СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын иштелмеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

 11-класс " ___ " " _______" 2024-жыл                  Кыргыз тили сабагы                                        Текшерилди:

                                                                                                                                                         ОББ: __________

Сабактын темасы: Иран-фарсы тилинен кабыл алынган сөздөр

 Сабактын максаты:

  Көрсөткүчтөр:

 Жогорудагы максаттар ишке ашат, эгерде окуучу:

 1. Билим берүүчүлүк:

 Окуучулар иран-фарсы тилинен кабыл алынган сөздөр боюнча маалыматка ээ болушат

 - иран-фарсы тилинен кабыл алынган сөздөр тууралуу билсе;

 2. Өнүктүрүүчүлүк:

 Тексттен иран-фарсы тилинен кабыл алынган сөздөр аныктоо менен кеп маданияты өнүгөт.

 - тексттен иран -фарсы тилинен кабыл алынган сөздөрдү аныктаса;

 3. Тарбия берүүчүлүк: 

 Орфографиялык эрежелерге ылайык сабатту жазууга, өзүнүн пикирин коргой алууга багыт алышат.

 - сабаттуу жазууга багыт алып, өзүнүн пикирин далилдесе;

 Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү сабагы

 Сабактын жабдылышы: Тексттер, слайд, окуу китеби , видео материалдар

 Окутуунун усулу: Интерактивдүү, түшүндүрүү, айтып берүү, көргөзмөлүү усулу

 

  Негизги компетенттүүлүктөр  Предметтик компетенттүүлүктөр

 Маалыматтык

 Алган маалыматтарын кабылдап, негизги ойду аныктоо менен, алынган маалыматтарын так баяндайт;

 ПК-1 Тилдик компетенттүүлүк - тилдин системасын, тилдин түзүлүшү, анын категориялары тууралуу билимге ээ болуу, орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулукка жетишүү;

 Социалдык-коммуникативдик

 Оозеки жана жазуу жүзүндө берилген маалыматтарды кабылдоо менен, өз ара аракеттенүүнү калыптандырат;

 

 ПК-2 Кептик компетенттүүлүк - кырдаалдарга жана тилдик нормаларга ылайык жазуу жана оозеки формада карым -катнашты ишке ашыруу, өзүнүн кептик мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтөт жана сөздүк корун байытуу, байланыштуу кебин, сүйлөө, жазуу маданиятын өркүндөтөт.

 Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү аныктоо

 Маалыматтан карама -каршылыктарды табат, маселени чечүүнүн жолдорун айтуу менен өз пикирин далилдейт

 ПК -3 Маданий компетенттүүлүк - тилдин улуттук =маданий өзгөчөлүгүн үйрөнөт, тил аркылуу элдин улуттук баалуулуктарын таанып -билет, элдик этномаданий лексиканы өздөштүрөт.

 Сабактын жүрүшү

 Сабактын 

этабы

 Мугалимдин иш -аракети Окуучунун иш-аракети  Баалоо

Ком-

тент-р

 Уюшту-

руу (3 мүн)

 Окуучулар менен саламдашып, толуктап, класстын тазалыгын көзөмөлдөп, сабакка даярдоо. Сабакка жагымдуу маанай түзүү.   Окуучулар мугалим менен саламдашат, сабакка даярданышат.  Эң жакшы

 НК 

ПК 

 Үй тапшыр -масын тек-

шерүү ( 5 мүн)

 Үйгө берилген тапшырманы шарты менен так, туура аткарышкандыгын текшерүү

1. Синтаксистик жол менен жаслган жаңы маанидеги сөздөрдүн жана семантикалык ыкма менен пайда болгон сөздөрдүн айырмачылыгы эмнеде?

2. Сөзмө-сөз которуу аркылуу пайда болгон сөздөрдүн кандай түрлөрү бар? 

 Окуучулар үйгө берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча жооп беришет

 

Суроолорго жооп беришет

 Үй тап-

шыр-

масы

бааланат

НК-2-3

ПК-1-2-3

Жаңы тема

( 10мүн)

 " Иран " деген термин орто кылымдагы " эран ", тажик тилинде еран, парсы тилинде иран, биздин заманга чейин жашаган арйа (арийа) деген фарсы тилинде сүйлөөчү этникалык уруунун атынан пайда болгон. Азыр фарсы тилинен таралган бир канча тилдерди бириктирүүчү термин катарында колдонулуп келе жатат.

 Байбача (фарс)- байдын баласы

 Байге( фарс) -чуркатуу, жарыш

Калта (фарс) -баштык 

 Бул сөздөрдүн өзүбүздүн жашообузда кездештирип жүрөбүз. Эгер кыргыздын нукура сөздөрү деп ойлосоңор, жаңылышасыңар. Себеби, тилдин байышына сырткы булактардын таасири чоң. М: бизге орус, латын, иран, араб, фарс, монгол тилдерден көптөгөн сөздөр кирген.

 Калып-

танды-

руучу

баалоо

 

Кайрарым

байланыш

Сөз менен

баалоо

 Нк-1-2-3

 

 ПК -1-2-3

 Көнүгүү иштөө

 ( 18мүн)

 62-көнүгүү

 Текстти окуп чыгып, андагы иран-фарсы тилинен кирген сөздөрдү бөлүп бергиле. Бул көнүгүүнү аткарууда сөздөрдү пайдалангыла

 Берилген тапшырмаларды өз алдынча аткарышат.

 Калып.чу

 баалоо

Бирин-бири баалашат

 

НК-1-2-3

ПК-2-3

 Сабакты 

бышыктоо

( 5мүн)

1. Иран-фарсы тилинен кабыл алынган сөздөрдүн лексикабыздагы орду кандай, алар тыбыштык өзгөрүүлөргө учураганбы?

2. Иран-фарсы тилинен кабыл алынган сөздөр кандай тематикалык топторго бөлүнгөн?

Суроолорго так жооп берүүгө аракеттенишет  Оозеки бааланат.

НК-2-3

ПК-2-3

 Тапшырма берүү (2мүн)

 Умай эненин колу

 Текстти окуп, дептерге жазып, иран-фарсы тилинен кирген сөздөрдүн маанисин түшүндүрүү

 Үйгө берилген тапшырманы аткаруу шарты боюнча түшүнүк алышат  Жакшы !  

 Баалоо

 (2мүн)

Сабакка активдүү катышкан окуучулардын жалпы билимин эске алуу менен баалап, күндөлүктөрүнө баа коюп берүү Күндөлүктөрүнө баа койдурушат  Жалпы билимин эске алуу менен мугалим баалайт

 НК-2-3

 

ПК-1-2-3