Тема: Көз карандысыз эгемендүү Кыргызстан
Сабактын максаты:
Кыргызстандын эгемендүүлүккө жетишинин себептерин жана шарттарын изилдөө.
Эгемендүүлүккө жетишкенден кийинки саясий, экономикалык жана маданий өзгөрүүлөрдү түшүндүрүү.
Окуучулардын мекенчилдик сезимин күчөтүү жана мамлекеттин өнүгүүсүнө болгон жоопкерчиликти түшүнүүгө көмөк көрсөтүү.
---Сабактын түзүлүшү
I. Уюштуруу бөлүгү (5 мүнөт)
Саламдашуу жана сабактын темасын билдирүү.
Сабактын максаттарын түшүндүрүү жана окуучуларды кызыктыруу үчүн суроо:
"Эгемендүүлүк деген эмне? Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү качан белгиленет?"
---II. Жаңы теманы түшүндүрүү (20 мүнөт)
1. Эгемендүүлүктүн тарыхый шарттары:
1991-жылы СССРдин кулашы.
Кыргызстандын Жогорку Кеңеши тарабынан 1991-жылдын 31-августунда эгемендүүлүк тууралуу декларациянын кабыл алынышы.
Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулук тарабынан эгемендүү мамлекет катары таанылышы.
2. Саясий өзгөрүүлөр:
Демократиялык институттардын жана Конституциянын иштелип чыгышы.
Президенттик башкаруу формасынын киргизилиши жана шайлоолордун өткөрүлүшү.
Эл аралык мамилелерди жана тышкы саясатын өнүктүрүү.
3. Экономикалык өзгөрүүлөр:
Өткөөл экономиканын түзүлүшү: жекелештирүү жана рыноктук реформа.
Социалдык-экономикалык кыйынчылыктар жана аларды чечүү аракеттери.
Эл аралык уюмдар менен экономикалык кызматташтыктын башталышы.
4. Маданий жана социалдык өнүгүү: Улуттук маданиятты жана каада-салттарды жаңылоо.
Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары кабыл алынышы.
Билим берүү жана саламаттык сактоо системаларындагы реформалар.
Кыргызстан, расмий түрдө ― Кыргыз Республикасы (КР) — Борбордук Азиядагы мамлекет. Түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет. Кыргызстан ― басымдуу аймагы тоолуу аймактарды камтыган, деңизге чыга турчу жери жок өлкө.
Кыргызстан — унитардык, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, президенттик мамлекет.
Борбор шаары — Бишкек, калк боюнча республиканын эң ири шаары. Туруктуу калкы 1 миллион адамдан ашат.
Өлкөдөгү туруктуу калктын саны 2021-жылдын башына карата баалоо боюнча 6,7 миллион ашуун адам түзөт[3]. Кыргызстан 2020-жылдын башына карата бааланган калкы боюнча дүйнө жүзүндө 110 орунду ээлеген[7]. 2015-жылдын 25-ноябрында 6 миллиончу кыргызстандык туулган[8].
Кыргызстандын аянты 199 951 км² түзөт. Суу бетинин аянты өлкөнүн аянтынан 4,4 % түзөт.
Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Кыргызстандын адамдын өнүгүү индекси 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 0,697 (орточо) түзүп, 138 изилденген өлкөлөрдүн арасынан 120 орунду ээлеген[6]. Советтер Союзу кулагандан бери (1991-жылы) өлкөдөн эмгек миграция калыптанган. Кыргызстандын 700 миң ашуун жараны эмгек мигрант болууда. Эмгек мигранттардын негизги агымы Орусияга (2018-жылы 640 миң ашуун) кетет, ошондой эле Казакстанда, Түркияда жана АКШда иштегендер да көп. Алардын акча которуулары ИДӨнүн үчтөн биринен ашуун түзөт. Бул көрсөткүч боюнча өлкө дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлейт. Акча которуулар өлкөдөгү жакырчылыкты азайтууга маанилүү салым кошот[9][10].
Кыргызстан 1992-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү. Ошондой эле КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, ИКУ, Түрк кеңеши, ТҮРКСОЙ сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын мүчөсү.
Этимология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
«Кыргызстан» ― өлкөнүн аталышы «кыргыз жери» дегенди билдирет. Ал «кыргыз» этнониме перс (фарс) тилинен алынган «стан» суффиксин кошуусу менен жаралган[11].
Кыргызстан өлкөнүн аталышы катары азыркы чек арадагы 1924-жылы негизделген чөйрөсү тууралу айтылат. Андан тышкары азыркы учурдагы анын чөйрөсүндөгү болуп турган жана социалдык, маданий, саясий орун басуучулук менен 1991-жылы түптөлгөн мамлекетти ― Кыргыз Республикасын да билдирген кыскача, расмий аталыш.
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Негизги макала: Кыргызстандын тарыхы
Кыргыздардын тарыхы XXII кылымдан (2200-жыл) ашуун убакыттан бери ар түрдүү маданияттарды жана дөөлөттөрдү камтыйт. Байыркы маданиятын сактоого жардам берип келип жаткан, анын бийик тоолуу жерде алыста жайгашканына карабастан, өлкө Улуу Жибек жолунда жана башка соода жана маданий каттамдардын алкагында бир нече улуу маданияттардын кесилишинде турган. Жайгашкан чөлкөмүндөгү аймактык ар кандай саясий, социалдык-экономикалык, аскердик жашоодо активдүү катышкан.
Эгемендүү Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-жылдын 31-августунда «Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө» Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12 Тогуз айда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен 1991-ж. 20 Тогуз айда Мамлекеттик коопсуздук жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3 Бештин айында Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы түзүлгөн. 1991-ж. 8 Бештин айында Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. 1991-ж. 21 Бештин айында Алматыда Беларусь, Орусия, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Тажикстан, Түркстан жана Өзбекстан КМШ түзүү келишимине кол коюшкан. 25 Бештин айында М. С. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.
1991-жылдан баштап, СССР кыйрагандан кийин кыргыз элинин көп кылымдык тарыхында жаңы барак ачылган. 31-августта Кыргызстан өзүн эгемен мамлекет деп жарыялады жана реформалоо этабы башталды. КПССтин мурдагы тоталитардык-авторитардык режими авторитардык-демократиялык режим менен алмаштырылды. Демократиялык башкаруу принциптери киргизилип, жалпы элдик (мамлекеттик) деп аталган менчиктин ордуна жеке менчикке артыкчылык берилүү менен менчиктин ар түрдүү формалары киргизилди. Пландык экономика базар экономикасына алмашты, мурда социалдык бир түрдүү коом тез эле дифференциялашып калды. Коммунисттик идеология буржуазиялык-либералдык идеологияга жол берип, жамааттык аң-сезим жекече индивидуалдуулук менен четке сүрүлдү.
Коомдук-саясый жагынан республика мамлекеттүүлүктүн бардык атрибуттарына ээ болду, дүйнөлүк коомчулуктун тең укуктуу мүчөсү болуп калды. Бирок мурдагы СССРдин чарбалык байланыштарынын үзүлүп калышы республиканын социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизди. Инфляциялык процесстин күчөп кеткендигине байланыштуу 1993-жылы улуттук валюта (сом) киргизилген. Бул өлкөгө өз алдынча каржылык жана акча-насыя саясатын жүргүзүүгө мүмкүндүк берди. Ошол эле жылы эгемен Кыргызстандын биринчи Конституциясы кабыл алынат. Бирок базар экономикасынын реформаларынын чийкилиги мамлекеттик бюджеттин өтө таңсыктыгына алып келди да, республика агрардык-индустриалдык өлкө болуп калды, ал эми калктын жарымына жакыны өтө жакырданып кетти.
Коррупциянын өтө күчөп кетиши, коомдун тез дифференциялашуусу, криминалдашуу, бийликтин авторитаризми Кыргызстанды иштеп жаткан режимди эки ирет кулатууга (2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде) алып келди. Өткөөл убактылуу өкмөттөн кийин Кыргызстанда парламенттик республика орнотулуп, Жогорку Кеңешке кеңири ыйгарым укуктар берилген.
Кыргызстан постсоветтик мейкиндиктеги уюмдарда
Татаал социалдык-экономикалык кырдаалдын айынан Кыргызстан көп вектордуу саясат жүргүзгөнгө аргасыз. Ал республикага инвестицияларды алып келүү максатында зарыл карым-катыштарды түзүп келет. Ал Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ), Дүйнөлүк Соода Уюмуна (ДСУ), Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Уюмуна (ЕККУ), ЮНЕСКОго, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ), Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна (ЖККУ), Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ), Ислам Кызматташуу Уюмуна (ИКУ), Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ), Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтыгынын Кеңешине (ТМКК) мүчө болду, Бажы союзуна, Евразиялык экономикалык коомдоштукка интеграцияланууга кадам таштап, жакынкы эле эмес, алыскы да чет өлкөлөр менен байланыштарды жөнгө салууда.
Демократиялашуу процессинин аркасында эгемен Кыргызстандын руханий турмушунда да маанилүү өзгөрүүлөр болуп өттү. Ушуга байланыштуу аны базар мамилелерине ыңгайлаштыруу үчүн билим берүү чөйрөсүндө бир катар мыйзамдар кабыл алынууда. Экономикалык кризистин кесепеттери илимий мекемелердин иштерине да терс таасирин тийгизди. Бирок, алар, анын ичинде Илимдер академиясы да ушул татаал шарттарга ыңгайлашууга жана илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын илгерилетүүгө аракетин аяган жок. Коомдун руханий кайра жаралуусу үчүн маданий мураска, атап айтсак, оозеки эл чыгармачылыгынын шедеври — “Манас” эпосуна аяр мамиле жасоо зор мааниге ээ.
Бирок терс көрүнүштөр дээрлик эл аралык уюмдардын демөөрчүлүгүнүн эсебинен жансактап жаткан маданият чөйрөсүнө өзгөчө залакасын тийгизгенин белгилебей коюуга болбойт. Бирок белгилүү кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет анын ченемдик-укуктук базасын түзүү боюнча бир катар чараларды көрдү.
Мамлекеттик түзүлүш
Негизги макала: Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшү
2021-жылдын 11-апрелинде кабыл алынган конституцияга ылыйык Кыргыз Республикасы ― эгемендүү, суверендүү, демократиялык, укуктук, мамлектеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет. Конституцияда башкаруу формасы жазылган эмес, бирок ченемдерине ылайык — президенттик болуп саналат.
Мыйзам чыгаруу бутагы
Жогорку Кеңеш ― Кыргыз Республикасынын парламенти — мыйзам чыгаруу бийлигинин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде көзөмөл милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган. Кыргызстандын 2010-жылкы конституциясы боюнча Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат. Шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партияга парламентте 65тен көп эмес депутаттык мандат берилиши мүмкүн[45]. Азыркы учурда 2015-жылы 4-октябрда шайланган Жогорку Кеңештин VI чыкырылышы ишин жүргүзүп жатат. Бул чакырылыштын ыйгарым укуктары 2020-жылдын 4-октябрнда шайланган жаңы чыкырылыштын депутаттарынын ант берүүсү менен бүтмөк. Бирок, октябрь айындагы массалык нааразылык акциялар үчүн ал кездеги президенттин ― Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетиши Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын шайлоосун 2021-жылдын күзүнө жылганына алып келген. Ошентип, Жогорку Кеңештин VI чакырылышы конституция менен каралган иштөө мөөнөтүн ашып кеткен.
Президент
Президент ― мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы жана аткаруу бийлигин жетектейт. Президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт. Мамлекеттик бийликтин биримдигин, мамлекеттик органдарды координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, ички жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат.
Президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт.
Президент катары 35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Жалпы мамлекеттик өнүгүү программасын сунуштаган жана 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтогон адам президенттикке талапкер болуп каттала алат. Президентти шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.
Президент кызматына киришерде Кыргызстандын элине ант берет, өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу ар кандай аракеттерин токтотот[46].
2021-жылдын 10-январында акыркы өткөн президенттик шайлоосунда Садыр Жапаров президент болуп шайланган. Мурдагы ― Сооронбай Жээнбеков, 2020-жылы болгон нааразылык толкундар айынан отставкага кеткен.
Административдик-аймактык түзүлүш
Негизги макала: Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшү
Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүнүн схемасы
Административдик-аймактык бирдиктердин катарына шаар, район, облус жана айыл аймагы (бир же бир нече айылдан турган административдик-аймактык бирдик) киришет. Кыргызстан административдик-аймактык карашында 7 облус жана 2 республикалык маанидеги шаарга (Бишкек, Ош) бөлүнөт. Республикалык маанидеги шаарлардын райондору өз алдынча административдик-аймактык бирдиктер катары эсептелинбейт.
Кыргызстанда 531 административдик-аймактык бирдик:
7 облус;
40 район;
32 шаар (алардын ичинен 2 республикалык маанидеги шаар, 12 облустук маанидеги шаар, 18 райондук маанидеги шаар);
452 айыл аймагы[47][48].
Куралдуу күчтөр
Негизги макала: Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү — мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды ишенимдүү коргоону камсыздоо жана эл аралык келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн арналган мамлекеттик аскердик уюм.
Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү анын аймагында жайгашкан мурдагы Советтер Союзунун Түркстан аскердик аймагына таандык аскер бөлүктөрүнүн 1992-жылдын 29-майында юрисдикциясына өтүшү менен негизделген[61].
Кыргызстандын конституциясына ылайык Кыргызстандын куралдуу күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык куралат. Кыргызстанга жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы жасалган баскынчылык учурларын кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жактарга жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 2/3 кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Аскерди мамлекеттик ички саясий маселелерди чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынган[62].
Кыргыз жоокерлери "Борбор-2019" аскердик машыгуусунда.
Куралдуу күчтөр төмөнкүлөрдөн турат:
аскердик башкаруу органдарынан;
жөө аскерлер бирикмелеринен, бөлүктөрдөн жана мекемелерден (уюмдардан);
Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнөн;
Улуттук гвардиядан;
Чек ара кызматынан[63].
Калк
Негизги макала: Кыргызстандын калкы
Кыргызстандын калкы (1950―2018) Кыргызстандын калкы 6,7 миллиондон ашат[3]. Бул өлкөдө 1959-жылда (2 065 000), 1970-жылда (2 935 000), 1979-жылда (3 523 000), 1989-жылда (4 258 000), 1999-жылда (4 823 000), 2009-жылда (5 362 793) жашагандардан караганда бир кыйла көбүрөөк. 2015-жылдын 25-ноябрнда Кыргызстандын калкы 6 миллион адамга жетти.
Туруктуу калктын көпчүлүгү республиканын түштүк аймактарында турат — Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары ( 3,4 млн жашоочу же республиканын калкынан 53 %), алардын тургундары негизи Фергананын кыргыз бөлүгүндө турушат. Дагы калктын бир кыйла бөлүгү Чүй өрөөнүндө жашайт (Чүй облусу жана Бишкек шаары; 1,9 млн жашоочу же республикасынын калкынан 31 %).
2019-жылы турукту калктын 34 % шаарларда, 66 % айыл аймактарда жашаган.
2021-жылдын башына карата туруктуу калктын 34,6 % эмгекке жөндөмдүү жашка чейинкилер түзгөн, 57 % ― эмгекке жөндөмдүү жаштагылар, 8,2 % ― эмгекке жөндөмдүү жаштагылардан улуулар[65]. Калктын орточо курагы аз-аздан өсүп жатат, 2020-жылдын башына карата 27,8 жаш түзгөн, эркектер үчүн ― 26,8 жаш, аялдар үчүн ― 28,7 жаш[49].
Өлкөнүн калктын негизи — 4,89 млн ашуун адам бул кыргыздар, республикасынын бардык аймактарында жашашат. Саны боюнча экинчилер болгондор бул өзбектер — 0,98 млн ашуун адам, көпчүлүгү Өзбекстан менен чектешкен аймактарында жашашат. Үчүнчү орунду орустар ээлешет — 0,34 млн адам, негизи өлкөнүн түндүк аймактарында турушат. Башка улуттардын саны 100 миң кишиден ашпайт[64].
Тилдер Кыргызстандын мамлекеттик тили ― кыргыз тили, расмий ― орус тили. Кыргызстандын конституциясында кыргыз тилине карата «мамлекеттик тил», орус тилине карата «расмий тил» түшүнүктөрүн колдонушу Конституциялык палатасынын (2021-жылдан Конституциялык сот) чечиминде ачыкталган:
Кыргызстандын калкынын этникалык көп түрдүүлүгүн жана тарыхый түзүлгөн жагдайларды эске алуу менен, Конституция расмий тил катары орус тилин алдын ала караган. «Мамлекеттик тил» жана «расмий тил» түшүнүктөрү Конституциянын маанисинен алып караганда, жакын милдеттерди аткарышат, бирок окшош болуп саналбайт. «Мамлекеттик тил» жана «расмий тил» түшүнүктөрүнүн терминологиялык кесилиштери, ушул эки тил тең мамлекеттик расмий баарлашуу, иш кагаздарын жүргүзүү, мыйзам чыгаруу жана сот өндүрүш тармактарында керектөөлөрдү камсыз кылгандыгы менен шартталган. Бирок, мамлекеттик жана расмий тилдер тарабынан аткарылып жаткан иш-милдеттердин көлөмү жана аларды колдонуу чөйрөлөрү айырмаланышы мүмкүн. Мыйзам чыгаруучу расмий тилдин макамын аныктоодо, анын коомдук турмушта, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш чөйрөлөрүндө колдонулушу, маанилүү себептер боюнча мамлекеттик тилди колдонуу татаалдыкты туудурган учурларда жүзөгө ашырылат деп белгилейт.
— 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 12-р Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен үзүндү[66]
Кыргызстан ― орус тилге макамын берген мамлекеттердин бири
2020-жылдын Пушкин атындагы орус тилдин институтунун постсоветтик өлкөлөрдөгү (СССРдин мурдагы 15 республикасы) орус тилдин туруктуулук индекси изилдөөсүндө Кыргызстан Беларустан кийин экинчи орунду ээлеген. Индекс үч көрсөткүчтүн натыйжасында түзүлгөн, алар өз кезегинде башка көрсөткөчтүрдү камтышат:
---III. Бекемдөө (15 мүнөт)
1. Суроо-жооп талкуусу:
Кыргызстандын эгемендүүлүккө жетишине эмне себеп болду?
1991-жылдан кийин өлкөдө кандай саясий жана экономикалык өзгөрүүлөр болду?
Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары таанылышынын мааниси эмнеде?
2. Практикалык тапшырма:
Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу маанилүү окуяларды таймлайнга түшүрүү.
"Эгемендүүлүк кыргыз элине эмне берди?" темасында чакан талкуу уюштуруу.
---IV. Жыйынтыктоо (5 мүнөт)
Сабактын негизги ойлорун кайталоо: Кыргызстандын эгемендүүлүккө жетишүүсүнүн мааниси.
Окуучулардан өз ойлорун жана сабактан алган маалыматтарын бөлүшүүнү сурануу.
Үй тапшырмасын түшүндүрүү.
---Үй тапшырма
1. "Көз карандысыз Кыргызстан" темасында чакан эссе жазуу.
2. Кыргызстандын 1991-жылдан берки негизги өнүгүү этаптарын изилдөө жана алар тууралуу маалымат топтоо.
Көрсөтмө материалдар:
1991-жылдагы Кыргызстандын эгемендүүлүк декларациясынын текстинин үзүндүсү.
Кыргызстандын көз карандысыздыгына байланыштуу тарыхый сүрөттөр жана видеоматериалдар.
Улуттук символдордун сүрөттөмөлөрү (Гимн, Туу, Герб).