Тема: Компьютер менен иштөөдө коопсуздук эрежелери
Сабактын максаты: техникалык коопсуздуктарын, компьютер жөнүндө жалпы түшүндүрүү, пайда болуусун үйрөтү
1. Компьютердик класста адамдын өмүрүнө коркунучтуу 220В чыңалуу бар!
-Мугалимдин уруксатысыз компьютерди иштетпе.
-Кабинеттеги 220В чыңалууну бөлүштүрүүчү автоматка тийбе.
-Кир же суу колуң менен компьютерде иштебе.
-Монитордун экранын колуң менен кармаба.
-Окуу куралдарын , сумкаңды компьютердик столго койбо.
-Компьютердин проводдорун кармаба.
-Мугалимдин уруксатысыз маалыматты сактоочу түзүлүштөрдү(CD, флешка ж.б.) колдонбо.
-Компьютер иштебей калса дароо мугалимге билдир.
-Өз алдыңча компьютерди оңдобо.
-Иш учурунда компьютердин күйгүзүлгөн учурунда клавиатураны, чычканды, мониторду алмаштырба.
-Күйүк жыттанса же түтүн чыкса дароо мугалимге билдир.
Отуруу эрежеси
- Монитордон 50-60 сантиметр алыс отуруңуз.
- Отурганда бут менен кол 90 градуска ийилип турушу зарыл. Бутту учкаштырып отуруу кан айланууну начарлатып варикоз оорусуна шарт түзөт.
- Өйдө-ылдый болгонго ылайыктуу, бутунда дөңгөлөгү бар отургучтар компьютерде отурганга жакшы.
- Иштегенде башты буруп кыймылдатпай, көздү жылдырып иштеген оң. Текст терип жатсаңыз алдыңыздагы кагазды ошого ылайыктап коюңуз.
- Дайым бийик така кийгенге караганда, такасынын бийиктиги үч-төрт сантимтерлик бут кийим сиздин ден-соолугуңузду жакшы сактайт.
- Компьютерди көздөй өбөктөп отуру же мониторду жакындан тиктөө зыян.
- Техника күндүн нуруну тийбегидей жерде турганы оң, монитор ары-бери бурула турган буту ийилчээгинен тандаңыз.
- Вирусту эң көп алып жүргөн буюм
2. Компьютер ( англ. computer) — бул эсептөөлөрдү жүргүзүүчү машина, жана бир алгоритм (компьютердик програм) менен маалыматты кабыл алуу, сактоо, иштетүү, чыгарууну аткарат. Компьютерлер жаңы чыгып баштаганда, ал жалаң гана эсептөөнү аткарат деген пикирден улам ЭЭМ (электрондук эсептөө машинаси) деп аталып калган. Бирок азыркы күндө ЭЭМдин кызматы - башкаруу болуп эсептелет.
3. Коомдун өнүгүшү менен информация абдан көбөйүп аны эске тутуу, иштетщщ татаалданып, ал эми информацияларды издеп табуу андан да татаал боло баштады. Ошондуктан адамдар ар кандай эсептөөчү механикалык түзүлүштөрдү ойлоп чыгара башташкан. Миңдеген жылдар мурун эсептөө үчүн таштарды, таякчаларды ж.б. нерселерди колдонушкан. Эсептөөнү жеңилдетиү үчүн 1500 жыл мурун счетторду колдонушкан.
- ЭЭМдер тибине жана техникалык мүнөздөмөсүнө, иштешине өндүрумдүүлүгүнө жараша муундарга бөлүнөт.
- Эсептөө техникасы беш муундук баскычта турат.
- 1940-1955-жж.Мында ЭЭМдин негизги элементи болуп, электрондук лампа эсептелет.
- 1955-1970-жж. Негизги элементи болуп транзисторлор эсептелет.
- 1970-1980-жж. Негизги элементи болуп интегралдык схемалар б.э.
- 1980-ж ЭЭМдин элементи болуп чоң интегралдык схемалар эсептелет.
- ЭЭМдин элементи болуп өтө чоң интегралдык схемалар эсептелет.
-
- Француз окумуштуусу Блез Паскаль 1642-жылы механикалык жол менен сандарды кошуучу түзүлүштү ойлоп чыккан. 1673-жылы Вильгельм Лейбниц механикалык жол менен төрт арифметикалык амалды аткаруучу түзүлүштү – арифмометрди ойлоп чыгарган.
- Англялык математик Чарльз Беббидж 19-кылымдын башында универсалдык эсептөөчү машинаны жасоого аракет кылган. Говард Эйкен1943-жылы электромеханикалык релени жана Ч.Беббидждин иштерин пайдаланып IBM фирмасынын ишканасында «МАРК-1» машинасын жасаган. Ошол убакта эсептөөлөрдү автоматташтыруу зарылчылыгы абай өскөн. 1943-жылы Джон Мочлинин жана Преспер Эккерттин жетекчилиги астында окумуштуулар группасы электролампалардын негизинде ENIAC машинасын түзүшкөн, 1945-жылы программаны өз ээсине сактоочу жаъы машинаны түзө башташкан. Бул иштерине Джон Фон Нейман да салым кошкон, ал эсептөөчү машиналардын принцибин формировкалаган.
тапшырма
- Компьютерде иштөөдө
коопсуздук эрежелери жазгыла (кластер түзүү)
- Коопсуздук эрежесине 3төн тест түзгүлө
- Таблицага компьютердин зыяндуу жана пайдалуу жактарын жазып толтургула
ЭЭМдин өнүгүү этаптарын жазгыла (класстер түзүү)
ЭЭМдин өнүгүү этаптарына 3төн тест түзгүлө
- Таблицага компьютердин өнүгүү этаптарын жана кайсы этапта кандай компьютер иштелип чыкканын жазып толтургула