп, ар нерсени ыкчам сезишет.
(Тез, ыкчам деген тактоочторго кандай? деген суроо берилет, жай даража болуп саналат.)
Салыштырма даража кыймыл-аракеттин белгиси нормалдуу белгиге караганда айырмалуу экендигин билгизет. Тактооч да сын атоочтун салыштырма даражасы сыяктуу -ыраак мүчөсү менен жасалат. Мисалы:
Азыраак сүйлөп, көп тынша.
Аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт,
Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыншайт.
Бул китеп дептерден чонураак.
Салыштырма даражасын бир аз күчтүү же күчсүз экендигинин маанисин дагы айкыныраак туюндуруу үчүн саал, анча-мынча, жана деген сыяктуу сөздөрдү колдонууга болот.
Мисалы:Ал киши саал нарыраак басты да, колундагы кагазга дагы бир жолу көз чаптырды.
(Саал нарыраак - тактооч, кандай? деген суроо берет. Сүйлөмдө бышыктоочтун милдеттин аткарды. -ыраак мүчөсү аркылуу салыштырма тактооч уюштурулду.)
Сын атооч сыяктуу -ыраак мүчөсү да, суроосу да окшош. Айырмачылыгы сүйлөм мүчөсү катары эки башка милдет аткарышы. Сын атоочтор эки заттын бири – биринен белгиси боюнча айрымалайт (салыштырат). М: Бал, канттан таттуураак, Айшага караганда Асан улуураак.
Күчөтмө даража кыймыл - аракеттин белгисин нормадагыга караганда өтө айырмалуу экендигин туюндурат да, төмөнкүдөй жолдор менен жасалат:а)эн, аябай, өтө, сыяктуу күчөтмө маанидеги сөздөрдүн тактоочко айкашуусу аркылуу. Мисалы: эн ылдам, аябай бат, өтө тез, абдан кеч, аябай эрте.
б) Бир эле тактоочту кайталап колдонуу аркылуу. Мисалы: аран-аран, зорго-зорго, тез-тез.
Мындай даража сын атоочтор сыяктуу бир эле сөздүн ар түрдүүчөөзгөрүшү аркылуу дээрлик жасалбайт. Бир эле сөздүн кайталанып колдонушу аркылуу тактоочтун күчөтмө даражасынын жасалышында дагы бир өзгөчөлүк бар. Ал алгач компоненттин чыгыш жөндөмөсїндө турушунан байкалат. Мисалы: ачыктан -ачык, тикеден-тике, түздөн-түз ж.б.
Ошентип, даража категориясы сын атооч менен тактоочко орток: ачыктан болгону менен таралышы, көп же аз сөздөргө тиешелүүлүгү жана жасалыш өзгөчөлүктөрү жагынан бул эки сөз түркүмүндө бири-биринен айырмаланып турат.
Күчөтмө даражадагы сын атоочтор менен күчөтмө даражадагы тактоочтордун жасалуу жолдору окшош. Башкача айтканда жогорудагыдай бөлүкчөлөр аркылуу жасалат
Адабияттар:
Абдувалиев И., Садыков Т.” Азыркы кыргыз тили”. (Морфология). - Бишкек, 1997.
.Абдувалиев И. “Кыргыз тили”. - Бишкек, 2003.
.Абдулдаев Э., Давлетов С. “Кыргыз тили.” (Пединституттардын педагогикалык факультеттери үчүн окуу китеби). - Фрунзе, 1986.
.Азыркы кыргыз тили. (Сөз түркүмдөрү. 211-бөлүм).- Фрунзе, Кыргызмамбас,1958.
Грамматика киргизского литературного языка. (1 часть. Фонетика и морфология).- Фрунзе: 1987.
6. Давлетов С., Кудайбергенов С. “Азыркы кыргыз тили”. (Морфология).-Фрунзе,1980.
7. Эшимбекова К. “ Сын атооч менен тактоочтун окшоштугу жана айырмасы” Бишкек,2007
Тактоочтун грамматикалык категориялары.
Тактооч өзүнчө сөз түркүмү катары түркология илиминде, анын ичинде кыргыз тил илиминде да жетиштүү денгээлде изилденген. Кыргыз тили илиминин башатында турган кызыл профессор К.Тыныстановдун окуу китебинде тактооч деген сөз түркүмү катталган эмес. Кээ бир окумуштуулар тактооч өз алдынча сөз түркумүн түзөт дешсе, кээ бирлери тактооч сөздөрдүн бир бөлүгүн сын атоочко, бир бөлүгүн зат атоочко кошуп келишкен.Тактоочтун башка сөз түркүмүнөн болгон айырмасын ачып, өзүнчө сөз түркүмү экендигин окумуштуу С.Давлетов "Тактоочтор" (1960) деген эмгегинде далилдеген.
Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын (ордун, мезгилин, себебин, максатын, сан - өлчөмүн, сын - сыпатын) көрсөтүп, сүйлөмдө көбүнчө этиш сөздөр менен айкашып келип бышыктоочтук милдет аткарган сөздөр тактоочтор деп аталат.
Ал сөз түркүмүнүн ичинен сын атоочко эн эле жакын турат, сын атооч сыяктуу бир катар тактоочтор белгини көрсөтүп, кандай? деген суроого жооп болуп тїшө алат. Мисалы:
Терен дарыя тынч агат.
Эрте ысыган бат муздайт.
Бөксө чайнек бат кайнайт.
Ушул жерден сын-сыпат тактооч менен сын атооч окшош десек болот. Анткени үчөөнө тен эле кандай? деген суроо берилип жатат. Муну менен биз эки нерсени түшүнүшүбүз керек. Тактооч дайыма этиштин ар түрдүү кырдаалын ачык көрсөтөрүн, сын атооч зат атоочтон мурда келип, заттын ар түрдүү белгилерин көрсөтөрїн ажыратабыз. Муну жогорудагы макал-ылакаптардан бир эле сүйлөм ичинде далилдесек болот. 1- сүйлдөмдөгү терен, тынч деген сөздөрдүн экөөнө тен кандай? деген суроо берилди. Бул окшоштугу. Ал эми айырмачылыгы терен - сын атооч, себеби заттын (дарыянын) белгисин ачып көрсөтсө, тынч – тактооч, себеби этиштин сын – сыпатын (дарыянын кандай агаарын) билгизди.
Тактоочтор башка сөз түркүмүнөн төмөнкү белгилери менен айырмаланат:
Кыймыл - аракеттин ар түрдүү кырдаалын (ордун, мезгилин, себебин, максатын, сан -өлчөмүн, сын-сыпатын) билгизип, маани жактан абстрактуу келет.
Морфологиялык жактан тактоочтун өзүнө гана тиешелүү куранды мүчөлөрү бар.
Алар:
- ча: бала + ча – балача, адам + ча = адамча;
-лап: эрте + лап = эртелеп, күн + лап = күндөп; түн + лап = түндөп.
--чылап: мен + чилеп, силер + чилеп, Асан + чылап
-- лай: жай + лай, акча + лай, ылдам + дай, тез + дей
-- лата: жай + лата, улуу + лата, кичүү + лөтө, кыш + тата
-- чалык: Айжан + чалык, Үсөн + чөлүк, тыйын + чалык
-- сын: кышкы + сын, түнкү + сүн, жайкы + сын
Синтаксистик жактан этиш сөздөр менен айкашып келип, сүйлөм тизмегинде бышыктоочтук милдет аткарат.
Мына ушул үч белги тактоочту өзүнчє сөз түркүмүн кылып турат. Тактоочтор лексика-грамматикалык маанилерине карай экиге бөлүнөт:
1. Бышыктагыч тактоочтор.
2. Аныктагыч тактоочтор.
Бышыктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин боло турган мезгилин, өтө турган ордун, болуш себебин, же максатын көрсөтүп, өз ара бир нече топко бөлүнөт.
Мезгил тактоочтор.
Кыймыл-аракеттин боло турган учурун, мезгилин көрсөтүп, Качан? Качантан бери? Кайсыкезде? Качанга чейин? деген суроолорго жооп берет.
Мезгил бышыктагыч тактоочторго негизинен төмөнкү сөздөр кирет: азыр, анан, ар дайым, ар качан, ар убак, бүгүн, кез-кезде, эртен, эртели-кеч, жайды - жайлай, кышты-кыштай, мурун, кийин ж.б.
Мисалы: Мурунку чыккан кулактан, кийинки чыкканмүйүз өтүптүр.
Орун тактоочтор.
Кыймыл-аракеттин боло турган ордун, багыттын көрсөтөт да кайсы? Кайда? Кайсы жактан, кайсы жакка? деген суроолорго жооп берет. Алга, артка, алды-артына, ары-бери, илгери, жогору, төмөн, анда-мында, ушунда ж.б.тактоочтор кирет.
Мисалы: Алда кайдан кербен тартып келаткан,
Кербенчинин төөлөрүндөй чубашкан.
