СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кызматчы   создор  боюнча   Модаль  создордун  маанисине  карай   болунушу

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили жана адабияты»

Сабактын темасы:Модаль сөздөрдун маанисине карай бөлунушу.
Сабактын максаты:1.Модаль сөздөрдун маагисине карай 3 топко бөлунө-
рун билишет.
2.Алган билимдерин терендетуу учун өз алдынча көну-
гуулөр аткара алышат.

3.Таза ,сулуу жазып,бири-бирин сыйлай билишет.
сабактын жаб-шы: маркер,видео-сабак,дептер,ручка.
сабактын усулу: тушундуруу,айтып беруу,суроо-жооп.
Сабактын журушу.

Уюштуруу...
Тапшырманы суроо.Алгач өтулгондорду кайталап алабыз.
-Кыргыз тилинде канча сөз туркуму бар?
-Сөз туркуму деген эмне?
-Сөз туркумдөру канча топко бөлунөт?

-Кызматчы сөздөр кайсылар?

Ушул сыяктуу суроолорго жооп алып,алган билимдерин бекемдеп алабыз.

Жаны тема:Модаль сөздөрдун маанисине карай бөлунушу.

1.айтылуучу ой-пикирди ырастоо,кубаттоо,бекемдөө маанисин билдируучу модаль сөздөр.Буларга:албетте,арийне,ырас,сөзсуз,шексиз,дурус леген ж.б. сөздөр кирет.

2.Айтылуучу ой-пикирге кунөм саноо, болжолдоо,божомолдоо,ишене бербөө маанисин билдирген модаль сөздөр кирет.

Буларга:балким,болжолу,чамчсы,кыязы,сыягы,ыктымал,окшойт,өндөнөт,

имиш ж.б. сөздөр кирет.
3.Ой-пикирди тактоо учун колдонулган модаль сөздөр төмөнкулөр:көрсө,тура,кыскасы,кана,акыры,айтор ж.б.

Модаль сөздөр диалог иретинде айтылган суйлөмдөрдө да кенири колдонулат.
Мисалы:-Шаарга барасызбы?
-Албетте.
-Качан келесин?
-Балким эки кундөн кийин.
Мына балдар биз силер менен модаль сөздөрдун маанисине карай бөлунушун да уйрөнуп алдык.Эми алган билимдерди бекемдөө учун көнугуулөр аткарабыз.
Китеп менен иштөө.269-көнугуу.
Мында модаль сөздөрдун кандай мааниде колдонулганын белгилейсинер.
Улгу, :Балким ал өзун кайраттуу жана кубаттуу кылып көрсөткусу келгендир. (кунөм саноо,болжолдоо,ишене бербөө маанисинде)
270-көнугуу.
Суйлөмдөрдөн модаль сөздөрду көчуруп ,мааниси боюнча модаль сөздун кайсы турунө кирерин белгилейбиз.
Уйгө тапшырма:
Тесттик тапшырмалар.
1.Модаль сөздөр маанилерине карай канчага бөлунөт?
А)экиге б) учкө в)бешке

2.Модаль сөздөр катышкан суйлөмду тап?
а)Бара келсе болмок экен жок дегенде.
б)Ачыгын айтканда,сиздин пикириниз мага белгилуу эле.
в)Албетте,мындай ишти уланта беруу керек.
3.Модаль сөздөр кайсы вариантта.
а)албетте,балким,ырас,чамасы.
б)тилекке каршы,башкача айтканда,менин оюмча.
в)көрунөт,окшойт,биринчиден.
Мына бугунку видео -сабагыбыз аягына чыгып калды.Кийинки сабакка чейин сак саламатта болгула!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!