СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лексика боюнча бышыктоо сабагы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Лексика боюнча бышыктоо сабагы»

Саб.темасы: Лексика бөлүмү боюнча бышыктоо

Саб. максаты:

1:Билим беруучулук:

Окуучулар лексика болуму боюнча алган билимдерин кайталашат ,толукташат, бышыкташат .

2:Өнүктүрүүчүлүк;

Окуучулар алган билимдерин турмушта пайдаланууга уйрөнушөт, сөз байлыктарын өнүктүрүшөт.

3; Тарбия берүүчүлүк;

Эне тилибиздин канчалык бай экендигин билишип, анын кадыр -баркын баалашат, аны менен сыймыктанууга, тилди сүйүүгө тарбияланышат.

КӨСӨТКҮЧТӨР:
а)Лексика боюнча суроолорго жооп бере алышса

б )Берилген көнүгуүүлөрдү, оюндарды туура ,так аткара алышса

в)Темаларды(диалекти ,кесиптик, терминдер ,эски, жаны сөздөр) байланыштырып талдай алышса

г) Күндөлүк турмушта, сабакта курбуларынын арасында ,кыргыз тилинин кадырын билип ,аны менен сыймыктана билишсе.

САБАКА КОЛДОНУЛУУЧУ УСУЛДАР:

- суроо -жооп, айтып берүү, өз алдынча иштөө ,баалоо.

САБАКТЫН ТИБИ: кайталоо, бышыктоо

САБАКТЫН ФОРМАСЫ: чыгармачылык оюн

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ:тустуу кагаздар, суроолуу куржун ,таратмалар, ырлар ,ж ,б.







САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

1:Уюштуруу

2:Класстагы окуучуларды тактоо

3: Поэзия мүнөттөрү

4:Жаны сабак.

--- Балдар, бугунку сабагыбыздын максаты: Кыргыз тилинин сөздүк курамы, алардын кандай жолдор менен пайда болуп ,байыганы ж ,б дегеле тилибиздин канчалык бай, улуу тил экендигин түшүнүүгө мүмкүндүк аласыӊар.Силер менен биз өтүлгөн темалар боюнча эрежелерди эске алып, көнүгүүлөр аткарабыз, оюндар ойнойбуз.

Өзүӊөргө белгилуу болгондой, биз лексика бөлүмүн жыйынтыктайбыз.

Алгач сабакка киришүүдөн мурда айта кетчү нерсе бугунку сабагыбызды "АЛАМАН БАЙГЕ"деген оюн аркылуу өткөрөбүз. Мында ар бир окуучу өзү учун аракет кылат.Сабактын журушундө упай чогултуп барат.Жыйынтыгында жекече бааланат жана жеӊүүчү аныкталат.Кана, эмесе келгиле уйгө берилген тапшырманы сурап алсам.Акыркы өткөн темабыз" Неологизмдер" болчу 106- көнүгүү иштөөгө берилген.Өтүлгөн темаларды сабактын жүрүшүндө сурап барам .

----Азаматтар! Келиле, эми бугунку сабагыбыз суроолорго жооп берүү менен улантсак.Кайсы суроолорго жооп беребиз деп турсаӊар керек. Мен силерге суроолор толо куржун менен келдим .”Суроолуу куржундагы” суроолорого жооп бересиӊер.

1: Куржундан бир суроо алынат. Ал- диалектилик сөздөр.

Диалектилик сөздөрдүн эрежеси айтылат ,мисалдар келтирилет.Чынжыр оюну аркылуу теманы бышыктайбыз.

Ар бир жооп берген окуучуга упай берип барылат.

2: Куржундан экинчи суроо алынат. Ал -кесиптик сөздөр.Кесиптик сөздөрдүн эрежеси айтылат мисалдар келтирилет.Балыкчылыкка байланыштуу сөздөрдү доскада жазабыз.

3: Куржундан 3-суроо алынат. Ал- терминдер.Терминдердин аныктамасы айтылат, өзгөчөлүктөрү жөнүндө сүйлөп беришет.Тил илимине байланышкан терминдерди жалбырактарга жазып, даракка чаптайбыз.

4: Куржундан 4- суроо алынат. Ал- эскирген сөздөр.Эскирген сөздөрдүн эрежеси ,бөлүнүшү, тарыхый жана архаизмдер жөнүндө айтышат.Мисалдар келтирилип,100- көнүгүү аткарылат.

5: Куржундан 5-суроо алынат.Ал- неологизмдер.Неологизмдердин да өзгөчөлүгүн айтып, мисалдар келтирилип, 107-көнүгүүнү аткарабыз.

САБАКТЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО,БААЛОО; Сабакты жыйынтыктоо учун тест суроолоруна жооп беришет.

Окуучулардын топтогон упайларын санап, “Аламан байгенин “жеӊүүчүсү аныкталат.Окуучулар упайларына жараша бааланышат.

УЙГӨ ТАПШЫРМА: 113-КӨНҮГҮҮ.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!