СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жөнүндө ыр саптар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили жөнүндө ыр саптар»

"Мен - кыргызмын!"

Алтынбек Исмаилов

Тилсиз элдин тукуму курут болгон, 
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар, 
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон.

Ташты сыгып тарыхты тапкым келет, 
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды, 
Эне тилде ашатып сөккүм келет!

Эне тил

Байдылда Сарногоев

Тоо инженер Молдобек,
Дайым сүйлөйт орусча. 
"Привет" деп кол берет, 
Тааныштары жолукса.

Агроном Дүйшө да, 
Же орусча так билбейт. 
Кыштакта туулуп-өссө да, 
Кыргызчалап аз сүйлөйт.

Бассаң, турсаң эрте-кеч, 
Байка алардын балдарын. 
Аталары келсе кез 
"Папалашат" ар дайым.

Орус тили жылдызда, 
Биздин улуу заманда... 
Бирок кыргыз кыргызча, 
Сүйлөбөсө жаман да!

Эне тилин билбеген, 
Эси жогун аныктайт. 
Эне тилин сүйбөгөн, 
Элин сүйүп жарытпайт.

"Эне тилин унуткандар"

Шайлообек Дүйшеев

Чырмалышкан иштин да чатышы бар, 
Чындыктын да чыгышы, батышы бар.
Чытырмандын Кудайы пил эле эмес, 
Чымындын да жашоого акысы бар.

Сайдын дагы башталган башаты бар, 
Саяпкердин сактаган такасы бар.
Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да, 
Өз тилинде чардаган бакасы бар.

"Кыргызмын" дейсиң мага, 
Кыйшактап бийлеп туруп.
"Кыргызмын" дейсиң мага, 
Кыргызча араң сүйлөп туруп.

Кыргыз эмес, кыргызды жыдыткандар, 
Кылым кезген тарыхын унуткандар.
Кыргыз эмес, кыйшайтып калпак кийип, 
Кадыр-баркын калкынын куруткандар!

Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил, 
Уулуң дагы, кызың да жоголот, бил! 
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың, 
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Калдайгандын баары эле канат эмес, 
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган, 
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес.

Жыргагандын баары эле турмуш эмес, 
"Жылт" эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен, 
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!

Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил.
Тукумуң да, тууруң да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың, 
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

"Кыргыз тилим минип калды араба"

Жеңишбек Жумакадыр

Буга чейин айтты далай акындар,
Антсе дагы айта турган акым бар.
Кыргыз болуп төрөлгөндөр, 
Кыргыз тилин унутууга, айтчы, кандай акың бар?

Кыргыз туруп орусчалап сүйлөгөн,
Өз баласын орусчалап тилдеген.
Кыргыз туруп кыргыз тилин сүйбөгөн,
Арабызда кыз-уландар жок бекен,
Салам менен "приветтин" айырмасын билбеген.

Казактарды карагыла, казакча го ырлары,
Өзбектерди карагыла, өзбекче ырдады.
Орусчалап бийлегин деп, 
Орусчалап сүйлөгүн деп силерди ким кыйнады?


Чет тилди да үйрөнөлү,
Бирок анын сүйлөй турган жери бар, 
Ата-бабам айтып келген, ар нерсенин чеги бар. 
Айткылачы, кыргыздарым, 
Кыргыз тилдин башка тилден кай жеринен кеми бар?

Таза туруп баттык окшойт санаага, 
Ак нерсени алмаштырдык карага.
"Ата" дешти алмаштырып "папага", 
"Эне" дешти алмаштырдык "мамага".
Башка тилдер минип жүрсө Мерседес, 
Кыргыз тилим минип калды араба.

Кыргыз дебейм, кыргыз үчүн көксөбөгөн максатты,
Кыргыз дебейм, элди бөлгөн, жерди бөлгөн аймакты.
Кыргыз дебейм, сатып жүргөн өз мекенин, там-ташты,
Кыргыз дебейм, өз тилинде сүйлөбөгөн акмакты.





Эне тил элегинен өтпөгөндөр

Сыдыкбек Самүдүнов



Эне тилин өгөйлөп жектегендер, 
Эне тил элегинен өтпөгөндөр,
Кыргыздын өзүн чанып, сөзүн чанып, 
Кыргызча кымыз ичип, эт жегендер,
Калайык, айткылачы, булар кимдер?

Улуттук ар-намысты тепсегендер, 
Улуттун кадырына жетпегендер,
Өздөн чыккан жат болуп, дилин сатып, 
Өзүнүн маңкурттугун сезбегендер,
Кыргызым, айт чыныңды, булар кимдер?

Бабабыз Манас тилин билбегендер, 
Балдарына орусча сүйлөгөндөр,
Калкы эмес, керт башынын камын көрүп, 
Кыргызга кымындай да күйбөгөндөр,
Оо, журтум, айткылачы, булар кимдер?

