3.2. Кыргыздардын бир аты: Аз этноними
XV кылымдагы Тимуриддер империясынын тарыхчыларынын бири болгон Мирхонддун “Раузат ас-сафа” аттуу эмгегинде кыргыздарды ас/аз дешкени жазылып калган. Анын үстүнө Орхон жазма эстеликтеринде да аз этноними менен чагылдырылган эл кыргыздар менен байланыштуу орун алган. Ошондуктан биз кыргыздардын бир ысымы, кыргыздарды түзгөн уруулардын биринин аты катары аз этнонимин кабыл алып, бул эмгегибизде өзүнчө карап чыгууну туура көрдүк.
Аз этноними Орхон жазма эстеликтеринде, Кыргыз кагандыгы (VII-IX кк.) жазма эстеликтеринде жана арап-фарс булактарында учурайт.
3.2.1. Орхон жазма эстеликтеринде аз этноними
Аз (Ú) этноними Тунйукук, Көл Тигин жана Билге Каган жазма эстеликтеринде көп учураган этнонимдердин бири. Каралып жаткан этноним аталган жазма эстеликтерде көктүрктөрдүн Түштүк Сибирге, кыргыздарга болгон согуштук жүрүшүнө байланыштуу эскерилген.
А) Тунйукук жазма эстелигинде аз этноними
Тунйукук жазма эстелигинде аз этноними эки жолу учурап, жогоруда айтылгандай, көктүрктөрдүн Түштүк Сибирге, кыргыздарга болгон согуштук жүрүшүнө байланыштуу орун алган:
Илк кыркызка сүлесер йег эрмиш тедим. Көгмен йолы бир эрмиш, тумыш тейин эшидип, бул йолун йорысар йарамачы тедим. Йерчи тиледим. Чөлги аз эри бултум. Эшитдим: аз йир уолы Аны бирле эрмиш, бир ат орукы эрмиш. Анын бармыш. Аңар айтып, бир атлыг бармыш тейин, ол йолун йорусар унч тедим (Алгач кыргыздарга аттануу жакшы болот дедим. Көгмөн жолу бир экен, (кардан улам) жабылып калыптыр деп угуп, бул жол менен баруу жарабайт дедим. Жерчи сурадым. Чөлдүк аз эрин таптым. Уктум: аздардын жеринин жолу Аны (дарыясы) менен экен, бир ат өтө турган жол экен. Ал жол менен барыптыр. Андан сурап, бир ат өтө турган жол экен деп, бул жол менен баруу мүмкүн дедим) (Тун, 23-24-саптар) (Alyılmaz, 2021: 340-341).
Бул сүйлөмдөр 711-жылы Барсбек Каган башында турган кыргыздардын Тан (Кытай) империясы жана Түргөш (он ок) Кагандыгы менен келишип, Көктүрк Кагандыгына каршы коалиция курганы, муну билген Тунйукук алдын ала кыргыздарга кол салып, канын (Барсбек Каган) өлтүргөнү, элин багындырганы айтылган тексттин бир бөлүгү. Бул сүйлөмдөрдө Тунйукук алгач кыргыздарга аттанып, аларды талкалоо туура болорун, бирок Көгмөндүн жалгыз жолу жабылып калганын айтат. Ошондон улам жерчи, жол көрсөтүүчү адам сурап, чөлдүк аздардан бир киши тапканын жазат. Ал кишинин айтуусу боюнча аздардын жерине барчу жол Аны дарыясы менен бойлой өтүп, бир атчан киши гана жүрө турган жол болот. Муну уккан Тунйукук ушул жол менен барууну туура көрөт. Мындан кийинки сүйлөмдөрдө улуту аз (кыргыз) жол көрсөтүүчү жолдон адашканы, мунун айынан мууздалып өлтүрүлгөнү жазылган. Демек бул киши көктүрктөрдүн аскерин атайылап туура эмес жолго салып жаңылтканын божомолдосок болот.
Б) Көл Тигин жана Билге Каган жазма эстеликтеринде аз этноними
Аз этноними Көл Тигин жана Билге Каган жазма эстелитеринде эки жолу учурап, Тунйукук жазма эстелигиндегидей көктүрктөрдүн 711-жылдын кышындагы Түштүк Сибирге, кыргыздарга болгон согуштук жүрүшүнө байланыштуу эскерилген:
Көл Тигин жазма эстелиги:
1. Эчүмүз-апамыз тутмыш йер-суб идисиз болмазун тийин аз бодунуг итип-йаратып..... Барс бег эрти. Каган ат бунта биз биртимиз. Сиңлим кунчуйуг биртимиз. Өзи йаңылты. Каганы өлти, бодуны күң-кул болты. Көгмен йир-суб идисиз калмазун тийин аз-кыркыз бодунуг итип, йаратып келтимиз (Ата-бабаларыбыз ээлеген жер-суу ээсиз калбасын деп аз элин курап-жасап (мамлекет кылып).... (Алардын кагандары) Барсбек эле. Каган атагын (каган деген наамды) мында биз бергенбиз. Карындашымды жар кылып бергенбиз. Өзү жаңылды. Каганы өлдү, эли күң-кул болду. Көгмөн жер-суусу ээсиз калбасын деп, аз-кыргыз элин курап, жасап (мамлекет кылып), (кайра) келдик) (Көл Тигин ж.э., чыгыш бет, 19-20-саптар).
