Тамак сиңирүү системасы, зат жана энергия алмашуу процесстеринин курактык өзгөчөлүктөрү
Аткарган: Алмазбек кызы Б
Тайпа: ИК(б)1-17
Текшерген: Досназарова А
План
1) Тамак сиңирүүнүн мааниси
2) Зат жана энергия алмашуу процесстеринин жалпы мүнөздөмөсү
3) Витаминдер
4) Тамак сиңирүү, зат жана энергия алмашуу процесстерине илим техниканын тийгизген таасири
Тамак сиңирүүнүн мааниси
Тамак сиңирүү татаал физиологиялык процесс болуп, мында тамак физикалык жана химиялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында майда бөлүкчөлөргө чачырап, ашказан жана ичеги көңдөйүнөн кан ошондой эле, лимфа тамырларына сорулат. Тамак ооз көңдөйүндө тиштердин жардамында, ашказанда жана ичегилердин маятник сымал ошондой эле, перистальтикалык кыймылынын натыйжасында майдалануусуна тамактын физикалык өзгөрүүсү деп аталат. Химиялык өзгөрүш тамактын курамындагы белок, май, углеводдордун ферменттердин таасири натыйжасында бөлүнүүсүнөн турат. Тамакты бөлүкчө ферменттер үч топко бөлүнөт:
1. Протеазалар-белокторду бөлүүчү ферменттер.
2. Липаза-майларды бөлүүчү фермент.
3. Карбогидразалар – углеводдорду бөлүүчү ферменттер
Бул ферменттер тил асты, жаак астындагы, кулак алдында, ашказан жана ичегилердин былжыр кабаты алдынан орун алган бездердин ошондой эле ашказан алдындагы бездерден иштелип чыгарылат. Физикалык жана химиялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында тамактын курамындагы белоктун бөлүнүшүнөн аминокислоталар, майлардын бөлүнүүсүнөн глицерин жана май кислота, углеводдордун бөлүнүүсүнүн моносахариддер пайда болот. Алар ашказан-ичегилер керегелериндеги кан жана лимфа тамырларына сорулат, И. П. Павлов жана анын шакирттери тамак сиңирүү органдарынын функциясын үйрөнүүдө жаңы ыкманы пайдаланышты. Павловдон мурда тамак сиңирүү органдарын үйрөнүүдө курч ыкмасы пайдаланылган. Мында текшерилүүчү жаныбарга операция жасалып, ушул операция мезгилинде ашказан, ичеги сыяктуу органдардын функциясы үйрөнүлгөн. Бирок операциянын өзү соо жаныбарда ооруну жана алсыздыкты пайда кылгандыгынан алынган натыйжалар анык болгон эмес.
1842-жылы Москвалык хирург В. А. Басов алгачкылардан болуп, ашказандын зилди ажыратуусун үйрөнүү үчүн иттерде операция жасоо жолу менен ашказан фистула, б.а. дат баспай турган металлдан түтүк орнотуу жолун пайдаланды. Бул операция бүтүп кеткенден кийин да көпкө чейин анын ашказаны зилди ажыратууну үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бирок Басов жүргүзгөн ыкманын кемчилиги бар болуп, анда ашказан зилине тамактын аралашып калуусунун натыйжасында зилдин курамындагы ферменттерди таза абалда ажыратып, алардын физиологиялык касиеттерин толук үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк болбоду.