Себеп жана максат тактоочтор.
Кыргыз тилинде сан жагынан өтө аз. Буларга: аргасыздан, атайын, эрксизден деген саналуу сөздөр кирет.
Мисалы: Атайлап түшүнбөгөн киши болуп жер карады.
Себеп жана максат бышыктагыч тактоочтор сын-сыпаттык маанилерге да ээ болушат.
Мисалы:Аяктуу сөзгөаргасыз жооп кайтарат.
Аргасыз деген сын-сыпат тактооч, кандай? деген суроо берилди. Бышыктоочтун милдеттин аткарды.
Аныктагыч тактоочтор.
Мындай тактоочтор кыймыл-аракеттин сын-сыпатын, сан -өлчөмїн билдирип, өз ара бир нече топко бөлүнөт.
Сын-сыпат аныктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин ар түрдүү сапаттык жагынан өзгөчөлүгүн кандай ык менен ишке ашырыларын, белгисин көрсөтүп кандай? кантип? кандайча? кимче? эмнече? деген суроолорго жооп берет: акырын, аста, адамча, айбанча, тымызын, тез, дароо, бат, ылдам, жай, бирге, бетме-бет, оозмо-ооз, каадасынча, мурункусунча, өзүнчө, көзүнчө, менчилеп, сенчилеп ж.б. сөздөр кирет.
Мисалы: Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев өз элин коргоп баатырларча курман болду.
( Баатырлар - зат атооч, -ча мүчөсү уланып тактооч болду да, кантип? деген суроого жооп берди. Сүйлөмдө бышыктоочтук милдет аткарды.)
Эпосто баатырлардын аттары адамча сүйлөйт.
( Адам - зат атооч, -ча мүчөсү уланып, сын-сыпат тактооч болду да, кандайча? деген суроо берилди. Сүйлөмдө бышыктоочтук милдет аткарды.)
Сан-өлчөм аныкталгыч тактоочтор кыймыл аракеттин сан-өлчөм жактан өзгөчөлүгүн билдирип, канча? нече? канчалык? канчалап? нечелеп? деген суроолорго жооп берет: барынча, болушунча, жетишинче, жапырт, аз - маз, ушунчалык, ошончолук, аз-аздан, саал-паал, бир-бирден, көп-көптөн ж.б. сөздөр кирет.
Сан-өлчөм аныкталгыч тактоочтор кыймыл аракеттин сан-өлчөм жактан өзгөчөлүгүн билдирип, канча? нече? канчалык? канчалап? нечелеп? деген суроолорго жооп берет: барынча, болушунча, жетишинче, жапырт, аз - маз, ушунчалык, ошончолук, аз-аздан, саал-паал, бир-бирден, көп-көптөн ж.б. сөздөр кирет. Мисалы:
Камка кары анча шашпайт.
(Анча деген сан-өлчөм тактооч болду да, кандай? деген суроого жооп берди. Сүйлөмдө бышыктоочтун милдеттин аткарды.)
Тактоочтордун морфологиялык жол менен жасалышы
Негизги сөз жасоочу мүчө жалгоо аркылуу жасалган тактоочтор морфологиялык жол менен жасалган тактоочторго жатат. Кайсы сөз түркүмүнөн жасалгандыгына карай өз ичинен бир нече топко бөлүнүшөт.
1. Зат атоочтон жасалган тактоочтор. Мындай тактоочторду жасоодо төмөнкү мүчөлөр колдонулат:
-ча: бул мүчө кыргыз тилинде гана эмес, башка турк тилдеринде да тактоочту жасоочу өнүмдүү мүчө. Анын жардамы менен зат атоочтон жасалган тактоочтор кандайдыр бир нерсенин кыймыл-аракетин негиз аркылуу туюндурулган нерсенин кыймыл-аракетине окшоштуруп билгизет: жолборсчо качырды, бүркүтчө шаншыды.
-лап: бул мүчөнүн жалганышы менен жасалган тактоочтор сыртынан караганда -ла жана -ып мүчөсү уланган этиштерге окшоп кетет. Мисалы: Экөөлөп, кооздоп деген сөздөр -ып формасындагы чакчылдар. Ал эми айлап - жылдап деген сөздөр -лап мүчөсү аркылуу жасалган тактоочтор. -лап мүчөсү аркылуу мезгилдик маанидеги зат атоочтон жасалган тактоочтор кыймыл-аракеттин болуш, канчалык созулуш мезгилин билгизет: күндөп, түндөп, айлап, жылдап ж.б.