Кыргыздын ак калпагын кийбегендер, 
Кыргыздын эсебинен күн көргөндөр,
Туя албай эне тилдин улуулугун, 
Түбөлүк жан дүйнөсү кирдегендер,
Эл-журтум, айткылачы, булар кимдер?







Кантип айтам?


Алтынбек Исмаилов 

Эх, кыргызым, ойлончу, эсти жебе,
Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
Тарыхты сен тарс атып салган менен,
Таңдайыңа сайылат эски жебе!


Какшап келем: доо кетип балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!


Уу чалканды мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!


Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!


Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!!!




Кыргыз тилим


Кубат Жакыпов 

Кылымдын кыяларын ашкан тилим,
Кыргыз деп карт тарыхка жазган тилим,
Кыйкырып, кыйрын бузуп душман келсе,
Кылычтай кыя кесип чапкан тилим.


Алп Манас, бабам Бакай сүйгөн тилим,
Алоолоп Ала-Тоодо күйгөн тилим.
Ак калпак Ата Журттун насибине,
Асмандан энчи болуп тийген тилим.


Кыраңда кызыл гүлдөй өскөн тилим,
Кыяндап, жамгыр болуп төккөн тилим.
Улуттун оргуп чыккан башатына,
Уюган алтын сымал чөккөн тилим.


Мезгилди мерт болбостон жеңген тилим,
Мейкинде канат кагып келген тилим.
Эң ыйык, жашоомдогу теңдеши жок,
Эненин ак сүтүндөй эмген тилим.

Мөндүрдөй сабалаган акын тилим,
Мөңгүдөй ай-асманга жакын тилим.
Мөңкүгөн мөл булактай аруулантып,
Мөөрөйгө сүрөп турган асыл тилим.

Манастай дастан айткан улуу тилим,
Махабат жалын чачкан сулуу тилим.
Машакат, мүшкүл тарткан заманда да,
Майдалап бөлүнбөгөн чулу тилим.

Эгемен күнгө жеткен азат тилим,
Эзелтен ынтымакка башат тилим.
Эртеңки келечеги айдан ачык,
Эл менен алга карай басат тилим.


Асмандан балбыл жанган жылдыз тилим,
Ааламга аты чыккан Чыңгыз тилим.
Арыбай кылымдарды багынта бер,
Ардагым ата мурас Кыргыз тилим!


Мелис Маматжанов.


Тилим бүгүн



Башка тил, көмөкөйгө төшөгөнү,
Билбесек тарыхтын да өчөр өңү.
Тилибиз кирпиктерин өлдөп турат,
Таштанды наристедей көчөдөгү.

Кыргыз деп жазылса да маңдайына,
Кыйылат орусчалап ар дайыма.
Такалып тилин билбес “киргиздерди”,
Таш менен ургум келди таңдайына.

Эй, журтум, “папалаган” балаң кандай,
Эшилип сөз тамыры араң жандай.
Томсоруп кыргыз тилим турат азыр,
Кошуна бөтөн тилге талангандай.

Чоңдоруң чылк орусча кепти эшип,
Чыкыят сөздөрүбүз эски дешип.
Жабыркайт так ошондо дүйнөм менин,
Жүлүндөн алган сымал этти кесип.

Тосмосу жешилгенсийт калкалаган,
Таштардай кептерибиз талкаланган.
Жылдыздай көктө жанбай турат тилим,
Жылкыдай таштак жерге аркандалган.

Көлчүктө ылайланып калганчакты,
Төбөдөн тамчы болуп жанган жакшы.
Билбестен эне тилди жүргөнчөктү,
Балыктай дудук болуп калган жакшы.

Мээге бүтүн намысымды батырдым,
Мылтыктагы октой болуп атылдым.
Мекен тили унутулду дегиче,
Мени жокко санасаңар макулмун.



Калмамат Турдубаев.

Жан ордуна келет тилди сурагым

\

 Эне тилим – ыйык туткан сыймыгым,
Бабалардан жете келген сыйлыгым.
Тамчы суудай бапестелип сакталган,
Жүрөгүмдөн түнөк алган ыйыгым.
 
Эне тилде ой-жүгүртөм, сүйлөймүн,
Канат созо, ай-ааламга күүлөймүн.
Аалам менен алакалар түзүлүп,
Эне тилди энекемдей сүйөмүн.
 
Суусаганда, тамчы сыңар тамчылайт,
Чаңкооңду да, суусун сымал кандырат.
Чарчаганда, эргүү берет эс менен,
Жыргалдантып, анан демин алдырат.
 
Эне тилди, мен ардактап туу тутуп,
Тилим менен келе жатам мен утуп.
Жоолашканга сүр беремин дайыма,
Эне тилди өз үйүмдө кут тутуп.
 
Эне тилди энекемдей коргоймун,
Энекемдей эртеңкимди ойлоймун.
Ыйык туткан эне тилди ардактап,
Душмандардай алсыз өзүм болбоймун.
 
Эне тилим – кубат берчүү куралым,
Өзүң менен сыймыктанар убагым.
Керек болсо берер элем жанымды,
Жан ордуна келет тилди сурагым.



Бурул Жакеева.

Кыргызча (жөн эле)


Жөн эле сүйүнүп, жөн эле күн чыгат, мээрим чачып,
Аба да дем берет жөн эле – албайбыз аны сатып.
Булуттар жөн эле калкышат, асманга сүрөт тартып,
Дайралар жөн эле агышат, тоо демин түзгө ташып.

Наристе жөн эле жылмаят – мемиреп уктап жатып,
Энелер жөн эле элжирейт – аталар бата тартып.
Жөн эле дос, жолдош күтөбүз  – төлөбөй эч бир акы,
От болуп жалындап күйөбүз – сүйүүдөн татып бакыт.

Табият таптаза жөн эле – сатылбайт, кунсуз, баасыз,
Бизде да бүт эле жөн эле – жүрөбүз жайдар басып.
Жадабай козголоң кылабыз – дээрлик натыйжасыз,
Беш жүз сом берсе анан сатылчу кул болуп намыс-арсыз.

Кебелип койбойбуз жөн эле – эл-журтту курман чалып,
Бабалар өткөнбү жөн эле  – кыргыз деп бекер жанып?!
Комузда кол ойноп чертебиз, укмуштай чебер сансыз,
Кырааттап “Манасты” айтабыз, эмне үчүн элим алсыз?!

Кыргызга орусча сүйлөйбүз – тил буруп булдурашып,
Баатырлар кыргыз деп жан берсе, биз болсо чулдурашып!
Ай жаркыйт асманда жөн эле, жылдыздар жымыңдашып.
Кыргызым баарына чыдайбы, айдаган жакка басып?!

Жөн эле мейли эми, жөн эле жылдыздай жымыңдашып,
Жаркылдап күлөлү, кантели, жөн эле көңүл ачып…
Жөн эле баарын тең бериптир, теңирдин мээри ташып,
Жөн эле биз кесир кылбайлы өзүбүз тепсеп, чачып!!!



Эне тилим


Ибарат Кылычбек кызы.


Эне тилди кадырлайлы, барктайлы,
Эне тилге сыйыналы, жактайлы.
Он беш тилде сайрап турсак биз дагы,
Бардыгы бир эне тил деп сактайлы.

Мен туулуп там-туң басып калганда,
Дал ошол тил болду мага араба.
Турмуш жолум кичинемден башталып,
Бир мүнөт жок, ансыз өткөн ааламда.

Тилим менен өз элиме чеп курам,
Өзгөлөргө өсөөр тил деп мактанам.
Сүйлөп койсом бөтөн тилде эгерде,
Эне тилим таарынба деп актанам.

Эне тилде чимирилтип ой казам,
Эбин табам, эл катары  ыр жазам.
Эркелеген көл үстүндө ак куудай,
Эртели кеч өз койнуңда чер жазам.

Эне тилим сыр аякка батпаган,
Эне тилим элди селдей каптаган.
Дили куру жулмаласа качпаган,
Таарынбаган, сатылбаган, сатпаган.

Нечен сөздү өз койнуна камтыган,
Нечендери наалат кылып какшаган.
Наристелер чалды-кемпир болгуча,
Кыт куюлтуп өз жонунда такшаган.

Баскан жолуң нечен кылым карыткан,
Ар бир сөзүң жан-дүйнөмдү жылыткан.
Эресеге апакемдей жеткирген,
Сен да энем, а мен балаң сыйлаган.

Тили бууру бурмаласа сатпаган,
Өжөрсүң ээ, айтканыңдан кайтпаган.

Кыргыз тилдин Гимни


Сөзү: С.Алтымышовдуку
обону: Б. Алишеровдуку

Тил жаралып, Көкө-тенир танынан
Адамзатым дөөлөтунө буйурган.
Адам деген туп сөзунөн элимдин
Кыргыз тили ай-ааламга жанырган.

Кыргыз тили жүрөгүм
Манас ата туу туткан
Кыргыз тили Мекеним
Менин өлкөм Кыргызстан

Мекен тили Ата журттун кареги

Биримдиги күч кубаттын тиреги

Мекен тили куттуу кыргыз элимдин

Көкүрөккө согуп турган жүрөгү.
Кыргыз тили жүрөгүм
Манас ата туу туткан
Кыргыз тили Мекеним
Менин өлкөм Кыргызстан

Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы.

Мекен тили бак таалайдын кутманы

Мекен тили кан жаныбыз, туубуз

Ата журттун келечеги, ак таны.   
Кыргыз тили жүрөгүм
Манас ата туу туткан
Кыргыз тили Мекеним
Менин өлкөм Кыргызстан.