2. Аз бодун йагы болты. Кара-Көлте сүңүшдимиз. Көл Тигин ол сүңүшде отуз йашайур эрти. Алп Шалчы акын бинип, оплайу тегди. Аз элтебериг тутды, аз бодун анта йок болты (Аз эли жоо болду. Кара-Көлдө согуштук. Көл Тигин ал согушта отуз жашында эле. Алп Шалчынын ак (атын) минип, өгүз сыяктуу кол салды. Аздардын элтеберин колго түшүрдү, аз эли ошондо жок болду) (Көл Тигин ж.э., түндүк бет, 2-3-саптар).
Билге Каган жазма эстелиги:
1. Эчүмүз-апамыз тутмыш йер-суб идисиз болмазун тийин аз бодунуг итип-йаратып..... Барс бег эрти. Каган атыг бунта биз биртимиз. Сиңлим кунчуйуг биртимиз. Өзи йаңылты. Каганы өлти, бодуны күң-кул болты. Көгмен йир-суб идисиз калмазун тийин аз-кыркыз бодунуг итип, йаратып келтимиз (Ата-бабаларыбыз ээлеген жер-суу ээсиз калбасын деп аз элин курап-жасап (мамлекет кылып).... (Алардын кагандары) Барсбек эле. Каган атагын (каган деген наамды) мында биз бергенбиз. Карындашымды жар кылып бергенбиз. Өзү жаңылды. Каганы өлдү, эли күң-кул болду. Көгмөн жер-суусу ээсиз калбасын деп, аз-кыргыз элин курап, жасап, (кайра) келдик) (Билге Каган ж.э., чыгыш бет, 16-17-саптар).
2. Алты отуз йашыма чик бодун кыркыз бирле йагы болты. Кем кече чик тапа сүледим. Өрпенте сүңүшдим, сүсин санчтым. Аз бодунуг алтым (Жыйырма алты жашымда чик эли кыргыздар менен бирге жоо болду. Кем (дарыясын) кечип, чиктерге карай жортуулдадым. Өрпенде согуштум, аскерин талкаладым. Аз элин алдым) (Билге Каган ж.э., чыгыш бет, 26-сап);
Бири-бирине байланыштуу биринчи тексттерде Билге Каган анын ата-бабалары кыргыздарга чейин жортуулдап, бул аймактарды каратканын, бирок жер-суу ээсиз калбасын деп, аз элин кайрадан курап, мамлекет кылганын жазган. Мындан соң, аздардын, башкача айтканда, кыргыздардын өкүмдары Барсбек экендигин белгилегенден кийин ага каган деген наамды өздөрү, көктүрк өкүмдарлары ыйгарышканын жазыган. Буга улай Билге Каган Барсбекке карындашын жубайлыкка беришкенин айткан. Барсбек өзү жаңылып, каза тапканы, эли кул-күң болгону жазылгандан кийин Билге Кагандардын Көгмен жер-суусу ээсиз калбасын деп аз-кыргыз элин кайрадан жыйнап, иреетке салып, мамлекет кылып өз мекендерине кайтышканы баяндалган.
Бул жерде буга чейин көңүл бурулбаган бир текстологиялык жагдайга токтолууну туура көрдүк. Тексттин ыраатына караганыбызда Көл Тигин жазма эстелигинде 19-саптын аягында аз калкы жөнүндө сөз болуп келип, 20-саптын башында кагандары Барсбек экендиги жазылган. Билге Каган жазма эстелигинде болсо, 16-саптын аягында аз эли жана Барсбек Каган тууралуу сөз болгон. Ошону менен бирге бул сүйлөмдөрдө аз жана кыркыз этнонимдери кош сөз катары жайгашкан. Демек аз этноними менен кыргыздардын бир бөлүгү берилип, бул энчилүү ат кыргыздардын бир ысымы катары милдет аткарган деген жыйынтык чыгарсак болот.
