27.01.2020.
Тема: Чет өлкөдөн жумуш издөөдөгү укуктар
Максаты: Алдамчылар тарабынан жабырлануучуга колдонгон ыкмалары жөнүндөтүшүнүккө ээ болуусу.
Жумушка орноштуруу агентиктеринин ишинин мыйзамдуулугун тастктаган документтерден кабардар болуусу.
Легалдуу эмес иштерден мыйзамдуу ортомчуларды айырмалай билүүсү.
Семинар –тренинг
Катышуучулар: социалдык педагогдор, уюштуруучулар.
Коноктор: Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынан К.Т. Каргулова
Райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы: К.А. Эсеналиев
«Нуржолбер» коомдук бирикмесинен Нурлан ,Назира
Өтүлүүчү орду: Карабагыш Ата кафеси
Жүрүшү:
Жагымдуу маанай: Н.Молдакунова
Маалымат берүүчү: Эльвира Байсеркеева
(слайд проектор)
Адам сатуу –кылмыш, кулчулуктун заманбап түрү.
Адам сатуудагы түшүнүк өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт
Тартуучу
Жеткирүүчү (транспортировкалоо)
Эксплуатация кылуучу
Түркия БАЭ –сексуалдык эксплуатациянын курмандыктарын пайдалануучу
Европ жана Азияда- официант, бала багуучу, офис кызматкери жана бийчи
Казакстан Россия федерациясы жабыркагандарды эмгекке тартуу үчүн даректүү мамлекет болуп эсептелинет.
Кардарларды тартуу үчүн кылмышкерлер негизи төмөнкү методдорду колдонушат.
Ишенимге кирет
Алдашат (алтын тоолорду убада кылышат)
Документтерин тартып алышат
Физикалык же психологиялык таасир көрсөтүшөт
Сиз алдамчылардын колуна түштүнүз!!! Эгерде
Иш-тажрыйбанын жоктугуна макул болсо
Билим деңгээли маанилүү эмес десе
Тил билүүнүн кажети жок десе
Жогорку айлык маяна сунуштаса
Чет өлкөгө шашылыш түрдө кетүүнү сунуштаса
Ошондой эле контрактык формалдуулукту башка мамлекеттерге барганда чечүүнү сунуштаса.
Эмгек визасынын ордуна башка виза менен чет өлкөгө чыгууну сунуштаса.
Виза –паспортко кюлуучу мамлекет тарабынан кирүүгө чыгууга, жашоого же чет өлкөлүк өз аймагынан өтүүгө берилген атаыйн белги. Белгилүү бир мөөнөткө берилет.
Эмгек визасы
Туристтик виза
Окуу визасы
Жаштар чет өлкөгө чыгып иштөө үчүн жумушту кандай издешет?
Ишке орноштуруу агенттиктерине
Тааныш аркылуу досу, тууганы, куда сөөк ж.б
Интернет аркылуу.
Социалдык тармактар:
Инстаграмдан алдамчылар:
страница ачат
көпчүлүк учурда сайттын ээси жакшы пикирлерди жаздыруу үчүн жарнама компанияларын жалдайт.
реклама кылат
айлык акысы жогору,шарттары бар
жатаканасы бар, тамак аш берилет
чет өлкөгө чыгууга документке кеткен каражаттарды фирма төлөйт
бул баракчага коментарийлер түшөт
бир эле смартфондон бир нече акаунт ачса болот
фейктер подписчик топтоо керек 10 адам алар 10дон 100 адам анан 1000 адам
коментарийлер түшөт рейтинг көтөрүлөт
ишенчи пайда болуп кетебиз.
Чет өлкөдө жумуш издөөдө эмнеге көнүл буруу керек?
чет өлкөдө легалдуу ишке орноштуруу үчүн КРМалекттик миграция кызматынын уруксатын алган юридикалык жактан укугу бар документ .
агенттиктин чет өлкөлүк иш берүү компаниясы менен келишим болуу керек.
бул макулдашууда жумушчуларды издөө, тандоо, жөнөтүү кызматтарын көрсөтүү боюнча маалымат болуу керек.
