СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

2 Нурдин Усеев .....

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«2 Нурдин Усеев .....»

3. Николаас Витсендин “Россия империясынын жаңы картасында” (1600?) жана “Европанын чыгыш, Азиянын түндүк картасында” (1687) кыргыз этноними



“Россия империясынын жаңы картасында” (1600?) кыргыз этноними латынча Kirgisen Land сөз айкашында орун алган. Азыркы кыргыз жазуусуна түшүрсөк, Киргизен ленд деп окулуп, кыргыз өлкөсү, жери деген маани берет. Башкача айтканда, кыргыз этноними киргиз түрүндө орун алып, топоним, анын ичинде хороним катары колдонулган.

Каралып жаткан картада кыргыз жери, өлкөсү катары Байкал көлүнүн батыш-түштүгүндөгү аймак, башкача айтканда, азыркы Түштүк Сибирь (Хакасия, Тыва) көрсөтүлгөн. Демек бул карта боюнча XVI кылымдын соңу XVII кылымдын башында Түштүк Сибирь (Хакасия, Тыва) аймагы кыргыз өлкөсү, жери деп эсептелген.

“Европанын чыгыш, Азиянын түндүк картасында” (1687) кыргыз этноними Kirgisi түрүндө орун алган. Азыркы кыргыз жазуусуна түшүрсөк, Киргизи деп окулуп, кыргыздар деген маани берет. Башкача айтканда, кыргыз этноними киргиз түрүндө орун алып, этноним катары колдонулган.

Каралып жаткан картада кыргыздар Байкал көлүнүн түндүк-батышына, башкача айтканда, азыркы Түштүк Сибирь (Хакасия, Тыва) аймагына жайгаштырылган. Демек бул карта боюнча XVII кылымдын аягында кыргыздар Түштүк Сибирь (Хакасия, Тыва) аймагында жашаган.

1664-1665-жылдары Якоб Борейль аттуу элчинин делегациясынын курамында Орусияга келген голландиялык саясатчы, окумуштуу-картограф Николаас Витсен Орусияда жүргөн мезгилинде Орусия жана ага чектеш аймактар менен элдер, анын ичинде кыргыздар тууралуу баалуу этнографиялык, географиялык маалыматтарды чогулткан. Ал чогулткан материалдарын 20 жыл бою толуктап, тактап; мунун негизинде 1692-жылы Амстердамда голланд тилинде “Түндүк жана Чыгыш Тартария (Noord en Oost Tartarye)” деген китебин жарыялаган. Сибирдин, Борбордук Азиянын географиясы жана элдери тууралуу Европадагы алгачкы илимий эмгек болуп эсептелген бул чыгарма 1705-жылы толукталып экинчи жолу басылган. Мына ушул эмгекте кыргыздар тууралуу өтө кызык маалыматтар берилген:

Народы киргизы, которые живут у истока реки Енисей, примерно на 60° северной широты, раньше, правда, имели единое правление, но теперь они находятся под гораздо более мелкими правителями в их собственных интересах. Это свободные люди, не считая того, что должны платить дань Их Царским Величествам и обязаны по его требованию вступить в войну и подчиняться.

Это беспокойный, храбрый, героический, упрямый тартарский народ. Они хорошие солдаты-конники, с копьями, в латах и панцирях из железных колечек на всем теле. Иногда они надевают их по два или по три.

У киргизских народов такое же идолопоклонство, как и у калмаков, но встречаются и магометане.

Они упорно грабят иноземных путешественников и вредят им, как только могут.

Этот народ высокмерный, лицемерный; они аккуратны в пище, варят ее. Одеваются в кафтаны, приподнятые на боках.

Эти люди живут в главным образом между Нарыном и Кетским, вдоль реки Кеть – это приток Оби, в верхнем течении реки – и еще между Томском, Кузнецким, Енисейской, Краснояром и около области Алтын. Они умнее, чем остяки, их соседи, и, хотя, как и, они живут главным образом охотой и рыбной ловлей, их земля пригоднее для пастбищ и плуга.

Начиная с Томского, вниз, примерно до города Енисейска, - незаселенная равнинная земля, в некоторых местах занятая рощами, также около рек Кия и Чулым, до городов Кузнецк и Краснояр. Это укрепленный город, хорошо снабженный войсками Их Царских Величеств, которые всегда должны охранять его от киргизов, которые иногда приходят грабить, хотя и находятся в мирных отношениях. Они располагаются до Мугальской области, к юго-востоку. Это воинственные люди, высокого роста, похожие на калмаков, широколицые. Их оружие - это лук и стрелы. У них красивые панцири из колечек, и копья. Они живут в большинстве своем в горах, говорят по-калмакски, а также по-крымско-тартарски.

