Просмотр содержимого документа
«Бул өсүмдүктөрдү таанып ал»
Бул өсүмдүктөрду таанып ал.
Дүйнөнун токойлорунун 22% Россияда жана алардын төрттөн бири дарактар. Россия федерациясынын токойлорунун жалпы аянттын болжол менен 12 миң квадрат км. (2001- жылдын маалыматы) жана ал Россиянын территориясынын болжол менен 70% ээлеп турат.
Жалпысынан биздин планетада болжол менен 300 миң өсүмдүктөрдүн түрү бар, алардын арасынан 250 миңге жакыны окумуштуулар тарабынан изилденген. Ал эми 50 миң түрүнүн бизге зыяны барбы же тескерисинче алар пайда алып келээри дагы да болсо белгисиз.
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн арасынан эң жашы болуп орхидеялар тукуму саналат. Бул тукум биздин планетада болжол менен 30 миллион мурун пайда болгон. Орхидеялар калыптанып калган айлана – чөйрөгө, ыңгайлануунун ар кандай өзгөчө жолдорун: ачык түстөрдү, курт- кумрскаларга карата даамдарды– «иштеп» чыгышкан.
Микронезия Штатындагы Помпеинин жалпы аянты 40 кв.км. ээлеп, анда өсүмдүктөр дүйнөсүнүн өтө ар түрдүү болушу менен мүнөздөлөт. Мында дүйнө жүзүндө кездешпеген өсүмдүктөрдүн 800 жакын түрү бар.
Биз сатып алып жүргөн томаттардын мөмөсүнүн зыяндуу же пайдалуу экендигин кантип билсек болот? Мисалы, дарынын өлчөмүн көп алган томаттын мөмөсүндө мүнөздүү белгиси – «мурутчалар» болот.
Эң ири гүл – эремурус, анын бийиктиги 2,5 метр, алар орто Азиянын Алатоосунун эңкеиштеринде өсүшөт. Бул гүлдөрдүн кооз түстөрүнө жараша аларды илгери заманда элдик аты - «падышанын балдагы» деп атап коюшкан. Алардан бир убактарда жогорку сапаттуу клей, ал эми жаш жалбырактарын тамак катары пайдаланып келишкен. Бүгүнкү күндө алар капуста менен барабар.
Кайсы бирөөлөр лимондун кычкыл болушунун себебин, аларда канттын жетишсиздиги деп эсептешет, бирок бул андай эмес.
Бир килограмм кулпунай менен лимондогу шекер (кант) салыштырганда лимондо шекердин көп экендигин окумуштуулар эсептеп чыгышкан. Бирок, кулпунайда С витамин көбүрөк, ал эми лимондо, айрыкча анын кабыгында аскорбин кислотасынан башка дагы пайдалуу заттар көп. Ошондой эле лимон микробдорго жана вирустарга каршы табигый антисептиктерге бай. Ошондуктан, элдик медицинада лимонду - бал, дан куурай (малина) менен бирге сасык тумоодо, суук тийгенде кеңири колдонулуп келет.
Кайың ширеси – көгөргөн, сезгенуу, көпкө чейин жараланган дене ооруларын даарылоодо узак мезгилдер бою элдик даарылодо колдонуп келет. Кайың ширесинин курамында 1,5 % ке чейин мөмө шекер бар. Андан тышкары адамга пайдалуу - алма кычкылдыгы, белоктуу заттар, С витамини, натрий, кальций, темир, жез туздары бар.
Узак убакыт бою, Индиялык лотостун үрөнүн эски уруктар жана алар алгылыктуу бойдон калган деген ой болгон. Бул уруктарды 2000 жыл жаткандан кийин шарт түзгөндө, алар өнүп чыккан.
Бирок, 1954- жылы тундук- батыш Канададагы Юкон Миллер Крик тонгон дарыясындагы археологиялык казуулардан Арктика Люпен уруктары табылган. Окумуштуулар аларга 10 000 жыл болгон деп аныкташкан. Бул үрөн, дагы 12 жыл жаткан. Качан гана канада ботаниги аларга керектүү шарттарды түзүп бергенден кийин алар өнүп чыгышкан.