Просмотр содержимого документа
«Лабораториялык иш»
Физика сабагы боюнча 7-11- класстарынын окуучулары арасында өтүлгөн лабораториялык иштердин маалыматы
7-11- класстын окуучулары физика сабагынан лабораториялык иштер үчүн дептер ачышкан. Ал дептерлерге лабораториялык иштин жүрүшү, жыйынтыктары жазылып, кайра жыйналып текшерилет. Калган учурда дептерлер кабинетте сакталат.
Жыл ичинде 7- класстарда 8 , 8- класстарда 9, 9- класстарда 5, 10-класстарда 3, 11- класстарда 6 лабораториялык иштер бар.
Лабораториялык иштер календарлык-тематикалык план боюнча өз убагында аткарылат.
8-класстын окуучулары менен лабораториялык иш аткаруу учурунда:
№5. Амперметр жана вольтметрдин жардамы менен өткөргүчтүн каршылыгын аныктоо.
Иштин максаты: амперметр жана вольтметрдин жардамы менен андагы ток күчүнөн жана анын учтарындагы чыңалуудан көз каранды эместигин тажырыйбада текшерүү.
Куралдар жана материялдар: электр батериясы, изилдөөчү өткөргүч (чоң эмес никелин спиралы), амперметр, вольтметр, реостат, ажыраткыч туташтыруучу зымдар.
Ишке көрсөтмө
Батерия, амперметр, спираль, реостат, ажыраткычтан турган элетр чынжырын чогулткула.
Чынжырдагы ток күчүн аныктагыла.
Спиральдын эки учуна вольтметрди туташтырып, өткөргүчтөгү чыңалууну аныктагыла
Реостаттын жардамы менен чынжырдын каршылыгын өзгөртүп, ток күчүн жана чыңалууну дагы бир жолу өлчөгүлө.
Өлчөөнүн жыйынтыгын төмөнкү таблицага түшүргүлө.
Тажырыйбанын № | Ток күчү А | Чыңалуу В | Каршылык Ом |
1 2 3 | | | |
Омдун законун пайдаланып, спиралдын каршылыгын аныктагыла.
Эсептөөнүн жыйынтыгын таблицага түшүргүлө.
Алынган жыйынтык боюнча кортунду жазгыла.