Биздин мугалимдерибиз.
Бакты тигип көгөртүү канчалык түйшүктүү иш. Ал эми адамды өстүрүп, тарбиялоо андан алда канча оор, азаптуу маселе. Ушул эӊ ыйык милдетти өз мойнуна алуудан , аркалоодон тайманбоонун өзү чоӊ эрдик. Бактын мөмөсү бал даамдуу алмалар, өрүктөр, гиластар, жүзүмдөр, кайнаалылар жана шаб-даалылар болгон сыяктуу эле, адамдын мөмөсү анын ыйманы, адеби, билими, кулк мүнөзү, алган кесиби, жасаган иштери , жетишкен ийгиликтери, бала-чака-сы, укум-тукуму , тарбиялаган шакирттери, окуучу-лары. Адамдагы ушул мөмөлөрдүн ар биринде му-галимдин эбегейсиз эмгеги жана үйдөй үлүшү бар. Мугалимди мөмөлүү дарак дешет ко.Мугалимдерди мөмөлүү даракка эле эмес, көк тиреген аска зоолор-го салыштырууга болот. Анткени бийик чокуга чыксан бардык жер көрүнөт. Тоо курчаган айыл жергесинде чонойгон жаш жеткинчектерге аалам ошол тоолор менен эле чектелип тургандай сези-лет. Ошол жеткинчектерге мугалим агай-эжелер ошол тоонун артындагы чексиз дүйнөнүн, керемет жашоонун сырларын окутуп үйрөтүп, билим аркы-луу тартуулаган бийиктиги болуп саналат.
Ошон үчүн мугалимдер көк мелжиген ак мөӊгүлүү тоолор сыяктуу сезилет. Мөӊгүлөрдөн башат алган дарыя-лардын шарапаты менен какыраган чөлдөр гүлзар-га айлангандай эле агай-эжелердин берген таали-минин жана илим билиминин себебинен адам, коом, эл, мекен, дүйнө өнүгүп өркүндөйт тура. Тоо койну кен байлыктарга бай болгон сыяктуу эле мугалим да билим жана таалим аттуу эӊ зор чыныгы байлыктын казынасы экен.
Билимди жана тарбияны акча, алтын, күмүш, мансап сыяктуу тартып алууга, чөктүрүп же өрт-төп жиберүүгө болбойт. Ошон үчүн адамдын эки дүйнөдөгү даражасын илим билимге жана көркөм адеп ахлакка тете башка эч нерсе көтөрө албаса керек. «Ким илимди издесе бейиш аны издейт». «Ата балага мыкты тарбиядан өткөн мурас калтыра албайт» деген накыл кептер муну тастыктап турат.
Кимди сыйласан ошол сыяктуу оомат күтөсүн, эм-нени сыйласан ошонун берекеси сага да тиет де-шет. Илим билим жуксун десек мугалимдерди ка-дырлайлы, бак сыяктуу мөмөлөөнү кааласак агай-эжелерибизди аздектейли. Көк мелжиген тоолордой болууга умтулсак устаттарыбыздын ак батасына арзыйлы. Бар болгула асылзаада мугалимдер!
Тарбия жөнүндө накыл кептер.
«Улуттун келечеги энелердин колунда»
О. Бальзак
«Тартиптин эӊ мыкты мектеби – үй-бүлө»
С. Смайлс
«Эркелетип тарбиялай албаган, коркутуп тарбиялай албайт» А. Чехов
« Кереметтин керемети – мыкты тарбия алган адам» Эпиктет
« Үйрүлүп түшпөй, токтоолук менен тарбияланган балдар адептүү болот» Д. Дидро
« Балдарыбыз - келечегибиз. Туура тарбияласак – бактылуу карылыгыбыз. Жаман тарбияласак – шорубуз, көз жашыбыз, башка адамдар, өлкө алдында кечирилгис күнөөбүз»
А.С. Макаренко
«Тарбия берүү - улуу иш; ошол аркылуу адамдын келечек тагдыры чечилет»
В. Белинский
Тема: 17-18 жаштагы балдарды мектепке, устатка, мугалимге урмат сый, жоопкерчиликке
тарбиялоо.