Павлов ашказандагы зилди ажыратуусун үйрөнүү жолун жогорку деңгээлде өздөштүрдү. Ал ашказан зилин таза абалда алуу максатында жалган тамактануу жолун издеп тапты. Мында ал операция жолу менен иттин ашказанына фистула орнотту жана ага тамак ичкенде зил менен аралашпастыгы үчүн, кызыл өңгөчтө кесип, анын эки учун иттин мойнуна сыртка чыгарып терисине тигип койду. Натыйжада ит тамактанган учурда анын ооз көңдөйүндөгү даам билүүчү рецепторлор аркылуу мээнин тамактануу нерв борборлору дүүлүгүп, рефлекс жолу менен ашказандан ажыралган зил фистула аркылуу идишке чогултулат. Анын курамында, көлөмү үйрөнүлөт. Тамак кызыл өңгөч аркылуу сыртка чыгат, б.а. ашказанга түшпөйт. И. П. Павлов бул тажрыйбанын ого бетер өнүктүрүүнөн натыйжасында операция жолу менен иттин ашказанына кичине ашказан пайда кылуу ыкмасына таянып пайда кылды. Ошондой эле, ал операциянын негизинде, жаак асты, кулак астындагы бездерге да фистула орнотуп, алардан ажыралуучу шилекей көлөмүн жана курамын үйрөнүү усулдарын иштеп чыкты. Тамак иттин оозуна куюлары менен ал даам билүү рецепторлоруна таасир этип, ашказандан зилдин бөлүнүшү шартсыз рефлексти пайда кылат. Ит тамакты жебей туруп, аны көргөндө же жытын сезгенде да көрүү жана жыт билүү рецептору аркылуу анын мээсиндеги тамактануу борбору дүүлүгөт жана ашказан зили бөлүнүп чыгат.
2) Зат жана энергия алмашуу процесстеринин жалпы мүнөздөмөсү
Заттардын тышкы чөйрөдөн организмге кирген мезгилинен баштап, ажыроо продуктуларынын бөлүнүп чыгышы менен аяктоочу организмдеги заттардын айланышынын татаал тизмеги зат алмашуу деп аталат. Тамак-аш азыктарынын курамындагы органикалык заттардын химиялык, механикалык, термикалык өзгөрүүсүнүн натыйжасында алардагы потенциал энергия жылуулук, механикалык жана электр энергиясына айланат. Пайда болгон энергиянын эсебине ткандар жана органдар жумуш аткарат, клеткалар көбөйүшөт, алардын эскирген бөлүктөрү жаңыланат, жаш организм өсөт жана өнүгөт. Мына ушул энергиянын эсебине киши денесиндеги температуранын туруктуулугу камсыздалат. Ошентип, организмдеги зат жана энергия алмашуу бир бирине тыгыз байланыштуу. Тирүү организмдерде зат жана энергия алмашуу үзгүлтүксүз жүрүп турат, б.а. зат жана энергия алмашуу тирүү организмдин жашоо белгиси болуп эсептелет. Тирүү организмдин физиологиялык өзгөчөлүктөрү болгон бул процесстер материя жана энергиянын сакталуу закондорунун негизинде өтөт. Мында заттар жана энергия жоголбойт, бирок бир түрдөн экинчи түргө айланат.
3) Витаминдер
Витаминдер биологиялык активдүү заттар болуп, организмдеги зат алмашуу процессинде чоң мааниге ээ. Орустун окумуштуусу Н. И Лунин (1853 – 1938) 1880-жылы өзүнүн доктордук диссертациясында, витаминдер жаныбарлар организми үчүн негизги зат экендигин биринчи жолу далилдеген. Ал өзүнүн корутунду сөзүндө, тамактын курамында белоктор, майлар, углеводдор, туздар жана суудан тышкары бөлөк заттар да болот, буларсыз организмдин жашоосу мүмкүн эмес, деп айткан. Кийинчерээк бул белгисиз негизги заттар
1912-жылы К. Функ тарабынан витаминдер деп аталды (вита-турмуш деген).
Витаминдердин 40 тан ашуун түрлөрү болуп, алар киши организминде негизги физиологиялык функцияны аткарышат. Эгерде бир канча жума же ай убактысында күндөлүк оокат курамында кээ бир витамин регулярдуу жетишпесе анын организмде аткарылуучу физиологиялык функциясы бузулат. Натыйжада белгилүү оору пайда болот. Эгерде киши организминде белгилүү витамин таптакыр жоголсо-авитаминоз, анын саны азайса-гиповитаминоз, нормадан жогоруласа-гипервитаминоз деп аталат. Бул процесстердин бардыгында өзүнө мүнөздүү оорулары бар. Мисалы, гиповитаминоз А, гиповитаминоз В, гиповитаминоз С жана башкалар. Түрдүү витаминдер түрдүүчө кызмат аткарышат. Витаминдер майда жана сууда ээрүүчүлөр болуп бөлүнүшөт. Майда ээрүүчүлөргө А, В витаминдери, сууда ээрүүчүлөргө В тобундагы К, С, РР сыяктуулар киришет.
