СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лабораторные работы 9 кл

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Лабораторные работы 9 кл»

Б.Алымов атындагы №39 мектеп гимназиясы.





Лабораториялык жумуштар





9-класс Физика





Мугалим: Нурланбекова Аруузат



















Бишкек 2016

1 ИШ. ЭЛЕКТР-МАГНИТТИ ЧОГУЛТУУ ЖАНА АНЫСЫНОО

Иштин максаты: даяр тетиктерден электрмагнит чогултуу жана анын магниттик аракети эмнеге көзкаранды экенин тажрыйбада текшерүү.

Куралдар жана материалдар: элементтер батареясы, реостат, ажыраткыч, туташтыруучу зымдар, компас, электрмагнитти чогултуучу тетиктер

Ишти аткарууга көрсөтмөлөр

1. Батарея, катушка, реостат жана ажыраткычтарды удаалаш туташтырып, электр чынжырын чогулткула. Чынжырды туюктап, компастын жардамы менен катушканын магнит уюлдарын аныктагыла.

2. Компасты катушканын огу боюнча жылдыргыла. Катушканын магнит талаасы компаска аракет этпей калган аралыкка токтоткула. Катушкага темир өзөкчө кийгизип, электрмагниттин компаска тийгизген таасирин байкагыла. Жыйынтык чыгаргыла.

3. Реостаттын жардамы менен катушкадагы ток күчүн өзгөртүп, электрмагниттин магнит жебесине жасаган аракетин байкагыла. Жыйынтык чыгаргыла.

4. Даяр тектиктерден така түрүндөгү магнит даярдагыла. Электрмагниттин катушкаларынын бош учтарында түрдүү магнит уюлдары пайда болгондой кылып, аларды бири-бирине удаалаш туташтыргыла. Уюлдарды компастын жардамы менен текшергиле. Магниттин түндүк жана түштүк уюлдарын компас менен аныктагыла.

















2 ИШ. ТУРАКТУ У ТОКТУН ЭЛЕКТР КЫЙМЫЛДАТКЫЧ КҮЧҮН ОКУП-ҮЙРӨНҮҮ

Иштин максаты: турактуу токтун электр кыймылдаткычынын түзүлүшү жана анын негизги бөлүктөрү менен окуучуларды тааныштыруу.

Куралдар жана материалдар: жаа түрүндөгү магнит, жарым шакектүү контактысы бар электр кыймылдаткычынын кыймылдуу бөлүгү,щеткалар, жыгач койгучу, подшипниктер, ток булагы, туташтыруучу зымдар

Ишти аткарууга көрсөтмөлөр

1. Электр кыймылдаткычын чогулткула.

2. Кыймылдаткычты ток булагына туташтырып, аны кыймылга келтиргиле. Эгер кыймылдаткыч иштебесе, себебинтаап, аны ондогула.

3. Чынжырдагы токтун багытын өзгөртүп, электр кыймылдаткычынын кыймылдуу бөлүгүнүн айлануу багытын өзгөрткүлө.



3 ИШ. ЭЛЕКТР ТОГУНУН МАГНИТТИК КАСИЕТИН ҮЙРӨНҮҮ

Иштин максаты: электр тогунун айланасында магнит талаасынын болушун, токтун магнит жебесине жасаган аракетин, электр тогу менен магниттин өзара аракетин байкоого арналган тажрыйбаларды жасоого көнүгүү, алардын мазмунун, практикалык колдонулушун түшүнүү.

Куралдар жана материалдар: ток булагы, ВС-24 М

түзөткүчү, турактуу магниттер, магнит жебеси, Эрстед тажрыйбасын жасоого ар налган түзүлүш, өткөргүч зымдар,электр чынжырын ажыраткыч, ар кандай өлчөмдөгу мыктар, кнопка, ийне, женил шайба, штатив, ичке жип ж. б.

Ишти аткарууга көрсөтмөлөр

1. Жуз же жуз элүүнчү мм өлчөмүндөгү мыкка изоляциясы бар ичке жез зымынан ороп, ага ВС-24М түзөткүчү

аркылуу ток жибергенде, мык өзүнө майда мыктарды, кнопка, шайба ж. б. майда тетиктерди тартат. Бул кубулушту түшүндүргүлө.

2. Эрстед тажрыйбасын демонстарциялоонун өзуңөр түзгөн ар кандай вариантын сунуш кылгыла. Тажрыйбага керек болуучу түзүлүштү жасоого аракет жасагыла.

