Просмотр содержимого документа
«Как я знакомлюсь с родителями!»
Тема: Ата-энелер менен кантип таанышам
Максаты:
Ата-энелер менен танышуу
Окуучулардын жөндөмдөрүн, мугалим эмнеге көңүл буруу керектигин билүү.
Жабдылышы:
Ватман, скотч, маркер, анкеталык баракчалар, файл папка, ар бир ата-энеге геометриялык фигуралар, клей.
Жүрүшү:
Мугалимдин өзүн тааныштыруусу.
Ата-энелер менен таанышуу үчүн төмөнкү баракчаларды таратып берем. Алар толтурушат .
Окуучунун фамилиясы_____________________________________
Аты_____________________________________________________
Ата-энеси________________________________________________
Атасы___________________________________________________
Туулган жылы____________________________________________
Иштеген жери____________________________________________
Апасы___________________________________________________
Туулган жылы____________________________________________
Иштеген жери____________________________________________
Канча баласы бар_________________________________________
Канчасы окуйт____________________________________________
Кайсы класстарда_________________________________________
Баланын кимге жакын экенин символика менен көрсөтүү. Үч бурчтук, төрт бурчтук жана тегерекчелер формасындагы апплекациялар таратылып берилет. Андан кийин мугалим геометриялык фигураларды ачып түшүндүрүп берем.
Төрт бурчтук- окуучунун атасы.
Үч бурчтук – окуучунун апасы.
Тегерекче- окуучу өзү.
Эми кимиңиздерге көбүрөөк жакын болсо, кичинекей бала символикасын ошол жакканыраак кылып жабыштыруу керек деп тушундүрөм.
М:
Бул иштен баланын кимге жакын экенин түшүнөбүз.
Окуучунун 0-класска келгенге чейин эмнеге жөндөмдүү экенин жана эмнеге көңүл буруу керектигин билүү үчүн төмөнкү баракчаны таратам.
Эмнени билет | Эмнеге көңүл буруу керек | Эмнеге жетишти (жыл аягында толтурат) |
| | |
Бул баракчаны бергенден кийин доскага ватманды илип, ата-энелерге ар бир графаны толтурууда багыт берем.
Эмнени билет | Эмнеге көңүл буруу керек | Эмнеге жетишти (жыл аягында толтурат) |
Тамга тааныйт | Тентек | |
Жазат | Жалкоо | |
Санайт | Көзү начаар көрөт | |
Ырдайт | Кулагы жакшы укпайт | |
Бийлейт | Тазалыкка бат бат барат | |
Сүрөт тартат | Калп сүйлөйт | |
Шахмат же шашки ойнойт | | |
Тигет | | |
“Алтын эреже” иштеп чыгуу.
Доскага ватманды илем.
Ата-энелерден балдардын окуусу үчүн кайсыл эрежелерди билүү керектигин сурайм. Алардын айткандарын ватманга жазып турам.
Алтын эреже:
Сабактан калтырбайбыз
Кечиктирбегенге аракет кылабыз
Сабакка даярданууда дайыма жардам беребиз
Мугалимди сыйлоого үйрөтөбүз
Мектептин эмеректери сактоого үйрөтөбүз
Мектеп менен такай байланышта болобуз.
Бул айтылган эрежелерди да тартылган баракчаларга жазып, ата-эне колдорун коюшат.
Сабакты жыйынтыктап, бүгункү толтурулган баракчаларды окуучулардын өздөрүнүн папкаларынын ичине салып коемун.