Тема: Кыргызстандын диний ишенимдери.
Сабактын максаты:
1. Билим беруучулук: Кыргыздардын диний ишенимдери жана диний ишенимдердин мурдагы калдыктарынан сакталып калган эң алгачкы формалары жөнүндө окуучулар маалымат алышат .
2.Өнүктүрүүчүлүк: Тарыхый жактан калыптанган маданий, диний, этно улуттук каада –салттар , адептик жана социалдык эрежелер тууралуу ой- жүгүртүүнүн негизинде көз карашы калыптанат .
3. Тарбия берүүчүлүк: Маданий жана руханий байлыктарыбызды, дөөлөттөрүбүздү туура пайдалануу жана келечек урпактарга жоопкерчилик менен өткөрүп берүүгө тарбияланат.
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү.
Сабак өтүү усулу: Интерактивдуу, сабак презентация, түшүндүрүү.
Сабактын жабдылышы: Ватман, маркер, скотч, карточкалар, окуу куралдары, плакат, диний ишенимдерди чагылдырган сүрөттөр.
Сабактын журушу: Сабак башталганга чейин класска ватмандар,кыргызстандын картасы илинип,керектелүүчү карточкалар даярдалып коюлат.
1.Уюштуруу : Саламдашуу (класста конулдуу маанай тузуп
алуу ).
2. Окуучулардын сабакка катышуусун аныктап алуу.
3. Өтүлгөн теманы кайталоо. Социалдык ойлордун өнүгүшү деген темадан алынган суроолор берилет.
Окуучуга берилуучу суроолор:
1. Жусуп Баласагын ким болгон?
2. Махмуд Кашгари кандай эмгек калтырган?
3. X-XI кк. Социалдык ойлордун өнүгүшүнө кимдер салым кошкон?
4. Окуучуларды өтүлгөн тема боюнча баалоо.
5. Жаңы теманы түшүндүрүү:
Доскага өтүлүүчү сабактын темасы жазылат.
Сабактын темасы максаты окуучуга түшүндүрүлөт.
Мугалим окуучуларга диний ишенимдер жөнүндө кеңири маалымат берет.
Ислам жана Кыргызстанда патриархалдык феодал-дүйнөлүк диндер мамилелердин дээрлик үстөмдүк кылып келиши элдин рухий турмушунда диндин маанилуу орунду ээлешине себеп болгон. Кыргыздардын официалдуу дини ислам болуп эсептелсе да, ал элдин диний тушунуктөрунун толук мазмунун тузгөн эмес. Анын устунө мусулманчылык менен катарлаш диндин алгачкы формаларынын калдыктары да кыйла даражада сакталып келген. Азыркы Кыргызстандын аймагында исламдын таралышы IX - XII кк. таандык. Кыргыздарды мусулмандаштыруу женундегу кенирирээк тарыхый маалыматтар XVI к. жазылган «Тарих-и Рашиди», «Мажму ат- таварих», «Жалис жана Муштадин», «Зийа ал Кулуб» ж. б. эмгектерде кездешет. Кыргыздар алгачкы диний ишенимдерин XVI к. чейин гана эмес, андан кийин да узак убакыттарга чейин кармап келишкен. Осмон турктерунөн чыккан Сейфи (XVI к.) кыргыздарды «мусулман да, капыр да болгон эмес» деп жазган. Махмуд ибн Вели XVII к. (XVII к.) кыргыздарды капырлар деп атап «алар ... өлкөгө өзбектердин келиши менен мусулман болуп калышы ыктымал» деген. XVII к. тенир-тоолук кыргыздарга жунгарлардын бир катар кол салууларынын мезгилинде кыргыздардын бир бөлүгү мусулман калкы жашаган Фергана өрөөнунө жана ага тутумдаш тоолуу райондорго оошуп отурукташуусуна байланыштуу мусулман дини кыргыздарга кенири тарала баштаган. Жаны чейрөдө кыргыздар жаны динди да тез кабыл ала баштайт. Бирок Жунгар хандыгы кулагандан кийин кыргыздар мурдагы жашаган жерлерине кайтып келиши менен мусулмандашуу процесси кайрадан солгундаган.
Кыргыздардын арасында ислам дининин өтө кенири таралышы Кокон хандыгынын учуруна туура келет. Анткени, динди таратуу Кокон башкаруучуларынын саясатынын бир багыты болгон. Кыргызстандын аймагындагы стратегиялык мааниси бар жайларда чептер курулуп, мечиттер салынып, кокондук молдолор мечиттерди тейлей баштаган. Бирок кыргыздардын диний турмушунда мечиттин ролу чектелген абалда болду. Анткени, мечиттер көбүнчө чеп ичинде курулуп, ал эми кыргыздар болсо алардан оолагыраак көчуп журуугө аракет кылышкан. Ошого карабастан XIX к. кыргыздар манызын терен тушунбөсө да, исламдын негизги ырым-жырымдарын өздөштүрө баштаган. Ислам үгүтчүлөрү кыргыз айылдарында күнүгө беш убак окулуучу намазды үйрөтүп, айрыкча исламдын мистикалык агымынын (суфизм) өкүлдөрү - эшендердин аракеттери Кыргызстандын туштук райондорунда өзгөчө кучтуу болуп, Чуй өрөөнүнө чейин жайылтылган. Эшендер өздөру мюриддерди (суфизмдин жактоо- чуларын) курап, калктан зекет (мал, мулк) чогултушкан.
Ислам динин биринчилерден болуп манап, баи жана башка башкаруучу таптын екулдеру кабыл алышып, андан кийин букараларга жайылтылган. Ошентип, мусулмандаштыруу процесси узакка созулуп татаал кырдаалдарда ишке ашырган. Жаны дин элге тушунуксуз болгондуктан, анын эзилген катмары дин тебелдерун Кокон хандыгынын жактоочулары катары карап, аларга карата кастык мамиледе болушкан.
Андан кийин эки командага бөлүнгөн окуучулар материалдык жана рухий маданиятка эмнелер кире турганын оюн түрүндө бири-бирине суроо берип табышат.
Жыйынтыктоо бөлүгү: Ватманга суроолор карточка түрүндө жазылган. Ал карточкаларда өтүлгөн тема жана жаңы темалар боюнча бышыктоочу
суроолор жазылган.
Бышыктоочу суроолор:
Кыргыздар кайсы даракты түтөткөндө микробдор өлөт жана жин-шайтандар жоголот деп ойлошкон?
Кыргыздар табияттын кайсы көрүнүштөрүнө сыйынган?
“Менин колум эмес умай эненин колу” деп кайсы мезгилде айтылган?
Кыргызстандын түштугүндогү элдер кайсы тоого сыйынышкан?
Кыргыздар эмне үчүн айбанаттарга жана канаттууларга сыйынышкан?
Бакшы , шамандар кандай ооруларды дарылашкан?
Эпостордогу кандай тотем катары бааланган жаныбарларды билесин?
Арбактарга сыйынууда көз карашы кандай болгон?
Баалоо:
Үй тапшырмасы:
Ата –бабаларыбыз карманып келген кыргыздырдын диний ишенимдерин келечек муунга кантип өткөрүп беребиз? Ой жүгүртүп маалымат булактарынан алып окуп келүү .