17-18 жаштагы балдардын мектепке болгон жоопкер-чилиги.
Балдарынызга өз убагында жакшы, толук билим алуу ата-эне, эл, мамлекет, коом алдындагы жооптуу милдет экендигин түшүндүрүү.
Билим тарбия алуу - өзүнүн келечеги, үй-бүлөсүнүн, келечектеги балдарынын жакшы, бактылуу жашоосу үчүн зарыл, милдет экендигин түшүндүрүү.
Коом, мамлекет, район тарабынан балдардын билим алышы үчүн көп каражат сарпталышы, ошолорду бекер коротпоону түшүндүрүү.
Мектеп мүлкү, окуу каражаттары, айрыкча китептерге этияттык менен мамиле кылууга, мектепте өзүн татыктуу, жакшы алып жүрүүгө багыт беруу.
Сабакка даярданып, өз убагында, кечикпей келүүгө, мугалимдин эмгек-аракетин сыйлоого, жоопкерчиликтүү болууга чакыруу.
Мугалимге болгон сый-урмат.
Бир мугалим японияга жумуш менен барат. Ал жактагы кесиптештеринен мугалимдер күнү Японияда кайсы күнү белгиленет деп сурайт. Японияда расмий мугалимдер күнү жоктугун угуп, кантип эле билимдүүлүк жактан эӊ жо-гору деӊгээлде болгон, эӊ эмгекчил деп аталган япондордо мугалимдер күнү жок болсун деп таӊыркайт. Жумуштан кийин ал киши кесипте-ши менен метрого түшөт. Вагондо эл көп бол-гон, бир убакта жашы улгайган бир киши орун бергенге шашат. Өзүнөн бир топ улуу киши орун бергенине таӊ калып, канчалык баш тарт-сада , карыя өз ордун мугалимге берет. Метро-дон чыккан соӊ мугалим япон кесиптешинен болгон окуянын сырын сурайт. Ошондо кесип-теши «Ал сенин көкүрөгүӊдөгү мугалимдик белгини көрүп орун берди. Анткени бизде мугалимдер эӊ сыйлуу адамдар.» деп жооп берди. Ошондой эле Японияда мугалимдер үчүн атайын баалары арзан дүкөндөр бар. Эгерде кайсы бир дүкөн же ашканага мугалим конок катары келсе, ал мекеменин башчысы ал нерсени чоӊ сыймык жана урмат катары кабыл алат экен. Ушул нерсенин баарын көргөн мугалим япондорго мугалимдер күнүнүн кереги жок экендигин баамдайт.
Устазга болгон урмат – сый.
Баланы жаратуу атадан жана энеден, жана аны адам кылып тарбия берүү устаздан дешкен биздин ата бабалар. Андыктан «устаз атаӊдан да жогору» деген сөз тараган. Күндөрдүн бир күнүндө бир баланын устазы бир иш менен алардыкына келип калат. Атасы уулунун устазын үйгө киргизет. Ата менен устаз үйдө сүйлөшө баштайт да баланы отун алып келип чай кайнатууга жумшайт. Бир убакта атасы сыртка чыкса, уулу ыйлап отурат.
- сага эмне болду? – дейт атасы.
- Сиз мени отунга жумшадыӊыз, отун болсо тамдын башында, а устазым болсо тамдын ичинде отурат, анан мен кантип анын үстүнө чыгып отун алам,- дептир.
Ата сөзүн таштап , устазды улуктаган ошол бала кийин атактуу дарыгер болуптур. Ошол бала Абу Али ибн Сина болгон экен.
Кыргыздарда да баланы жөндөмдүү, өнөрлүү адамдарга кошуп берген. Ал бала ошол адамдын оту менен кирип, күлү менен кошо чыгып жүрүп, анын өнөрүн үйрөнгөн.
Мугалимдик кесип ардактуу кесип. Ары татаал, ары түйшүктүү кесипти аркалап келе жаткан бир топ кесиптештерим бар. Өмүрүн мугалимдикке арнагандар да жок эмес. Чынында мугалим – жарык чачкан нур, мугалим- экинчи ата-эне! Мурда мугалимге урмат-сый менен мамиле кылган. Азыр мугалимге болгон мамиле башкача сезилет. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуздар?