СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мугалим мөмөлүү дарак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мугалим мөмөлүү дарак»

Мугалим мөмөлүү дарак

Сабактын темасы:Мугалим мөмөлүү дарак.

Сабактын максаты:

1.Мугалим деген ким,анын түгөнбөс түйшүтүү эмгеги жөнүндө түшүнүк алышат.

2.Мугалим жөнүндө ырлардан жатка айтуу менен сөз байлыгы , сүйлөө речи,ой жүгүртүүсү өнүгөт.

3.Мугалимдин эмгегин баалай билүүгө,сыйлоого тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Түстүү сүрөттөр,ырлар.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Үй тапшырмасын суроо. Өтүлгөн теманы кайталоо.

Жаңы теманы түшүндүрүү. -Балдар силер мектеп босогосун аттап иргенден баштап ким силерге тамга таанытып жатат? - Сабактан калбай,дайыма кечипей эрте келгиле деп ким айтат?

- Жакшы окуп эне-атаңарды кубанткыла деп ким кеңеш берет?

Билгенин жашырып катпайт, Билимге умтулсаң мактайт. Бул кандай мээримдүү адам , Бир бала табат,бир бала таппайт. (мугалим) Демек,силерди дайыма чынчыл,ак пейилдүү,кичи пейил болуп,доторуңа жардам жардам бергиле,сабакты дайыма “5” жана “4” деген баага окуп билим алгыла деп,күнү-түнү уктабай силер үчүн кам көргөн-мугалим.

Мугалим бул-дил тазарткан,эл агарткан,сабат ачкан,билим нурун чачкан дүйнөдөгү ыйык нерселердин бири. Мугалимге арналган ырлардан айтабыз.

1.Классында отуруп, Кылымына ой берген. Асыл үрөн ал чачкан, Адамдыкка бой берген.

2.Алтыдагы бөбөккө, Алиппени тааныткан. Адамзатты илимге, Алып келген даанышман,

3.Жетилсин деп жеткинчек, Акыл күчүн төшөгөн. Баштап өткөн бүт элди, Билим деген көчөдөн. 4.Таалим алып жер жүзү, Мугалимдин колунан. Келечекке адымдап, Келет тайбай жолунан. 5.Биринчи ирет А деп тамга үйрөткөн, Билим берип,илим жөнүн сүйлөткөн. Саяпкердин саяпкери мугалим, Сан миңдеген жарык жолду көрсөткөн.

6.Колума калемсапты кошо кармап, Тамгаларды жаздырып көрсөтүүчү. Учкун деп келечекте канат жалгап, Өзүндө болгонду көрсөткөн. 7.Чынар терек гүлдөгөн, Биз бүчүрбүз бүрдөгөн. Жаза албаса жаздырып, Балдай ширин сүйлөгөн. Асыл адам мугалим, Келечекке үндөгөн. 8.Оюу анын чалкыган, Бөбөк ээрчи артынан. Баштан сылап ар бирин, Таттуу үмүткө балкыган. Кымбат адам мугалим, Келечекке үндөгөн. 9.Мээрими көп эң эле, Окшоп кетет энеме. Ыраазыбыз ар качан, Бизди окуткан эжеге. 10.Ал мугалим адамзаттын энеси, Ал мугалим бүт дүйнө белеси. Билим берип ак караны тааныткан. Ал мугалим илимдердин сереси.

Алтын билим өнөрдүн, Сүтүн берген мугалим. Аянбастан эмгекке, Күчүн берген мугалим. – деп айтылуу акын Жоомарт Бөкөнбаев да жүрөгүнөн чыккан саптарын жазып кеткен.Мындай саптар ого бетер мугалимдердин шыгына шык,ишине күч бекемдеп турат.

Бышыктоо: 1.Силердин биринчи мугалиминер ким? 2.Мугалим экинчи ата-энең дегенди кандай түшүнөсүңөр? 3.Сага кайсыл мугалим жагат,эмне үчүн?

Үйгө тапшырма: Мугалим жөнүндө ырлардан жаттап келүү.

Баалоо: