СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Баары үчүн маанилүү 

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили жана адабияты»

Сен укугунду билесинби?

Категория: Классному руководителю01.02.2020 13:56

Нажмите, чтобы узнать подробности



Просмотр содержимого документа

«Сен укугунду билесинби?»

Сабактын темасы: «Окуучунун укуктары жана милдеттери»



Сабактын максаты: 1) Окуучуларга милдеттерин жана укуктарын тушундуруу;



2) Укуктар жана милдеттер бары учун бирдей экендигин, ар бирибизге укук жана милдет керек экендигин аныктап беруу;



3) Ар бир окуучу озунун милдетин жана укугун билуу менен бирге, озунун журум-турумун да козомолдоп туруусуна тарбиялоо.



Сабактын жабдылышы: карточкалар, суроттор жана плакаттар



Сабактын журушу: Уюштуруу. Саламатсынарбы балдар! Бугун кандай сулуу болуп келгенсинер, келгиле бири-бирибизге жагымдуу маанай тартуулап алуу максатында бири-бирибизге жакшы создордон айтып алабыз.



Балдар бугун биз силер менен «Окуучунун укуктары жана милдеттери» деген темада соз кылабыз.



Укук деген эмне?



Милдет деген эмне?



Окуучу эмнеге укуктуу?



Окуучу эмнеге милдеттуу?



Ушул суроолорго бугунку сабагыбыздан толук жооп ала аласынар деген ойдомун. Бул суроолорго толук жооп таба албасак, жашообуз бир нукта журбойт. Ааламда канча адам болсо, ошончо адат, сапат жана муноз болот. Биз барыбыз ар турдуубуз, бирок биздин укуктарыбыз жана милдеттерибиз бир. Укуктарыбызды жана милдеттерибизди аткарышыбыз керек. Кана айткылачы? Силер оз укугунарды билесинерби? Укук деген эмне?



Укук – бул окууга , ишке, жашоого мамлекет тарабынан шар тузулуп беруу. Укук кайда болсо, милдет да ошол жакта болот.



Милдет деген эмне?



Милдет деген адамдын окууда, иште, жашоодо аткара турган милдеттуу иши. Ал ишти милдеттуу турдо аткаруу зарыл.



- Балдар канна айткылачы? Мектептин кайсыл иш кагазында окуучунун укуктары жана милдеттери жазылган?



- Мектеп уставында.



Келгиле балдар окуучунун мектептеги укуктарын жана милдеттерин эстеп коробуз.



Окуучунун мектептеги укуктары:



Ар бир бала мамлекеттик мектепте акысыз окууга;



Мектепте тартип сактоого, башка окуучулардын укуктарын бузбоого;



Өзүмдүн билимиме жана билгичтигиме туура баа алууга;



Өзүмдүн кол тийбестигимди коргоого, өзүмдүн курбуларымды, мугалимдеримди, улууларды сыйлоого;



Өзүмдүн оюмду, көз карашымды эч кимден коркпой эркин айтууга.



Окуучунун мектептеги милдеттери:



►Мектеп уставын жана мектептин башка нормативдүү документтерине баш ийуу;



►Оз учурунда сабакка келүү, сабакка болгон даярдыгы боюнча мугалимдин бардык тапшырмасын аткаруу;



►Окууга эстүүлүк менен мамиле жасоо, артта калган окуучулардын окуусуна жардам берүү;



►Эмне себептен окууну калтыргандыгы жөнүндөгү документти көрсөтүү;



►Мектеп мүлкүн сактоо, башка адамдардын эмгегинин жыйынтыгын билу;



►Окуучулардын жана мектепте эмгектенген адамдардын кадыр-баркын сыйлоо;



►Озүн-өзү башкаруу, мектеп жана класстык дежурствого катышуу, мектеп участогундагы керектүү жумуштарды, иштерди ишке ашыруу, ишембиликтерге активдуу катышуу;



►Мектепте коюлган ички тартип, техника коопсуздугун, санитария жана гигиена эрежелерин сактоо жана колдоо;



►Мектепте, үйдө жана көчөдө тартипти сактоо, адептүү болуу, жүрүм-турумдун, эмгектин эрежелерин сактоо;



►Сырткы келбетиме байкоо жүргүзүү, тамеки чекпөө, токсикалык жана наркотикалык заттарды колдонбоо, спирт ичимдиктерин ичпөө, мектепке семечка, сагыз ,чөнтөк телефон ж.б. алып келбөө.



Укук менен милдеттер бири-бирине тыгыз байланышкан.



Укук бузсан – тартипти бузасын.



Тартип бузсан – милдетинди бузасын.



Балдар, силердин укугунарды барынан мурда ким коргойт? Жаман нерселерден ким сактайт? Силерге ким шарт тузуп берет? Силердин кызыкчылыгынарды ким коргойт?



Албетте ал силердин ата-эненер, уй-булонор жана мугалимдеринер.



Олко ичиндеги эч кичине олко кайсы? Ооба бул уй-було. Ал олкодо ар биринин озунун укуктары жана милдеттери бар.



Карточкалар менен иштоо:



Баланын укуктары жонундо:



Жашоонун укуктары;



Оз ойлорун кенири айтуу укугу;



Окуу боюнча укуктар;



Уй-булодогу укуктар.