келечекте иш берүүчү менен түзүлгөн эмгек келишиминде төмөнкүлөрдүн камтылышын текшерүү керек. эмгектин түрүнүн так көрсөтүлүшү, айлык акысы медициналык жана социалдык камсыздандыруунун тартиби, иш тартиби, келишимдин мөөнөтү.
Агенттик маалымат берүү гана эмес ишке тиешелүү докменттерди даярдоо жана ишке орноштуруу.
Легалдуу иш менен камсыз кылуу агенттиктери жөнүндө маалыматты КР Миграция боюнча мамлекеттиккызматынын сайтында болот .
РФ иш берүүчүлөрүнүн расмий сунуштарын федералдык кызматынын эмгек жана иш менен камсыз кылуу сайтынан тапса болот.
Кыраакы бол!!!
Чет өлкөдө иштөөгө окуу же никеге туруу боюнча тааныш же бейтааныш адамдардын азгырык сунуштарынан сак бол!
Эч качан эч кимге документеринди бербениз!
Жолунузга, турак жайынызга тамагынызга тиешелүү бардык төлөмдөрдүортомчу тарабынан жеткенде кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү аркылуу төлөп берүү сунушуна макулдугунузду бербениз!!
Эч качан окубай туруп документке жана ак баракка кол койбонуз!
Ишке орноштуруу боюнча ортомчу адамдардын байланыш маалыматтарын же келечекте иштөөчү иш ордунуздун так дарегин,үй бүлө мүчөлөрүнүзгө жана жакындарынызга сөзсүз таштап кетиниз!
Чет өлкөгө чыгууда коопсуздук үчүн билетти эки тарапка тен сатып алып коюнуз (кайра артка билетти ачык датасы менен)
Сөзсүз баардык маанилүү документтердин көчүрмөлөрүн жасоо жана аларды оригиналдан башка өзүнчө сактоо керек!.
Кыргызстандын элчилигинин дарегин жана телефондорун сөзсүз билүү жана сактоо керек!
Дайыма үй бүлөнүз жана жакындарыныз менен байланышта болунуз!.
Топторго бөлүү
1-топ: Ишке орноштуруу боюнча ортомчу агенттигине кайрылдыныз. Алар алдымчыбы же кул сатуучубу кандай белгилер менен белгиленент. (талкуулашат презентация кылышат)
2-топ Мыйзамдуу жумушка орноштуруу агенттигинин кандай документтери сөзсүз болуу керек? (талкуулашат презентация кылышат)
3-топ
Тобокелдиктин өлчөмү |
Жогорку тобокелдик | Орточо тобокелдик | Тобокелдик жок |
Чет өлкөдө иштөөгө бейтааныш адам аркылуу берилген сунуш | дайындалган өлкөдөгү туугандарынын же досторунун болушу | ишке орноштуруу боюнча лицензиясы бар компаниядан иш жөнүндө сунушу |
Мыйзамсыз жумуш | интернет аркылуу табылган жумуш | жумуш визасы боюнча иш сапар |
Туристик виза аркылуу жумуш | чет өлкөдө иштөөгө туугандар тарабынан берилген жумуш | чет өлкөгө конференцияга иш сапар |
Даректүү мамлекетте жалдоочу менен контракка кол коюу | | чет өлкөлөрдө окуу |
Тилин билбеген өлкөгө баруу | | |
кол коюлбаган контракт менен иштөө | | |
Туристик виза аркылуу жумуш | | |
чет өлкөдө иштөөдө медициналык камсыздандыруунун жоктугу | | |
чет өлкөгө барганда өздүк документтерди башка бирөөгө берүү | | |
жогорку айлык маяна сунушталып жатат | | |
группа толду шашылыш түрдө кетүү керек | | |
тил билүү маанилүү деле эмес | | |
иш тажрыйбанын деле кереги жок барганда үйрөнөсүн | | |
| | |
Тест алынат приложение «Зибгрейд» Нурзат Молдакунова
жыйынтыктоо