-чылап: мүчөсү зат атоочторго негиз аркылуу туюндурулган заттын кыймыл-аракетине окшоштуруларын салыштырып билгизет.
-лай: мүчөсү аркылуу жасалган тактоочтор көбүнчө кыймыл-аракеттин канча мезгилге чейин созулушун билгизет: күздөй, жаздай, жайдай, күздү-күздөй, жайды-жайлай ж.б. Мисалы:
Жайды-жайлай ырдады, ийнелик жаны тынбады.
(Жайды-жайлай деген тактооч болду да, бышыктоочтук милдет аткарды. Кантип? деген суроо берди.)
-лата: деген мүчө зат атоочко уланып да, сын атоочко уланып да тактооч жасайт: жаздaтa, күздөтө,кыштата. (Бул жерде жаз, күз, кыш зат атооч сөздөргө -лата мүчөсү уланып тактооч жасалды.) Мисалы:
Кымыз куюлду. Улуулата сунулду.
(Улуу - зат атооч, -лата мүчөс уланып тактооч болду. Сүйлөмдө бышыктоочтун милдеттин аткарат да, кандай? же кантип? деген суроо берилет.)
Тактоочтун даражалары.
Тактоочтун сын атоочко окшоштугу даража категориясынан да байкалат. Даража категориясы сын атоочто бир кыйла өнүккөн болсо, тактоочто анча өнүккөн эмес. Анын үстүнө тактоочтун даражалары адатта кыймыл-аракетке тиешелүү болот. И.Абдувалиев өзүнүн эмгегинде тактоочтун даражалары жөнїндө атайын токтолгон эмес. Ошондой болсо да азыркы кыргыз тилинде тактоочтун төмөнкїдөй даражалары бар экендиги байкалат:
1. Жай даража.
2. Салыштырма даража.
3. Күчөтмө даража. (6, 199-б.)
Жай даражанын өзүнө гана тиешелүү атайын тил каражаттары жок. Мына ушул белги аркылуу калган даражалардан айырмаланат. Демек, тактоочтордун жай даражасы сын атоочтун жай даражасы сыяктуу эле ноль формасында турат жана калган даражалардын жасалышына негиз болот. Бул даражаларда көбүнчө сын-сыпаттык, орун-аралык маанидеги бир катар тактоочтор турат.. Алар кыймыл-аракетке мүнөздүү болгон белгини кадимки норма катары туюндурат: тез, ылдам, ыкчам, жай, нары, бери, эрте, кеч ж.б. Мисалы:
Жаш өспүрүмдөр адатта тез чоноюп, ар нерсени ыкчам сезишет.
(Тез, ыкчам деген тактоочторго кандай? деген суроо берилет, жай даража болуп саналат.)
Салыштырма даража кыймыл-аракеттин белгиси нормалдуу белгиге караганда айырмалуу экендигин билгизет. Тактооч да сын атоочтун салыштырма даражасы сыяктуу -ыраак мүчөсү менен жасалат. Мисалы:
Азыраак сүйлөп, көп тынша.
Аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт,
Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыншайт.
Бул китеп дептерден чонураак.
Салыштырма даражасын бир аз күчтүү же күчсүз экендигинин маанисин дагы айкыныраак туюндуруу үчүн саал, анча-мынча, жана деген сыяктуу сөздөрдү колдонууга болот. Мисалы:
Ал киши саал нарыраак басты да, колундагы кагазга дагы бир жолу көз чаптырды.
(Саал нарыраак - тактооч, кандай? деген суроо берет. Сүйлөмдө бышыктоочтун милдеттин аткарды. -ыраак мїчөсї аркылуу салыштырма тактооч уюштурулду.)
Сын атооч сыяктуу -ыраак мүчөсү да, суроосу да окшош. Айырмачылыгы сүйлөм мүчөсү катары эки башка милдет аткарышы.
Күчөтмө даража кыймыл - аракеттин белгисин нормадагыга караганда өтө айырмалуу экендигин туюндурат да, төмөнкүдөй жолдор менен жасалат:
эн, аябай, өтө, сыяктуу күчөтмө маанидеги сөздөрдүн тактоочко айкашуусу аркылуу. Мисалы: эн ылдам, аябай бат, өтө тез, абдан кеч, аябай эрте.
бир эле тактоочту кайталап колдонуу аркылуу. Мисалы: аран-аран, зорго-зорго, тез-тез.