Баланын милдеттери жонундо:



Жакшы окуу;



Сабактарга активдуу катышуу;



Уйго жардам беруу;



Кичуулорду ызаттоо;



Улууларды сыйлоо;



Озун-озу сыйлоо;



Психогимнастика. «Жарыктыкка чыгуу»



Балдар ар бириң козуңду жум. Элестет сен карангы, суук жер астына тушуп калдын. Сага аба жетишпей, дем алууга кыйын болуп жатат. Жер астында жалгызсын жана ынгайсыз. Сен жер астынан тезирек чыгып кетууну энсеп жатасын. Сен аягы корунбогон узун, карангы тюннелде бара жатасын. Бир маалда алыстан билинип-билинбес жарык корунду. Сен ошол жарык тарапка карап жугурдун. Кичинекей жарык барган сайын чоноюп бара жатат. Бир убакта сенин бетине жылуу кундун нуру жаркырап тийди. Жылуу шамал чачтарынды сылап отту. Сен таза абадан дем алып, кубанычка болондун. Сен озунду эркин жана бактылуу сездин. Эми козубузду ачабыз.



Балдар силер карангылыкка тушуп калганда эмнени сездинер?



(Коркунучтуу болду)



Демек балдар, адам кандайдыр бир жаман иш кылганда, алардын башын карангылык каптап, озун ынгайсыз сезип, журогундо коркунуч пайда болот.



Жарыктыкка чыгып, таза аба менен дем алганда озунуорду кандай сездинер? Кандай сезимдер пайда болду?



(Озумду женил сезип, кубаныч пайда болду.)



Эгерде адам жашоодо туура жашап, туз жолдо журсо, милдеттерин аткарып журсо, анда ал адам кандай сезим менен журот?



(Ал адам озун тынч сезип, дайыма кубанып журот.)



Кырдаалдык суроолор устундо иштоо. (талкуу жургузуу)



Келгиле балдар кырдаалдык суроолорду талкуулап, кандай милдеттерибиз бар экенин билип алабыз. Сабакта болуп калуучу ар турдуу кырдаалдар:



Сабак журуп жатат. Сен класста озундун билгенинди кылып, кенири басып журосун. Сенин буга укугум бар деп ойлойсун. Ушундай учурда булл кылыгын мугалимге жакпай, урушат жана ордуна отурушунду айтат. Ушундай учурда мугалим сенин укугунду буздубу? Сенин укугун бузулган болобу?



(Окуучу бардык учурда эркин журо албайт. Башка окуучулардын укуктары бар жерде, сен башка окуучулардын укуктарын буза албайсын. Класстын ичинде кенири басып журууго милдеттердин закону жол бербейт. Жана дагы закон боюнча сен башка окуучулардын укуктарын бузасын.)



Сабак учурунда арткы партага отуруп алып, телефондон наушникте ыр угуп жатасын. Сен ойлойсун, оздук буюмунду колдонууга укугун бар. Бирок бул кылык-жоругун мугалимге жакпай, сенден башка балдарга окшоп отурушунду талап кылды. Бул учурдагы сенин жообун кандай болот?



(Бул учурда мугалимдин айтканы туура болот. Мугалимдин сени «башка балдарга окшоп туура отур, оздук буюмунду мектептен сырткаркы жерлерде колдон» деп айтууга укугу бар. Окуучу мектепке билим алуу учун келет. Окуучу сабак учурунда телефон ойноп, музыка угуп отурууга укугу жок. Озуно тиешелуу болгон буюмду (мисалы телефонду) мектептен сырткаркы жерлерде колдонуусу керек. Бул учурда мугалим башка окуучулардын укуктарын коргоп жатат.







Сабакты бышыктоо:



Балдар бугунку сабагыбыз силерге жактыбы?



Бул сабактан озунорго эмнелерди алдынар?



Оз укугунарды билип алдынарбы?



Окуучунун милдеттерин ким айтып берет?



Окуучунун укуктарын ким айтат?







Демек балдар бугунку сабактан биз озубузго керектуу тыянак чыгарышыбыз керек. «Милдеттуу адам – ийгиликтуу адам.»



Милдетттуу адам – бул озунун милдеттерин дайыма аткарган, башкалардын укуктарын бузбаган адамды айтабыз. Бул закондорго баш ийген адам.







Силердин келечектеги оз алдынча жашоонорго милдеттуу адам болушунар эн керектуу. Келечекте кайсыл жерде иштейсинер фирмадабы, заводдобу? Кайсыл жерде окуйсунар училищедеби, колледждеби? Силерге окуу же иш келишимдерине кол койдурат.



Ал келишимде силердин ошол жерде аткара турган милдеттеринер жазылган. Силер ошол милдеттерди аткарып, укук бузбай, ошол жердин закондоруна баш ийишинер керек болот.



Эгерде силер милдеттеринерди аткарбай, башка адамдардын укуктарын бузсанар, силер ошол окуу жайдан же иштеген жеринерден айдалып кетишинер мумкун.



Милдети жок, татиби начар, тыкан эмес ишчи эч кайсы мекемеге керек эмес. Муну эсинерден чыгарбагыла.



Уйго тапшырма: Бугунку сабактан алган маалыматынарды уй-було мучолоруно жеткируу. Уйдогу милдеттеринерди жана укуктарынарды жазып келуу.