СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили тест 10-класс

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили тест 10-класс»

Кыргыз тил жана адабият боюнча тест
10 класс

1. Сүйлөмдөр айтылыш максатына карай кандай бөлүнөт?
а) толук, кемтик в) бир тутумдуу, эки тутумдуу

б) жөнөкөй, тутумдаш г) жай, суроолуу, илептүү, буйрук

2. Макалды толукта.
Билимдүүгө … жарык.
а) билек б) дүйнө в) эл г) шаар

3. Ээрчишүү сөз айкашы кайсы?
а) үй бүттү б) бийик үй в) мектепке барат г) баланын оюнчугу

4. Төмөнкү сүйлөм бир тутумдуу сүйлөмдүн кайсы түрүнө кирет?
Эмнени эксең – ошону оросуң.
а) жактуу сүйлөм б) атама сүйлөм в) жаксыз сүйлөм г) кемтик сүйлөм

5. Таандык сөз айкашы кайсы?
а) ал окуду б) жакшы бала в) үйдүн терезеси г) алыс жашайт

6. Атама сүйлөм тап.
а) Боюн көр да, оюн көр. б) Тоодо күн караңгылады
в) Боз кыроо маалы. в) Менин досум шаарда жашайт

7. Кайсыл сүйлөм кемтик?
а) Караңгы түн б) Мен келдим в) Өнөр алды-кызыл тил г) Хан ачууланды

8. Ыкташуу сөз айкашы кайсы?
а) жакшы иштейт б) окуучуга берди в) мектепке барды г) кыргыздын салты

9. «Олжобай менен Кишимжан» эпосу
а) баатырдык эпос б) социалдык-турмуштук эпос в) сүйүү дастаны г) аңгеме эпос

10. «Кедейкан» эпосундагы Кедейкандын өз аты.
а) Азимкан б) Керээз м в) Курама г) Коңурбай

11. «Үч залкар» манасчы ким?
а) Зияш Бектенов, Кеңеш Жусупов, Жалил Сыдыков
б) Алыкул Осмонов, Жоомарт Бөкөнбаев, Касым Тыныстанов
в) Жусуп Мамай, Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков
г) Ыбрай Абдрахманов, Кусейин Карасаев, Ишеналы Арабаев

12. Олжобайга Кишимжан ким болот?
а) апасы б) карындашы в) кудасы г) таеэжеси

13. Жусуп Мамай «Манасты» канча урпагына чейин айткан?
а) 10 б) 8 в) 6 г) 3

14. Хан болуп калган кедейдин аты?
а) Азимкан б) Эшен в) Кедейкан г) Олжобай

15. «Манас» эпосу боюнча драманы ким жазган?
а) Кеңеш Жусупов б) Жоомарт Бөкөнбаев в) Жусуп Мамай в) Жалил Сыдыков

16. Сөз түркүмдөрү канча топко бөлүнөт?

А) 10 Б) 8 В) 2 Г) 6

17.Комузун кайсы жөндөмөдө турат?

А) барыш Б) табыш В) атооч Г) илик

18.Акылсыз, шаардык деген сын атоочтор кайсыл сөз түркүмүнөн жасалды ?

А) этиштен Б) сан атоочтон В)сын атоочтон Г) зат атоочтон.

19.Областык олимпиадада орун алгандар бешөөбүзбүз.

Сан атооч сүйлөмдө кандай милдет аткарды?

А) ээлик Б) толуктоочтук В)аныктоочтук Г)баяндоочтук.

20.Туура эмес жөндөлгөн ат атоочторду тапкыла?

А)баарынын, кээ бирөөгө Б) сага,аны В)булда, булдун Г)ар кимден, биздин.

21.Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын кайсыл сөз түркүмү билдирет?

А) зат атооч Б)ат атооч В)сын атооч Г)тактооч.

22Этиш сөздөр сүйлөмдө кандай милдет аткарат?

А)ээлик Б) аныктоочтук В) баяндоочтук Г) милдет аткарбайт.

Синтаксис

23.Ээрчишүү байланышы сүйлөмдүн кайсы мүчөлөрүнүн ортосунда болот?

А)ээ менен аныктооч Б) ээ менен толуктооч В)ээ менен баяндооч Г)бышыктооч менен баяндооч

24.Айтылыш максатына карай сүйлөм канчага бөлүнөт?

А) 1 Б) 6 В) 3 Г) 4

25.Алым Каныбектин тарыхын укканда , ичи туз куйгандай ачышып, аябай бушайман болду.

деген сүйлөмдүн тутумунда канча жөнөкөй сүйлөм бар?

А)4 Б) 3 В)5 Г) 2