Мындай даража сын атоочтор сыяктуу бир эле сөздүн ар түрдүүчөөзгөрүшүаркылуу дээрлик жасалбайт. Бир эле сөздүн кайталанып колдонушу аркылуу тактоочтун күчөтмө даражасынын жасалышында дагы бир өзгөчөлүк бар. Ал алгач компоненттин чыгыш жөндөмөсїндө турушунан байкалат.
Мисалы -ачык, тикеден-тике, түздөн-түз ж.б. Ошентип даража категориясы сын атооч менен тактоочко орток: ачыктан болгону менен таралышы, көп же аз сөздөргө тиешелүүлүгү жана жасалыш өзгөчөлүктөрү жагынан бул эки сөз түркүмүндө бири-биринен айырмаланып турат.
Күчөтмө даражадагы сын атоочтор менен күчөтмө даражадагы тактоочтордун жасалуу жолдору окшош. Башкача айтканда жогорудагыдай бөлүкчөлөр аркылуу жасалат.
Тактоочтордун синтаксистик жол менен жасалышы.
Тутумунда экиден кем эмес түзүүчү негизи болгон, алар жалпысынан бир маани билгизип, сүйлөмдүн бир мүчөсү болуп кызмат аткарган тактоочтор синтаксистик жол менен жасалган тактоочтор деп аталат. Буларды татаал тактоочтор деп аталат. Татаал тактоочтор сын атооч сыяктуу кош жана кошмок болуп эки топко бөлүнөт.
Кош тактоочтор.
Грамматикалык касиети жагынан тактоочтун өзгөчөлүгүнө ээ болгон кош сөздөр кош тактоочтор деп аталат. Булардын компоненттеринин арасына сызыкча коюлат. Мисалы: оозмо-ооз, бетме-бет, жайды-жайлай, кышты-кыштай ж.б.
Кош тактоочторду жасалышына карата негизинен төмөнкү түрлөргө бөлүүгө болот:
Негиздердин кайталанышы же жупталышы менен жасалган тактоочтор: бат-бат, тез-тез, ылдам-ылдам, өйде ылдый, ары-бери ж.б.
Биринчи компоненти негизги формасында туруу менен жасалган тактоочтор. Мындай типтеги тактоочтордун экинчи компоненти мейкиндик жөндөмөлөрдїн формасында болот: кез-кезде, кїндө-кїндө, анда-санда, андан-мындан ж.б.
Биринчи компонентине негиз формасында, экинчи компоненти жөндөмөлөр формасында туруу менен жасалган тактоочтор. Мындай типтеги тактоочтордун экинчи компоненти мейкиндик жөндөмөлөрдїн формасында болот: кез-кезде, аз-аздан ж.б.
Эки компоненти тен жөндөмөлөр формасында турган тактоочтор: кээде-кээде, кїндө-кїндө, анда-санда, андан-мындан ж.б.
Биринчи компонентине -ма мүчөсү жалганып, экинчи компоненти негиз түрүндө турган тактоочтор: үймө-үй, көзмө-көз, жекеме-жеке, колмо-кол ж.б.
Кошмок тактоочтор.
Грамматикалык касиети жагынан тактоочтун белгилерине ээ болгон кошмок сөздөр кошмок тактоочтор деп аталат. Булардын компоненти өз-өзүнчө жазылат, да араларына эч белги коюлбай жазылат: алда кайда, алда качан, ар качан, эч убакта, бир кезде, бир кїнї, ар убак, ар дайым, эч кандай ж.б.
Мисалы: Эч убакта, эч качан, эч нерсе унутулбайт.
Кошмок тактоочтордун биринчи компоненттери катары көбүнчө эч, бир, ар, алда деген сөздөрү колдонулат.
Адабияттар:
Абдувалиев И., Садыков Т. Азыркы кыргыз тили. (Морфология). - Бишкек, 1997.
.Абдувалиев И. Кыргыз тили. - Бишкек, 2003.
.Абдулдаев Э., Давлетов С. Кыргыз тили. (Пединституттардын педагогикалык факультеттери үчүн окуу китеби). - Фрунзе, 1986.
.Азыркы кыргыз тили. (Сөз тїркїмдөрї. 211-бөлїм).- Фрунзе, Кыргызмамбас,1958.
5..Грамматика киргизского литературного языка. (1 часть. Фонетика и морфология).-
Фрунзе: 1987.
6. Давлетов С., Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили. (Морфология). - Фрунзе, 1980.
7. Эшимбекова К. Сын атооч менен тактоочтун окшоштугу жана айырмасы.-Бишкек,2007