А витамин жаныбар жана киши организминин өсүшү жана өнүгүшүндө, клеткалардын бөлүнүп көбөйүшүндө эпителий тканынын (теринин үстүңкү катмары, дем алуу жолдору, тамак сиңирүү органдарынын ички былжыр катмарынын) функциясын нормалдуу сактоодо, көздүн нормалдуу көрүшүн камсыздоодо негизги мааниге ээ.
В группа витаминдери. Бул группага В1 (тиамин), Вг (рибофлавин), В6, В12, В15, РР (никотин кислота), пантотен кислота жана башкалар кирет. В1 витамин (тиамин) борбордук нерв системасында дүүлүгүү жана тормоздонуу процесстерин өз нугу менен өсүшүндө, кишинин акыл эмгегин жакшы аткаруусунда чоң мааниге ээ. Эгерде ал күндөлүк тамактын курамында нормалдуу болбосо, кишиде гиповитаминоз В1 оорусу пайда болот. Мунун мүнөздүү белгилери: кол-буттун булчундары шалдайып ооруйт, алсыздык, бат чарчоо, кишинин акыл иш кызматы төмөндөйт же сабактын өздөштүрүүсү, эсте тутуу, көңүл бурууну негизги маселелерге каратуу сыяктуу жөндөмдүүлүктөрү төмөндөйт. Ал болбогон нерселерге ачуулана турган болуп калат. Бул витамин жетишпесе авитаминоз В1 б.а. Берибери деген оору пайда болот.
В2 витамин (рибофлавин) көздүн өткүрдүгү, түстөрдү жакшы ажыратууда, теридеги жаралардын түзүлүшүндө, балдардын өсүшү жана өнүгүшүндө негизги ролду ойнойт. Ал тамактын курамында жетишээрлик болбосо гиповитаминоз В2 пайда болот. Бул ооруда көздүн көрүү чели начарлайт, көрүү өткүрдүгү, түстөрдү ажыратуу жөндөмдүүлүгү начарлайт. Эриндер кызарат, ачышат жана жара пайда болот. Чач түшөт, бул витамин боордо, бөйрөктө, жумуртка сарысында жана сүт оокаттарында, нокот жана лоянын курамында болот.
РР витамин (никотин кислота) клетка жана ткандарда зат алмашуу процессин нормалдуу өтүшүндө негизги мааниге ээ. Бул витаминдин жетишпестигинин натыйжасында пайда болчу гиповитаминоз РР оорусунда аталуусу Д менен башталуучу үч ооруну пайда кылат: дерматит, диарея, деменция. Дерматит теринин оорусу, анда кызыл тактардын пайда болушу менен мүнөздөлөт. Диарея – ашказан-ичегиде тамак сиңирүүнүн бузулушу жана ичтин өтүшү менен мүнөздөлөт. Деменция – борбордук нерв системасынын функциясы б.а. кишинин психикалык (руханий) кейпинин бузулушу менен мүнөздөлөт. Бул витамин боордо, бөйрөктө, уйдун этинде, нокот жана лоянын курамында болот.
С витамин (аскорбин кислота) зат алмашууда өзгөчө, белок менен углеводдордун алмашуусунда негизги мааниге ээ. Анын жетишпестигинен цинга оорусу пайда, болот. Бул оору кишиде жалпы алсыздык, тез чарчоо, мүлктөр шишип, кызарып, бошошуп калышы, тиштер кыймылдап түшүп кетүүсү, тиштерди тиш шеткасы менен тазаланган учурдагы мүлктүн канашы менен мүнөздөлөт. Бул витамин чыктуу мөмөлөр, ашкөктөрдө, жашылчаларда, өзгөчө, лимон, апельсин, мандарин, капуста, помидор, пияздардын курамында көп болот.
