Класс:
Сабактын темасы: Китептин кадыры канчалык?
Сабактын максаты:
Окуучуларга китептин кадыр-баркын сездирүү, китептин жардамы менен терең билим алуу, көптөгөн жакшы ийгиликтерге жетишүүгө, түрдүү өнөрлөргө ээ болууга мүмкүн экендигин түшүндүрүү менен аларды китеп окууга чакыруу.
Биримдикке, ынтымактуулукка, эмгекчилдикке ж.б. асыл сапаттарга тарбияланышат.
Сабактын мөөнөтү:
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу моменти: (саламдашуу, окуучулардын сабакка болгон даярдыгын көзөмөлдөө).
Ж.Баласагын "Кут алчу билим"
Макал-лакаптарды чечмелөө, талкуулоо
Окуучуларга суроолорду берүү.
Жыйынтыктоо
Үй тапшырма берүү
Мугалим Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" китебинен үзүндүнү көркөм окуйт.
Айткым келди, о акылман, сөз жайын,-
Окуу, билим пайдасынан баштайын.
Окуу - түндө алдыңдагы шам чырак,
Билим алсаң маңдай ачык жаркырап.
Окуу, билим көп нерсеге жеткирет,
Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт.
Сокур дешет билимсизди - жөн дебе,
Окуу гана жарык чачат дүйнөгө.
Мугалим: Балдар, бул ыр саптары кайсы автордун, эмне деген чыгармадан үзүндү экендигин билесиңерби?
Балдар: Билебиз. Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" чыгармасынан.
Мугалим: Туура айтасыңар, балдар. Силер да окуу, китеп, мектеп, билим жөнүндө билгениңерди айтып көргүлөчү?
(Окуучулар билгендерин айтып беришет)
- Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат.
- Китеп - билим булагы, билим - өнөр чырагы.
- Билимдүүнүн түнү - күн, билимсиздин күнү - түн.
- Акыл айга жеткирет, өнөр көккө жеткирет.
- Китепсиз билим жок, билимсиз өмүр жок.
- Ким көп окуса, ал көптү билет.
- Китеп - мүлк, оокат, нан,
-Китеп окубаган адам ал - наадан.
-Китеп - билим,
Билимиң менен баалан..
-Билим алуу-ийне менен кудук казгандай.
-Окубаган бир бала, окуса эки бала.
-Окуу-билим азыгы,
Билим-ырыс казыгы.
-Билимдүүгө дүйнө жарык,
Билимсиздин күнү карып.
-Жердин көркү-эгин,
Эрдин көркү-билим
-Билим – ырыстын тизгини.
-Өнөр-агып жаткан булак,
Илим-жанып турган чырак.
-Билимдүү өлсө,
Кагазда аты калат.
Уста өлсө,
Иштеген заты калат.
-Китеп-алтын казына.
-Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.
-Жети элдин тилин бил,
Жети түрдүү билим бил.
-Китеп, илим-тилсиз мугалим.
-Билегиңе ишенбе, билимиңе ишен.
-Билимдүү таап айтат,
Билимсиз каап айтат.
-Түшкө чейинки өмүрүң болсо,
Кечке чейинки билим жый.
Мугалим: Дуйнөдөгү китеп боюнча кызыктуу маалыматтарды окуп берет.
Китеп сүйүүчүлөргө кызыктуу фактылар
Китеп - билим булагы. Дүйнөнү жаңырткан да китеп. Адамдын ким экендигин анын кызыккан китебинен байкоого болот.
Азыркы маалымат технологиясы ыкчам өнүккөн доордо китеп сүйүүчүлөр анчалык көп эмес. Бирок, баары бир китеп ышкыбоздору бар жана чыныгы китеп сүйүүчүлөргө кичине азыраак кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
Агата Кристи – дүйнөдөгү эң таанымал жазуучу. Анын өзгөчө детективдери дүйнөнүн 44 тилине которулуп, жалпы нускасы эки миллиардга жетүүдө.
Азыркы учурда китеп сатып алуучулардын көпчүлүгү 45 жаштан өйдө. Дале ушул жаштагылар китептердин дүйнөлүк сатышынын 50%ын алышууда.
Эң көп жазылган чыгармалары боюнча биринчи орунда Лопе де Вега турат. Испаниялык драматург өмүр бою 1800 пьеса жазган.
Китеп сатып алуу боюнча лидерликте аялдар алгачкы позицияда турат. Алар китептердин 68%ын сатып алып, эркектерди артка калтырууда.
Балким бул таң калыштуу сезилет. Бирок, дүйнөдө библиоклептомания деген оору бар. Бул оору менен ооругандарга китеп уурдоо жагат. Стивен Блумберг – эң атактуу библиоклептоман. Ал бүт өмүру боюнча 268 китепканада 23 миң сейрек кездешүүчү китеп уурдаган. Анын уурдаган китептери 20 миллион долларга бааланууда.