Көл Тигин жазма эстелигиндеги экинчи текстте аз элинин жоо болгону, Кара-Көлдө согушушканы, ошол согушта отуз жашта болгон Көл Тигин аздарга кол салып, алардын элтеберин, башчысын колго түшүргөнү, жеңилүүгө учураган аз элинин жок болгону сүрөттөлгөн. Билге Каган жазма эстелигиндеги экинчи текстте чиктер менен кыргыздар биригип, көктүрктөргө душман болгону, Билге Каган башында турган көктүрк аскери Кем (Энесай) дарыясын кечип өтүп, Өрпен деген жерде согушушканы, аларды талкалаганы жазылган. Соңунда аз элин каратышканы кошумчаланган. Бул тексттерге абай жүргүзө турган болсок, аталган сүйлөмдөрдө аз эли башында элтебер турган өз алдынча бир эл катары орун алган . Ошону менен бирге кыргыз жана чик элдери менен бирге айтылган.
Демек Көл Тигин жана Билге Каган жазма эстеликтеринин ички мазмуну боюнча аз этноними менен берилген эл кыргыздардын бир бөлүгүн түзгөн, ошентсе да кандайдыр бир деңгээлде өз алдынчалыгын сактап турган калк болгон.
3.2.2. Кыргыз кагандыгы (VII-IX кк.) жазма эстеликтеринде аз этноними
Аз этноними Кыргыз кагандыгы (VII-IX кк.) жазма эстеликтеринен Энесай жазма эстеликтерине кирген Тепсей VIII (Е 123) жазма эстелигинде учурайт: Эге, ай, күлүг аз, ирбис! (Оо, Эге (кудай), атактуу (күчтүү) аз (эли), илбирс) (Усеев, 2022а: 508).
Диний-культтук мазмунга ээ бул аска жазуусунда жазууну жазган адам кудайга жана тотеми болгон илбирске кайрылуу менен бирге өзүнүн эли болгон аздарды атактуу деп сыпаттап өткөн. Демек кыргыздардын өздөрүнө таандык жазма эстеликтерде бул жазууларды жазган адамдардын этникалык белгиси катары орун алып жатканына караганда аз этноними Кыргыз кагандыгын түптөгөн кыргыздардын бир бөлүгү болгон элди билдирген.
Аз этноними жайгашкан Тепсей VIII (Е 123) жазма эстелигинде тамгасы колдонулган. Өз учурунда бул тамга жалпы кыргыздарга таандык негизги тамгалардын бири . Ушундан улам да аз эли кыргыздардын бир бөлүгү экендигин айта алабыз.
3.2.3. Мирхонддун “Раузат ас-сафа” аттуу эмгегинде аз/ас этноними
Алишер Навоинин сунушу менен жазылган Мирхонддун “Раузат ас-сафа” аттуу эмгеги Чыгыш жана түрк элдеринин тарыхы боюнча жазылган баалуу эмгектердин катарына кирет. Мына ушул эмгекте кыргыздардын бир ысымы аз/ас экендиги белгиленген:
Однако кыркызов называют ас[ами]. И поблизости от той крепости есть гора, вознесла в небеса вершину - подъем на вершину той горы представляет затруднения. И разъяснение [слова] "кыркыз" известно. "Кыркыз" на языке монголов означает "сорок мужей" (Караев, 1994: 60).
Бул текстте кыргыздардын тоолуу аймакта жашары белгиленгенден кийин кыргыздарды ас/аз деп да аташары кошумчаланган. Ошону менен бирге кыркыз этноними кырк эр деген маани бере турганы айтылган.
Б.Б. Монгуш аздарды иран тектүү эл деп эсептеп, аз этнонимин асмандык деген мааниге келген асиан аттуу иран тектүү бир уруу менен байланыштырган. Ошону менен бирге кийин түрктөшүп, кыргыздардын курамына киргенин белгилейт. Мындан сырткары кыргыз этноними менен аз этнониминин ортосунда байланыш куруп, кыргыз этноними кырк аз сөз айкашынан келип чыкканын жактайт (Монгуш, 2012: 179-180). Аздар “Худуд ал-аламда” жана Гардизинин эмгегинде түргөштөрдүн бир бөлүгү катары орун алган. Ошону менен бирге алтайлардын курамында төрт ас жана жети ас уруулары бар (Потапов, 1969: 166-167).
Байыркы түрк жазма эстеликтериндеги, башка тарыхый булактардагы жана азыркы учурдагы түрк элдеринин этникалык курамындагы маалыматтарга таянып, аз этноними менен Кыргыз кагандыгы (VII-IX кк.) доорунда кыргыз элинин бир бөлүгүн түзгөн, белгилүү бир өлчөмдө өз алдынчылыктарын сактап турган жана кийин тарыхый түргөш, азыркы алтай элинин курамына кирген эл берилген деген жыйынтык чыгарсак болот.