3. Магнит менен тогу бар катушканын өзара аракети.Туз магнитти штативге горизонталь багытта бекиткиле. Магнит менен катар ичке узун жипке илинген катушканы жайгаштыргыла (Катушканы кальңдыгы 0,3 мм болгон зымдан жасап алса болот. Оромонун саны болжол менен 200. Диаметри 7 см). Катушканын оромолорун Магнитке перпендикуляр жайгаштыргыла да, ал аркылуу ВС-24 М түзөткүчү менен 1,5 А турактуу ток өткөргүлө. Алгач катушка магниттен туртулуп, кайра айланат да Магнитке кийгизилип калат. Кубулуштун себебин түшүндүргүлө.

4. Диаметри 0,2—0,25 мм изоляцияланган ичке жез зымынан бош түрмөк жасагыла. Түрмөктүн учтарына ажыраткыч аркылуу ВС-24 М түзөткүчүнөн 8 -1 0 А ток жибергиле. Чынжырды туюктаганда түрмөктүн зымдары бири-бирине кысылат, ал эми чынжырды ажыратканда мурдагы абалына келет. Кубулуштун себебин түшүндүргүлө.



4 ИШ. АЙНЕКТИН СЫНУУ KӨPCӨTKҮЧYH АНЫКТОО

Иштин максаты: айнектин сынуу көрсөткүчүн лабораториялык жол менен аныктоого үйрөтүү.

Куралдар жана материалдар: калыңдыгы 1 -1 ,5 см тунук айнек пластинкасы, сызгыч, транспортир, ийне (2 даана), ак барак.

Ишти аткарууга көрсөтмөлөр

1. Ак баракты алып, анын жогорку оң жак бурчуна атыжөнүнөрдү, классьңарды жазгыла.

2. Кагаздын бетине өзара перпендикуляр болгон сызык чийгиле. Сызыктардын кесилишкен чекитин О тамгасы менен белгилегиле.

3. Калын айнек пластинкасын горизонталь сызык боюнча, ортосу О чекитине туура келгендей кылып, кагаздын бетине койгула.

4. Перпендикуляр сызыктын үстүнүн сол жак бөлүгүнө перпендикуляр менен каалагандай бурч түзгүдөй сызык жүргүзүп, анын жогорку чекитине бир ийнени сайып койгула.

5. Айнек пластинканын ылдыйкы бөлүгүнөн биринчи ийнени карап, тушуучу сызыктын уландысына экинчи ийненисайып койгула.

6. О чекитин экинчи ийне сайылган чекит менен туташтыргыла.

7. Түшүү бурчун ɑ , сынуу бурчун γ тамгалары аркылуу белгилеп, алардын чондугун транспортир менен өлчөгүлө.



8- n= формуласы боюнча айнектин сынуу көрсөткүчүн аныктагыла.

9. Айнектин, суунун сынуу көрсөткүчүн аныктоонун башка жолун ойлонуп көргүлө.



5-ИШ.ТОМПОК ЛИНЗАНЫН ЖАРДАМЫНДА СҮРӨТТӨЛҮШТҮ АЛУУ

Линзанын фокус аралыгын жана оптикалык кучун аныктоо

Иштин максаты: чогултуучу линзанын жардамы менен сүрөттөлүштү алуунун ар кандай жолдорун үйрөнүү. Линзаны мунездеечу негизги чоңдуктарды аныктоо, алардын өзара көзкарандылыгын үйрөнүү.

Куралдар жана материалдар: чогултуучу линза,экран, тике жылчыгы бар калпак кийгизилген лампочка, батарея же башка ток булагы, узун сызгыч же ченөөчү тасма.

Ишти аткарууга көрсөтмөлөр

1. Линзанын жардамы менен экранда терезенин сурөттөлүшүн алгыла. Линзадан экранга чейинки аралыкты өлчөгүлө. Ал болжол менен линзанын фокус аралыгына барабар.

2. Линзанын оптикалык күчүн аныктагыла.

3. Лампочканы ток булагына туташтырып, анын калпагындагы тик жылчыкчанын экрандагы сүрөттөлүшүн алгыла.

4. Лампочканы линзадан ар кандай аралыкта жайгаштырып, сүрөттөлүштөрдүн мүнөзүн аныктагыла. Аралыктын өлчөмү төмөнкүдөй болушу мүмкүн: 1) d 2F.

5. Линза менен буюмдун жогорудагы жайланыштары

жана ал учурлардагы сүөттөлүштү алуунун жолдорунан мисалдар келтиргиле. Алар кайсыкуралдарда колдонулаарын айтып бергиле.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!