Просмотр содержимого документа
«Информатика конспект план»
Числосу 14-январь 2020-жыл 6- классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы: Юсупова Мунавар
Сабактын темасы: Моделдөө таанып-билүүнүн методу катары
Сабактын максаты:
А. предметтик – моделдер жана моделдөө тууралуу түшүнүтөрдү алышат;
Б. метапредметтик – белги-символдук аракеттерге ээ болушат;
В. жеке инсандык – окуу материалдарынын мазмунун жеке турмуштук тажрыйбалар менен байланыштыра алышат, курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн методу катары информациялык моделдөөнүн маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
- моделдер жана анын колдонулуш максаттары, моделдөө түшүнүктөрүн калыптандыруу;
- моделдердин көп түрдүүлүгү жөнүндөгү түшүнүктү калыптандыруу;
- окуучуларга информациялык жана натуралык моделдерди айырмалоого үйрөтүү;
- графикалык редакторду колдонуп, образдуу (графикалык) информациялык моделдерди түзүүнун мисалдарын берүү.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: объект- оригинал;модель; моделдөө; натуралык модель; информациялык модель.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын персонал компьютерлери.
Окуу материалына берилген электрондук тиркеме: 1.«Информациялык моделдөө» презентациясы;
Сабактын мазмунун баяндоо өзгөчөлүктөрү: Окуу материалдары кандай деңгээлде өздөштүргөндүгүн жана алган билимдерин актуалдаштыруу үчүн төмөндөгүдөй удаалаштыктагы иштерди аткаруу сунуш кылынат:
1.төмөндөгү суроолор менен мини-дискуссия өткөрүү:
- Курчап турган дүйнөнүн объекттери деп эмнени түшүнөсүңөр?
- Система деген эмне?
- Эмненин жардамы менен каалаган объектти сыпаттап көрсөтүүгө болот?
- Объекттин кандай белгилери маанилүү болуп саналат? Жаңы окуу материалын тїүшүндүрүүнү «Информациялык моделдөө» презентациясын демонстрациялоо менен ангемелешүү формасында уюштурса эффективдүү болот. Андан кийин прак-тикалык тапшырмаларды кошо кароо сунуш кылынат.
«Графикалык моделдерди түзөбүз» практикалык ишинде 2 тапшырманы аткаруу талап кылынат («Директордун кабине-ти», «Информатика кабинетинин планы»). 3-практикалык иш толуктоо мүнөзүнө ээ.
Үй тапшырмасы: § 8, № 1, № 2–№ 8. Компьютердик практикум 11-иш. Таблицалык моделдерди түзөбүз 10-иш. Көп деңгээлдүү тизме түзөбүз
Көрсөтмөлөр, комментарий, жооптор жана чыгарылыштар.
Окуу китебиндеги тапшырмалар:№ 6.
а) өйдө учуруп жана учууга байкоо жүргүзүү;
б) кандай күрмө керек экендигин түшүнүү керек;
в) эмеректин жайгашуусу туурасында ойлонуу керек;
г) текчеге коюу.
№ 8. Информациялык моделдердин түрлөрү.
Информациялык
моделдер