| 1.Мотивация Уюштуруу Шыктандыруу | 2-3 | 1.Сабакты уюштуруу жана жагымдуу маанай тартуулоо 2.Шыктандыруу 3. Тизмени тактоо (жоктоо) | 1.Мугалим менен бирдикте жагымдуу маанай түзүүгө катышат | НК 3 | ПК 1 ПК 2 | “Азаматсыңар” дагы эмнени билесиңер деген сыяктуу сыпаттама |
| 2. Үй тапшырмасын суроо. | 5-10 | 1.Ээ баяндооч деп эмнеини айтабыз? 2. Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү деп эмнени айтабыз? Суроо жооптор алынат жазып келген көнүгүүлөрдү текшерүү. | Суроолорго жооп беришет. Эрежени айтышат. Көнүгүүлөрдү окушуп, талдап беришет. Ар бир сүйлөм мүчөлөрүнө мисал келтирип, сүйлөм түзүшөт. | НК 1 НК 2 | ПК 1 ПК 2 ПК 3 | Дагы кимиңер кандай ойлорду айта аласыңар? |
| 3.Тема боюнча маалыматтарды берүү | 4-5 | Жаңы тема боюнча фактыларды аргументтештирип айтат | 1.Жаңы маалыматты окуучулар кабыл алышат. 2. Окуучулар өз ойлорун ортого салышат | НК 1 НК 2 | ПК 1 ПК 3 | Окуучуларга сыпаттама баалар берилет |
| 4.Интерактивдүү көнүгүүлөр – сабактын борбордук бөлүгү | 15-20 | Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү. Бирдей суроого жооп берип, бирдей милдет аткарат. Элибиз достукту, ынтымакты жактырат. Чыдамкай, токтоо, эмгекчил, абам гана баарын жеңет. Сүйлөмдүн баардык мүчөсү ээ, баяндооч, анык.толук.бышыкт. бир өңчөй мүчө б-п келе берет. Кыргыз жергесинде жайлоолор – Сары-Жаз, Ак-Шыйрак, ж-а Ак-Сай . 148-көнүгүүнү оозеки иштетүү. 149-көнүгүүнү көчүрүп жазып, сүйлөмдүн кайсы мүчөсүнүн бир өңчөй формада колдонулгандыгын аныкташат жана анын эмне үчүн бир өңчөй экендигин талкуулашат. Биз Ала-Тоонун койнунда чоңойдук, жетилдик, тарбияландык. Конкурста жомок, дастан, уламыштар көп айтылды. Алар элин, жерин коргоо үчүн төрөлүшкөн. 150-көнүгүүдө берилген схема боюнча сүйлөмдү толуктап түзүшөт жана бир өңчөй мүчөлөрдү аныкташат. Аткарылышы болжол менен төмөндөгүдөй болот. 1. Алияс, Алинур, Жасмина бир мектепте окушат. 2. Биздин класс чоң, жарык, кенен. 3. Ал таймашта ырларды, дастандарды, жомокторду айтты. 4. Жайлоодо кызыл, жашыл, сары гүлдөр өсөт. 151-көнүгүүнү окуучулар өз алдынча иштеп, дарыгер жана окуучунун кыймыл-аракетин билдирген сөздөн таап, сүйлөм түзүшөт. | Кунт коюп угушуп, мисал аркылуу суроолорго жооп беришет. Өз алдынча эреже чыгарууга үйрөнүшөт. Окуучулар: «Бирдей суроого жооп берип, бирдей милдет аткарган сөздөр сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү деп аталат» деп жооп беришет. Оозеки көнүгүү иштешет. 149-көнүгүүнү көчүрүп жазышып, бир өнчөй мүчөлөрдү өз алдынча табышат. Суроолорго жооп беришет. | НК 1 НК 2 НК 3 | ПК 1 ПК 2 ПК 3 | Мугалимдин алкыш сөзү Азамат, Бали, Рахмат ж.б |
| 5. Сабактын жыйынтыкта-рын чыгаруу; натыйжаларын баалоо | 5-6 | 1.Теманы бышыктоо үчү суроолор берилет. 1. Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү деп эмнени айтабыз? 2. Бир өңчөй мүчөлөргө кандай суроо берилет? 3. Бир өңчөй мүчөлөрдү катыштырып, сүйлөмдөрдү түзгүлө. 4. Сүйлөмдүн кайсы мүчөлөрү бир өңчөй түрүндө колдонулат. 2.Талкуу 3.Баалоо 4.Үй тапшырма берилет Үй тапшырма: 152-көнүгүү | Окуучулар өз жөндөмдүүлүктөрү менен жазган иштерин жактап беришет. | НК 1 НК 2 НК 3 | ПК 1 ПК 2 ПК 3 | Мугалимдин алкышы ар бир окуучуну өзүнчө сыпаттама баалар менен баалайт. |