СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лекция 10. Окутуу ишин уюштуруу формалары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окутуу ишин уюштуруу формаларынын өнүгүү динамикасы

Мектепте окутуу иши түрдүү формада уюштурулат. Мектептин тарыхый өсүү жолунда окутуу ишин уюштуруунун формалары көп өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Байыркы Грецияда окутуу көбүнчө индивидуалдуу формада уюшулган. Мугалим окуучунун тапшырмасынын аткарылышын текшерип, текстти окутуп көргөн, өзү окуп берген, тапшырманы аткаруу эрежелерин, ыктарын көрсөткөн, музыкалык аспаптарда ойноону үйрөткөн. Дене тарбия көнүгүүлөрүндө мелдеш негизги орунду ээлеген. Ал эми орто кылымдын мектептеринде окуучулардын азыраак топторун чогултуп окутушкан, мугалим материалды өтө эле кыска баяндап, окуучулары аны үн чыгарып, хор менен кайталашкан. Убакыттын көбү түшүнүксүз материалды окуучулар өз алдынча жаттоого жумшалган, андан кийин жекече жооп берүү талап кылынган. Окутуунун туруктуу расписаниеси болбостон, ал мугалимдин эркине жараша өзгөрүп турган.