Д витамин организмде кальций жана фосфор алмашуусу өз нугунда өтүшүндө катышат. Ал өзгөчө, эки-үч жашка чейинки балдардын сөөгөнүн нормалдуу калыптануусунда, өсүү жана өнүгүүсүндү чоң мааниге ээ. Бул витаминдин жетишпестигинин натыйжасында жаш балдарда рахит оорусу пайда болот. Бул оору баланын үч-төрт айлыгынан башталышы мүмкүн. Балада көп тердөө, ыйлаганда, уйкунун бузулушу сыяктуу белгилер пайда болот, анан баланын сөөктөрүнүн бошошуп кетүүсүнөн аркасынан алар иймектелип, формасы бузулат, б.а. баштын чыкый бөлүгү бөлүнөт, көкүрөк көңдөйү ичине кирип же алдына түртүп чыгат. Бала баскан учурда денесинин салмагы буттарына түшүп, алар ийри-буйру болуп калат. Жамбаш сөөктөрү да ийилүүсү мүмкүн. Мындай абал келечекте аялдарда төрөт процессин татаалдаштырат. Д витамини балык майында, жумуртканын сарысында, сүт жана сүт оокаттарында көп болот. Ал күндүн ультрафиолет нурларынын таасиринде киши терисинде деле пайда болот.
4) Тамак сиңирүү, зат жана энергия алмашуу процесстерине илим техниканын тийгизген таасири
А дегенде бул процесстерге илим техниканын тийгизген оң таасирин айтсак. Диарея оорусун алалы. Диарея(Грек-агам дегенди түшүндүрөт) ич өткөк тез тез суюк заңдоо. Диарея өз алдынча ооруу болбостон, көптөгөн патология процесстердин белгиси катары пайда болуп, ага дизентерия, тамак-аштан уулануу, ич келте, холера, ичегинин өнөкөт сезгенүү ооруулары, ошондой эле карын менен уйку безинин маңызы жетишсиз болгондугу тамак сиңирүүнүн бузулушу, ичегилердин начар иштеши себеп болот. Бул ооруу лабораториялык, бактериологиялык, рентгендик жана эндоскопиялык изилдөөлөр менен аныкталат. Бул дагы илим техниканын тийгизген он таасиринен кабар берет. Илим техника өнүккөн сайын ар кандай даарылоочу каражаттар жана оорууну текшерүү үчүн аппараттар, лабораториялар пайда болуп оорунун алдын алуусуна жардам берип жатат. Эгер бул аппараттар жок болсо кандай ооруу экенин билбей туура эмес даарыланып, кайра организмди жабыркатып алышыбыз мүмкүн.
Эми ушуга эле карама каршы белгилерди алсак. Дерматит оорусу. Дерматит (дерма — тери + итис — сезгенүү ) — теринин сезгениши. Оору физиологиялык ( рентген , күн нурлары), химиялык (жегич, кислота), механикалык таасирлерден пайда болот. Химиялык заттар менен иштегендерде көп жолугат. Дерматит өтө сезгич териге йод, сымап, новокаин, синтомицин жана башкалар дарыларды жана алардын майын, эмульсиясын, эритмелерин колдонгондо болот. Кийимдин туура эмес тандалышы (мисалы, бут кийим өйкөгөндө, кысканда) Дерматиттин өнүгүшүнө көмөк берет. Өндүрүш шартында жумушчулардын терисине металл, жыгач, айнек, таш көмүр чаңдары да таасир этүүдөн дерматит болот. Жогорку жана төмөнкү температурадан болгон Дерматитке күйүк, үшүк алуу кирет (к. Аллергия). Дүүлүктүргүч таасир эткенден бир аз убакыт өткөндөн кийин тери кызарып, шишип, тунук сары суюктуктуу ыйлаакчалар пайда болот. Эгерде дүүлүктүргүчтүн таасири токтотулса, анда кабылдабай дерматит тез өтүп кетет, ыйлаакчалар жарылат же кургап, кийин үбөлөнүп түшүп, бир нече күндөн кийин айыгат. Ал эми дүүлүктүргүч аз жана начар таасир эткен болсо, тери кызарып, бат эле кургап кетет. Жогоруда айтылгандай эле бул оору ар кандай химиялык заттардын негизинде пайда болот. Илим техника өнүккөн сайын ар кандай түрдөгү химиялык заттар пайда болууда. Бул болсо илим техниканын тийгизген терс таасиринен кабар берет.
Көнүл бурганыныздар үчүн рахмат