Атактуу инсандардын өмүр баянында өзүнүн рекордсмендери бар. Эң көп узун жазылган өмүр баяны Уинстон Черчиллге тийешелүү, анын узундугу 22 томго жазылган.
Ал эми салмагы боюнча биринчи орунда географиялык атлас турат. Ал британиянын музейинде сакталуу. Салмагы 320 килограмм, бийиктиги 1 метрге жетет.
Китеп дүйнөсүндө эң кичинекей лилипуттар да бар. Дүйнөдө 12 кичине кашыкка баткан, кичинекей китептер бар. Мини китептерге Франциянын Конституциясы, курани-керим жана англис сөздүгү жана башкалар кирет.
Бир жумада китеп сүйүүчүлөр 6,5 сааттан китеп окушат. Көпчүлүк окурмандар 18 бет окугандан кийин китепке болгон кызыкчылыгын жоготот.
Мыкты роман жазуу үчүн авторго 475 саат керектелет.
Дүйнөдөгү эң чоң китеп -куран китеби. Китептин баасы 1,5 миллион еврого бааланууда. Адистердин айтымында, китеп атайын кагазга басылып 632 барактан турат. Бийиктиги 2 метр, туурасы-1,5 метр, калыңдыгы - 25 сантиметр жана салмагы 800 килограмм.
Мугалим: Эми билим жөнүндө улуу адамдардын айткан сөздөрүнө кулак төшөп көрөлүчү.
(Балдар ар бир залкар сөздү бирден окуп, маанисин чечмелешет)
o "Китеп окуган адам эч нерсе окубаган адамдан алда канча жогору турат".
В.Г.Белинский
o " Адамдар китеп окуганды таштаса, анда алар ой ойлонуудан да калат".
Д. Дидро
o " Бул кылымда китептен сүйүктүү дос жок".
А.Навои
o " Мен үчүн китеп алтын тактыдан да кымбат".
В.Шекспир
o " Билим адам жанына чындыктын үрөнүн себүүчү курал".
Я.А.Каменский
o " Билимден ашкан күч жок.
Горький
(Жогорудагы улуу адамдардын айткан сөздөрүнүн маанисин чогуу талдап, ар бири өз пикирлерин ортого салышат.)
Мугалим: Балдар, келгиле азыр үч топко бөлүнүп алып, "Билимдүү адам", "Сүйүктүү кесип", "Кызмат кылуу" деген сөз айкаштарынын айланасында кластер түзүп көрөлү.
(Ар бир топко ватман, маркер берилип, өз алдынча иштешет. Кичи топтор менен иштөөдө "Ар бир пикир баалуу" деген принцип эске алынышы зарыл. Андан соң түзгөн кластерлери боюнча сүйлөп беришет.)
"Билимдүү адам"
- көп окуйт
- көп изденет
- эмгекчил болот
- алган билимин турмушта колдоно билет
- башкаларга жардам берүүнү унутпайт
- керектүү маалыматтарды түрдүү булактардан ала билет
- өз оюн ортого салып, пикир бөлүшөт, ж.б.
"Сүйүктүү кесип"
- мугалим
- врач
- куруучу
- менеджер
- юрист
- экономист, ж.б.
"Кызмат кылуу"
- өлкөбүздүн келечеги болгон балдарга терең билим-тарбия берүү;
- элдин ден соолугун чыңдоо, кам көрүү;
- сапаттуу, кооз, бекем үйлөрдү куруу, ж.б.
Андан соң "Билимдүүгө дүйнө жарык" деген темада окуучулар 5 мүнөттүк эссе жазышат жана өз ойлорун ортого салышат.
Мугалим сабакты жыйынтыктайт.
Балдар, силер билимдүү-илимдүү, маданияттуу, өнөрлүү жаштардан болсоңор, өлкөбүздүн келечеги кең болот. Илим-билимдүү жаштар мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө, айыл чарба, өнөр жайын өнүктүрүүгө, элдин маданиятын гүлдөтүүгө, өзүлөрүнөн кийинки муундар үчүн ар тараптан эң мыкты шарттарды түзүүгө кам көрүшөт. Ошондуктан ар бир окуучу алтынга тете убактысын текке кетирбей, өз убагында көптү окуп, көптү билүүгө аракеттениши керек. Ошондой эле билимди максаттуу алып, аны өз турмушунда практикада колдонуп, өзүнө да, элге да, мекенге да пайдасын тийгизүү зарыл экендигин унутпашы керек.
Үйгө тапшырма:
1. "Билим гана адамды эркин жана бийик кылат". аттуу темада дилбаян жазып келүү;
2. Билим, тарбия, мектеп, мугалим тууралуу ыр, макал-лакап, накыл кептерди чогултуу.