СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эң мыкты сабактар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эң мыкты сабактар»

Мыкты сабак

Күндөрдүн бир күндөрүндө, профессор студенти экөө сейил бакта эс алып,ары бери басып ар түрдүү темада терең аңгемелешип жүрүшкөн.Сейил бактын чыга беришиндеги айдоо талаасына чыга бериш жерден эскилиги жеткен түгөйлүү бут кийим,бырышкан плашты көрүп калышып,бул кийимдин ээси талаада иштеп жүргөн дыйкан экенин болжолдоо.Тамашакөй студент кийимдерди сатып коюп ,кийимин таппай калган дыйкандын абалына көз жүгүртпөйлүбү деп устатына сунуш кылат. Бул сунуштун ордуна профессор:

-Эгер сен чындап эле ушул дыйкандын абалын көргөндөн ырахат алгың келип турса,анда башкача иш кылгын.Сен өзүң бардар үй-бүлөөнүн баласың.Чөнтөгуңдө деле аздыр-көптүр тыйының бардыр.Бечара дыйкандын бут кийиминин эки түгөйүнө көбүрөөк акча салып коюп карап тур. Сен дыйкандын ошондогу абалынан чындап ырахат аласың,-дейт.

Студент устатынын айтканындай кылып ,ар бир тугөйгө байкатпай акча салып коюп жетип келе калат.Профессор экөө буйтка жерден көз кырын салып турушат. Ишин бүтүрүп келген дыйкан буюмдарына келип, плащын үстүнө салып,бут кийимин кийип көрсө, бир нерсе жолтоо болуп жаткандай туюлат. Бир түгөйүн чечип караса акча ,экинчи түгөйүн чечип караса дагы акча.Эки жагын караса эч ким жок . Дыйкандын сүйүнүчүндө чек жок эле. Ал тизелей калып колун көккө созуп Жараткандын чексиз мээримдүүлүгүнө мактоолорду айтып бата кылып жатты.

Көрсө ошол учурда анын өмүрлүк жары катту оору болуп,акча каражатына өтө муктаж болуп жаткан экен.

Профессор студентирин жаагынан сызылып агып бара жаткан көз жашты көрүп,жылмайып: "Ырахат алдыңбы "дейт. "Бул сиздин мага берген сабактарыңыздын эң мыктысы болду"деп жооп кайтарган экен,көз жашын тыя албаган шакирт.