Сабактын темасы : Ата – эне мээрими чексиз .
Сабактын максаты: а) Окуучулар теманын мазмунун , маанисин билүүгѳ үйрѳнүшѳт.
б) Ѳз оюн эркин далилдүү айта билүүгө машыгышат.Анализ жүргүзүү, талкуулай билүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.
в) Окуучулар бирин бир пикирин угууга , башкалардын оюн түшүнүүгө жана ата – энени сыйлоого , урматтоого , аларга кам көрүүгө тарбияланышат .
Сабактын тиби : Жаны теманы тушундуруу
Сабактын методу: Айттып беруу
Сабактын жабдылышы : Дептер
Сабактын журушу
Уюштуруу: Саламатсынарбы, балдар ? Маанайынар жакшыбы ? Сабакка жакшы даяданып келдикпи? Бугун кайсы кун жана кайсы ай ?
Уй тапшырма: текшеруу
Жаны тема :Бул жашоода ар бир адам баласы үчүн эӊ кымбат , эӊ ыйык жана дүйнө жүзүнөн табылгыс нерсе ата – эне . Ата – эне Жараткандын адам баласына тартуулаган мээримдүүлүк өлкөсү , үй – бүлөнүн бакты – куту , бейпилдиктин жана шаттыктын тийип турган күнү . Алар биз үчүн эӊ зарыл , эӊ улуу жана кадырлуу адамдар . Туура , ата – эненин жүрөгү кеӊ талаа . Алар жашообуздун башкы каарманы ,өздөрүнө баардык нерсени камтып турган мээримдүү , боорукер , балдарына болгон сүйүүсү чексиз , жан дүйнөлөрү назик жандар .
Ата – энелерди урматтап сыйлап билүү биздин милдет. Биз жарык дүйнөгө келгенден баштап , жаныбыздан карыш жылбай баккан биздин ыйык ата – энелерибиз .
Алар өтө сезимтал жан болушат . Эч нерсени көрбөсө да жүрөгү менен сезип , билип , туюп турат . Алар биздин ар кандай кыял - жоруктарыбызга чыдап , таалим – тарбия берип , акыл – насаат айттып турушат .Биз оорусак кошо ооруп , ыйласак кошо ыйлайт.Чындыгында алардын бизге болгон мээрими , сезими менен өзгөчөлөнүп турат .
Биздин жакшы ийгиликтерге жетишибиз үчүн өмүр бою күрөшүп келген , мээримдүү , айтса сөз жеткис ыйык ата – энелерге кызмат кылууга , ыраазы кылууга биз баарыбыз милдеттүүбүз.
Бышыктоо :
Атакем
Ата деген , Ата экен да аты улук ,
Уул - кызым деп , жерге – сууга өзүн уруп .
Балдарынын амандыгын тилейт экен ,
Турса дагы өзү ооруп , алы куруп .
Бар болгула ! Балам деген атакелер ,
Биз өсүп , кызматыӊар кайтып келээр.
Аман болуп , ден – соолукта жүргүлөчү,
Перзент үчүн чоӊ зоосуӊар , Ата Силер .
Эне
Эне сага кандай мактоо жарашат ,
Эне сенден ким сыймыкты талашат .
Эне сага эч ким теӊдеше албайт эч бир жан ,
Баардык мактоо сага гана жарашат .
Ак шейшепке орор сени ,
Кичинеӊден баккан ким ?
Уйку көрбөй узун түндө,
Таптап сени жаткан ким ?
Макалакаптар
Атадан таяк жеген – балдар жакшы ,
Энеден тил укпаган – кыздар жакшы.
Атаӊ барда эл тааны , атыӊ барда жер тааны .
Эне сыйлаган элге жагат , ата сыйлаган абийир табат.
Бейиш эненин таман алдында .
Эненин оюу балада , баланын оюу талада.
Эненин жүрөгү аштан , баланын жүрөгү таштан .
Жыйынтыктоо : Менин апам же менин атам деген сөзгө синквейн түзүү
Синквейн :
- _______
- _________ ,___________
- __________,____________,____________
- ___________________________________
- __________
Баалоо :
Үй тапшырма : Ырды жаттоо жана «Мен ата – энемди жакшы көрөм» деген темада дилбаян жазып келүү.