СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

География 6-класс конспект план

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«География 6-класс конспект план»

Б е к и т е м и н

Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары.

__________Ж. Өмүралиева. 28-ноябрь 2019-ж

С а б а к т ы н п л а н ы.

Планды түзгөн: Абдыгазиева Таажыгүл Зарлыковна. Предмет : география 6-класс II чейрек. Сабактын темасы: Тоолор жана түздүктөр Сабактын тиби: Билимин жана билгичтиктерин өстүрүү. Колдонуучу усул:Окуп түшүнүү,”Цитата-комментарий”,”Коллаж”. Колдонуучу каражаттар: Слайд,ватман, маркер,сүрөттөр,клей,баалоо карточкалары,стикер, ДФК 6-7- класстардын атласы. Предмет аралык байланыш:Табият таануу,адабият.

Сабактын максаттары жана милдеттери.

Күтүлүүчү натыйжалар

Когнитивдик милдет:

Жердин рельефинин ири формаларынын түрлөрү жана түзүлүшү,айырмасы.

Тоолордун мезгил боюнча өзгөрүшүн, түздүктөрдүн бийиктик боюнча түрлөрүн билишет.

Ишмердүүлүк милдет:

Окуп түшүнүү,суроолорго туура так жооп берүү менен рельефтин негизги формаларын айырмалашат,комментарий беришет,топтордо биргелешип иштешет.

Баалуулук милдеттер:

топтордо биргелешип иштешет, баалашат,бири биринин оюн толукташат.

1-Кордильер-Анды тоо системасын жана Альпы-Гималай тоо системасына кирген тоолорду картадан аныктайт.

2-Тоолорду түзүлүшү боюнча классификациялайт.

3-Тоолордун мезгил боюнча өзгөрүшүн түшүндүрөт.

4-Түздүктөрдү бийиктиктер боюнча айырмалайт, аныктамасын айтат.

5-Тоолордун жана түздүктөрдүн адамдардын жашоосундагы маанисин түшүндүрөт,

6-Турмуштагы көрсөткүчтөрдү мисал кылып адамдар тарабынан тийген терс таасирлерге баа берет, аларды жоюу мисалдарын айтат.

Негизги компетенттүүлүк Предметтик компетенттүүлүк

Маалыматтык:Илимий маселелерди аныктап таануу жана коюу.

Географиялык:Географиялык документтерди талдоо жана интерпретациялоо.

Социалды –коммуникациялык:Кубулуштарды илимий түшүндүрүү

Геоэкологиялык:Географиялык процесстер менен кубулуштарды түшүндүрүү

Өзүн алдынча уюштуруу,маселени чечүү: Илимий далилдерди пайдалануу.

Социалдык инсандык:Географиялык объектилердин комплекстүү мүнөздөмөсүн берүү,мейкиндик менен мезгилге багыт алуу.

Сабактын мазмуну.

Сабактын жүрүшү убакыт.



Мугалимдин иш аракети



Окуучунун иш аракети

Баало

Уюштуруу: (2мин)

Саламдашуу, журнал боюнча толуктоо,класстын тазалыгын кароо,жагымдуу маанай түзүү, 2 топко бөлүү.

Саламдашат,нөөмөтчү окуучу жооп берет.Бири бирине карап жылмайып,каалоо тилектерди айтып жагымдуу маанай түзөт,1-2 деп саноо жолу менен 2 топко бөлүнөт.

Эмоцио-налдык.

Өтүлгөн тема суроолор. 3-мин.

1-Рельеф деген эмне? 2-Рельефтин кандай формалары бар? 3-кургактыктагы эң бийик чоку кайсы? 4-океандагы эң терең чуңкур кайсы?

Суроого туура так жооп айтат. Бирин бири тууралайт.

Калыптан-дыруучу баалоо карточкалары берилет. Топко жана жекече.

