№3 Чалдыбар жалпы билим берүү орто мектеби
23-сентябрь
Мамлекеттик Тил мыйзамынын 34 жылдыгына
карата мерчем
Кыргыз тилиме таазим
ТЕМАСЫ:
Жооптуулар: Мырзагелдиева Э.К.
Класстан тышкаркы иш-чара мерчеми.
Темасы: “Эне тилге таазим”
Сабактын максаты:
А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар кыргыз тилинин байыртадан бери келе жаткан уюткулуу тил экенин түшүнүшөт. Эне тил улуттун мамлекет болуп сакталышына өбөлгө түзөт деп билишет.
Б) Өнүктүрүүчүлүк: Сүйлөө кебин арттырып, адабий тилдин нормасын сактоого, логикалык ойлорун өстүрүп, эне тилди даңктаган көркөм окууларды, макал-лакаптарды айтууга жетишет.
В) Тарбия берүүчүлүк : Окуучулар эли - жерин, тилибизди сүйүүгө, маданияттуулукка, тилдин тазалыгын, байлыгын сактоого тарбияланышат.
Сабактын тиби: Стандарттуу эмес сабак.
Сабактын усулу: сынчыл ойломдуу өстүрүү, интерактивдүү усул.
Сабак аралык байланыш: кыргыз тили, адеп, адабият, тарых, музыка,
Сабактын жабдылышы: Эне тили тууралуу макал-лакаптар, кереге гезиттер, учкул сөздөр, сүрөттөр ж.б.
Сабактагы негизги иш-аракеттер: Мамлекеттик тил гимни, доклад, эне тилди даңазалаган ырлар, көркөм окуулар, макалдар, юморлор.
Сабактын жүрүшү :
Алып баруучу: Кутмандуу күнүңүздөр менен, кубанычтуу үнүңүздөр менен, урматтуу эже-агайлар, кадырлуу коноктор, ардактуу меймандар жана №3 Чалдыбар жалпы билим берүү орто мектебинин жалпы мектеп окуучулары! Бүгүнкү биздин Мамлекттик тил майрамына арналган “Кыргыз тилиме таазим” аттуу салтанаттуу тизимибизди ачык деп жарыялайм!
( Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Тил Гимни ырдалат.)
Алып баруучу:
Зор "Манас" көлөмүнө жетпес ченем,
Чарчабай үч ай айтса түгөнбөгөн.
Кыргызда дагы толгон көп укмуштар,
Чынында баары сенин күчүң белем. – деп, улуу акын Алыкул Осмонов бекериненбул ыр саптарын жазбаса керек, ошол белек катары мурас калтырылган эпособуздан үзүндү менен бүгүнкү иш-чарабызды баштасак.
“Манас” эпосунан хор менен окуучлар манас айтышат 3 колонадан 3 катар болуп тизилип отурушат, а алардын аркасына калкан, найзалары менен балдар турушат.
Хор айтылып бүткөндөн кийин 3 окуучу жекече Манастан үзүндү айтышат. Андан кийин манасчы балдар жеке аткарышат.
Атпай кыргыз элиңде,
Ок, саадагы белинде,
Калбыр өпкө, жез канат,
Желдей күлүк минген ат,
Кызыл кыргак колунда,
Кармашкандын жолунда,
Кийгендери кандагай,
Кыймылдары шамдагай,
Шалдыркан кисе байланган,
Жоо жарагын шайланган,
Касташкан калың жоо болсо,
Кара барчын айланган,
Балдары баатыр кыргыздын.
Өрүүдө үйүн оңдошкон,
Көчкөндө төөсүн комдошкон,
Келеңгер чачпак, кең соору,
Келини сонун кыргыздын.
Кызылдан кийген күрмөнү,
Кыркалай таккан түймөнү,
Жаш кайыңдай буралган,
Тал чыбыктай суналган,
Кулачтап чачын тарашкан,
Ак калпактуу, кызыл чок,
Алганына жарашкан,
Кызыл беттүү, кымча бел,
Кыздары сонун кыргыздын.
Белдемчисин байланган,
Кыңкылдаган балдарга
Кымыз менен сүт берип,
Кыңырылып айланган,
Кемпири сонун кыргыздын.
Нарктуу сөздү шар айткан,
Акыйкат кебин так айткан.
Батасы журтту байыткан,
Баарын билген тарыхтан,
Карысы сонун кыргыздын.
Телегейи теп-тегиз,
Жери сонун кыргыздын.
Өзөгүн берген өз десе,
Эли сонун кыргыздын.
Ала-Тоодой жер барбы,
Кыргыз өңдүү эл барбы?!
Алып баруучу:
Кыранда кызыл гүлдөй өскөн тилим,
Кыяндап жамгыр болуп төккөн тилим.
Улуттун оргуп чыккан башатына,
Уюган алтын сымал чөккөн тилим.
Мөндүрдөй сабалаган акын тилим,
Мөңгүдөй ай-асманга жакын тилим.
Машакат мүшкүл тарткан заманда да,
Майдалап бөлүнбөгөн чулу тилим.
Ар бир кыргыз жаранына эне тили эне сүтүндөй табылгыс, кол жеткис – ыйык. Аны ар бир кыргыз жараны көөдөнүнө кыт уюгундай уютуп, сактап, муундан муунга өткөрүп берүүсү парз. Дал ошондой мектепке, кыргызга кыргыз тили үчүн жан аябай күрөшүп, кыргыз десе, кыргыз тили десе бүгүн да жан берүүгө даяр турган биздин мектеп директорубуз А.С.Алымкуловага сөз кезегин берсек.
Алып баруучу:
Ким барктаса өз энесин, өз тилин,
Барктай билет дүйнө элинин көп тилин.
Ар улуттун энеси улуу, тили улуу,
Өйдө, ылдый деп айта албайбыз эч бирин! Дегендей, азыркы кезекти кыргыз тили жана адабияты мугалимиМедербекова Самара Абдылдаевнага доклад окуу үчүн берсек.
Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан сон кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.
Кыргыз тили Мамлекеттик тил статусун алуу менен, Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын тилдеринин өнүгүшүнө кам көрүү конституцияда, тил мыйзамында баса көрсөтүлгөн. Ошондуктан мектептерде орус, өзбек, казак, дуңган жана башка тилдерде окутуу жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары кабыл алган мыйзамдар мамлекеттик тилде жана расмий тилдерде жарыяланат. Иш кагаздары, сот иштери мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт. Эгерде айыпкер сот иши жүрүп жаткан тилди билбесе, анда ага эне тилде сүйлөө же тилмечтен пайдалануу укугу берилет. Кыргыз тилине Мамлекеттик тил статусунун берилиши – адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө болгон зор кадам, ошону менен бирге коомдун руханий жаңыланууга, жаңыча ой жүгүртүүгө багыт алуусу. Тил – улуттун баа жеткис зор байлыгы. Тил – улуттук руханий курал, ал улуттун мүнөзүн, өз алдынчалыгын айкындайт.Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил – кыргыз тили бардык мекеме-ишканаларында, уюмдарда, билим берүүдө, маданият, массалык маалымат каражаттарында, байланыш тармактарында, илимде, мамлекетте, өкмөттүк башкаруу органдарында, коомдук уюмдарда жана жеке менчик тармактарында, жыйындарында, транспортто, соода-сатык, саламаттыкты сактоо, тейлөө ишканаларында колдонулат. Мамлекеттик тил – бул мамлекеттеги улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун куралы.
Алып баруучу:
Кел, келгиле бийлейли,
Кел-келибиз бир келди,
Келечек доор бир болсун,
Кең дүнүйө пир болсун!-демекчи, азыркы кезекти “Жалын бий” бийине берсек. 8-В класстын балдары аткарып беришет.
Алып баруучу: Ушул күндөр бүт элиме кут болсун,Бардык күндөр майрамдоого туш болсун, Тынчтык болуп жер жүзүндө түбөлүк, Жалпыбызга бак-таалайлуу куш консун! Таң эртеден шаңга толуп мектебим,Угулууда шаңга толгон ыр-күүлөр демекчи, кезекти обондуу ырга берсек. 6-А классынын окуучулары Нурлан Насиптин “Эне тилим” деген ырын ырдашат. Ырдап жатканда артынан слайд көрсөтүлөт.
Алып баруучу:
Эне тилим — Ала-Тоом, Мекеним,
Тил болбосо айткылачы мен киммин?
Тик чокуда ханыша айым болсоң да,
Өз тилиңди унутпастан жат билгин, деген сыңары, азыр 5-11-класс окуучулары “Мен кыргызмын” ырларын көркөм окуп беришет. Окуучулар кезек менен ыр окуп чыгып, Ала-Тоонун элесин түшүрүшөт.
Мен - КЫРГЫЗМЫН! З.Ажыматов
5-класстар
Мен - кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!
Мен - кыргызмын, баба наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп бир эмгек
Ар кун сайын "Чон казатка" аттанам.
Мен - кыргызмын, асман-жерге жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин, максатмын.
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм
Кырчылдаган "КЫРГЫЗ" деген жакшы аттын!
6-класстар
Мен - кыргызмын, тугонордо тутогон!
Мен - кыргызмын жок болордо кучогон!
Мен - кыргызмын, тарыхым бар, тилим бар,
Мезгилдин да ой-чункурун тузогон.
Мен - кыргызмын, жонокоймун, улуумун!
Мертинтпеген эчен азап, улуумун.
Кылымдарга улап кетер дагы да
Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун!
МЕН КЫРГЫЗМЫН Бердибек Төлөгөнов
7-класстар
Кыргыз, кыргыз, кыргыз деген ким өзү?
Айбаты курч, ташты жарат мүнөзү.
Жүрөгүндө жанып турган оту бар,
Кыргыз эли – чагылгандын бир өзү.
Майдалабай улуу жолду баштаган,
Душман кирсе дайра болуп каптаган.
Өлүмдөн да бийик койгон намысты,
Кыргызмын деп дүйнө элине мактанам.
8-класстар
Мен кыргызмын, кыргыз деген жаным бар,
Көкүрөктө намысым бар, арым бар.
Алп Манастын учкунунан тутангам,
Жүрөгүмдө күйүп турган жалын бар.
Мен кыргызмын, намысымды бербеген,
Мен кыргызмын, таза жерди жердеген.
Бүркүт сындуу бийиктикте шаңшыган,
Мен кыргызмын, кыргыз деген эл менен!
Мен кыргызмын кылыч мизде ойногон,
Кылымдардын улуу жигин бойлогон.
Өмүр өчүп, кайра тирчилик башлат,
Өттү далай кыйын кезең ондогон.
9-класстар
Мен кыргызмын барган тоосу калбаган,
Азаттык деп, азап туусун кармаган.
Кызсайкалдар кыргын жолун торосо,
Айчүрөктөр гүл азыгын камдаган.
Мен кыргызмын тулпар минип ойногон,
Мекен сүйүп, мейкин камын ойлогон.
Кереметтүү кең пейилдүү элимдин,
Келечегин ойлоп күндө толгоном.
10-класс
Мен кыргызмын дүйнө эли тааныгын,
Медер туткан мекеним бар таанымал.
Кан Манастын урпактары бар болсун,
Кагылайын калың кыргыз калкыман.
11-класс
Мен кыргызмын, кыргызымды барктаймын,
Кыргызымдан кадам алыс баспаймын.
Каным кыргыз, жаным кыргыз болгон соң,
Бүт дүйнөгө кыргызымды даңтаймын.
Соңунда “мен кыргызмын” деген жазууну өйдө көтөрүшүп, ураан катарында “МЕН КЫРГЫЗМЫН!” деп кыйкырышат.
Алып баруучу:
Тилге жолдош, үнгө дем,
Комузду кошуп ырдайлы.
Бабабыз черткен бул комуз,
Баркына жетип сыйлайлы, ал эми азыр кезекти комуз күүсүноө берсек. “Токтогулдун кербези” күүсүн 6-А класстын окуучулары: ____________________________________________________________________________
_______________________________________________________ аткарышат.
Алып баруучу: Кыргыздар кеп багып, сөзгө чоң маани берип, "Өнөр алды - кызыл тил" деп сөздү баалап, ар бир сөздү салмактап сүйлөгөн, рухий байлыкты материалдык байлыктан жогору койгон эл болгондуктан макал-лакап айтышууга кезекти бербей койсок болбос. Анда сөз кезеги макал-лакапта.
Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат.
Адамды шорго салган да, өлтүргөн да тил.
Адамдын даңкын чыгарган да — тил, тарпын чыгарган да — тил.
Айтсаң — тилиң күйөт, айтпасаң — дилиң күйөт.
Алсыздын тили алты кулач.
Ачуу тил — жыландын заары. Таттуу тил — жүрөккө дары.
Ачуу тил таттуу турмушту бузат.
Ачынган — тилдүү, ачыккан — ууру болот.
Баш кесмек бар, тил кесмек жок.
Бутунан мүдүрүлгөн турат, тилинен мүдүрүлгөн турбайт.
Дили узундан түңүлбө, тили узундан түңүл.
Дүлөйдүн тилин дудук билет.
Жайдак тилден чаң чыкпайт.
Жакшы — сыйлайт дили менен, жаман кыйнайт тили менен.
Алып баруучу:
Акыйнек ырын ырдашуу,
Абалтан кыргыз салты экен.
Акыйнек ырын улантуу,
Атабыз кыргыз наркы экен.
Ыр ырдашып сындашуу
Ыр жандуу кыргыз салты экен
Сынга сындай жооп айткан.
Атабыз кыргыз наркы экен –деп азыркы кезекти акыйнек айтышууга берели.
Каталарга толук жык,
Сөз атасын өлтүргөн.
Гезиттер бар “арабөк”,
Тилиме шек келтирген.
Акыя, акыя,акый-акый, акыя!
Гезиттер бар сапатсыз,
Моюнга алам анысын.
Тил мыйзамы иштебей,
Келет кыжыр-намысым.
Акыя, акыя,акый-акый, акыя!
Тил мыйзамы турса да,
Чоңдор аны колдобойт.
“Неге өнүкпөйт тилим”,-деп,
Намыстанбайт, ойлонбойт.
Акыя, акыя,акый-акый, акыя!
Кыргыз тилим акыры
Өнүгөрүн билем мен!
Эне тилим – жалтанбас
Куралым ал, чиренген!
Акыя, акыя,акый-акый, акыя!
Кыргыз тилин унутуп
Башка тилди өстүрөт.
Көчөдөгү көрнөктөр
Көнүлүмдү чөктүрөт.
Акыя, акыя,акый-акый, акыя!
Көчөдөгү көрнөктүн
Коё турчу катасын
Акырындап иш бүтөт
Эмне мынча шашасың?!
Акыя, акыя,акый-акый, акыя!
Залдын ичи толтура,
Жалаң кыргыз отурса.
Орусчалап сүйлөдүм,
Жалгыз орус кошулса.
Акыя, акыя,акый-акый, акыя!
Муну ойлонуп отуруп,
Оюм онго бөлүнөт.
Демек иштин көбү ушу,
Өзүбүздөн көрүнөт.
Акыя, акыя,акый-акый, акыя!
Жалпы:
Ар бир кыргыз ойлонуп,
Ар бир кыргыз толгонсун.
Мен кыргызмын дегендер,
Эне тилин колдосун”
Акыя, акыя,акый-акый, акыя!
Алып баруучу:
Ала-Тообуз пир болсун,
Атпай кыргыз бий болсун!
Кол кармашкан элдерин
Кошуп турган бий болсун!- деп, 6-А классынын Имарбаева Гулиза жана Элизадан “Кыргызымдын жигиттери” денен ыргы кыргыз бийи болсун!
Касиеттүү эне тил,
Аруу, назик сезимдей.
Кылым бойлоп келесиң,
Кыргыз атын өчүрбөй, деп биздин да мектепте калеми курч агай-эжелер жок эмес, анда кийинки сөз кезегин өз калеминен “Эне тил” жөнүндө жаралган акын мугалимдерге берсек.
Кыргыз элин өз элим деп айтчулар,
Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар,
Бытыранды урууларга бөлүнбөй
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар!-деп кийинки кезекти бизидин кичинекей ырчыларыбыз “Тил майрам” аттуу ырын ыдап беришмекчи.
Эмесе, “Кыргыз тилиме таазим” аттуу салтанаттуу тизимибиз аягына келип жетти көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат. Көрүшкөнчө, аман болуңуздар!
(КРнын Мамлекеттик Гимни ырдалат)