У них есть коровы, лошади, овцы, куры, гуси и утки. Они живут в хороших домах из камня и глины. Они должны оставлять в московитских городах либо детей, либо взрослых мужчин из знатнейших как заложников.

Про этих киргизов говорит Дженкинсон, что они в его время, а именно в 1558 г., не хоронили своих умерших, а вешали их на деревьях в лесу. Большая часть их богослужения будто бы состоит в том, что их жрец с дерева, на которое он взбирается, обрызгивает для смывания грехов общину смесью из крови, молока и животного навоза, из сосуда.

У них свой язык. Они высокого роста. Не имеют книг или письменности. Женщины довольно красивы и хорошо одеты, по их обычям. Их лощади ловки, как кошки. Живут они между гор и недоступных скал, почему они там храбрее в войнах с соседями. Река Енисей, берега которой они в основном заселяют, имеет более сильное течение, чем Обь (Витсен, 2010: 783-784).

Н. Витсендин ишенимдүү булактарга таянган, дыкат илимий электен өткөн бул маалыматтарынан төмөнкүдөй жыйынтыктарды чыгарсак болот:

1. Н. Витсен чогулткан жана китебинде баяндаган георафиялык турумдар, этникалык жагдайлар боюнча кыргыздар Түштүк Сибирь, Алтай жана Ала-Тоо сыяктуу бири-бирине жалганган бир бүтүн аймакта жашаган бирдиктүү түрк (тартар) тектүү калк. Анткени Н. Витсен аталган аймакта жашаган кыргыздарды бөлбөстөн бир калк катары сүрөттөгөн.

2. Кыргыздар бытыранды, бирок эркин эгемен бектиктер түрүндө жашаса да, тарыхта бирдиктүү бир мамлекет болгону белгиленген.

3. Кыргыздар түрк тилдерине кирген кыргыз тилинде сүйлөшкөн. Анткени Н. Витсен кыргыздардын өз тили бар экендигин, крым татар тилинде сүйлөшкөнүн жазган. Бул жерде крым татар тили дешинин себеби – бул кыргыз тилинин түрк тилдерине кирип, крым татарларынын тилине окшош болушу.

4. Кыргыздар калмак тилинде да сүйлөшөрү айтылган. Мунун бир канча себеби болушу ыктымал: калмакташып кеткен кыргыздар болгон болушу мүмкүн, же Н. Витсен калмактардын бир бөлүгүн кыргыз деп эсептеп койгон.

5. Кыргыздар баатыр, эр жүрөк жана согушкер эл катары сүрөттөлгөн. Аталган сыпаттама жогорудагы бөлүмдөрдө берилген байыркы кытай, арап булактарындагы жана Евразия элдеринин фольклорундагы маалыматтар менен үндөшүп, кыргыздардын негизги өзгөчөлүгү – бул алардын жоокердиги экендигин дагы бир жолу тастыктап турат.

6. Кыргыздардын наркты сактаган, адамдык намысты сыйлаган тектүүлүгү текеберлик катары бааланып, тамактануудагы тазалыгына жана аялдарынын сулуулугу менен улуттук мүнөздөгү жарашыктуу кийимдерине басым жасалган.

7. Кыргыздардын жашоо-турмушуна жана ишенимине байланыштуу кызык маалыматтар берилген. Мисалы, алардын бир бөлүгүнүн мусулман экендиги, экинчи бир бөлүгүнүн байыркы ишенимдерин сактап калганы айтылган. Мындай маалыматтар кийинки архивдик материалдарда да жолугат. Мисалы, И. Бердашев аттуу орус котормочусунун 1855-жылы кыргыздар тууралуу жазып калтырган кол жазмасында мындай деп айтылган: Хотя, дикокаменные и считают себя мусульманами, но немногие из них знают о существовании Пророка. Пятивременное совершение намаза, омовение и сохранение рузы (поста) им можно сказать не известно. ... Но всего замечательно, что у народа этого до сих пор, хотя уже с слабыми оттенками сохранились разные верования в шаманство (Сапаралиев, 2017: 29).