СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тилинен бышыктоо тести

Нажмите, чтобы узнать подробности

1-жарым жылдыкты текшерүү максатында 20 суроо

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тилинен бышыктоо тести»

Кыргыз тили сабагы боюнча бышыктоо тести 5-класс

1.Өтмө мааниде колдонулган сөздү кайсы варианттан кезиктире алабыз?

А.Жапайы жаныбарлардын ичинен эң эле амалкөйү –түлкү.

B.Түлкү –Жаңыл Мырзанын душманы.

C.Мен сенин түлкү мүнөз экендигиңди билгенмин.

D.Ажайыпкананын ичинен түлкүнү да кезиктирсе болот.

2.Темасы жок тексттер болот,алар-?

А.Жаңылмачтар. C. Макал-лакаптар

B.Аңгемелер D.Акындардын ырлары

3.Туура жазылган сөздөрдүн тизмегин белгиле

А.көп бала,таап бер C.аз галды,миң киши

B.эл гелди,ар кандай D.жыгашчы,күрүч

4.Бардык муундары жалаң гана ачык муундан турган сөздү белгилегиле.

А.байчечекей C. капчык

B.долоно D.тегирмен

5.Көп маанилүү сөз катышкан сүйлөмдү тап?

А.Коноктор короого эки баш койду жетелеп келди.

B.Бешиктен ынаалаган наристенин дабышы угулду.

C. Ырыс алды –ынтымак.

D.Күн батканга чейин талаада аштык айдап чарчадык!

6.Айтылышы жана жазылышы окшош ,а бирок мааниси ар башка болгон сөздөр ... деп аталат?

А.Антонимдер

B.Синонимдер

C. Омонимдер

D.Фразеологизмдер

7.Кыргыз тилинде канча тамганын баш тамгасы жок?

А.3 B .4 C.5 D.6

8.Сүйлөм айтылышына карай канчага бөлүнөт?

А.4 B.3 C.2 D.1

9.Сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнөн гана түзүлгөн сүйлөм?

А.жайылма B.жалаң C. Жөнөкөй D.татаал

10.Расмий иш кагаздары кайсы вариантта ?

А.арыз,түшүнүк кат B.указ ,жобо,закон C. Жобо,өмүр баян D.тактама,чакыруу



11.”Тымызын “деген сөздүн синоними кайсы катарда туура көрсөтүлгөн?

А. коркпоо B.амалкөй C.жашыруун D.берешен

12 .... – пикир алышуунун куралы,адамдар ортосундагы байланышты ,баарлашууну,карым-катышты тейлөөчү каражат.

А. тил B. сөз C. текст D.диалог

13.Тексттин кичине бирдиги эмне?

А.сүйлөм B. сөз C.сөз айкашы D. татаал сүйлөм

14.Тексттин жалпыланган мазмуну эмне деп аталат?

А. абзац B. тема C.план D. көлөм

15.... –турмушта болуп жаткан ,боло турган жана болуп өткөн окуяны,жаратылыштын кубулушун ирети менен кабарлоо

А.ой жүгүртүү B. баяндоо C.сүрөттөө D. сүйлөм

16.Айтылышы жана жазылышы ар түрдүү ,а бирок мааниси бир болгон сөздөрдү ... деп атайбыз.

А.антонимдер B.синонимдер C.омонимдер D. фразеологизмдер

17.Ыкташуу байланышында турган сөздөрдү белгилегиле

А.кызыл алма,бийик үй,катуу таш B. Эненин мээрими,атанын уулу,айылдын чети C.талаага баруу,арыкты чабуу , шаардан келүү D. сууну буруу,балыкка жөнөө

18....-кыймыл-аракет менен байланышта болуп,анын ар түрдүү кырдаалын(мезгилин,ордун,сан-өлчөмүн,сапатын) билдирет

А.толуктооч B. аныктооч C.бышыктооч D. баяндооч

19.Тыныш белгиси туура коюлган,каратма сөз катышкан сүйлөмдү тапкыла?

А.Асан сен качан,келесиң? B.Айбек,Мурат силер кайдасыңар?

C.Жамгырбек ,мени менен ойночу? D. Кагылайын,мен эми жалгыз калдымбы?

20. “Тарбиячы” деген сөздүн грамматикалык мааниси кайсы вариантта туура көрсөтүлгөн?

А.зат атооч,атооч жөндөмөдө,конкреттүү зат,көптүк сан,жалпы ат B. зат атооч,атооч жөндөмөдө,абстрактуу зат,жекелик сан,жалпы ат C зат атооч,атооч жөндөмөдө,конкреттүү зат,жекелик сан,жалпы ат D. зат атооч,атооч жөндөмөдө,конкреттүү зат,көптүк сан,энчилүү ат






























Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!