Билимдерин актуалдаш-тыруу (1 минута)

Биздин өлкө кандай өлкө? Эң бийик чоку кайсы? Биздин айылдын 2-3 тоолорун атап берчи.

суроого билген маалыматы боюнча жооп берет.

Диагностикалык

1-Сабактын темасы жана максаты.

Жаңы сабакты түшүндүрүү Слайд

Текс менен иштөө

15-минута


Слайддан сабактын темасын жана максатын окуп түшүндүрөм.

Жаңы тема “Окуп түшүнүү” ыкмасы менен өтөт.Теманы кыска тексттерге бөлүп берем.

1-Тоолор.

2- Тоолорго карта көргөзүп түшүнүк берем.



3-Тоолордун айырмасы.

Айырмачылыктарды табуу.

4-Тоолордун мезгил боюнча өзгөрүшү.

Цитата-комментарий ыкмасы.

5-Түздүктөр.

6-картадан көргөзүп түшүнүк берем.



7-Цитата-комментарий ыкмасы.

Теманы угат. Сабактын максатын жана түшүнөт.Суроо жаралса кол көтөрүп сурайт.

1-Тоолор боюнча окуп түшүнүк алат.

2-Мугалим берген карта боюнча кошумча түшүнүктү кунт коюп угуп картага ориентир алат ,суроо болсо кол көтөруп сурайт,берилген суроого жооп берет.

3-Текстти окуп түшүнөт,топто талкуулайт, Түшүнүгүн айырмачылыктарды табуу менен билдирет

4-Текстти окуп түшүнүп,эстеп калат,топтордо талкуулайт.

Түшүнүгүн цитатага комментарий берүү менен билдирет.

5-Текстти окуп түшүнөт эстеп калат

6-Мугалим берген карта боюнча кошумча түшүнүктү кунт коюп угуп картага ориентир алат, суроо болсо кол көтөрүп сурайт,берилген суроого жооп берет.

7-Түшүнүгүн цитатага комментарий берүү менен билдирет.





Калыптан-дыруучу. Эмоционалдык.

Кол менен баалоо.

Кыйытып айтуу

Багыт берүү

Баалоо карточкалары.

Бири бирине байкоо жүргүзүү

Бышыктоо



13 мин

Топтордо иштөө.

Тоолордун жана түздүктөрдүн адамдардын жашоосундагы маанисин түшүндүргүлө,

Турмуштагы көрсөткүчтөрдү мисал кылып адамдар тарабынан тийген терс таасирлерге баа бергиле, аларды жоюу мисалдарын айткыла.

“Коллаж” ыкмасын колдонуп тапшырманы өз чыгармачылыгы менен топто биргелешип иштеп,башкалардын оюн угуп, толуктап,көйгөйлүү маселени чечүүчү ой пикирлерин айтат, аткарган ишин жактайт.

Рефлексия.

10 мин

Бүгүнкү сабакта маанайыңар кандай болду?

Сабакка койгон максатыбызга жеттикпи?

Топтордо жакшы талкуу болдубу?

Топто баалоо калыс болдубу?

Сабактын өтүлүшү жана баалоо боюнча кандай сунуш айтасыңар?

Өз оюн эркин айтат, сабакка койгон максатка жана топтун ишине, анализ берет, топтордо бири бирин баалайт.Сабактын мындан аркы өтүлүшүнө жана баалоого сунуш айтат.

Калыптанды-руучу.

критерийлердин негизинде топтордо бири бирин баалоо

Тапшырма берүү,баа коюу.

2-мин

Китебиңердин 66-бетиндеги Тоолордун түзүлүшү боюнча айырмачылыктары деген 9-таблицаны окуп түшүнүп,жаттап келгиле.

Кундөлүккө баа коём.

Тоолордун түзүлүшү боюнча айырмачылыктары туура так аныктамасын жаттап келип айтып берет.

Кундөлүккө баа койдурат.

Жыйын-тыктоочу.